ПСИХОЛОГИЯ

Убакыт: баарына кантип жетишүү керек?

Эгерде сиз бул макаланы окуп жатсаңыз анда сизге чындап эле сутканын 24 сааты жетишпей турат жана “баарына кантип үлгүрөм?” деген суроону берип келе жатасыз.

Пунктуалдуулуктун жоктугу жашоодо чындыгында олуттуу тоскоол жаратат. Ал көп учурда баары өз учурунда бүтпөй калууга, окууда же жумушта дайыма стресске, чыңалууга кабылууга себепчи болот. Ошондуктан ден соолукту сактап калыш үчүн баарын убагында бүтүрүү кажет.

Бул макалада убакыттын жетишпей калуусунун себептери тууралуу түшүнүк берип жана аны жоюуга байланышкан бир нече практикалык кеңештер айтылат.

Жетишпей, кечигип жүрүүнүн негизги себептери

— Баардык себептердин башында убакытты рационалдуу пайдалана билүү деген себеп турат. Эки саат бою телефондон тынбай сүйлөшүп жана ток-шоу көрүп отуруп алсаңыз кантип үлгүрмөк элеңсиз.

— Бирөөнүн милдеттерин өзүңүзгө жүктөп алгансыз.

— Ийгиликтерди жана убакытты пландоону жазган күндөлүгүңүз жок.

— Бир ишти ынтаа коюп жасабай оюңуз чар жайыт болуп турат.

Эмне кылыш керек?

Баарына жетишип үлгүрүш үчүн мээ активдүү иштеши керек. Бул үчүн биринчи кезекте уйкуну кандырган маанилүү. Чоң адам суткасына 7-8 сааттан кем эмес уктоого тийиш.

Туура тамактаныңыз. Жаңы бышкан жашылча-жемиш организмди керектүү заттар менен камсыздайт. Туура тамактануу энергия берип мээнии иштөөсүн жакшыртат.

Спорт менен машыгуу кажет, анын ден соолукка болгон пайдасы чексиз, эртең мененки көнүгүүдөн тартып олуттуу машыгуунун баары иммунитетти бекемдейт. Физикалык көнүгүүлөр “бакыт гармону” деп аталган эндорфиндин бөлүнүп чыгышын шарттайт жана бул сиздин жакшы маанайда болушуңузуга өбөлгө болот.

Убакыт: баарына кантип жетишүү керек?

Эми кеңештерге өтөбүз

Убакытты пландаңыз. Узак мөөнөттүү жана жакынкы аралыкка план түзүңүз. Кызыл түс менен эң маанилүү иштериңизди, көп менен орточо маанилүү, кара менен анча деле маанилүү эмес иштерди белгилеңиз.

Жолго кыска каттамдарды тандаганга аракет кылыңыз, шаар тургундарына жол жүрүүгө көп убакыт кетип калат

Аткарылган тапшырмаларды тизмеден чийип таштаңыз.

Алаксыта турган нерсенин баарын убактылуу жоюп салыңыз. Мисалы социалдык түйүндөрдүн терезелерин жаап, эгерде атайын бирөө чалбай турган болсо телефонду өчүрүп салыңыз.

Өзүңүз күчүңүз жеткен чектеги гана ишти жасаңыз.

Жумуштун санына эмес сапатына караңыз.

Жумуш болобу, үй болобу иреттүү кармаңыз ашыкча эч нерсе көңүлүңүздү бурбашы керек. Ар бир элемент ордунда турса жемиштүү иштейсиз. Ал эми сырткы келбетиңиз тыкан болсо башчыңызга дагы кызматкерлерге дагы жакшы таасир калтырасыз.

Ишти мүмкүн болушунча ылдам аткарыңыз.

Убакытты үнөмдөй турган заманбап технологияларды колдонуңуз. Мисалы, турмуш тиричиликте электр эт туурагычын, блендер жана башка ашкана буюмдары колдонуу иштин убактысын алда канча кыскартат.

Өзүңузду жакшы аткарылган жумуш үчүн мактап сыйлык берип турганды унутпаңыз.

Бүгүнку ишти эртеңкиге калтырбаңыз. Жасалбай калган иш сизге жүк болуп жыйыла бергенден башка пайдасын тийгизбейт.

Үлгүрбөй жатсаңыз көмөк сураңыз, мунун жаман эч нерсеси жок.

Жумушка өз маалында мисалы саат 8-30да келе турган болсоңуз 8-20да келгенге максат коюңуз.

Эрте турганга аракет кылыңыз.

Иштин натыйжасы үчүн тыныгуу жарыялап туруңуз. Ар бир саатын 5 мүнөтүн күчтү калыбына келтирүүгө арнаңыз.

Эгерде жумушта таптакыр эч нерсеге үлгүрбөй жатсаңыз анда “ушул иште иштөөнүн кажети барбы?” деген суроону бериңиз. Өзүнүн ишин жан дили менен сүйгөн адам эч качан ишти үзгүлтүккө учуратпаганга аракет кылат. Ал эми балалуу энелерге убакытты кантип үнөмдөшү керектиги тууралуу кеңешти кийинки макалаларда сунуштамакчыбыз.


Яндекс.Метрика