Акчанын келишине тоскоол болгон төмөнкү белгилер сизде жокпу?
ӨНҮГҮҮ

Акчанын келишине тоскоол болгон төмөнкү белгилер сизде жокпу?

Кайсы коомдо болбосун жакыр десе эле таптакыр колдон түшкөн жакыр эмес, бирок байларга дагы кошулбаган адамдардын категориясы бар. Мындай адамдардын ой жүгүртүүсү байларча ой жүгүртүүгө калыптана элек болот. Албетте көбү акчам жок, бай эмесмин деп макул болушат, бирок өздөрүндө акчанын келишине тоскоол болгон, жакырчылыкка алып келе турган кулк-мүнөздөр, аракеттер калыптанганын билбейт.

Төмөнкү белгилерге көз жүгүртүп көрүп, сизде ушундай жашоо образы, ушундай ой жүгүртүү жана белгилер бар болсо андан чыгуунун жолу тезирээк издеңиз! Кыргыздар “дөөлөт тоголок болот карманбасаң кетип калат, мээнет жалпак болот жабышса оңой менен чыкпайт”,- деп коюшкан. Себеби жакырчылык адамдын жашоосун аксатып тим болбостон, анын тапканын сормо саздай соруп, өйдөлөтпөй белинен басып турат. Жакыр адамга оору, кыйынчылык, кырсык тез жармашат. Андан чыгуу кээде ушунчалык оор болот. Ошентсе да адам өзүн өнүктүрүп, билимин тереңдетип жагдайын оңдой алат.

“Душман менен күрөшүү үчүн анын ким экенин даана билиш керек” дегендей төмөндө кыскача тест жүргүзүп, бул белгилер сизде жокпу байкап көрүңүз!  

1-белги. Сизде жумушуңуз жок калса алты ай бою жете турганга чогулткан ашыкча акчаңыз барбы? Жок болсо ойлонуңуз!

2-белги. Коммуналдык төлөмдөрдү, телефонду, унаа токтоочу жайдын акысын төлөгөн сизге жагымсыз иш болсо анда сизде жакыр адамдын аң-сезими иштеп жатат. Анткени бай адам бул акчаны өзүнүн ыңгайлуулугуна, коопсуздугуна төлөп жатканын жакшы билет.  

3-белги. Сиз “арзандатуу болуп жатыптыр” деп таптакыр кереги жок эле кийимдерди ала бересиз. Бул да жакырчылыктын белгиси.

4-белги. Тамак-ашты организмге пайдасына карабай туруп баасына карата аласыз. 

5-белги. Кымбат баалуу кийимди өзгөчө учурга деп кийбей илип коесуз.

6-белги. Кафеге отурганда даамдуу тамакты ырахматтанып жейин дебестен, арзан баадагы тамакка качырасыз.

7-белги. Компьютердик оюндарга, социалдык тармактарга, алкоголго жана чылымга көз каранды болосуз.

8-белги. Сиз көп акчага пенсияга чыгууну ойлойсуз же болбосо “жаңы президент жакшы иштеп кетет го” деп үмүттөнөсүз. Чындап келгенде сиздин жашооңуздун эч кимге кереги жок. Өзүңүз гана ийгиликтерге жетишип бийиктиктерди багындыра аласыз, ошол эле учурда өзүңүздү өзүңүз гана түпкүргө кулатып алышыңыз мүмкүн. Ошондуктан Кудайга жана өзүңүзгө ишениңиз! 

9-белги. Карыз алганга, насыя алганга ыктап турасыз. Бекер  берилген нерселерге кызыгасыз. Насыяны бизнести кеңейтүүгө же инвестицияга эмес, күнүмдүк колдонууга аласыз.

10-белги. Телевизорду көп көрсөңүз, бул да туура эмес. Бирок өнүктүрүүчү программалар, пайдалуу тарбия берүүчү фильмдерди көрсөңүз бул башка кеп.

11-белги. Нөөмөттө түнкүсүн иштебеген убактан тышкары баардык учурларда түшкө чейин уктаган болсоңуз да байый албайсыз. Айрыкча жаштар активдүү болуусу кажет. 

12-белги. Байлар спортто ойноп, машыгат, ал эми жакыр аң-сезимдеги адамдар спорттук оюндарга күйөрман болууну туура көрөт.

13-белги. Ийгиликсиз экениңизге айлана-чөйрөнү күнөөлөсөңүз да анда жакырсыз! Байлар эки тизгин бир чылбырды эбак колуна алышкан!

14-белги. Жакыр болсоңуз дайыма медициналдык текшерүүдөн өтүп турган пайдасыз деп эсептейсиз.

15-белги. Айланаңыздагы төрт адам жакыр болсо анда сиз да бай эмесиз. Анткени адамга айлана-чөйрө абдан таасир берет. Ал эми максат койгон ага жеткен адамдар сизди өргө сүйрөп шыктандырат.

Ошентип жогорудагы белгилердин бир тобу сизде байкалса анда  башты жерге салбай же “ой андай эмес” деп каршы чыкпай, туура жыйынтык чыгарып өнүгүүгө бел байлаңыз! Кайсы гана куракта болбосун ички жана тышкы дүйнөнү байытууга болот… Алдыга умтулуңуздар!

beles.kg


Яндекс.Метрика