Мыкты адамдардын 36 адаты
ӨНҮГҮҮ

Мыкты адамдардын 36 адаты

Бүгүн биз сиздерге мыкты адамдардын көнүмүш адаттары туурасында сөз кылмакчыбыз:

1. Ар тараптан мүмкүнчүлүк издеп максатын ишке ашырууга ашыгышат.

2. Бирөөлөр ийгиликсиз деп тапкан нерседен алар сабак алышат.

3. Алар жакшылап ойлонуп чечим чыгарышат.

4. Алар «алма быш, оозума түш!» деген сөздү карманышпайт.

5. Коркоктукка жол беришпейт.

6. Туура суроо койгонду билишет.

7. Алар эч качан бирөөнө даттанышпайт.

8. Күнөөнү моюндарына алышат жана ар бир ишине ар убакта жооп бере алышат.

9. Аларда керемет талант жок. Тескерисинче дал убактысында туура чечим кабыл ала билген эрдик бар.

10. Ийкемдүүлү, алгырлык жана убакыт менен жүрүүгө үйрөнүшкөн.

11. Алар жанына өздөрү сыяктууларды жыйнашат. Бул деген өз тагдырына өздөрү кожоюн деген сөз.

12. Алар өмүрдүн агымы менен кетишпейт. Колдорунан баары келээрине ишенишет.

13. Алар өз өмүрлөрүн кандай элестетсе ошондой курушат.

14. Алар алаңдабай өз жолдорун оңдой алышат.

15. Алар эч нерсени эртеңкиге калтырышпайт.

16. Алар өмүрдөн сабак алышат.

17. Алар — оптимисттер. Ошого байланыштуу баардык нерседен жаркын келечек күтүшөт.

18. Алар ошол убакка керек болгон аракеттерди жасашат.

19. Алар жашоосунда келген ар бир кыйынчылыкка бетме-бет келишет.

20. Алар кыйындыктардан качышпайт тескерисинче….

21. Алар күтүүсүз жагдайларды алдын алууга үйрөнүшкөн.

22. Алар эмоциянын артынан ээрчип кетишпейт.

23. Алар кабылдоо керек болгон нерсени заматта кабылдай калышпайт.

24. Алар өмүрдүн чыныгы баасын билишет.

25. Алар бакыт менен акчаны, кубаныч менен тактыкты эч качан алмаштырышпайт.

26. Алар белгилүү бир максат менен алдыга карай жүрүшөт.

27. Алар өздөрүнө ишенишет.

28. Көп адамдар жайлуулукту издешсе, алар ошол кыйындыктардан чыйрала түшүшөөрүн билишет.

29. Алар мээримдүү жана ак көңүл болушат. Башкаларга жардам берүүдөн качышпайт.

30. Алар жөнөкөй болуп жаратылган. Керектүү кезде кечиримди биринчи болуп сурашат.

31. Ар дайым эмгекчил болушат.

32. Алар жакшылыктын баасын түшүнүшөт.

33. Алар адамдар менен ачык суйлөшүшөт.

34. Алар кереги жок нерсеге убактысын коротушпайт.

35. Алар эс алганды билишет.

36. Алар ар бир ишти жарым жолдо ташташпайт.


Яндекс.Метрика