Акчалуу, бай болуш үчүн эң биринчи эмнеден баштоо керек?
ӨНҮГҮҮ

Акчалуу, бай болуш үчүн эң биринчи эмнеден баштоо керек?

Акчалуу, бай болуш үчүн эң биринчи эмне кылыш керек? Ушул суроону көп адамдар узатат. Чыгыш акылманы бул боюнча “Эң алгач сырткы дүйнөңдү тазала, андан соң ички дүйнөң өзгөрөт. Бул үчүн үйүңдөгү керексиз буюмдардан арыл, андан кийин жашооңдогу керексиз адамдардан арыл, ошондон кийин пайдалуу күч-кубатка же энергияга ээ болосуң, мына ошол күчтү жакшы жагына пайдалан, ниетиңди, ой пикириңди өзгөрт, байлык сени өзү издеп келет” деп айткан. Себеби ички дүйнөнүн өзгөрүшү адам жашоосунун өзгөрүүсүнүн башкы белгиси.

Акчалуу, бай болуш үчүн эң биринчи эмнеден баштоо керек?

Баардыгы жашаган жерден башталат!

Адам эч нерсесин өзгөртпөй туруп өнүгүүнү күтпөй деле койсо болот. Бүгүн биз адамдын сырткы дүйнөсү тактап айтканда жашаган үйү же болбосо турак жайы анын байлыгына кандайча таасир берери тууралуу сөз кылмакчыбыз. Турак жай анын ээси тууралуу көп нерседен кабар берет. Үй бул биздин өзүбүз тууралуу айтып турган күзгү. Үйдөгү ашыкча жүктөн арылуу өтө чоң күчкө ээ кылат. Үйдү таза жана иреттүү кармоо менен сиз акылыңызды дагы иретке келтире аласыз.  

Бул үчүн эч аянбастан туруп кереги жок заттардан арылыңыз. Эски буюмдарды сактоого умтулуу-жакырчылыкта ой жүгүртүүнүн башкы белгиси. 

Буюмдун же кийимдин керексиз экенин кантип аныктаса болот? Ал буюмду буга чейин эки-үч жыл колдонбосоңуз, эми чындап эле колдонбойсуз.

Эски колдонуудан чыгып калган заттар өзүнө энергияны тартып алат.

Дайыма эски, жыртык кийимдерди, сынган буюмдарды көрүп туруу адамдын жашоосунда жакырчылыктын психологиясын калыптандырат. Адам жамаачы, жыртык нерселерге макул болуп жашаганга көнүп калат жана эрксизден өзүн ошолор менен салыштырат.

Эски буюм тайымдар менен кийимдерди ыргытпагандыктын белгиси эски принциптер менен идеяларды кое бербей жашап жатасыз деген белги.

Ишенип коюңуз, үйдү эски буюмдардан арылтып тартипке келтиргенден кийин жаңыларын алууга убакыт дагы, акча да табылат.

Айрыкча көңүлдү сынып калган же жыртылган буюмдарга буруш керек. Аларды дароо оңдотуу кажет же токтоосуз ыргытуу керек. Чыгыштын акылмандары сынган, бүлгөн буюмга терс энергия топтолуп ал үйгө байлыктын келишине жана анын ички гармониясына тоскоол болот деп эскертишкен. Мындай буюмдар үйгө тескери энергия гана бербестен жашоону начарлатып, ал тургай ооруга  чалдыктырышы мүмкүн экендигин дагы байыркы чыгыш жазмаларында баяндалган.

Акчалуу, бай болуш үчүн эң биринчи эмнеден баштоо керек?

Өзгөчө эреже!

Үйгө буюм же эмерек, же кийим алып жаткандагы маанайыңыз кандай болсо ал буюм үйгө келген кезде дагы бейаң сезим менен (подсознание) аркылуу таасир бере берерин эсиңизден чыгарбаңыз! Эгерде буюмду же кийимди алып жатканда сатуучу начар маанайда болсо же сизге туура эмес тейлөө көрсөтүп, жаман мамиле кылса бул буюмга эч качан чындап кубана албасыңыз анык. Эгерде сатып алып жатканда маанайыңыз көтөрүңү болсо бул буюм же кийимди көргөн сайын жакшы нерсе катары гана эсте сакталып кала берет. Сиздин акыл-эсиңиз акырындап баарын унутуп жаңы буюмду же кийимди колдонууга өтөт, бирок акыл-эстин алдындагы баарын каттап туруучу адамдын бейаңсезими соода кылып жаткан учурдагы окуяны эч качан унутпайт. Анткени бейаңсезимдин функцияларынын бири адамдын баардык учурдагы кылган аракеттерин сактап калуу.

Акчалуу, бай болуш үчүн эң биринчи эмнеден баштоо керек?

Үйгө кантип байлык алып келсе болот?

Үйгө байлык, жубайлардын ортосунда ынтымак келсин десеңиз ар дайым эсиңизде болсун:   

Эки-үч жылдан бери туруп колдонулбай, араң таап чыккан буюмуңузду же кийимиңизди эч өкүнбөй ыргытыңыз! Анын модасы да бүттү, өзү да эскирди, эми ал сиздин күч кубатыңызды соргон “вампирге” айланды.

Жакшы көрүнгөн эмес, баардык тарабынан идеалдуу буюмдарды жана кийимдерди гана сатып алыңыз! 

Стилге, түскө, көлөмгө шайкеш келбегендин баарын таштаңыз!

Эскирген, окулбай калган китептер, жыртылган кийимдер, кетилген идиш-аяктар, бузулуп оңдолбой, иштебей турган үй тиричилик буюмдары, эскирген, саргайган жууркан-төшөктөр,  тигиши ажырап калган бут кийимдер, күйүп кеткен лампочка, буту сынган шкаф сиз үчүн эмес! Сиз эң мыктысына гана татыктуусуз!

Керебеттерди, жатуучу диванды, килемдерди ашып кетсе 10 жылдан ашык колдонууга болбойт. Аларда көп учурда терс энергия топтолот. Ошол арада алар модадан чыгып да калат.

Эгерде үйдө жаман окуяларды элестеткен буюмдар же кийимдер болсо алар менен да коштошуңуз. Кийгенде ыңгайсыз болгон кийимдердин да кереги жок.

Дайыма даяр болуңуз!

Ошентип сырткы дүйнөбүздү тазалоо менен ички өзгөрүүлөргө жол ачабыз. Мейкиндикти тазалоо менен өзгөрүүгө даярбыз деген белги беребиз. Жашооңуз оң жагына өзгөрсүн десеңиз — оң өзгөрүүлөргө орун бериңиз! Жаңыча жашайын десеңиз, эскилерден арылыңыз! Байлыкка жетейин десеңиз анын келишине шарт түзүңүз! Кокус келип калса сизди үйүлгөн эски буюмдардын арасынан, наалыган, кейип кепчиген мүнөзүңүздөн, эски көз карашыңыздан улам таппай кетип калбасын! 

Баянгүл Алсеит, психолог


Яндекс.Метрика