Бүгүн биз адамдардын, анын ичинде аялзатынын өзүн сыйлоосу тууралуу сөз кылмакчыбыз! Бир ирет белгилүү бизнесмен менен иш боюнча баарлашууга туура келди. Маек учурунда ал мага кызыктуу бир суроону берди.
“Сен психологмун деп жүрөсүң. Менин бул суроомо жооп берчи? Менин башкы менеджерим да, бухгалтерим дагы кырк жашка чамалап калган аял кишилер. Экөөнүн статустары, аткарган иши мен үчүн бирдей эле. Ачыгын айтсам экөөнө тең эле эч кандай симпатиям жок. Бирдей эле көрөм. Аялзаты катары жүрөгүмдүн ээси таптакыр бөлөк адам. Жумуш маалында кээде чогуу тамактанууга, ишкер жолугушууларга чыгып калабыз.
Өзүмдөн таң калыштуу бир адетти байкадым. Бухгалтерим менен чогуу жүргөндө мен ага таптакыр көңүл бөлбөйм. Ал өзү менен өзү болот. Ал эми менеджерим менен бирге жүргөн учурларда ага мүмкүн болушунча көңүл бурууга, жагынууга аракет кылам. Мисалы,тамактанган жерге чогуу барганда отургучун жылдырып бере коем. Пальтосун кийгенге жардамдашам. Оңтою келе калса ал отурган унаадан түшөөрдө эшикти ачып колумду сунуп, жерге түшкөнгө көмөктөшөм. Кээде сумкасын ала коюп, алдыга өткөрүп эшикти ачып бергенден эч тартынбайм. Чындап келгенде ага карата жасаган мамилемде мен накта мырза болом. Бул этикага ылайык эле иштер дээрсиңер. Бирок эмне үчүн бир аялга сый көрсөтүп, этиканы сактайм дагы экинчисине таптакыр сактабайм?”,-деп собол узатты ал.
Өзүңдү сүй! Башкалар ошого карап жакшы көрүшөт…
Келгиле ишкер мырза менен кошо бул суроонун жообун дагы ойлонуп көрөлү.
Белгилүү француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюпери “Чыныгы кереметтер тыптынч болуп өтөт…Эң эле татаал суроолордун жообу эң жөнөкөй” деген.
Американын Массачусетс университетинин окумуштуулары бул багытта кызыктуу изилдөө жүргүзүп көргөн. Изилдөөгө өз ыктыярлары менен ар түрдүү курактагы жана ар түрдүү статустагы айымдар менен мырзалар катышкан. Мырзалар жаш курагы, иштеген иши боюнча ар түрдүү тармактагы айымдарга кандай мамиле кылары аныкталган.
Эркектер бирдей эле курактагы, бирдей эле сымбаттагы айымдардын бирине жакшы мамиле кылып, экинчисине анча караган эмес. Ал тургай тажрыйба учурунда кээ бир аялдар менен конфликке баргылары дагы келген.
Ушундай эле абалда айымдарга тажрыйба жүргүзүлгөн кезде алар көбүрөөк жакшы кийинген, баалуу көрүнгөн, таза жүргөн эркектерге көңүл бурушкан. Интеллекти канчалык жогору болгонуна карабай айымдар өтө жөнөкөй кийинген мырзаларга көңүл бурушкан эмес.
Изилдөөнү жыйынтыктаган окумуштуулар “айымдар да, мырзалар дагы өзүн ишенимдүү алып жүргөн, өзүн сүйүп, сыйлаган адамга көңүл бурат, ага кошумча айымдар байлыгы бардай көрүнгөн мырзаларга көп карайт” деген жыйынтыкка келишкен.
Ошентип жогорудагы ишкердин суроосунун жообун берсек болот. Психологиялык жактан алганда менеджер айым өзүнө абдан ишенген адам жана өзүн аял катары баалоосу, сыйлоосу жана урматтоосу-баары адекваттуу чекте турат. Адекваттуу дегенибиздин себеби ал өзүн катуу жакшы көрсө эгоизм же өзүмчүлдүк менен жабыркамак. Өзүн катуу сыйласа бой көтөрмөк. Демек ал бир орток деңгээлди тапкан. Ошондуктан биздин каарманыбыз кааласа, каалабаса дагы аны сыйлоого мажбур болууда.
