Лимонду төшөктүн башына койсо эмне болот?
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

Лимонду төшөктүн башына койсо эмне болот?

С витаминине бай лимондун өзү гана эмес, жыпар жыты дагы көп нерсеге пайдалуу дешет.

Анда лимондун жытынын төмөнкүдөй пайдалуу жактары бар экенин биле жүргөнүңүз ашыкча болбойт.

Уктоочу бөлмөгө койсоңуз анын жыты булчуң эттерди бошотуп, ырахаттанып уктайсыз.

Цитрус өсүмдүктөрү нервиңизди тынчтандырып, маанайыңызды жакшыртып көңүлүңүз сергийт. Эгерде сизде лимондун эфир майы болбосо анда бир тилим лимондун кесимин дагы керебеттин алдына коюп койсоңуз ошол жетиштүү.

Эске сактоо тутумуна пайдасы тиет

Күн сайын лимондун жытын жыттап жүргөн адам эс тутуму жана ойлонуу жөндөмү жакшырат. Офис лимон жыттанып турса андан иштеген кызматкерлердин ката жасаган иши аз болорун япон окумуштуулары далилдешкен.

Маанайыңыз ачылат

Лимондун эфир майы депрессияга каршы мыкты дары. Ошондуктан маанайыңыз болбосо лимон жардамга келет.

Абадагы микробдордон арылтат

Лимондун жыты бактерияга каршы өзгөчөлүктөргө ээ. Ал бөлмөнүн абасын тазартат.

Артериялык кан басымды төмөндөтөт

Көп адамдар гипертониядан жабыркайт. Лимон мындай жагдайда дагы жардам берет. Анын жыты артериялык кан басымды төмөндөтөт.

Курт-кумурскалар тынчыңызды албайт

Курт-кумурска жана чымын-чиркейге дагы каршы тура алат.


Яндекс.Метрика