Бактылуу болуунун эң башкы сыры эмнеде?
МОТИВАЦИЯ

Бактылуу болуунун эң башкы сыры эмнеде?

Адамдардын баардыгы бактылуу, бай, ден соолугу чың, ийгиликтүү болууну каалайт. Алардын ичинен бакыт да өзгөчо орунда турат. Бирок бакыт ар тараптуу түшүнүк, аны ар ким ар кандай кабыл алат. Бүгүн биз бактылуу болуунун жөнөкөй, бирок эң маанилүү сырларынын бири тууралуу баяндайбыз.

Эмнегедир адамдардын басымдуу бөлүгү акчам көбөйгөндө, байыганда же дагы бири үйлөнгөндө, же турмушка чыкканда, балалуу болгондо, уулдуу болгондо, эркек балалуу болгондон кийин, кыздуу болгондо бактылуу болом деп ойлойт. Дагы бири унаа алганда, же ушул ажаан аялым же аракеч күйөөм менен ажырашканда, же анын маселесин бирөө келип чечип бергенде, же жек көргөн адамы жашоосунда жок болгондо баары өзгөрүп бактылуу болом деп ойлойт.

Ишенип коюңуз, сиз ушундай ойдо болсоңуз эч качан бактылуу болбойсуз! Мындай күтүүлөрдү токтотуңуз! Сиз азыркы учурда эч кубана албай каласыз. Бакыт- бул жан дүйнөнүн өзгөчө абалы, адамдын ичиндеги узакка созулган тынч кубаныч.

Философ Альфред Соуза:“Мен бул дүйнөгө эрте эле төрөлүп алыптырмын деп кейичүмүн. Анткени жашоодо дайыма кыйынчылыктар чыга берет эле, кыйынчылыктан качкан сайын алар даяр болуптурушчу. Андан өтсөм дагы чечилбеген бир маселе чыгаар эле, же берилбей калган карыздар, же начар мүнөздүү кошуна дегендей. Акыры аягы түшүндүм — жашоонун өзү ушундай тоскоолдуктардан турат турбайбы деп. Баарын ашып өтүп тынчтанганча өмүр өтүп кетет экен. Жашоонун ушундай экенин кабыл алуум мени чексиз бактылуу кылды. Ар бир ирмемден ырахат алдым, ар бир ирмемде бактылуу болдум, акыр аягында маселелерим дагы мага мурдагыдай оор сезилбей калды, аларды баары бир чечилет деп коюп процесстин өзүнөн ырахат алыш керек экенин түшүндүм”,-деп жазган.

Ошондуктан качан 5 килограм арыктайм, 5 килограмм толом, бешинчи күн качан бүтүп дем алыш күн келип эс алам, жай качан болуп отпуска алам, жаңы квартирага качан кирем дебеңиз. Жазды, күздү, кышты, жайды күтпөңүз! Акчаны, айлыкты күтүп иштебеңиз, ажырашууну күтүп сүйбөңүз. Эл эмне дейт деген көз карашты күтүп кыялыңызды ишке ашырбай койбоңуз!

Күтүү-бул бакытты жок кылуучу нерсе. Ошондуктан азыр бактылуу болууга үйрөнүңүз!

Бактылуу болуунун эң башкы сыры эмнеде?

Эми азга ойлонуп төмөнкү суроолорго жооп бериңиз!

1-суроо: Дүйнөдөгү эң бай беш адамды атаңыз!

2-суроо: Дүйнө сулуусунда жеңүүчү болгон 5 кызды атаңыз!

3-суроо: Нобель сыйлыгын алган 10 лауреттын ысымын айтыңыз!

4-суроо: Оскар сыйлыгын алган эң мыкты беш актерду жана беш актрисаны айтыңыз! 

Кандай, айта алдыңызбы? Айта албасаңыз тынчсызданбаңыз! Эч ким кечээки жеңүүчүлөрдү эстеп отурбайт. Баардык кол чабуулар унутта калат! Баардык сыйлыктар  менен дипломдорду чаң басып жатат! Жеңүүчүнүн баары өтүмүшкө кетти.

Эми төмөнкү суроолорго жооп бериңизчи:

1-суроо: Мектепте сизге билим берген, жакшы көргөн үч мугалимдин атын атаңыз!

2-суроо: Кыйын күндөрдө жардамга кол сунуп, жаныңызда болгон үч адамдын атын атаңыз!

3-суроо: Сизди өзгөчө сезүүгө көмөк берген үч таанышыңыздын атын атаңыз!

4-суроо: Жаныңызда дайыма жүргөн, убактыңыздын көбүн өткөргөн беш адамды атаңыз!

Эми кандай болду? Сиз үчүн маанилүү болгон адамдардын баары бай же болбосо жеңүүчү эмес… Алардын баары сизге камкор болуп, сизди бактылуу кылган адамдар. Демек жакын адамдарыңыз менен бактылуу болгонго аракет кылыңыз! Аларды сиз да эртең бактылуу кылам деп күтпөңүз, азыртан бактылуу кылыңыз!

Бактылуу болуунун эң башкы сыры эмнеде?

Бакытты алыстан издебеңиз!

Тоонун чыйыр жолунда эки жолоочу бара жатыптыр: бирөө ар бир нерсеге кубанып, жакшы нерсени көрүп турган, экинчиси дайыма маанайы чөгүп, наалып турган жолоочу экен. Алар алыскы өлкөлөргө кыдырып адам бактысын таап келүү үчүн сапарга чыгышкан экен.

-Карасаң биздин айланабыздагы тоолор кандай бийик жана сонун!,- деп суктанат жакшыны көрө билген адам.

 -Эч нерсе деле өзгөчө эмес, болгону үйүлгөн таштар”,-дейт наалыган адам.

Тоодон өтүп, көлгө келишет

 -Кандай тунук, таптаза көл, анын бетинен ак карлуу тоолор көрүнүп турат экен”,- дейт жакшы нерсе издеген жолоочу.

 -Эч кандай керемет жок болгону, чалпылдаган чоң көлчүк,- дейт экинчиси.

-Абасы кандай таза,-дейт биринчи жолоочу.

 -Аба баардык эле жерде бирдей болот,- деп каршы болот ага сапарлашы.

Көп жол жүрүп ашуу ашып, бакыт издеген эки шерик бир үңкүргө кабылышат. Ал жерде элден оолак жүргөн акылман карыя жашачу экен. Элден алыс жашагандыктан карыя абдан жакыр турчу. Карыя аларды түшкү тамакка чакырат, дасторконунда болгону бир аз нан менен булактын таза суусу бар экен. Жакшы нерсени көрө билген адам дасторконго отуруп нандын даамына тамшанып, булактын мөлтүр суусу үчүн аксакалга ыраазычылык билдирет. Ал эми экинчиси “курсагым тойбой калды”,- деп нааразы болот.

Бакыт — жүрөктө!

Тамактангандан кийин карыя алардын бакыт издеп бара жактанын угуп “Силердин бириңер бакытты эбак эле тааптырсыңар, ал эми экинчиңер аны дагы көпкө издейт  окшойсуңар. Бакыттын сыры — биздин жүрөктө. Жүрөгү таза, айланасындагы сулуулукту, жакшы нерселерди көрө билген жана баалай билген адамдар ар дайым бактылуу. Сулуулукту көрбөй, жүрөгүн жакшы нерселерге кубатпай койгон адамдын бактылуу болушу оор”,-дептир.

Ошентип эки жолоочу бакыт бул байлыкта, же болбосо хан сарайларда катылып жатпаганын, же тоолордун артында жашынып калбаганын, же аны качан келет деп күтпөш керектигин, ал жүрөктө экенин түшүнүп сапардан кайтышкан экен.

Бакытты алыстан издебеңиз ал сизге эң жакын — жүрөгүңүздө! Бакытты күтпөңүз ал азыркы мүнөтүңүздө!

Гүлнур Жумалиева, психолог

Бактылуу болуунун эң башкы сыры эмнеде?

Яндекс.Метрика