Эмоциялардан пайда болгон оорулар кайсылар?
Ден соолук

Эмоциялардан пайда болгон оорулар кайсылар?

Психологдор көп оорулар ар кандай тескери эмоциялардан, стресс жана моралдык травмалардан улам келип чыгарын айтып келишет. Медицина жана психологияда бул боюнча психосоматика (грек тилинен которгондо psycho — «жан»  жана soma, somatos-«дене»)  деген багыт иш алып барары белгилүү. Психосоматика эмоционалдык абалдардын, стресстердин жана психологиялык көйгөйлөрдүн адамдын физикалык абалына берген таасирин изилдейт.

Төмөндө сиздерге ар кандай туура эмес эмоциялардан улам келип чыккан оорулар тууралуу маалымат бермекчибиз.

Көздүн начар көрүүсү

Компьютерде же атайын башка жумуштарда иштөөдөн тышкары пайда болгон  көздүн алыс аралыктан көрбөө оорусу болочоктон корккон адамдарда болот. Сиз болочоктун баарын билгиңиз келет.

Кантип арылууга болот? Алдыбызда эмне болорун эч ким билбейт, бир күнү баары ыңгайлуулук зонасынан чыгып кетиши мүмкүн. Бул эртеби-кечпи ар бир адамдын башына келчү нерсе. Ушуну кабыл алсаңыз жашооңуздубир топ жеңилдетесиз. Азыр ушул жерде, ушул мүнөттөрдө жашаганды үйрөңүз.

Бетте пайда болгон ар кандай оорулар

Эгерде күн сайын эки килограмм шоколад жеп жатпасаңыз жана гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан өспүрүм куракта болбосоңуз бетиңизде же жүзүңүздө пайда болгон ар кандай аллергиялык оорулар, ысыктар, сөөлдөр, бүдүрлөр, жаралар бейаң-сезимиңизде (подсознание) сиздин баардык адамдардан корко турганыңыздан же өзүңүздүн ички үнүңүздү кабыл албай жатканыңыздан кабар берет.

Сиз баарына эле жага бере турган акча эмес экениңизди ар дайым эске ала жүрсөңүз бул оорулардан арылууга жакшы көмөк болот.

Тери оорулары

Ал эми териде пайда болгон ар кандай оорулар адамдар арасындагы психологиялык чегиңиз бузулганын эскертип жатышы ыктымал. Мисалы сиздин сөзүңүздү, пикириңизди эсептебей туруп эле үстүңүздөн чечим чыгаруу, басынткан, инсандыгыңызда тебелеп-тепсегиси келген, жеке оюңузга койбой эркиндиңизди чектеген, каратып туруп эле сизди алдап кеткен адамдар жашооңузда боло бергенде тери оорулары пайда болот.Тери бул сиздин денеңизди биринчи кезекте коргой турган орган.

Ошондуктан адамдар менен тең ата болуп, өзүңүздү сыйлап, психологиялык жактан чек кое билүүнү үйрөнүңүз.

Арка-моюн же омурткада пайда болгон оорулар

“Жонума  оор түйшүк түштү”, “бирөөнүн жоопкерчилигин жөнү жок майышып тартып жүрөм”, “жакпаган ишти жасоого мажбурмун” деген сыяктуу сезимдер омурка тутумдундагы ар кандай ооруларды пайда кылат. Бүкүрөйүп басуу дагы жашоо оорчулугун баштап кечирип жаткан адамда пайда болот. Адистер остеоханроз, бел оорулары, грыжа адамдык жоопкерчилиги күчтүү бирок, ошол эле убакта аны турмуш жагдайга байланыштуу аргасыздан аткарып жүргөн  адамдарда пайда болот деп эсептешет.

Жашоо оорчулугу убактылуу экенин, баары эртеби-кечпи өзгөрө турганына ишенүү оорудан кутулууга жардам берет.

Эмоциялардан пайда болгон оорулар кайсылар?

Аллергия

Көп жылдар бою “Мен мындайды көтөрө албайм”, “Ооба, мен ушул адамды көргүм да келбейт”,”Жашоодо деги эркин дем алдырышпайт го, тажатып бүтүштү” деген сыяктуу эмоциялардын туткуну болгон адамдарда аллергия оорулары келип чыгышы мүмкүн.

Эгерде сиз жагдайды өзгөртө албасаңыз анда жагдайга карата сиздин мамилени өзгөртүңүз.

Боор оорулары

Ачуулануу жана жек көрүү, кек сактоо, таарынычтар боордун ишине түздөн-түз таасир берет.Терең дем алганда оң тараптагы сайгылашкан оору, баскан учурда ооруксунуу боор ооруларынан кабар бериши ыктымал. Боордо нерв талчалары болбогондуктан анын ооруларынын баштапкы стадияларында аталган органдын ооруганы көп учурда сезилбейт.Тескери эмоциялардан арылбасаңыз акыры ашказан, өт, көк боордун оорулары келип чыгат.

Бөйрөк оорулары

Адамда ички коркунучтун болушу, дайыма эмоциялык жактан чыңалган абалда жүрүүсү бөйрөктө ар кандай оорулардын келип чыгышына жол ачат деп коюшат. Өзүнүн сезимдерин ичине катып унчукпай калган адамдар, бир эле учурда көп ишти жасайм деп тырышкан адамдар, башкаларды күнөөлөй берген адамдар бөйрөк ооруларына көп кабылат деп коюшат психосоматикада.

Бүгүн биз эмоцияларга байланышкан оорулардын бир бөлүгүнө гана токтолдук, чындыгында көп оорулар адамда убагында чечилбей калган эмоциялардан улам келип чыгат. Ал эми “эмоцияларды жакшы түшүнө элек жаш балдар эмнеге ооруйт?” деп сурагандар дагы көп. Балдарга ген аркылуу ата энесинин психо-эмоционалдык абалы, алар ооруган ар кандай оорулар бир канча муундан тартып, тактап айткан чоң атасы, ата-жетесинен тартып берилерин азыркы изилдөөлөр тастыктоодо.

Эмесе ар дайым ден соолукта болуп, тескери эмоциялардан арылып, маанайыздын ачык болушуна тилектешпиз!

Автор: Гүлнур Жумалиева


Яндекс.Метрика