Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды
БИЗНЕС

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды

Кыргызстанда төртүнчү ирет Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.

Анын айтымында, акция 27-марттан 2-апрелге чейин өткөрүлмөкчү. Ага дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсү катышат. Иш-чара (CYFI) Балдар жана жаштардын финансылык билим берүү боюнча эл аралык уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Иш-чара «Окугула. Жыйым топтогула. Иштеп каражат тапкыла!» урааны астында өтөт.

Дүйнөлүк акча жумалыгынын максаты — коомчулуктун көңүлүн каржылык сабатуулукка жана балдар менен жаштардын каржылык билим алуусуна бурдуруу.

“Өткөн жылы 2020-жылга чейин калктын каржылык сабатуулугун жоюу боюнча программа кабыл алынган. Анда көптөгөн иш-чаралар каралган. Каржылык сабатуулукту жоюунун алкагында биз finsabat.kg сайтын иштеп чыктык. Андан кызыктуу маалыматтарды тапса болот. Кенже балдар үчүн жыл сайын “Акча алиппесин” чыгарып турабыз. Дүйнөлүк акча жумалыгы калктын каржылык сабатын арттырууда чоң мааниге ээ”,-деп белгиледи Толкунбек Адыгулов.

Быйыл Дүйнөлүк акча жумалыгына 20 миңден кем эмес мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер катышмакчы. Кампания төртүнчү ирет өтүп жатат, ал эми улуттук масштабдан үчүнчү ирет өтүүдө. Ага өлкөнүн коммерциялык банктарынын басымдуу бөлүгү, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар катышууда. Кыргызстандын Улуттук банкы координатор болууда.

Эльнура Шаршеева


Яндекс.Метрика