Ар бир өзүн сыйлаган ата-эне психикалык жактан саламаттыгы чың жана өзүнө туура баа бере билген баланы тарбиялоого милдеттүү экенин билет. Балаңыз жашоодо туура коммуникация кыла албай, кыйынчылыктарга кабылып же болбосо комплекси толтура невротик болуп чоңоюп, жылдар бою психотерапевтин кардары болуп калбасын десеңиз тарбия иштеринде төмөндөгү эрежелерди эске ала жүрүшүңүздү психологдор эскертет.
1.Дайыма сындап башкалар менен салыштыра берүү
Ар бир адамдын алсыз жактары бар, баланын мүнөзүн, келбетин айтып сынга алуу, “арыксың-толуксуң, бутуң чоң, мурдуң келте, көзүң бүтүк же сүйлөбөгөн түнтсүң” деп кемчиликтерин көзүнө айта берүү анын өзүнө ишенимсиз, жалтак адам болуп чоңоюсуна шарт түзөт.Аны менен кошо башка бирөөнүн уул-кызына салыштырып алардын жакшы жактарын мактап айтуу менен баланын психикасына олуттуу травма бересиз.
2.Өзүңүздүн каалооңузду балага таңуулоо
Баланы эркине койбой эле баары сиз айткандай болушу керек деп туруу дагы чоң ката. “Жашоо кыйын, жасоого милдеттүүсүң, жетишүүң керек, башка арга жок”,-деп өзүн кыйноого өткөрбөңүз.
3.Башкалардын көзүнчө басынтуу
Бала ката кетирип алса жагдайды оңдоонун жолу издебей “качан болсо эч нерсе колуңдан келбейт” деп жекирүү, элдин алдында сынга алуу да баланын өзүнө карата баасын аябай төмөндөтүп, чоңойгондо өзүн басынта берген адамга айлантат.
4.Реалдуу эмес нерселерди күтүү
Мисалы “баласы үч жашында өз алдынча тамактанып, кийинип, беш жашында ыр жазып, тогуз жашында Гарвард университетине өтүп, 16 жашында алгачкы миллионун иштеп табыш керек” деген сыяктуу реалдуу эмес талаптарды кое берген ата-энелер да бар. Ата-энеси өзгөчө бийик планка кое берген бала аны актай албай калса болочокто өзүн күнөөлүү сезип, өзүн кем сезген адам болуп калуу ыктмалдыгы жогору. Ошондуктан баланын таланты менен шыгына карата тарбия, билим берүү керек.
5.Эч нерсени түшүндүрбөй туруп эле баарына тыюу сала берүү
Эч нерсени түшүндүрбөй туруп эле баарына тыюу сала берүү, жардам берейин деп жатса колунан майлык менен мискейди жулуп алуу, өз алдынча демиге кылуусуна тыюу салууга болбойт. Бир нерсе жасайын деп жаткан балага “болбойт, ордуңдан жылбай отур, өзүм жасайм” дей берүү анын пассивдүү, бирөөдөн жардам күткөн адам болуп чоңоюшу шарт түзүп бериши мүмкүн.
6. Сезимдери менен эмоцияларын дайыма чектөө
Ар бир нормалдуу чоңоюп жаткан бала бир нерседен коркуп кетсе ыйлаганга, ачууланганга, эркелегенге, тентенгенге, аябай ызы-чуу салып ойногонго акысы бар. Кенедей кезинен эле “ыйлаба, эркелебе, сени эч ким таарынткан жок” деген сыяктуу кескин чектөөлөрдү коюп сезимдерин билдирүүгө тыюу сала бербеңиз.
7. Уруп-сабоо, күч колдонуу
Баланы уруп-сабап, коркутуп тарбиялаган да ата-энелер да кездешет. Ал чоңойгондо да кесиптештери, башчылары, шериктери тарабынан зомбулукту кабыл ала берген киши болуп чоңоюшу, ал эми жан дүйнөсүндө мээрим ала албай калган боштукту алкоголь, кумар оюндары менен толукташы мүмкүн болгон адамга айланышы ыктымал. Ал эми ашыкча зомбулук көргөн балдар бирөөгө да зомбулук кылып кримчөйрөгө аралашып кетүү ыктымалдыгы жогору.
8.Баардык маселени балага айта берүү
Айрыкча 7 жашка толо элек балдарга үйдө болуп жаткан чатактарды, эмне үчүн ажырашканыңызды же жарашканыңызды, “эркектер жаман”, “аялдарга акча элек керек” деген сыяктуу өзүңүздүн чындыктан алыс турган ойлоруңузду таңуулай бергенге болбойт. Ага андан баш тартып түйүлдүк маалында боюңуздан алырууга аракет кылганыңызды, бирок үлгүрбөй калып төрөлүп калганын, сага мектеп формасын алып берем деп менин акчам жок калды деген сыяктуу кейип-кепчиген кебиңизди айта бербеңиз.
Балдарга психологиялык жактан травма берүүнүн бир нече пункттарын санадык, чындыгында алар мындан дагы көп. Жашоодо ар түрдүү ата-энелер кездешет, алар да убагында тарбияны ата-энесинен алган. Бирок азыр маалымат кылымында балага туура тарбия берүүнү үйрөнүүгө милдетүүсүз.
Ыймандуу уул-кыздын сүйүктүү ата-энеси болушуңузга тилектешпиз!
Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог