Сүйүүнүн психологиясы. Илим менен далилденген фактылар
ПСИХОЛОГИЯ

Сүйүүнүн психологиясы. Илим менен далилденген фактылар

Жуптардын ортосундагы мамилелер боюнча көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 72 саат эрежеси, адамды сүйдүрүш үчүн кайсы кулагына шыбырайт?  Сүйүүнүн ушул сыяктуу сиз билбеген укмуш илимий фактылары бар экен! Анда эмесе аларга көз салыңыз!

-Күн сайын жумушка кетерде жубайын өпкөн эркек мындай мээрим бербеген күйөөгө караганда орточо алганда 5 жылга узак жашайт.

— Ар бир 10 эркектин 5өө өмүрүндө эң аз дегенде 5 ирет аялдарынын “көзүнө чөп салат”. 

-Ар бир 10 аялдын 5өө эң аз дегенде өмүрүндө 1 ирет ала жипти аттайт. 

-72 саат эрежеси. Эгерде кыз-жигиттин алгачкы жолугушуусу жакшы өткөн болсо, 97 пайыз жигиттер 72 сааттын аралыгында кызга телефон чалат.

-Көпчүлүк айымдар тамашаны жакшы түшүнө билген эркекти жактырып калышат.Тамашаны жакшы түшүнүү-жогорку интеллекттин биринчи белгиси болуп саналат.

-Кыз-жигит сүйлөшө баштагандан күндөн тартып 4-5 айдан кийин мамилелери бузулушу мүмкүн. Бул алардын ортосундагы “сүйүү” гармондорунун деңгээлинин азайышы менен түшүндүрүлөт.    

-Ал эми жубайлардын ортосунда кыйын учур үйлөнүү тою өткөндөн кийин 4 жылдан соң башталат экен. Көп учурда жуптар 4-5 жылдан кийин ажырашуу тууралуу кеп башташат же ажырашат.

-Эркектердин 90 пайызы аялдардын наалыганын 6 мүнөттөй гана угат, андан соң кыжырдана баштайт. 

-Көпчүлүк жигиттерге апасына окшош болгон кыздар жагат. 

— Адам канчалык сүйүү тууралуу көп илимий далилдерди, психологияны билген сайын азыраак сүйө баштайт.

-Эки сүйүшкөн жуптар бири-бирине бир аз карап тургандан кийин алардын жүрөктөрүнүн согуу ыргагы синхрондошот, тактап айтканда  бирге сого баштайт.

Сүйүүнүн психологиясы. Илим менен далилденген фактылар

-Жигиттерге кызыл кийинген кыздар жагымдуу көрүнөт.Ошондуктан жолугушууга барарда кызыл кийим кийип алсаңыз жагымдуу көрүнүү мүмкүндүгү жогору.

-Сүйүү сөздөрүн сол кулакка шыбыраган жагымдуу угулат.

-Адамдын сизди сүйөрүн билгиңиз келсе көзүнө караңыз! Жактырган адамды көргөндө каректер 45 пайызга чейин кеңейет. Көздөрү балбылдаган, жоодурап караган көздөр болсо анда сүйөт деп эсептей бериңиз.

-Аялдарга канчалык эркиндик берген сайын алар күйөөлөрүн ошончо жактырып турушат. Бул сүйүү психологиясындагы эң таңкалыштуу парадокстардын бири.

-Көпчүлүк кыздар жигиттер алардын эмне каалап жатканын өздөрү түшүнүшү керек деп эсептешет. Бул психологияда “ачык иллюзия” деген термин менен түшүндүрүлөт.

Кеп соңунда сизге чыныгы сүйүү, жагымдуу маанай, тамашаны түшүнгөн жубай каалайбыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика