Аялдардын модалуу пуховиктери-бул ыңгайлуу, жеңил жана абдан жылуу сырт кийим. Ал активдүү айымдарга, шаардын тургундары кийүүгө ыңгайлашкан кийим болгондуктан жөө баскан учурда да, коомдук транспортко түшкөн кезде да тоскоолдук жаратпайт, бырышпайт жана ашкере күтүүнү талап кылбайт. Аны катуу суукта да, жамгырлуу аба ырайында да кийсе болот. Мыкты пуховик +10тан  -30 градуска чейинки температурда кийүүгө ыңгайлуу, […]


Жашоодо сизге жакшы көрүнүп “бирок котур ташын койнуна катып” жүргөн адамдар бар. Алар жакшылык каалган болуп дайыма жаныңызда жүрүп, бирок аркаңыздан жаман иш кылышы мүмкүн. Психологдор мындай адамдарга тиешелүү айрым сапаттарды төмөнкүдөй белгилешкен. Эгерде сиз менен мамиле кылып жүргөн адамдан мындай өзгөчөлүктөрдү байкасаңыз, анын сиз менен мамиле кылууда биринчи кезекте өзүнүн мотиви бар экенин, учуру […]


Бала чагыңызда сизди, “сары, көк көз” деп эркелетишкени же тескерисинче ачууңузга тийишкени эсиңиздеби? Бүгүн жашыл же кыргыздар айткандай, көк көздүү адамдар тууралуу психология илиминде айтылып келе жаткан фактыларга токтолобуз. Себеби жашыл көздүү адамдардын бир канча артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү болот экен. Алардын бул өзгөчөлүктөрүн билүү менен жакындан тааный аласыз. 1-факты Жашыл көздөр-эң эле сейрек кездешкен көздөр […]


“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда толук жер жаңы” деп элибизде айтылгандай технологиялык өнүгүү адамзаттын жашоосуна саат сайын эмес, мүнөт сайын зор өзгөрүүлөрдү алып келүүдө. Илипоздордун атайын изилдөөсүнө таянсак, 2050-жылы адамзат төмөнкүлөргө күбө болуп калышы мүмкүн экен. Баарын өзүң чыгарып ала турган заман келет! Япониялык физик-футуролог Митио Како 2050-жылы көп нерселерди адамдар 3D-принтердин жардамы менен […]


Балдар көңүл буруу жетишпеген кезде да, ал ашыкча болуп кеткен учурда дагы кыйналышат. Эмне үчүн баланы ашыкча эркелетүүгө болбойт? Анын кийинки жашоосунда кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн. Ата-энесинен дайыма каалаганын алып жүргөн бала турмуш реалдуулугуна бет келишкенде эч ким ага эч качан даяр нерсе алып келип бербесин түшүнгөндө, чоң маселелер келип чыгат. Мындай балдардан болочоктогу альфонстор […]


Көпчүлүк адамдар үйдүн интерьерине картина тага баштаган учурлар акыркы жылдарда көбөйдү. Көп учурда биз аларды эстетикалык жагынан карап, бирок сүрөттөгү символдор кандай маанини туюнта турганын унуп калабыз. Ал эми адамдын мээси жана бейаң сезими (подсознание) сөзгө караганда символдорду бат кабыл алат да, ошолорду окуп турат. Буга байланыштуу “сиз айланаңызды эмне менен курчап турсаңыз, жашооңуз да […]


Канчалык көп айымдар үй-бүлөлүү эркек менен мамиле курууга каршы болуп, сын айтышпасын, кээ бир аялзаты жубайы бар эркектер менен мамиле курушат. Албетте мындай мамилелердин баары бактылуу же бактылуу болбойт деп эч ким айта албайт.Жашоодо миң түркүн жолдор, миң түркүн тагдырлар бар. Баардык эле адам бактылуу болгусу келет.Эч ким эч бир адамдын жеке турмушуна кийлигишүүгө да […]


Жуптардын ортосундагы мамилелер боюнча көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 72 саат эрежеси, адамды сүйдүрүш үчүн кайсы кулагына шыбырайт?  Сүйүүнүн ушул сыяктуу сиз билбеген укмуш илимий фактылары бар экен! Анда эмесе аларга көз салыңыз! -Күн сайын жумушка кетерде жубайын өпкөн эркек мындай мээрим бербеген күйөөгө караганда орточо алганда 5 жылга узак жашайт. — Ар бир 10 эркектин […]


Ата-эне тарабынан балага бериле турган гендер кандай жол менен бөлүнөт эч бир окумуштуу 100 пайыз айта албайт. Ошентсе дагы генетиктер апасы аркылуу балага бериле турган төмөнкү өзгөчөлүктөрдү белгилеп келишет.   Карылык “Аялыңдын улгайганда кандай болорун көргүң келсе апасын кара” деп элде айтылып жүргөн кеп илимий негиз тапты.Карылыктын гени чындыгында эненин линиясы аркылуу гана берилери аныкталды. […]


Айымдар эң көп кайрылган суроолордун бири бул “эмне үчүн жолдошуман белек албайм?” деген суроо.Бул жерден эркектин азырынча ашыкча акчасы жок деген пунктту алып салабыз. Албетте мындай учурда анын акча табуусуна көмөктөшүп, түшүнүү менен кароо керек болот. Ал эми акчасы бар эле туруп аялына белек бергиси келбеген мырзалар төмөнкү себептер менен белек бербей жатышы мүмкүн. Биринчиси: […]


Яндекс.Метрика