Үй-бүлөлүү эркек менен мамиле куруу эмнеге алып келет? 5 жүйө
МАМИЛЕЛЕР

Үй-бүлөлүү эркек менен мамиле куруу эмнеге алып келет? 5 жүйө

Канчалык көп айымдар үй-бүлөлүү эркек менен мамиле курууга каршы болуп, сын айтышпасын, кээ бир аялзаты жубайы бар эркектер менен мамиле курушат.

Албетте мындай мамилелердин баары бактылуу же бактылуу болбойт деп эч ким айта албайт.Жашоодо миң түркүн жолдор, миң түркүн тагдырлар бар. Баардык эле адам бактылуу болгусу келет.Эч ким эч бир адамдын жеке турмушуна кийлигишүүгө да акысы жок. Ошенсе да психологдор ушундай абалда калган аялдарга мындай мамилердин көбү эмнеге алып келе турганын төмөнкү 5 аргумент же жүйө менен түшүндүрүшөт.

1.Бакыт

“Бирөөнүн бактысына бакыт кура албайсыз” деген сөздү эл арасында көп айтышат. Эгерде эркек киши үй-бүлөсү бар туруп башка жактан мамиле күтсө, албетте анын үй-бүлөсүндө чоң маселе бар. Анын мындай кылыгы аялына жана балдарына түйшүк алып келет.Эркектер болсо көп учурда үй-бүлөсүндөгү маселелерден өз алдынча арыла албайт, алар чечилбеген боюнча калат. Аялынан кетип калуу дагы чечим эмес. Демек артында бала-чакасы, аялы, чечилбеген маселелери турган эркек менен турмуш куруунун сизге канчалык зарылдыгы бар?

2. Балдар

Жашыруун “сүйүшкөндөр” көп учурда балалуу болушпайт. Бирге чоңойто турган балдар жок алардын мамилеси да көпкө узабайт. Баардык жагдайлар эле окшош эмес, айрымдар балалуу да болушат. Бирок бала мындай учурда толук кандуу эмес үй-бүлөдө, ар кандай психологиялык комплекстер менен чоңоет. Мунун баары сизге керекпи?

3.Статус

Көпчүлүк айымдар анык эмес стастуска ээ болгону анын айланасында көптөгөн тескери пикирлерди пайда кылат.Себеби коом өзү ошондой. Мындай аялдын көп нерсеге укугу да жок жана ар дайым көлөкөдө жүрүүгө туура келет. Болгону эркек үчүн убактылуу көңүл ачуучу айым болуп кала берет. Мунун сизге кереги барбы?

4. Мамиле

Бул жогорудагы жүйө менен тыгыз байланыштуу.Эгерде эркек аялды сүйлөшкөн кызым же жубайым деген анык бир стастуска чыгарбаса бул көп нерсени айтып турат. Ошондуктан аны күтүү менен үй-бүлө да, бала да жок жүрүүнүн өзү аялзатына бара-бара ооручулук алып келет. Айрым учурда эркектер аялы менен ажырашып, көңүлдөшүнө үйлөнүп алган учурлар бар.Бирок андай учурлар жалпы алганда өтө аз. Эгерде үй-бүлөсүндөгү жагдай бир аз болсо да жакшы, ыңгайлуу болсо мындай эркектер көп учурда аялы менен ажырашпайт. Себеби эркектердин көбү табиятынан эле жалкоо келишет.Ал бир үйгө кожоюн, ата, күйөө болуп жатса, кошумча дагы бир аялдын көңүлүн алып жатса, чөнтөгүндө акчасы, коомдо статусу болсо жашоодо дагы бир ызы-чуу салып өзгөрүү жасагысы келбейт.

5. Келечек

Албетте акыркы жүйө да өтө маанилүү. Аялы бар мырзалар менен мамиле түзгөн айымдар көп учурда келечеги жок мамилеге барып такалышат. Алардын көбүн эркектер убагында кол жоолугундай пайдаланып калышат. Мындай учурда эркектер өзүнүн үй-бүлөсүнө кыянаттык кылып, башка аялга, кызга жалган үмүт берип, экөөнү тең колдоно берет. Бирөөнө “аялы” деген стастусту, ал эми экинчисине “убактылуу канааттанууну” берет. Акыры соңунда эки аял тең утулат. Бирок эмнегедир аялдар кереметке ишенген бойдон жашашат. Балким алардыкы туурадыр…Антпегенде психикаларына оор жагдай түзүлөт. Ошондуктан кыргыздар айткандай “түбөлүгү түз болсун” десеңиз, келечеги жок мамилеге барбаңыз!

Ошентип бүгүн аял-эркек мамилесиндеги чоң бир тема “көңүлдөш” тууралуу кеп салдык. Бул маселеден көп жубайлар канчалык качышпасын жашоодогу бир көрүнүш бойдон калып келет.

Баарыңыздарга үй-бүлөлүк ынтымак, ыйман-ынсап, бактылуу күндөрдү каалайбыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика