Денеден травма же жаракат алуу баарына эле белгилүү. Бирок денедегидей көзгө көрүнүп, колго кармалбаса дагы психологиялык жактан жаракат алуу да адамга оор зыян алып келерин көпчүлүк биле беришпейт.
Тигил же бул кырдаалда психикалык жактан жабыр тартуу адамдын жеке индивидуалдуу өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланышкан. Жалпылай келгенде психологиялык травманын 3 түргө бөлүүгө болот. Алар:
Шок травмасы. Адам күтүүсүз окуяга кабылган кезде келип чыгат. Мисалы, ага бирөө көчөдөн байкоосуздан кол салып, же жол кырсыгына кабылса, же жакынын күтүүсүз жерден эле жоготуп алса. Жакыны ооруп төшөктө жатып, дарыгерлер анча жакшы эмес диагноз койгон учурда адам кайсы бир деңгээлде жоготууга даяр болот. Ал эми жакындарын капыстан эле кырсыктын кесептинен жоготуп алуу-психикалык жактан катуу шокко алып келет.
Бала чакта алган травма. Баланы басынтуу, корунтуу, ага кандайдыр бир зомбулук көрсөтүү анын психикасынын жаракат алышына жол ачат. Көпчүлүк өтө оор кылмышка барган адамдардын бала кезден алган күчтүү психикалык жаракаты болгонун криминалисттер белгилеп келишет.
Жоготуу травмасы. Жакын адамды жоготуу гана эмес, ажырашуу, ден соолугунан ажыроо, каржылык жактан банкротко учуроо жана башка турмуштук кыйын жагдайлар дагы адамдын психикалык травма алып, сынып калуусуна алып келет.
Травма алганда адам өзүн физикалык жана психикалык жактан алсыз сезет жана аны коркуткан кырдаалга “убагында чара көрө албай калдым, же эч кандай жооп кайтара албай калдым” деп өкүттө калат.
Жагдай сиздин психикалык саламаттыгыңызга доо кетиргенин кантип билүүгө болот? Төмөндөгү 11 белгини карап көрүңүз:
- Бул окуяны кайра-кайра эстей бересиз.
- Ушун окуя тууралуу түштү канча жыл өтсө да кайра-кайра көрө бересиз.
- Кээде эмоцияларыңызды кармана албай, ачууланып, таарынып, капаланып ыйлайсыз.
- Маанайыңыз бирде ачык болуп, бирде өзүнчө эле тынчсыздануу, коркуу, кооптонуу сезимдери пайда болот.
- Дайыма бир нерседен коркуп, тынчыңыз кете берет.
- Өзүңүздү күнөөлүү сезине бересиз.
- Көп учурда бат эле чарчап-чаалыгып каласыз.
- Жашоонун кызыгы жоктой сезилип, болочогуңузду жакшы нерсе үмүт кылбай каласыз.
- Уктай албай кыйналасыз, же уктап жатып, тез-тез ойгоно бересиз. Кээде тескерисинче уйкуңуз канбай эле уктагыңыз келе берет.
- Айлаңыздагы адамдарга такыр ишенбейсиз.
- Медициналык жактан “таза” деген диагноз чыкса дагы түшүнүксүз ооруларга кабыла бересиз. Мисалы, башыңыз ооруй берет.
Бул белгилердин баары эле билине бербейт, бирок алардын ичинен көбү сизде бар болсо психикалык травма бар экенинин белгиси болуп саналат.
Травма бир нече деңгээлди камтыйт: физикалык, эмоционалдык жана жүрүм-турумдук. Ошондуктан медицина таба албаган оорунун белгилери, маанайдын өйдө-төмөн болушу, импульсивдүүлүк жана башкалар келип чыгат.
Психикалык травманын эң начар жери-эгерде адам травмага кабылса ага байланыштуу жагдайлар жашоосунда кайра-кайра кайталанышы мүмкүн экендигинде. Мисалы, кичинекей кызды бала чагыңда атасы уруп сабаган болсо ал болочокто катуу мүнөз эркекке кабылып, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегүү мүмкүндүгү жогору экенин психологдор изилдөөлөрдө белгилешкен.
Ошондуктан бир окуяны эстеген сайын бетиңиз чымырап уялып же күнөөлүү сезинип, же маанайыңыз чөгүп, коркуп, тынчыңыз кетип же тескерисинче ачуулангандан жаныңызды коерго жер таппай калган учурлар болсо андан атайын психолог адистин жардамы менен бул эмоциялык травмадан арылууга аракет кылыңыз.Жакындарыңызга баардык учурда эле оор жагдайды айтып бере албашыңыз мүмкүн.
Темирди дат акырындап саргайткан сыяктуу, адамдын психикалык травма акырындап ооруга алып барышы ыктымал. Себеби психика менен физикалык дене тыгыз байланышта. Муну психосоматикалык оорулар деп да аташат.
Даярдаган Гүлнур Жумалиева, психолог
Инстаграм: https://www.instagram.com/beleskg/
Ютуб канал: https://www.youtube.com/channel/UCwtkfe5-qNxeW2Y3GGen4Bg