ПСИХОЛОГИЯ

​Ричард Брэнсондон ийгиликтүү бизнестин беш сыры

Британиялык атактуу ишкер Ричард Брэнсон 1970-жылы «Virgin Records» деп аталган анча чоң эмес музыкалык дүкөндү ачкан. Ал орто мектепти бүтпөй калган жана ал кезде жалгыз бизнес тажрыйбасы өзүнүн жеке журналын чыгаруу болгон эле. Бүгүнкү күндө Брэнсондун капиталы $5,1 млрд долларды түзөт жана ал дүйнө боюнча 400дөн ашык компаниялардан турган «Virgin Group» компаниясынын төрагасы болуп эсептелет.

Анын компанияларынын ичинен сегизи жыл сайын миллиард доллардан ашык киреше берет.

Акыры 40 жылда Брэнсон бизнеске кирүүнүн же андан кетүүнүн жолдорун бир нече ирет жаңылышып жана ката кетирүү менен өз башынан өткөргөн жана инновациялык компаниялардын империясын кантип куруу керек экенин түшүнгөн.

Өзүнүн 2012-жылы жарыкка чыккан “»Virgin» жөнүндө: Бизнес мектебинде сизге окутпай турган жашыруун сырлар” деп аталган китебинде Брэнсон ийгиликтүү бизнестин беш сыры менен бөлүшкөн.

​Ричард Брэнсондон ийгиликтүү бизнестин беш сыры

1. “Эгерде жасап жаткан ишиңизден ырахат албасаңыз, анда аны жасабай эле коюңуз”

“Мен Лондондун батышындагы жер төлөдө „Virgin“ менен иш баштаганда эч кандай сонун план же стратегия жок болчу. Мен бизнес-империя курайын деген эмес элем. Мен жөн гана эл пайдаланганды, көңүлдүү маанайда убакыт өткөргөндү жакшы көргөн нерсени түзүп чыгайын дегем жана күндүн соңунда эптеп эсеп-чотту жапканга акча чыкса экен деп Кудайга жалынчумун”,-деп жазат Брэнсон.

2. “Жаңы нерселерге кадам таштап-инновациячыл болгула”

1970-жылы эле өзүнүн компаниясына тобокелдик менен байлашкан ысым ыйгарган Брэнсон бул дүйнөдө бир нерсе менен өзгөчөлөнүп туруу керек экенин түшүнгөн. Ал 1984-жылы «Virgin Atlantic» авиа компаниясын түзгөндө бул ошол кезде эң оргиналдуу идея боло турган жана ири кардарлык сервиске ээ болгон. Бүгүнкү күндө ал «Virgin Galactic» компаниясын уюштуруп жатат. Бул жарандардын космоско чыгышын шарттай турган дүйнөдөгү алгачкы компания болмокчу.

3. “Сыймыктануу кереметтерди пайда кылат”

Ийгиликтүү бизнес ээлери аларды кызматкерлери баалуу актив экенин дайыма мойнуна алышат жана аларды барктай билишет. Өзүнүн эмгегине улуу иштерге катышы бар экенине сыймыктанган кызматкерлер мыкты иштеп беришет жана компаниянын акчаларын үнөмдөшөт.

4. “Кол алдындагылардын пикирин уга билет”

Ишин мыкты жолго кое билген менеджерлер баардык жоопторду же чечимдерди биле бербеши ыктымал, ошондуктан компаниянын өнүктүрө турган команда түзүшөт. “Шек-күмөнсүз сиз өз максаттарыңызды айкын көрө билиңиз, бирок аны башкалардын көз карашына таңуулагандын кереги жок. Башкалардын дагы пикирин уга билүү керек”,-деп жазат Брэнсон.

Ал ошондой эле мыкты лидерлер дайыма жакшы иш үчүн кол алдындагыларды мактап, колдоп, жардам берип турушарын жана бул кызматкерлердин мыкты идеялар менен чыгышына көмөк берерин кошумчалайт.

5. “Көрүнүктүү болгула”

Компаниянын ээлери өзүнүн кызматкерлеринен жашынбайт. Алар дайыма өзүнүн рангы боюн ылдыйраак турган менеджерлер менен болобу же жөнөкөй кызматкерлер менен болобу түзмө-түз сүйлөшүп, баарлашат.

Брэнсон дайыма кол алындагылар менен жана өзүнүн компаниясы тейлеген кардарлар менен мүмкүн болушунча сүйлөшүп алардын айткандарын кичинекей чөнтөк дептерине жазып аларын белгилеген.


Яндекс.Метрика