Иммунитетти көтөрүү ыкмалары
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

Иммунитетти көтөрүү ыкмалары

Иммунитети алсыз адам бат эле ооруга алдырып коёт. Врачтар жазып берген дарыдан тышкары элдик медицинадан кандай жол менен иммунитетти көтөрүүгө болот?

Жооп:
Биринчи кезекте иммунитеттин жакшы көтөрүлүшүнө сарымасак жардам берет.Күнүгө бир тиштен эки күндө бир жеп турса натыйжасы алгылыктуу. Андан тышкары 250 грамм пиязды жакшылап майдалап 200 грамм кумшекерге аралаштырасыз.Үстүнө жарым литр суу куюп жай отко жарым саат кайнатасыз.Оттон чыгарылып илеби кайткан соң эки кашык бал кошулат.Андан соң аны бөтөлкөгө куюп,бир күндө 3-5 жолу бир чоң кашыктан кабыл алуу керек. Бул суук тийгенге жана иммунитеттин көтөрүлүшүнө чоң жардам берет.

Кара тмин менен көтөрүү ыкмасы:

1) 250 грамм жакшы жанчылган кара тминди 1 килограм бал менен аралаштырабыз. Аны банкага салып жакшылап жаап коёбуз. Күн сайын 1 аш кашыктан ачкарын түгөнгөнгө чейин жеп туруу кажет.
Бул ыкма зыяндуу шишик (рак) оорусуна да каршы жардам берет.
2) Кант диабети менен жабыркагандар үчүн: бир чай кашыктын жарымынан келген кара тминди оозго салып чайнап артынан майлуу эмес сүт менен күн сайын ичип туруу зарыл.


Яндекс.Метрика