Эне аркылуу гана балага берилчү 5 өзгөчөлүк
Эне жана бала

Эне аркылуу гана балага берилчү 5 өзгөчөлүк

Ата-эне тарабынан балага бериле турган гендер кандай жол менен бөлүнөт эч бир окумуштуу 100 пайыз айта албайт. Ошентсе дагы генетиктер апасы аркылуу балага бериле турган төмөнкү өзгөчөлүктөрдү белгилеп келишет.  

Карылык

“Аялыңдын улгайганда кандай болорун көргүң келсе апасын кара” деп элде айтылып жүргөн кеп илимий негиз тапты.Карылыктын гени чындыгында эненин линиясы аркылуу гана берилери аныкталды. Демек айрым адамдардын канчалык жакшы жашоодо жашаса дагы жаш курагынан эрте картаюсу апасы тарабынан берилген генге байланыштуу болот.

Дальтонизм

Дальтонизм же түстөрдү жакшы айырмалабай калган оору дагы апа тарабынан өтөт деп изилденген. Дальтонизмдин гени X-хромосомада болот.

Ашыкча салмак

Ашыкча салмак менен жүргөн энелердин балдарынын 40 пайызы бат толуп кетүүгө ыңгайланышкан генди алып жүрүшөт. Албетте ашыкча тамак-аш жеп жата берсе акыры кайсы гана адам болбосун толуп кетет деңизчи, бирок арыкчырай энелердин балдарынын 4 пайызы гана ашыкча салмак менен жабыркай турганын изилдешкен.

Эмоционалдуулук

Эмоциянын пайда болушуна мээдеги атайын бир зона — лимбикалык система жооптуу болот. Анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү энесинен кыздарына өтөт. Төрөттөн кийинки депрессия дагы аялдарга апасынан “мураска” берилери белгилүү болду. Ошондуктан “энесин көрүп кызын” ал дегендей токтоо аялдардын кыздары дагы токтоо, эмоциясын көрсөтө албаган энелердин кыздары дагы эмоция бере албаган абалда болот экен.   

Интеллект

Кыз балабы, эркек балабы апасынын линиясы менен келе жаткан интеллектти “мураска” алышат экен. Эркек балдарга бул көбүрөөк берилет. Акыл жөндөмүнө жоопкер болгон гендер Х-хромосома менен байланышкан. Анын ичинде энесинин баардык  IQ  деңгээли эмес таанып-билүү жөндөмү, тактап айтканда: көңүл буруусу, эс тутуму жана сүйлөө речи балага апа тарабынан өтөт.

Кеп соңунда айтарыбыз, эмнеси болсо да ген бул иштин жарымы экенин эскертмекчибиз. “Жакшыдан-мөөн, жамандан-жаан туулат” деп койгон кыргыздар. Ошондуктан Нобель сыйлыгына талапкер болгон залкар адамдардын балдары да интеллект жагынан жөнөкөй болуп калышы мүмкүн. Бирок заманбап изилдөөлөрдөн артта калбай, эненин гени аркылуу балага эмне өтөрүн да билип алганыңыз жакшы.

Жубайыңыз акылдуу, балдарыңыз баам-парасаттуу болушун каалайбыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева


Яндекс.Метрика