Энелер балдарына кандай психологиялык травмаларды берет?
Эне жана бала

Энелер балдарына кандай психологиялык травмаларды берет?

Чоң адамдардын жашоосундагы көптөгөн кыйынчылыктар алардын энелеринин бала кезде аларга карата туура эмес кылган мамилелеринен улам келип чыгат деп психологдор айтып келишет. Чын эле ошондойбу, келиңиз, иликтөө жүргүзүп көрөлү.

“Мен ага канчалык эркелегим келсе да кичине чагымда бетимден бир ирет да өөп койгон жок. Жанына жакын барып эркелейин десем, “обу жоктонбой ары турчу” деп койчу. Мен ага жагууга өмүр бою аракет кылып келем, бирок бир да жолу мени мактап, сыймыктанганын көрө элекмин”

Консультацияга келген кардардын сөзүнөн

Энелер балдарына кандай психологиялык травмаларды берет?

Жакшы, идеалдуу эне кандай болуш керек?

Чындап келгенде идеалдуу ата-энелер болбойт. Ошентсе дагы психологдор балдар  жашоосуна канааттангандай чоңое турган чек бар экенин белгилешет.

Эненин эң эле башкы милдети — баласы кандай болсо ошондой кабыл ала билип, жакшы көрүп жана коопсуздукту сезиндирип, колдоо көрсөтүп туруу. Бала эненин сүйүүсү аркылуу дүйнөнү жана өзүн тааныйт.

Бирок тилекке каршы, баардык энелер эле балдарын кандай болсо дал ошондой кабыл алып сүйө беришпейт. Аялдар да, эркектер да ата-энесинин же болбосо аларды тарбиялаган айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн мамилесин “шаблон” катары кабыл алышат. Өз кезегинде ошол “шаблонду” балдарына көрсөткөнгө аракет кылышат.

Эгерде ушул модел деструктивдүү же тактап айтканда туура эмес “бузулган” шаблон болсо ата-эне өздөрү билбей эле аны балдарына кайталап жана ал гана турсун өздөрүнүн психологиялык травмаларын же кыргызча айтканда жаракаттарын балдарына “мурастап берүүлөрү” мүмкүн.

Биз кеңири таралган, балдарына травма бере турган энелердин 4 түрүнүн жүрүм-турумуна токтололу. Алар: “Муздак эне”, “Ашкере эле камкорчу эне”, “Авторитардык эне”, “Нарцисс эне”. Биринчиси бүгүн биз сөз кыла турган “муздак эне”.

Энелер балдарына кандай психологиялык травмаларды берет?

Баласына мээрим салбаган муздак эне

Көп учурда баласын күтпөй кокусунан эле кош бойлуу болуп калган же болбосо өзү эне болууга даяр болбой туруп эле, туугандарынын, жолдошунун кысымы астында балалуу болгон аялдар салкын эне болуп калууга шарт түзүлөт. Бала аларга кызык эмес. Алар балага камкордук көрүп, тоюндуруп, киринтип, дарылаганы менен эмоциялык жактан баласына чын дилинен берилбейт.

 “Мээримсиз эненин” белгилери

-Баласын эркелетпейт.

-Баласын кучактабайт.

-Баласын өппөйт.

-Керек учурда гана денесине жакын кармайт.

-Баланын эмоциялары менен эсептешпейт. Кичинекей балдар өзүнүн эмоцияларын өз алдына чечип алганга мүмкүнчүлүктөрү жок. Алар чоңдорго муктаж. Салкын энелер балдарынын таарынычтары, ыйлаганы менен көп эсептешпейт.

-Баланын керектөөлөрүн укпайт. Кичине кезинде баланын эмнеге ыйлап жатканына көп деле көңүл бурбайт. Ал эми чоңойгондо кийимди, оюнчукту жана башкаларды өзүнүн тандоосу менен гана сатып  берет. Башкача айтканда балага тандоо бербейт.

 -Баланы башкаларга бактырат. Кээде мындай энелер баланы чоң ата, чоң энесине, таята, таенесине же бала багуучуларга бактырат. Өзү иштеп жатканын шылтоолоп баладан алыс болот.

-Бала менен формалдуу гана сүйлөшөт. Бала чоңоюп калган кезде  салкын эне аны менен окуусу же күнүмдүк турмуш тууралуу гана сүйлөшүп, анын тынчы кетип жаткан, көкүрөгүн өйүгөн ойлорун укпайт, достору, кызыккан нерселер тууралуу сурабайт.

Энелер балдарына кандай психологиялык травмаларды берет?

“Муздак эненин” тарбиясынан кийинки психологиялык кесепеттер

Бала чагында жетишээрлик колдоо албаган бала чоңойгондо башкаларга көп ишенбейт, ар дайым тынчы кетип турат. Өз алдынча болгон кезде мындай балдар төмөнкү маселелер менен бет келишүүсү мүмкүн:

-Өзүнүн сезимдерин тааныбайт. Эгерде бала кезде энеси эмоциялары менен эсептешпесе, мисалы “жоголгон оюнчугуңа азыр кайгырып жатасыңбы?”, ал эми “сиңдиң куурчагыңды тартып алганга таарынып жатасыңбы?” деген сыяктуу эмоцияларды үйрөтпөсө, мындай балдар чоңойгондо абдан катуу сезимдерди гана сезгенди үйрөнүп калат.Тактап айтканда, эмоционалдык жактан мерез, муздак болуп калат. Башка адамдарга да сезимтал болбойт жана алардын эмоциялардын туура тааныбагандыктан жакшылап коммуникация түзө албайт.

-Өзүнүн денесинин белгилерин кабыл албайт. Мындай адамдар курсагы ачканын, качан тойгону, ооруганы сыяктуу денесинин белгилерин жакшы билбей калат. Анткени аларга эне көңүл бөлгөн эмес. Чоңойгон кезде мындай адамдар оорунун алгачкы белгилери сезбей ооруну өтүштүрүп жиберип же тамакка тойгонун билбей жатып ашыкча салмакка ээ болуп, чарчаганын билбей иштей  берип стресске кабылышы толук мүмкүн.

-Бирөөдөн көмөк сурагандан тартынат. Тактап айтканда, мындай нерсе алардын оюна дагы келбеши мүмкүн. Алар кимдир бирөө чын көңүлдөн жардам берип же эч кандай акы албай эле көмөк берет дегенге түк ишенишпейт. Мындай балдар көбүнчө өзүн баалаганды билбегендиктен кимдир бирөө жардам берейин десе да ага ишенбей турушат.

-Кишиге көп кошулбайт жана агрессивдүү болуп чоңоюшат. Бала чагынан эле “муздак энелердин” балдары социализациясында же коомго аралашуусунда кыйынчылык пайда болот жана бул өспүрүм куракта өзүнүн туу чокусуна жетет. Көп учурда мындай балдарды башка курбулары басынтып же мектепте эч кимге байкалбагандай жүрүп чоңоет. Же кээде тескерисинче мектептин башкы тентеги болуп өзүн начар жагынан көрсөтөт.

-Жашоосунда дайыма депрессияга жана тынсызданууга кабылып турушат. “Муздак энелердин” балдары чоңойгон кезде жашоонун кызыкчылыгы жоктой болгон абалдарга тез-тез кабылып турушат, максаты жок, эч нерсенин мааниси калбагандай сезген сезимдерге кабылышат. Өздөрүнө карата баасы төмөн болгондуктан карама-каршы жыныстагы адам менен мамиле түзүүдө кыйынчылыктар көп болот.

Автор: Гүлнура Жумалиева, психолог

 


Яндекс.Метрика