Ийгилик коштогон адамдар эмне үчүн баарына жетишет?
ПСИХОЛОГИЯ

Ийгилик коштогон адамдар эмне үчүн баарына жетишет?

Сиздин айланаңызда эң аз дегенде сиз бир күндө бүтүрө
турган жумушту бир-эки сааттын аралыгында бүтүрүп кое турган тааныштарыңыз бар.
Ал албетте сизге караганда бир кыйла ийгиликтүү
адам.

Жакшы жаңылыгыбыз бар:
буга окшогон ийгиликке сиз да бир нече жумушчу адатты калыптандыруу менен
жетишсеңиз болот. Албетте алар заматта эле сиздин бийиктикке чыгара калбайт,
бирок алдыга бир кыйла жылышыңызга жардам берет. Бара-бара аны такай аткарып
жүрүү менен баарына жетишкен адамдардын катарын толуктай аласыз.

Эмне үчүн ийгиликтүү
адамдар көп нерсеге жетише турганынын 12 себебин сунуштайбыз:

1. Алар
кыла турган иштеринин тизмелешет жана ар бир ишти кантип аткара турганын
майда-чүйдөсүнө чейин так эсептеп чыгышат.

Көпчүлүк адамдар кыла
турган ишин кагазга жазбай башаламан
иштей берет, эгер жаза турган болсо дагы кайсы учурда аткарып бүтө турганын так
көрсөтүп ошого үлгүрүүгө аракет кылбайт.

2. Алар
велосипедди кайрадан ойлоп табуунун кереги жок экенин билишет.

Тактап айтканда баарына жаңы, убакытты
үнөмдөөчү нерселерди киргизишет. Мисалы электрондук тиркемелерди колдонууну
үйрөнүшөт.

3. Алар чоң бир максатты алдына коюп анын аны майда бөлүмдөргө
бөлүп коюшкан.

Ийгиликтүү адамдар
маанилүү иштерди майда баскыч-баскычы менен аткарыла турган тапшырмаларга бөлүп
алышат. Бирок эч качан бул иштер чоң максатына карай алып бара жатканын
унутушпайт.

4. Алар өзүн алаксыта турган факторлорду жок кылышат жана
бир ишти жасап жатканда ынтаа коюусун жоготпойт.

Айланада алаксытуучу көп
нерселер бар бирок башкы ишти аткаруу маанилүү экенин унутпоо зарыл.

5. Алар иш менен алентенбей анын жемиштүү болушуна
умтулушат

Алар жөн эле иштей бербей
туура иштегенди үйрөнүшкөн.Эң негизгиси учурда эмне маанилүү-ошону жасоо керек.

6. Алар болочокту дайыма көрө билишет

Энергиялуу адамдар өткөн
ишке өкүнүп оутра бербей, алдыга кетип келечекке кадам ташташат.

7. Ийгиликтүү адамдар өзүнүн максатына жетүүчү жолдо
талбай аракет кылууну унуткан эмес

Ийгиликтүү адамдар максатка жетиш үчүн талбай
аракет кылыш керектигин жакшы түшүнүшөт.

8. Алар
чечкиндүүлүк бар жерде прогресс болорун жакшы билишет

Бул адамдар эч нерсе
кылбай отура берсе эч нерсе чыкпасын мыкты аңдап түшүнүшкөндөр. Варианттарды
карап отурбай, анык бир аракетке өтүү зарыл деп эсептешет.

9. Алар өзүнүн
өнүгүшүнө инвестиция салат

Ийгиликтүү адамдар күчү
менен убактысын өзүнүн талантын, мүмкүндүктөрүн өстүрүүгө арнайт. Эң мыкты
инвестиция — бул адамдын өзүнө салынган инвестиция.

10. Алар өз каталарын мойнуна алып андан сабак
алышат

Биз жаап-жашырып койгон
каталар кайра-кайра кайталана берет. Туура эмес кылганды түшүнүп жыйынтык
чыгара билүү керек.

11. Алар ийгиликке
жетиш үчүн өздөрү гана аракет кыла алышарын түшүнүшөт

12. Алар башкаларга
чын дилден жардам беришет

Эльнура Шаршеева


Яндекс.Метрика