Иштермандарга жалкоо адамдын “алтын” кеңештери
Сергек жашоо

Иштермандарга жалкоо адамдын “алтын” кеңештери

Иш жүзүндө кээ бир адамдар чындап эле эс ала албай калышат. Жумуштан колу бошобой жүргөн мекендештерге тамаша жана эс алуу иретинде төмөнкү “кеңештерди” сунуштайбыз. Кааласаңыз аны олуттуу кабыл алып кагазга жазып иштеген жердеги дубалыңызга илип алсаңыз да болот! Анткени убагында эс алуу дагы чоң искусство!

-Уктаган төшөгүндү жаныңдан артык көрүү керек!

-Кимдир бирөө эс алып жатканын көрсөң ага дароо жардамдашып жибер!

-Жумуш-бул ыйык нерсе, ага кол тийгизбеш керек!

-Эртең кыла турганга мүмкүн болсо, аны бүгүн кылба!

-Эгер жумуш иштегиң келип эле колуң кычышып жатса отуруп терең дем ал баары өтүп кетет!

 -Эгер иштөө бул ден соолук деп айтып жатышса, анда оорукчандар иштей беришсин!

-Чарчап төрөлүш керек, эс алуу үчүн жашаш керек!

-Акыры соңунда, деги эс алгылачы!

beles.kg


Яндекс.Метрика