Психолог, психиатр, психотерапевт жана коучтун айырмасы эмнеде?
ПСИХОЛОГИЯ

Психолог, психиатр, психотерапевт жана коучтун айырмасы эмнеде?

Учурда психологдор да, алардын кызматына кайрылгандар да абдан көбөйдү. Ошол эле маалда кандай маселе менен кимге кайрылганда натыйжалуу болоорун көпчүлүк кардарлар биле беришпейт.

Төмөндө жан дүйнөгө жардам бере турган адистердин айырмаларына токтолобуз.

Психолог

Психолог- психология жаатында жогорку билими бар, кеңири профилдеги адис. Ал ар түрдүү мекемелерде, мисалы, мектептерде, бала бакчаларда, социалдык борборлордо жана башка мамлекеттик же жеке уюмдарда иштеп, профориентация, диагностика, кызматкерлерди тандоо менен иш алып барып же болбосо психология жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ооруканаларда, госпиталдарда, балдар жана социалдык мекемелерде иштеген психологдорду клиникалык же башкача айтканда медициналык психологдор деп аташат.

Психолог-консультант деген ким?

Кардарлар менен жеке иштеген бул жааттагы адистер психолог-консультант деп аталат. Ал консультация берүү менен иш алып барат. Ошол эле маалда башка мекемелерге көрсөтүш үчүн кагаз түрүндө диагноз коюуга жана дары-дармектер менен дарылоого укугу жок. Бирок кардарына психика кандай түзүлөөрүн, өз ара карым-катыштын негизинде кандай механизмдер иштээрин түшүндүрүүгө, ага жеке диагостика жүргүзүүгө укуктуу. Муну менен катар кардарынын абалын жана жүрүм-турумун оңдоого коррекция кылуучу көнүгүүлөрдү жана үй тапшырмаларды бере алат.

Психолог-консультант менен иштөө кыска мөөнөттө жана узак мөөнөттө болушу мүмкүн.                                                                            

Психологго кайсы учурда кайрылуу натыйжалуу?

Психолог-консультант эгерде маселе жакынкы мезгилде пайда болсо натыйжалуу. Мисалы, ага күтүүсүз окуядан соң психикалык травма алуу, жакын адамынан айрылуу, ажырашуу, түгөйүнүн башка адам менен мамиле түзгөнүн билүү, жумушунда келип чыккан кыйынчылыктар, адамдар менен өз ара тил табыша албоо, конфликттүү жагдайлар, өзүнө ишебөөчүлүк жана анын айынан пайда болгон көйгөйлөр, травма алган окуядан кийинки коркунучтар, тынчыздануулар, өзүн таанууга, күчтүү жактарын өнүктүрүүгө жана башка психиканын ишмердигине байланыштуу жагдайларда кайрылууга болот.

Консультант кыйынчылыктардан чыгууга көмөктөшкөн конкреттүү сунуштарды берет. Кардардын болуп жаткан жагдайды реалдуу кароосуна көмөктөшөт.

Психологдун кардар менен иштешүүсү  5-10 сессияга чейин уланышы мүмкүн.

Психолог, психиатр, психотерапевт жана коучтун айырмасы эмнеде?

Психиатр

Психиатр-менталдык жана  норманын чегинен чыгып жаткан башка психикадагы бузулуу абалдарын диагностика кылуу, профилактика кылып жана дарылай турган, медициналык жогорку билими бар врач.

Психиатрдын тапшырмасы — туура диагноз коюп жана дары-дармек менен туура дарылоо.

Психиатрга качан кайрылуу керек?

Психиатр адам күнүмдүк аткарган милдеттерин же башкалар менен мамилени таптакыр түзө албай калган учурда жардам берет. Психиатр өнөкөт болуп калган же курч приступ түрүндө кармаган жан дүйнөнүн абалдарына жардам берет. Мындай абалдар катуу стресстен кийин, өтө оор жагдайлардан кийин же болбосо эч себепсиз эле пайда болушу мүмкүн.

Психиатр кардар менен узак же кыска мөөнөттө иштейт, дары менен дарылай алат.

Психолог, психиатр, психотерапевт жана коучтун айырмасы эмнеде?

Коуч

Жашоого койгон максаттарга жетүүгө, адамдагы прогрессти, алдыга жылууну көзөмөлдөөгө жана бул жолдо коштоп барууга көмөк берүүчү, мотивация берүүчү адис.

Алдыга койгон максаттарга кардарды жеткириш үчүн коучтар бизнес-чөйрөнүн ыкмаларын: план түзүү жана иштеп чыгуу, машыктыруучу көнүгүүлөр жана ресурстарды башкаруу методикалары менен иштейт.

Коучка кайсыл учурда кайрылуу керек?

Жумушта жана жеке жашоодо максаттарга жетиш үчүн кайрылса болот. Психологго кайрылуудан айырмаланып кардардын өтүнүчтөрү азыркы учур жана болочок менен байланыштуу болушу керек; кесипкөй жана бизнес-реализация; карьераны өзгөртүү, жаңы жагдайга адаптация болуу, эл алдында чыгып сүйлөө же ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыктарына үйрөнүү үчүн кайрыла аласыз.

Психолог, психиатр, психотерапевттер өткөн чактагы оор учурларды кайра “алып чыгып” аны менен иш алып барышса, коуч кардардын өтүмүшүн “казбай” азыркы абалын өнүктүрүү менен ишти андан ары алып кетет.

Психолог, психиатр, психотерапевт жана коучтун айырмасы эмнеде?

Психотерапевт

Психотерапевт — оор эмоционалдык абалдарда, менталдык ооруларда, инсандык бузулууларда, депрессия, посттравматикалык стресстик  бузулууларда (ПТСР), курч, кризистик жагдайларда кардар менен иштеп, аны дарылай турган медициналык атайын билимге ээ дарыгер.

Психотерапевтке кандай учурда кайрылса болот?

Терапевт, тажрыйбалуу психолог, психиатр өткөн чактагы травма берүүчү окуядан улам азыркы жагдайдын келип чыгышынын ортосундагы абалды чечмелеп, маанилүү фигуралар болгон ата-эне, түгөй, ага-ини, эже-карындаштар, кесиптештер, достор менен өз ара мамилени оңдоого көмөктөшөт.

Ошондой эле алар кайра-кайра кайталана берген жашоо сценарийлерин өзгөртүүгө, ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүгүн жана логиканын түзүлүшүн аныктап, ошого жараша жашоого адаптацияланууга жардам беришет.

Мындан тышкары терапевт, тажрыйбалуу психолог, психиатр баары жакшы болуп турса да жашоодон канааттануу албай калган учурда да жардам берет.

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог

Инстаграм баракчалар:

Автор:  https://www.instagram.com/gulnura_psiholog?igsh=MWN2NHN4aHRrc3dtYQ==

Үй-бүлө ынтымагы үчүн, сулуулук жана ден соолук үчүн кеңештер, лайфхактар, рецепттер:  https://www.instagram.com/aiymdarga_kenezh/  Баракчага катталыныз! 

Жеке мамиледе, карьерда өнүгөм десеңиз эч жерде айтылбаган психологиялык ыкмаларды, идеяларды бул баракчадан https://www.instagram.com/beleskg/ үйрөнүңүз! Ийгилик белесинен жолугабыз!

Психолог, психиатр, психотерапевт жана коучтун айырмасы эмнеде?

Яндекс.Метрика