Кыргызстанда дүйнөлүк акча жумалыгы аяктады
БИЗНЕС

Кыргызстанда дүйнөлүк акча жумалыгы аяктады

Кыргызстанда дүйнөлүк акча жумалыгы аяктады. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 6 миңден ашык адам катышкан, анын ичинен 2,5 миңдей катышуучу аймактардагы балдар.

Акциянын негизги максаты-өсүп келе жаткан жаш муундун каржылык сабаттуулугун жогорулатуу. Белгилей кетсек, акчага туура мамиле жасай билүүнү үйрөткөн жумалык Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Анын алкагында балдардын сүрөт көргөзмөсү да өткөрүлдү. Быйылкы өнөктүккө Каржы жана Эмгек министрликтери, Жаштар жана миграция министрлиги, Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, Кыргызстандын банктар союзу жана КРнын коммерциялык банктары дагы кошулду.

Эльнура Шаршеева


Яндекс.Метрика