Ал эми экинчи айымдын өзүн баалоосу менен урматтоосу менеджерге салыштырмалуу кыйла төмөн. Буга көп нерсе себеп болушу мүмкүн. Кептин кыскасы психологиянын тили менен айтсак буга анын бала кезинен алган тарбиясы, айлана чөйрөдөгүлөр менен мамиле түзө билүүсү жана башка көптөгөн факторлор себеп болгон. Бул үчүн албетте ал өзүн өнүктүрүп иштөөсү кажет болот. “Өзүңдү сүй! Башкалар ошого карап жакшы көрүшөт” деген принцип бул жерде айныксыз иштеп жатат.
Он уйга бааланган аял
Өзүн сүйүп урматтаган аял тууралуу сөз кылганда бир кыскача аңгеме эске түштү. Өткөн заманда колунда байлыгы бар эки дос дүйнөнү кыдырып саякатка чыгып келүүнү чечип кемеге отурушат. Бир аралга барган кезде ал жерде жашаган уруу башчысынын үйүндө конокто болуп калышат. Улуу кызы абдан сулуу, экинчиси бир караган көзгө жөнөкөй, анча эмес кыз болот.
Жигиттердин бири экинчисине “Мен өз бактымды таптым, эгер макул болсо уруу башчысынын кызына үйлөнөм”,- дейт.
“Туура кыласың досум улуу кызы акылдуу, дагы сулуу дагы экен. Сен туура тандоо жасадың”,-дейт досу.
“Жок, сен мени туура эмес түшүнүп жатасың, мен тескерисинче кыздардын кичүүсүнүн колун сурасамбы дептурам”,-дейт жигит.
“Ой сен жинди болдуңбу, анын өңү серт, өзү да кем акылдай көрүнгөн кыз го”,-деп таңгалат досу.
“Мен ошондой чечтим” деген жигит досу эртеси андан ары жолун улап дүйнө кыдырып кеткенден кийин уруу башчысына барып куда түшмөк болот. Ошол уруунун салты боюнча колуктуну уйга баалап беришчү экен. Кыздар канчалык сулуу, акылдуу болсо уруу аксакалдары аны он уйга баалаган. Улам анча эмес дегендерине азыраак сандагы уй беришчү экен.
Муну уккан жигит болочоктогу кайынатасына он уй айдап барат.
Уруу башчысы жигитке макул болуп улуу кызын тойго камдамак болот.
Жигит ага кичүү кызынынколун сурап келгенин айтканда уруу башчысы таң калат. “Кичүү кызымды антип тамашалаба, ал он уйга татыктуу эмес, туура ойлондунбу?”,— дейт аксакал.
Жигит талабын дагыкайталат. “Макул анда мен адилеттүү адам болгондуктан кичүү кызымды үч уйга баалайм”,-дейт кыздын атасы.
Жигит макул болбой он уй берип кызга үйлөнүпошол аралда бактылуу өмүр сүрүп жашап калат. Арадан бир канча жыл өтүп саякаткакеткен досу кайтып, жигитке учураша кеткейин деп кайрылат. Досунун үйүнө келсеаны ай десе аркы, жок күн десе көркү жок бир укмуш сулуу бир аял тосуп алат.Досуна амандашып “бул эң сулуу аял ким?”,- деп сурайт. Досу ага аялын тааныштырат.
Конок болгондон соң досучыдабай аялга келип суроо узатат: “Кечирип кой сен бирок башкача аял элең го эмне болуп мынча өзгөргөнсүң?”,- дейт жигит.
“Эч нерсе өзгөргөн жок мен болгону он уйга бааланарымды гана аңдап түшүндүм”,- деп жооп узаткан экен досунун жубайы.
Психологиялык жактан алганда бул арада аялдын өзүнө болгон ишеними абдан жогорулаган. Жашоодо да айым болобу, мырза болобу канчалык өзүнө болгон ишеними жогору болсо ошого татыктуу баа берилет экен. Ал эми жогорудагы аңгемедегидей сыртынан жөнөкөй көрүнгөн аялдын ички сулуулугун ача билген акылман мырзалар жөнүндө сөз кийинки макалаларда болсун!
Баянгүл Алсеит, психолог