Айрым учурда жигиттер бир аз сүйлөшүп көрүп анан мамилени токтотуп койгон кыздар бар. Андай кыздардын өң келбети сулуу, өздөрү билимдүү болсо да эмнегедир жашоодо жалгыз калышат. Психологдор эркектер менен жакшы мамиле түзө албай турган, эгер турмушка чыгып калса үй-бүлөсүндө кыйынчылык жарала турган кыздардын бир нече типажын белгилешет.Анда эмесе төмөндө алар менен таанышып көрүңүз.
1.Наалый берген кыз
Жашоодо мындай кыздар пессимист болушат. Жөнөкөй нерселерге кубанууну билишпейт.Маанайы ар дайым жок. “Кандайсың?” деген суроого бир катар нааразылыктары менен дооматын айтат.Музыка тандаганда да бактысыз сүйүү, жапа чегүү жана жалгыздык жөнүндө ырларды угат. Мындай типаждагы айымдар кимди болбосун түйшүккө салат.
2. Ханыша кыз
Бул категорияга ата-энеси эркелетип чоңойткон жана “сен эң мыктысына татыктуусуң” деп кулагына кумдай куя беришкен кыздар кирет.Жашоодо Бентли айдаган ханзада качан келип алып кетет деп күтө берет, күтө берет. Катардагы карапайым жигиттер ага жакпайт, ал тургай аларды карап да койбойт. Албетте мындай кыздардын эрки күчтүү, өзү акылдуу жана алдына максат кое билген болсо чындап эле акбоз ат минген ханзадасына кезигиши мүмкүн. Бирок андай шарт болбой калса көп жылдар күтүүгө туура келет.
3.Жапа чеге берген кыз
Бул кыздын тагдыры жалаң кыйынчылыктарга толгондой. Ага карата зомбулукту унчукпай көтөрүп, майышып жүрө берет. Адегенде классташтары аны шылдыңдашат, андан кийин жашоодо аны таарынткандар, басынткандар көп болот.Татыктуу жигитке кабылышы кыйын, көбүнчө кызыл камчы күйөөнүн курмандыгы болушу мүмкүн.
4. Мен аял, мен эркек
Мындай кыздар чыны менен бир топ эркектерге караганда моралдык жактан күчтүү болот.Алдына кездешкен айрым жигиттерди теңсинбей “тебелеп” кетиши да мүмкүн. “Өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет” деген накта ушул кыз.Ага буйрук бергенди, жанындагы жолдошу “мен кожоюн” деп турганды жаман көрөт.Бул баардык эле мырзаларга жага бербейт, ошондуктан мамиледе кыйынчылыктар келип чыгат.
5. Баарын билген кыз
Ал баарын билет, өтө акылдуу жана баарын үйрөтө берген “мугалим”. Мындай кыздардын бир гана өзүнүн акылындагы нерсе туура болуш керек. Сурабаса деле баарына акыл айтып, “мындай кылыш керек тигиндей кылыш керек” деп кеңеш бере берген кыздарга жигиттердин сабыры түгөнүп кетип калган учурлар көп болот.
6.Алгачкы сүйүүсүнөн көңүлү калган кыз
Мындай кыздар жигит менен биринчи мамиле түзгөн кезде жан дүйнөсү жабыркап, алгачкы сүйүүсүнөн көңүлү калып, катуу капаланып же таарынып калган кыздар. Бул эң оор учурду кое бербей кийинки мамиле де ушуга окшошуп калбасын деп ойлой берет.Жаңы мамилелерге жол бербейт. Жигиттер күтө-күтө өз жолу менен кетип кала беришет.
Эгерде сиздин жигиттер менен мамилеңиз жакшы болбой жатса жогорудагы сапаттар сизде жокпу эске ала жүрүңүз! Баары ар кандай шартта, ар кандай үй-бүлөдө чоңоет. Ар бир адам индивидуалдуу. Бирок кээ бир туура эмес психологиялык программалар, жалпы социумдун мыйзамдарына туура келбеген адаттар жана жүрүм-турумдар адамдын тагдырын билинбей талкалашы мүмкүн.
Баардык маселеден чыгуунун жолу бар экенин дайыма эске алып алдыга умтулуңуз! Өзүңүздү өнүктүрүп ийгиликтерди багындырууга эч качан кеч эмес экенин унутпаңыз!
Автор: beles.kg