Үйгө байлык келиш үчүн кандай картина тагыш керек?
ИНТЕРЬЕР

Үйгө байлык келиш үчүн кандай картина тагыш керек?

Көпчүлүк адамдар үйдүн интерьерине картина тага баштаган учурлар акыркы жылдарда көбөйдү. Көп учурда биз аларды эстетикалык жагынан карап, бирок сүрөттөгү символдор кандай маанини туюнта турганын унуп калабыз. Ал эми адамдын мээси жана бейаң сезими (подсознание) сөзгө караганда символдорду бат кабыл алат да, ошолорду окуп турат.

Буга байланыштуу “сиз айланаңызды эмне менен курчап турсаңыз, жашооңуз да ошол энергияга ээ болот” деп эсептешет энергетика жаатындагы аалымдар. Алардын баардыгы байыркы окууларга негиздеп байлыктын, молчулуктун, ийгиликтин энергиясын алып келет деген бир нече картиналарды жана алардын маанилерин белгилешкен. Анда эмесе үйгө байлык жана ийгилик тартып келе турган картиналар кандай болушу керек төмөндө көз жүгүртсөңүз болот.

Суунун керемети

Деңиз, суу, шаркыратма жана океан тартылган акварель сүрөтү өнүгүү алып келет деп коюшат.Ак көбүктүү толкундар болсо андан да жакшы.  

Кайыктар

Эки жуп кайык тартылган үйдө ырыскы дайыма толук болуп турат деп коюшат.

Тоолор

Ишкерликте, бизнесте, соодада ийгилик жаратам дегендерге, урчуктуу аскалар эмес, бирок ак кар баскан аскалуу тоолор тартылган картинаны үйгө жана кеңсеге тагууну сунушташат. Бирок сүрөттө суу болбош керек.

Үйгө байлык келиш үчүн кандай картина тагыш керек?

Кандай символдор эмне маанини берет?

Интерьерге сүрөт сатып аларда аларга эмнелер тартылганына карап көрүңүз. Буга кошумча картиналар сиздин жерге ылайык, жергиликтүү сүрөтчү тарабынан, акварель менен тартылганы дагы жакшы деп эсептешет.

Төмөндө сүрөткө түшүрүлгөн символдор кандай маанини бере турганына дагы көз чаптырыңыз!

Ак кытан (куштун түрү)- узак өмүр, бакыттын символун түшүндүрөт.

Көпөлөк-сүйүү жана кубаныч, эки көпөлөк-жубайлардын бактысы  

Ваза— бейпилдик, ичинде бир нерсе толтурулган вазанын сүрөтү байлык алып келет деп эсептелинет.

Жүзүм— байлык, көңүл ачуу

Суу— ден соолук, байлык

Шаркыратма— үйдөгү өнүп-өсүү

Көгүчкөн— тазалык, кош көгүчкөн-сүйүү, достук жана жубайлардын ынтымагын түшүндүрөт

Тоолор— коргоонун, бекемдиктин символу

Анар— жарылган, ачылган анардын сүрөтү-көп сандаган укум-тукумдун, эне менен баланын символу

Дельфин— үмүт, коопсуздук

Дарак— узак жашоо

Жираф— байлык

Турна— узун өмүр, ишеним, мээрим.

Жылдыздар-бакыт жана түбөлүктүүлүк

Аргымак— жеңиштин белгиси, баатырдык, бийлик.

Кайык— иште жолу болуунун, коопсуздуктун белгиси

Жемиш толтурулган себет— байлыкты, молчулуктун, токчулукту символдоштурат

Чабалекейлер-ийгилик жана байлык

Ак куу— сулуулук, көркөмдүк, тазалык, ишенимдүүлүк

Арстан— энергия, күч-кубат.

Кабылан— каармандык

Жылкы— күч-кубат, ылдамдык, өнүгүү

Орхидея гүлү— сүйүү, сулуулук

Аюу-бекем эрк, күч-кубат

Бугу-карьера

Бүркүт-ийгиликтин кубаттуу символу, Бийлик, чечкиндүүлүк, курч акыл, көсөмдүк.

Тоос куш— Сулуулук жана сыйлык, наам менен атак-даңк.

Курма дарагы-жеңиш

Кооз жаратылыштын сүрөтү— ийгиликтин, мүмкүнчүлүктөрдүн символу

Үйгө байлык келиш үчүн кандай картина тагыш керек?

Шабдалы-узак өмүр

Пион гүлү— кумарлуу сүйүү, атак-даңк, кадыр-барк

Попугай— достук, көңүлдүү маанай

Куштар-кубаныч, сулуулук, бакыттын символдору.

Аарылар-илимдеги, искусстводогу,соодадагы ийгилик.

Кооз балыктар— иштин ийгиликтүү өнүгүшү

Япондордун сакура гүлү— ийгилик, сүйүү, сулуулук, жаштык, жаңылануу.

Үкү-зоболо, акылмандык, акча

Күн-акыйкаттыктын, байлыктын символу

Кызыл карагай-узак жашоонун, жубайлардын ак сүйүүсүнүн, берилендигинин белгиси.

Жолборс-күч жана кубат

Курма-кубаныч

Хризантема гүлү-ийгилик.

Кеп соңунда жашооңузга зор ийгилик алып келем десеңиз ушундай майда нерселерге да көңүл бөлө жүрүңүз демекчибиз. “Башталат ар иш майдадан, байкабайт аны майда адам” деп коюшат эмеспи.

Үй-бүлөңүзгө жаратмандык, бакыт, молчулук каалайбыз!

Автор- beles.kg


Яндекс.Метрика