Жолдуу адам ийгиликсиз адамдан эмнеси менен айырмаланат?
МОТИВАЦИЯ
ПСИХОЛОГИЯ

Жолдуу адам ийгиликсиз адамдан эмнеси менен айырмаланат?

Бүгүн биз ийгилик жөнүндө сөз кылмакчыбыз! Айрым адамдарды “жашоодо жолу ачык, баарын бирөө белендеп койгондой жолдуу” дешсе, тескерисинче кээ бирөөнү “эмне кылса да иши жүрүшпөй койду” дешет. Ийгилик бул бизнестеби, карьерадабы же жеке жашоодобу адамдар үчүн маанилүү тараптардын бири.

Жолу болбогондуктун же бир нерседе ийгилик жок болгондуктун себеби эмнеде? Аны кантип оң жагына өзгөртсө болот? Дегеле ийгиликтүү болуу адам жашоосунда канчалык маанилүү?

Уинстон Черчиль бир ирет тост көтөргөндө “Мен силерге ден соолукту жана байлыкты каалай албайм. Анткени океандын түбүнө кеткен Титаникте сүзүп бараткандардын баары бай жана ден соолугу чың болгон. Мен силерге жолу болгондук жана ийгилик каалайм, бул ден соолуктан жана байлыктан дагы маанилүү нерсе. Ийгиликтүү болгон адам сөзсүз түрдө ден соолугу чың, бактылуу жана бай болот жана албетте эң коркунучтуу  балээ кырсыктардан аман калат”,-деген.

Адамзат тарыхына кылчайып…

Чындыгында ийгиликтүү болуш адамдын жашоосунда өтө жогорку ролду ойнойт. Ооба адам өз тагдырын өзү түзүп алат деп да коюшат. Бирок байыркы замандардан бери адамдардар ийгиликтен жана жолу болуудан абдан көз каранды болуп келишкен. Жолу болсо аңчылар аң уулоодон жолдуу кайтышкан, жолу болгон дыйкандын эмгеги кайтып  эгини сеңселип өскөн. Жолу болгон соодагер алыскы сапардан аман-эсен үй-бүлөсүнүн кашына кайтып келген. Байыркы адамдар дагы ийгиликтен көз каранды болушкан. Жана бирөөлөрдү ийгилик кошторун башкалары андан куру каларын түшүнүшкөн. Римде ийгилик берет деп Фортунага сыйынып, ага арнап храмдарды курушкан. Демек бир сөз менен айтканда  байыркы замандардан бери эле адамзат ийгиликтүү болууну  каалайт жана ага жетүүгө умтулат.

Окумуштуулар эмне дейт?

Англиянын Хартфордшир Университетинин окумушутуусу, лабораториянын жетекчиси Ричард Уайзмен “жолдуу, ийгиликтүү адамдын фактору табиятынан же ал төрөлгөндө эле болот” деген түшүнүктү иликтеп көргөн. Ал сегиз жыл бою “ийгилик факторунун” психологиялык негиздерин иликтенген. Анын иликтөөсүнө катышкан 400 адамдын баарын ийгиликтүү адамдар эле.

Ричард Уайзмен аларды изилдеп чыккандан кийин ийликтиктүү адамда төрт негизги принцип бар деп аныктаган.

Биринчиси, колундагы жашоосуна аябай канааттанып шүгүр кылып бирок ошол эле убакта алдына максат коюп ошого жете билүү принциби. Мындай адамдар дайыма өз кругозорун кеңейтүүнүн үстүндө болушат. Заманбап тил менен айтканда алар креативдүү адамдар. Алар көп учурда жаңы нерсени өздөштүрүп, тажрыйба алуу мүмкүндүгүнөн баш тартышпайт

Экинчиден жолу болгон адамдар көп учурда интуициясын башкача айтканда жан дүйнөсүнүн үнүн угат жана ага карап иш кылышат. Ал эми интуациясы начар өнүккөн адамдар эмне кылыш керек деген суроо туулат? Албетте аны өнүктүрүш керек. Азыркы  маалымат кылымында интуицияны өнүктүрүүнүн көп мүмкүнчүлүктөрү бар.

