МОДА ЖАНА СТИЛЬ

Француз стилинин сырлары

Француз стилинде кандай кийинүү керек? Дүйнө жүзү боюнча саркеч айымдар деп аталган француз аялдары кийим-кече тандоодо көпчүлүк учурда ыңгайлуулукту баалашат. Кыздар жана аялдар биринчи колуна тийген кийимин кийип жумушка, жолугушуга же салтанатка баргандай сезим калтырышат. Көпчүлүк учурда француз аялдары такасыз жалпак бут кийим кийүүнү каалашат, ал эми кандайдыр бир салтанат иш-чараларга гана такалуу бийик бут кийим кийишет. Гардеробунун негизин джинсы-скинни, жөнөкөй кофталар (туруктуу түстүү кийимдер) кардиган, шым жана балетка бут кийимдеринен турат.

1. «Аз болсо да, эң жакшысы болсун» – француз аялдарынын негизги эрежеси. Жөнөкөй үлгүлөр, түстөрдүн айкалышы, аз аксессуарлар. «Үйдөн чыгар алдында күзгүгө бир карап, ашыкча нерселерди чечип кетиңиз», – деп кеңеш беришет француз аялдары.

2. Ар тараптуулук. Француз аялдары таң эрте жумушка, ал эми кечкисин ресторанга баруу үчүн ыңгайлуу болгондой кылып кийинүүнү жактырышат. Элегантуулук, жөнөкөй модадагы керемет көйнөк француз аялдарына алмашылгыс нерсе.

3. Жөнөкөй чач үлгүсү жана жеңил макияж. Сиздин көп күч салгандыгыңызды эч байкабоосу тийиш. Сулуулук менен табигый касиетти айкалыштыра билүүнү үйрөнүңүз. Баардыгы ар дайым сизди ушундай сулуу болууңуздун эч кандай кыйынчылыгы жок болсо керек деп ойлосун.

4. Айтылган сөздөргө көңүл буруу. Жөнөкөй кийимиңизге бир ачык түстүү аксессуарды– билерик же болбосо өзгөчө кур тагып алыңыз.

5. Назик жыпар жыт. Француз аялдарынан ар дайым жакшы жыпар жыт чыгып турат. Бирок бул жыпар жытты аз гана байкай аласың, ал эч качан мурунду уруп турбайт жана узак убакытка шлейф болуп созулуп калбайт.

6. Түз жана өзүн ишенимдүү алып жүрүү. Эң сулуу кийимди кийе аласыз, бирок басканда ишенимсиз, денеңизди түз кармабайынча кажетүү таасир калтыруу кыйынга турат. Сулуу гана болуп көрүнбөй, өзүңүздү ошого жараша ишенимдүү сезиңиз. Ошондо гана сиздин көзүңүз жанып, баардыгын өзүңүзгө тарта аласыз!

Көптөгөн француз аялдарынын гардеробунда боло турган кийимдердин тизмегин сунуштайбыз:

• Кичине кара көйнөк
• Ак түстүү кофта
• Жакет же болбосо аялдарга арналган смокинг
• Твидтен тигилген пиджак
• Башка кийимдер менен береткалар
• Шарфтар менен жоолуктар
• Күндөн коргоочу көз айнектер


Яндекс.Метрика