Аялды ажыраштыра турган 5 жүрүм-турум
ҮЙ-БҮЛӨ

Аялды ажыраштыра турган 5 жүрүм-турум

Жубайлардын ажырашуусуна дайыма эле эркектер күнөөлүү болбойт. Айрым аялдар үй-бүлөнүн бузулушуна өздөрү дагы себеп болушу ыктымал.

Ар бир эле аял үй-бүлөдө эмоционалдык жагдайдын жагымдуу болушуна, никенин бекем болушуна аракет кылат эмеспи. Бирок кээ бир үй-бүлөлөрдө андай боло бербейт.

Жубайларды ажырашууга түртө турган, айымдар билбей кетирип жүргөн беш ката менен таанышып көрүңүз.Эгерде сиз айым болсоңуз жана мындай жаман адаттар бар болсо, аларды оңдоого аракет кылыңыз. Албетте төмөнкү себептердин баары ажырашууга алып келет деп айта албайбыз, бирок мындай учурлардын дайыма кайталанышы үй-бүлөнүн кыйрашына көп себеп болору белгиленген.

1. Күйөөңүздүн жакындары менен начар мамиле 

Эркектердин басымдуу бөлүгү өзүнүн энесине жана туугандарына урматтоо менен мамиле кылат. Албетте сиз келин болуп баргандан кийин алардын көбү менен жакшы тил табышып алсаңыз сонун болот, айрыкча кайыненеңиз менен. Эгер андай болбой кайын-журт менен келишпестиктер чыгып жатса эмне кылуу керек? Биринчи кезекте аларды жолдошуңузга жамандабай көп учурда нейтралитетти сактаңыз. Мүмкүн болушунча алар менен ыксыз байланышуудан алыс болуп, ар дайым баарын тең карап, сылык сыпаа болуңуз. Колуңуздан келсе жаман сөз чыгарбаганга, ушак-айың кептерди айтпаганга аракет кылыңыз. Бул деген сөз алардын айтканы менен болуп унчукпай калуу эмес болгону, өз баркыңыз менен адеп-тартибиңизди туура алып жүрүңүз дегенди билдирет.

Көпчүлүк эркектерге жакындарынын өз ара урушуп жатканы жагымсыз болот.Үй-бүлөсү менен аялынын ыркы келишпей калып “тирешип” жаткан учурда эркек көп учурда ата-энесинин, жакындарынын айтканын угуп аялы менен ажырашып кетиши мүмкүн.Бул канчалык адилетсиз деп сиз эсептесеңиз да, жашоодо ушундай жагдайлар көп кездешет.

2. Ашыкча кызганыч

Айрым аялдар өзүнүн жубайын ашыкча эле кызганышып, ар бир кадамын аңдып, ал тургай классташтарынын жолугушууларына, достору менен жолугушууларга жибербейт. Мындай ашыкча кызгануу дагы эркекти ажырашуу тууралуу ойго түртүшү ыктымал. Анткени алардын көбү жаш кезинде эркиндикти жакшы көрүшөт. Айрыкча жаш курагы 30-35 жашка чыга элек эркектер үчүн досторунун дагы пикири маанилүү болорун, алар менен жолугушуудан эс аларын унутпаңыз.

3. Элдин көзүнчө чатакташуу

Эгерде кокус жолдошуңуз менен урушуп жатсаңыз өзү менен калганда талаш-тартышты чечкен жакшы. Аны менен таарынычыңызды, чыр-чатагыңызды туугандарынын, досторунуңуздун, коңшулардын, кесиптештеринин көзүнчө чыгарсаңыз эркектин намысына тийип алышыңыз мүмкүн. Албетте кээ бир олуттуу маселелерге анын ата-энесин, жакындарын кийлигиштирүүгө туура келет.Бирок жубайы менен ар дайым эл алдында чатакташа берүү өзүн жана жолдошун сыйлаган аялдын кылар иши эмес экенин эске ала жүрүңүз.

Аялды ажыраштыра турган 5 жүрүм-турум

4. Өзүмчүлдүк

Жакшы курулган нике-бул аялы менен күйөөсүнүн бири-бирине камкордугу. Алар муну мажбурлап же өзүн күнөөлүү сезгенден эмес, өз каалоосу менен жүрөгүнүн сезимдерине баш ийүү менен аткарышат. Бири-бирин жакшы көргөн ар бир жубай анын жанындагы жары ыраазы жана бактылуу болушу үчүн аракет кылат.    

Эгерде жубайлардын бири көбүрөөк сүйүп, экинчиси өзүмчүл болсо бул акырындап мамиленин бузулушуна алып келиши мүмкүн.  

5. Дайыма нааразы болуу

Эркектердин көбү күндүз жасаган оор жумуштардан же акыл эмгеги менен иштегенден кийин үй шартында жакшылап эс алууну каалайт. Аялы жадырап тосуп алып, жакшы тамак берип жайдары болсо эс алып, үйдөн кайра күч топтоп чыксам дейт. 

Ал эми күн сайын жашоосуна нааразы болуп, кечкисин жумуштан кайткан жолдошунун кулак-мээсин жеп, тынчтык бербеген аял аны көп капа кылат.

Ошондуктан мындай жаман жүрүм-турумдар болсо аны акырындап жойгонго аракет кылыңыз. “Казан-аяк кагышпай” койбойт, бирок кайталана берген жаман адаттар үй-бүлөгө тескери залакасын тийгизе берерин унутпаңыз. Сиздин аракетиңиз жалпы үй-бүлөнүн бактылуу болушуна салым кошот.

Ал эми күйөөңүз жалкоо, ала жипти көп аттаган жүрөөнөк, кызыл камчы тиран, аракеч, зыянкеч, өз дегенин бербеген өзүмчүл жана башка жаман сапаттарга ээ болсо анда бул аракеттерди жасап, сабыр кылуунун кереги жок. Андай деструктивдүү мамилелер менен башкача иштөөгө туура келет.

Баарыңыздарга үй-бүлөлүк ынтымак каалайбыз!

Автор-Гулнур Жумалиева


Яндекс.Метрика