Бизнес идея: Сиздин хобби сизди издеп жүрөт
МОТИВАЦИЯ

Бизнес идея: Сиздин хобби сизди издеп жүрөт

«Жашоону толук кандуу сезиш үчүн денени, жан дүйнөнү, социалдык жана эмоционалдык маанайды адам тең салмакта кармап турууга мүмкүндүк болуш керек. Жакшы бир сүйгөн нерсеңиздин, хоббиңиздин болгону өзүңүздү максаттарыңызга жетүүгө, чыгармачылык эргүүңүздү ачууга жаңы күч-кубат алууга шарт түзөт. Хобби – бул жөн гана кызыкчылык эмес, бул пайдалуу адат»,-деп билдирди психолог Айгүл Ысыкеева. Төмөндө анын хобби тууралуу айткандарына орун беребиз.

Адам үчүн өзүн ар тараптан ачкан маанилүү, бирок алыш бериш болуш үчүн адамдарга өзүнүн чөйрөсү керек, ошондуктан адам социалдык болуп эсептелет.

Эгерде сиздин хоббиңиз болсо анда аны маанилүү жана пайдалуу кылууга мүмкүндүгүңүз бар.

Бизнес идея: Сиздин хобби сизди издеп жүрөт

Улуу иштердин баары кызыктуу алектенүүдөн башталган

Чыгармачылык ишмердик, кызыктуу иш менен кайсы гана куракта болбосун алектенсеңиз болот. Мисалы биз сүрөт тартуу, музыкалык аспапта ойноо, ыр жазуу же дагы бир нерсе кылыш үчүн бала чагыбыздагы кыялкеч дүйнө бүтүп калды деп гана кол шилтеп отуруп калбашыбыз керек. Адамдын өзүнүн жан дилден сүйгөн нерсесине кызыгуусу бара-бара кесипкөй бир ишке, тандап алган жолго түшүүсүнө түрткү берет. Түпкү теги орус-венгер улутунан чыккан музыкант инструменталист, композитор Элисбар “Адам качан гана өзүнүн кыялына атайлап сапар алган кезде бүт дүйнө аны менен бирге болот” деген.

Көпчүлүк бай адамдар өздөрүнүн хоббисин акырындык менен чоң бизнеске айландырышкан. Мындай мисалдар миңдеп саналат. Эгер сиздин хоббиңиз болсо бирок аны чоң нерсеге мисалы акча таба турган булакка айландыргыңыз келсе анда хоббисин иш менен айкалыштырган адамдардын өмүр баянын, анын ийгиликтерди кандайча багындырганын, кантип тоскоолдуктарга карабай аракет кылганын издеп таап окуңуз. Кудайга шүгүр, азыр маалыматтын кылымы, интернет булактары кол алдыңызда. Мындай адамдардын аракети, сизди алдыга шыктандырып, алдыга жетелейт.

Бизнес идея: Сиздин хобби сизди издеп жүрөт

Хоббини бизнесе айландыруучу көнүгүү

Бул көнүгүүнү окуп гана тим болбой аны ишке ашырууга аракет кылып көрүңүз. Эң алды менен эмнеге кызыгаарыңызды аныктап алыңыз. Тикме тиккенди, торт бышырганды, бийлегенди, сүрөт тартканды, саякатка чыкканды жана башка кандай нерселер сизге жагат? Кайсынысын хобби катары ишиңиз менен чогуу алып жүрөсүз. Мына ушун аныктагандан кийин төмөнкү суроолорго маалымат издеп жооп жазыңыз.

-Өзүңүздун хобби менен айлаңызга эмнелерди бөлүшө аласыз?

-Бул идеяңызды кимге, качан, кантип бөлүшсөңүз болот?

— Айланадагы адамдарга сиздин сунуш канчалык кызыктуу?

— Сиздин хоббиге байланышкан максаттуу аудиторияны кантип тапса болот? Кайсы интернет аянттарды колдоно аласыз?

-Өзүңүздүн идеяңызды, тейлөө көрсөтүүңүздү кантип, кандайча аудиторияга сунуштай аласыз?

-Өзүңүздү бул чөйрөдө кантип таанытууга болот?

-Кимдир-бирөөнүн көмөгү сиздин ийгиликке жол ачабы?

Эгерде бул пунктун баарына олуттуу жооп таап, анализ жүргүзүп жана кагаз бетине жаза алсаңыз анда алгачкы бизнес идеяңыз да, бизнес долбооруңуз да даяр болот. Болгону аны ишке ашыруу керек.

Эльнура Шаршеева


Яндекс.Метрика