Байыркы жазууларда адам баласы өмүр бою жаш курактын 12 баскычынан өтө турганы тууралуу жазылган. Аны карап туруп тигил же бул куракта адам кандай жалпысынан маселелер менен бет келише турганы тууралуу так аныктаса болот дешет. Ар бир адам анык бир жаш куракта белгилүү бир программаларды аткарышы зарыл. Адам жашоосунда чоң бурулуштар менен өзгөрүштөргө кабыла турган жаш […]


Биздин өмүр-узун жол. Жаш кезиңизде ал түгөнбөөчүдөй туюлат.Жаш улгайган сайын убакыт дагы кыскара берет. Артка кылчайып өмүрдү бекер жашап өткөн жокмун деген сыймыктуу куракка келиш үчүн адам баласы төрөлгөндө өмүрүнүн акыркы демине чейинки өнүгүү баскычтарынан өтүшү керек. Байыркы жазууларда адам баласы өмүр бою жаш курактын 12 баскычынан өтө турганы тууралуу жазылган. Аны карап туруп тигил […]


Өзүнүн кандай адам экенин билүү каалоосу кимде болбосун пайда болот. Көп учурда психологиялык сүрөт-тесттер адам өзүн кесипкөй адистен дагы артык билүүсүнө көмөк берет. Сиз өтүүгө белсенип жаткан төмөнкү визуалдык тест сиздин ички дүйнөңүздү жана мүнөздөрүңүздү ачып бермекчи. Бул үчүн төмөнкү сүрөткө караңыз жана токтоосуз түрдө көзүңүзгө биринчи урунган сүрөттү тандап алыңыз! Эркек жана аялЭгерде көзүңүзгө […]


Иш жүзүндө кээ бир адамдар чындап эле эс ала албай калышат. Жумуштан колу бошобой жүргөн мекендештерге тамаша жана эс алуу иретинде төмөнкү “кеңештерди” сунуштайбыз. Кааласаңыз аны олуттуу кабыл алып кагазга жазып иштеген жердеги дубалыңызга илип алсаңыз да болот! Анткени убагында эс алуу дагы чоң искусство! -Уктаган төшөгүндү жаныңдан артык көрүү керек! -Кимдир бирөө эс алып […]


Акчалуу, бай болуш үчүн эң биринчи эмне кылыш керек? Ушул суроону көп адамдар узатат. Чыгыш акылманы бул боюнча “Эң алгач сырткы дүйнөңдү тазала, андан соң ички дүйнөң өзгөрөт. Бул үчүн үйүңдөгү керексиз буюмдардан арыл, андан кийин жашооңдогу керексиз адамдардан арыл, ошондон кийин пайдалуу күч-кубатка же энергияга ээ болосуң, мына ошол күчтү жакшы жагына пайдалан, ниетиңди, […]


Кайсы коомдо болбосун жакыр десе эле таптакыр колдон түшкөн жакыр эмес, бирок байларга дагы кошулбаган адамдардын категориясы бар. Мындай адамдардын ой жүгүртүүсү байларча ой жүгүртүүгө калыптана элек болот. Албетте көбү акчам жок, бай эмесмин деп макул болушат, бирок өздөрүндө акчанын келишине тоскоол болгон, жакырчылыкка алып келе турган кулк-мүнөздөр, аракеттер калыптанганын билбейт. Төмөнкү белгилерге көз жүгүртүп […]


Адамдардын баардыгы бактылуу, бай, ден соолугу чың, ийгиликтүү болууну каалайт. Алардын ичинен бакыт да өзгөчо орунда турат. Бирок бакыт ар тараптуу түшүнүк, аны ар ким ар кандай кабыл алат. Бүгүн биз бактылуу болуунун жөнөкөй, бирок эң маанилүү сырларынын бири тууралуу баяндайбыз. Эмнегедир адамдардын басымдуу бөлүгү акчам көбөйгөндө, байыганда же дагы бири үйлөнгөндө, же турмушка чыкканда, […]


Кыскача тесттен өтүп ишкерликти алып кетүүгө мүмкүндүгүңүз бар экенин билгиңиз келеби? Бул тестти психолог адистер 95 пайызга туура деп белгилешкен. Ал үчүн сиз төмөнкү сүрөттөрдөн көп ойлонбостон көңүлүңүзгө жакканын тандап алыңыз. Жооптору төмөндө.        1-сүрөт: Сиз чыныгы ишкер адамсыз! Сизди чыныгы ишкер, табиятынан бизнесменге таандык сапаттары бар адам деп атоого болот.Сиз ар нерсенин ченин билесиз […]


Бүгүн биз адамдардын, анын ичинде аялзатынын өзүн сыйлоосу тууралуу сөз кылмакчыбыз!  Бир ирет белгилүү бизнесмен менен иш боюнча баарлашууга туура келди. Маек учурунда ал мага кызыктуу бир суроону берди. “Сен психологмун деп жүрөсүң. Менин бул суроомо жооп берчи? Менин башкы менеджерим да, бухгалтерим дагы кырк жашка чамалап калган аял кишилер. Экөөнүн статустары, аткарган иши мен […]


Бүгүн биз ийгилик жөнүндө сөз кылмакчыбыз! Айрым адамдарды “жашоодо жолу ачык, баарын бирөө белендеп койгондой жолдуу” дешсе, тескерисинче кээ бирөөнү “эмне кылса да иши жүрүшпөй койду” дешет. Ийгилик бул бизнестеби, карьерадабы же жеке жашоодобу адамдар үчүн маанилүү тараптардын бири. Жолу болбогондуктун же бир нерседе ийгилик жок болгондуктун себеби эмнеде? Аны кантип оң жагына өзгөртсө болот? […]


Яндекс.Метрика