Үчүнчүдөн жолдуу адамдар дайыма жагдай оң жагына чечилет деп ишенет. Чечилбей калса анда бул да мен үчүн жакшыдыр деп коюшат.Кыскасын айтканда эч бир нерсеге байланып калбайт.

Төртүнчүдөн жолдуу адамдар эч качан тагдырына таарынып куру кол отура бербейт алар дайыма жол издейт.

Окумуштуу жалпысынан алганда адамдардын баары тигил же бул даражада жолдуу болуп төрөлөт. Бирок алардын кээ бирине жогорудагы саналган төрт сапаттардын бири жетпей калат деген жыйынтыкка келген.

Демек ийгиликтин кыскачаформуласы “Колуңда бар жакшы тагдырга шүгүр кылып, дагы алдыга умтулупаракеттен, жан дүйнөңдү байытып, билимиңди кеңейт, маңдайга жазган жамантагдырга таарынып майышып мүңкүрөп калбай, жолу болбогондукту ийгиликкеайланат, кыйынчылыкка кабылсаң жакшылыктан үмүт үзбөй ар дайым жол изде!”дегенде экен.

 Дайыма эле ийгиликтүү болууга мүмкүнбү?

 Адамдын жашоосу өзү ак менен кара, өйдө менен ылдыйдан турат эмеспи. Ошондуктан ийгиликтин дагы артында жолсуздук болуп калышы толук мүмкүн. Башкача айтканда адамдар дайыма эле жолдуу боло бербейт, кокус дайыма жолу ачык ийгиликтүү болсо берсе аны туура багытка колдонуу керек.

Самос аралынын өкүмдары, байыркы падышалардын бири Поликрат укмуштуудай жолу болгуч адам экен. Бүткүл аралдарга бийлигин орноткондон кийин Египеттин падышасы Амасис менен достук келишимин түзгөн. Поликрат өзүнүн ийгиликтери менен абдан сыймыктанып мактанып турган. Эмне ойлобосун эмне иш кылбасын баары ишке аша берген. Поликрат сан санаксыз кемелерди куруп, аскерлери көптөгөн шаарларды басып алган. Казынасы алтын күмүшкө толуп, батпай турган.

Египеттин падышасы Поликраттын ага чейинки жана ошол кездеги падышалардын бири да жетпеген атак даңк менен ийгиликке жетишине ойлонуп, досу үчүн тынчсызданып, кат жөнөткөн. Каттын кыскача мазмуну төмөнкүдөй болгон: “Мени сенин ийгиликтерин кубандырат бирок ийгиликтер кээде жолу болбой калуу менен да коштолуп турушу керек. Ошондуктан  кайрымдуулук кылышыңды өтүнөм!”.

Поликрат ошондон кийин ойлонуп, кемеге түшүп эң жакшы көргөн баалуу, асыл таштар чөгөрүлгөн шакегин деңиздин ортосуна таштап, кудайларга деп атап кайтып келген.

Анын шакегин балык жутуп алган жана бир аздан кийин ал балыкчынын торуна түшүп калат. Балыкчы балыкты падышанын сарайына алып барып, Поликраттын ашпозу балыкты ага бышырып бергенде ичинен өзүнүн шакеги чыккан. Муну уккан Египеттин падышасы «Сен укмуштуудай жолдуу болуп жатасын мунун артында бир балее  болбосун. Анын кесепети мага да тийбесин»,- деп достуктан кол үзөт. Бир аздан кийин Поликратты душманы алдап буктурмага камап колго түшүрүп, өзүн кыйнап өлтүргөн. Падышачылыгы таланып тонолуп, эли кулдукка сатылган.

Ошодуктан адам жашоосу дайыма эле ийгиликтер менен коштоло бербеши мүмкүн. Жашооңуздун баардык тарабында баардык эле учурда ийгилик жылмая бербесин эстесеңиз эч өкүнбөй алдыга умтула бересиз.

Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика