Психологиялык тест: Сизде чыныгы ишкерге таандык сапаттар барбы?
ТЕСТ

Психологиялык тест: Сизде чыныгы ишкерге таандык сапаттар барбы?

Кыскача тесттен өтүп ишкерликти алып кетүүгө мүмкүндүгүңүз бар экенин билгиңиз келеби? Бул тестти психолог адистер 95 пайызга туура деп белгилешкен. Ал үчүн сиз төмөнкү сүрөттөрдөн көп ойлонбостон көңүлүңүзгө жакканын тандап алыңыз. Жооптору төмөндө.       

Психологиялык тест: Сизде чыныгы ишкерге таандык сапаттар барбы?

1-сүрөт: Сиз чыныгы ишкер адамсыз!

Сизди чыныгы ишкер, табиятынан бизнесменге таандык сапаттары бар адам деп атоого болот.Сиз ар нерсенин ченин билесиз жана экономикалык “сезгичтик” жакшы өнүккөн, сиз эмне канчага бааланарын эң мыкты билесиз жана өз ишинизди иштетип кетүүнүн жолдорун таба аласыз. Жетишилген ийгиликтериңиз жөн гана жолу болуудан же мураска калуудан эмес, максатка жетүүгө умтулуп тырышкан аракетиңиздин акыбети десек болот. Бирок күн сайын жаңы жана кызыктуу нерселер пайда болуп жатат жетишилген жерге токтоп калбай ишкер сапаттарыңызды дагы да жакшыртсаңыз ийгилик сизди коштоп жүрмөкчү.

Психологиялык тест: Сизде чыныгы ишкерге таандык сапаттар барбы?

2-сүрөт: Сизде ишкер болууга эң жакшы сапаттар бар!  

Сизде ишкер болууга эң жакшы сапаттар бар, бирок өзүңүздү дагы да өнүктүрүүңүз керек! Эгер ушунча катуу кааласаңыз ишкер болууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ишкер адамга таандык сапаттар сизде болгону менен дагы да өзүңүздү өнүктүрүүнү колго алган дурус. Балким бул үчүн кесипкөй консультаттарга же бизнести жылдыруучу, инсандын өнүктүрүүчү психологдорго кайрылып иштешсеңиз андан дагы жакшы болот.  

Психологиялык тест: Сизде чыныгы ишкерге таандык сапаттар барбы?

3-сүрөт: Жеке бизнес-сиз үчүн эмес!  

Сиз заманбап ишкерлер ээ болгон сапаттарга жетишерлик даражада ээсиз деп айтыш кыйын. Күчтүү эрк жана болоттой бекем нерв-бул карьералык өсүштүн же жеке ишти ачуунун башталышы гана. Кызыктуу бир нерсени баштоо аздык кылат- перспективаны көрө билип, максаттар менен ага баруучу жолдорду аныктап, жеке мүмкүндүктөр тууралуу тактап маалымат билип алуу керек. Ошону менен катар ишкер амбициянын болгону дурус, ал эми жыйынтык жакшылап ойлонулганда жана түшүнгөн учурда мөмөсүн берет. Албетте шериктештер жана атаандаштар менен- кылдат аракеттенүү зарыл. Ушул мүмкүндүктөрүңүздү арттырсаңыз мыкты ишкерге айланасыз!      

Психологиялык тест: Сизде чыныгы ишкерге таандык сапаттар барбы?

4-сүрөт: Сиз накта ишкерсиз!

Сизди накта бизнесмен деп айтууга болот.Сизге эч кандай “бороон чапкын” коркунуч туудурбайт. Ар бир нерседен акча жасаганды жакшы билесиз. Бирок жетишилген чекте токтоп калбай өз жөндөмүңүздү дагы өркүндөтө бериңиз!

Психологиялык тест: Сизде чыныгы ишкерге таандык сапаттар барбы?

Яндекс.Метрика