Эмне үчүн эркектер аялына белек бербейт? 5 себеп
ҮЙ-БҮЛӨ

Эмне үчүн эркектер аялына белек бербейт? 5 себеп

Айымдар эң көп кайрылган суроолордун бири бул “эмне үчүн жолдошуман белек албайм?” деген суроо.Бул жерден эркектин азырынча ашыкча акчасы жок деген пунктту алып салабыз. Албетте мындай учурда анын акча табуусуна көмөктөшүп, түшүнүү менен кароо керек болот. Ал эми акчасы бар эле туруп аялына белек бергиси келбеген мырзалар төмөнкү себептер менен белек бербей жатышы мүмкүн.

Биринчиси: жигитиңиз же жолдошуң сиздин белек күтүп жатканыңыздан таптакыр кабары жок болушу мүмкүн. Сиздин кыйытып айткандарыңызга ал түшүнбөйт. Ошондуктан белек күтүп жатканыңызды ачык айткан жөндүү. Аны жөн гана бир күнү бутактан кулап кеткендей “белек бер!” деп бурчка такабай, эмне себептен белек күтүп жатканыңызды жүйө келтиришиңиз керек болот. Эркектер ар бир жасап жаткан ишинде маанилүү себеп болушун каалайт. Көпчүлүк табиятынан романтик эмес мырзалар аялы менен алгач таанышкан конфет-букет мезгили өткөндөн кийин ага белек берүүнүн кажети жок деп эсептеп алышат. Ошондуктан эмнеге белек күтөрүңүздү себеби, жүйөсү менен түшүндүрүүгө туура келет.

Эмне үчүн эркектер аялына белек бербейт? 5 себеп

Экинчиси: “Аялдарга акча эле керек” деген стреотиптүү көз караш эркекте иштеп жатышы мүмкүн. Албетте бул жерде маселе кичине татаалыраак. Эгерде жолдошуңуз табиятынан сараң болсо анда аны өзгөртүү кыйынга турат. Бирок анын жакшы жагы да бар. Акчаны жакшы чогулткан эркектердин көбү жашоодо ийгиликке, байлыкка жетет. Аны менен жашайм десеңиз сараңдыгын кошо кабыл алууга туура келет.

Үчүнчүсү: ашыкча эле көз карандысыз айымга дагы эркектер белек бергиси келбейт. “Мен өзүм баарын жайгарам, менин акчам жетиштүү, күчтүүмүн…” деген сыяктуу түр көрсөтсөңүз эркектер да “Аа анда ага эмнеге көмөк керек эле? Эмне үчүн аны камсыздашым керек? Эмне үчүн анын көңүлүн алып, белек беришим керек? Өзү эле сопсонун сатып алат. Болуптур” деп коет жана сизге камкорчулук кылбайт.

Төртүнчү: сиз белекти татыктуу кабыл алганды билбейсиз.Маселен бир жигиттин сөзүн бул жерде мисал келтирсек болот. “Мен жөн гана сүйлөшкөн кызымды кубантып коеюн деп букет бердим, ал гүлдү кабыл алды, бирок “розалар мага жакпайт” деп айтты. Мен ошол учурда гүлдөрдү кайра артка алып ыргытып салгым келди. Ошондон бери эч качан эч кимге гүл бергим келбейт”,- дейт ал.

Ошондуктан кандай белек болбосун ал кичинекейби, чоңбу ыраазычылык менен кабыл алууну үйрөнүңүз. “Белекке келген аттын тишин карабайт” деп бекер айтышпаса керек.

Бешинчи: “сен мага тигини алып бергенге, муну сатып бергенге же белек бергенге милдетүүсүң” деп жолдошуна жүк арткан айымдар болот. Эч ким эч качан чын көңүлдөн эмес, мажбурланган түрдө белек бергенди каалабайт.

Эмне үчүн эркектер аялына белек бербейт? 5 себеп

Ал эми “мен өзүм эле аялыма белекмин” деген айрым мырзаларга   кааларыбыз “үй-бүлө бул күн сайын куруп тура турган имарат сыяктуу болсо” аны куруп турууга сиз дагы салым кошуңуз дейт элек. Жубайлардын ортосундагы мамилелер бул күнүмдүк адаттардан кураларын эске алсак, жубайыңызга белек берүү деген жакшы адатты дагы салтка айландырып коюңуз. Эмнеге дебейсизби? Сиздин кулак-мээңиз тынч,  ал эми аялыңыздын көңүлү жайдары болот.Себеби аялдар канчалык күчтүүмүн дебесин табиятынан ар дайым эркектин көңүл буруп туруусуна муктаж назик жандар.Эркектер аялды жакшы көрөм деген сөздү үйлөнөрдө эле бир айткан болсо жана ал көз карашынан тайбай жүрсө, айымдар эркектер сүйүүсүн күн сайын далилдеп туруусун каалашат. Андай учурда белек берүү жакшы натыйжа берерин унутпаңыз.

Анда эмесе баарыңыздарга үй-бүлөлүк ынтымак каалайбыз!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика