Бишкектин жаштары акчаны кантип табат?
БИЗНЕС

Бишкектин жаштары акчаны кантип табат?

Бүгүнкү макалада ишкер болом деген жаштардын акчаны кантип таап жатканы тууралуу иликтөө жүргүздүк. Бул макалада Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаарынын шартында акча табуу жана Интернеттин жардамы менен акча табуу тууралуу сөз кылабыз.

Каармандар өздөрүнүн жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып беришет. Төмөндө саналган ыкмалардын баарын алар жеке өздөрүнүн жон териси менен сезип, тажырыйба топтоп иштеп жатышкан иштермандар. Алар акча табуунун реалдуу жолдорун сунушташат.

Жарыя такталарында товарларды кайра сатуу

Клара Шин акча табуунун бул ыкмасы чынында эле жакшы киреше алып келе турганын айтты.

“Анткени көпчүлүк адамдар товардан реалдуу баасы канча экенин билишпейт же болбосо тигил же бул товарды сатып тезирээк кутулуш үчүн аны арзандатып сатып салышат. Көптөгөн коллеционерлер ушундай жол менен байышат. Алар дал ушул жарыя такталарында уникалдуу товар издешет жана жакшы акча сунуштоого даяр. Сиз адегенде ишенбешиңиз ыктымал бирок чоң энеңизден калган эски буюм жаман эмес киреше алып келиши да мүмкүн. Мисалы кароосуз калган эски-буюмдарды жакшылап карап чыксаңыз ал жерден советтик фотоаппарат, Подольск механикалык заводунан (ПМЗ) чыгарылган Зингер кийим тиккен машинасы, уникалдуу саймасы бар дасторкон же пластинка койгон эски грамафон, эски, бир капталы мыйрыйган чайнек чыгышы да мүмкүн. Айрым эски буюмдарды сатып алган антикварлар, фотостудиялар,театрлар, кино тартуучулар ал тургай хенд-мейдерлер ушул товарларды издеп жатышы мүмкүн”,-дейт Клара.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда мындай эски буюмдарды сатып алгандар көп эмес, бирок онлайн дүкөндөрдүн өнүгүшү менен мындай жарыя такталарында ийгиликтүү иштесе болот.

“Ошондой эле эски буюмдар сатылган сайттарда арзан баада сунушталган көптөгөн товарларды таба аласыз. Болгону аларды арзан сатып алып кымбат сатасыз, ортосундагы баа сиздин акча”,-дейт ал.

Шаардан сатуучу менен жеке жолугуп товарды алса болот. Ал эми башка шаарлардан табылган товарды макулдашуу менен жөнөтүүгө болот. Транспорт чыгымын көп учурда сатып алуучу көтөрөт. Бирок макулдашуу керек. Акча каражаттарды банк картасы же электрондук капчык аркылуу которуп аласыз.

Чет өлкөгө товар сатуу

Бишкектин тургуну Замир Асылбеков ebay онлайн дүкөнүндө товар сатат.

“Бул аябай пайдалуу дебейм, бирок кызыгып ишти жолго коюп алса жашоого каражат тапса болот. Азыр Таобао, Aliexpress, 1688 аркылуу товар сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Бул жерде көбүнчө товарлар арзан, Болгону аны сатып алып кайра эле жарыя такталары аркылуу сатууга болот. Ebay жана Алиэкспресстен дүйнөнүн каалаган мамлекетине, каалаган шаарга тапшырык жөнөтсөңүз болот. Ошондуктан акча табуунун бул түрү ыңгайлуу. Мен көп түрдүү товарларды сатууга аракет кылып көрдүм, акыры бирөөнө токтолдум. Мен азыр Кытайдан сумка алып сатам. Менин тааныштарымдын бири телефондун тышкы кабын, же үйлөнүү үлпөтүндө кооздой турган буюм-тайымдарды, кооз романитикалуу белектерди сатса, дагы башкалары Айфон сыяктуу электрондук техникаларды сатышат. Жана баарына товар да,акча да, мүмкүнчүлүктөр да кеңири. Эң негизгиси ишти берилип иштөө керек”,-дейт Замир.

Тейлөө көрсөтүү

Эгер биздин колубуздан бир нерсе жасаган келсе, ал жасаган нерсебизди жеңил гана сатууга болорун Асел Турдубаева жашоосунда далилдеген. Анын жолдошу тойлорду видеого тартып, аны монтаждап иш алып барат. Өзү болсо атайын командасы менен той, үйлөнүү үлпөттөрү өткөрүлө турган кафелерди жана ресторандарды жасалгалайт. Асел учурда кыздар маникюр, депиляция, чачты жасалгалоо, визаж жана мейкап боюнча иштесе көп акча таба алышарын кошумчалады. “Акча табуу мүмкүнчүлүктөрү азыр абдан көбөйдү, болгону идеяны ишке ашыра билүүнү гана үйрөнүшүбүз керек”,-дейт Асел.

Өзүңүздүн сайтты ачып анан кылган ишиңизди ал жерге жарнамалай турган болсоңуз анда ишиңиз ого бетер алга жылышат.

Жигиттер болсо, техника оңдоо, сантехника, үйлөргө ар түрдүү жылытуу системаларын орнотуу, унаа оңдоо, сайт жасап чыгуу, контексттүү жарнама жасоо жана башка жаатта өздөрүн көргөзсө болот.

Хэнд мэйд

Хэнд-мэйд же кол менен жасалган буюмдарды сатып иштөө да Кыргызстанда жакшы жолго коюлуп жатат. 26 жаштагы каарманыбыз Үмүт Моңолбаева Бишкек шаарынын тургуну. Турмушка чыккандан кийин балдарды карап үйгө отуруп калгандыктан кошумча акча табуу жолдорун издей баштаган.

“Учурда колго сөйкө, шакек, билерик, чынжырча, сумка, кичинекей балдарга бут кийим жана башка кызыктуу буюдарды жасайм. Аларды социалдык тармактар аркылуу 30 сомдон 3 миңге чейин сатам”,-дейт Үмүт.


Яндекс.Метрика