“Мен сүйүүнү тандайм” романы, 1-бөлүк
аудио китептер

«Мен сүйүүнү тандайм» романы, 6-бөлүк

17-бөлүм

Бий-Арслан чечим кабыл алды

Бий-Арслан  түшүндө; күүгүмдө Алтайда баягы бала чагындагыдай калың токойдун арасында жүрүптүр. Колуна жолду жарык кылган шам чырак кармап алыптыр. Кызыл карагайлар бой керет. Жакын жерден ошол Алтайда жүргөн кезиндегидей эле тоңкулдактын үнү угулгансыйт. Суулар тоңуп, күзгүдөй жалтырайт.

Жигит бирөөгө жолукчудай шашып-бушуп бара жатат. Кылым карыта өскөн бай карагайлардын арасынан “жылт” эткен от көрүнгөнсүйт. Караса, дал өзү Алтайда апасы экөө жашаган  боз үй турат. Бий-Арслан кубанып кирип барды, апасын көрүп каламбы деп үмүттөндү. Шаша-буша боз үйдүн оозун ача салып, ичкериге умтулду. Чын эле боз үйдүн оң ыптасында апасы  Бааркүл отуруптур. Башына калың ап-аппак оромол салынган, баягы бала чагындагыйдай жүзү жайдары.” Кел, уулум, төргө өт, алыс жол жүрүп чарчадың”,- дегенсийт. Сүйлөбөйт, бирок, ушул сөздөрдү Бий-Арслан түшүнүп турду. Анан апасы колуна кыска саптуу шамшарды кармап туруптур.

“Муну Айбарчага бер”,- деп жаткан учурда ойгонуп кетти. Таң кылайып калган экен. Жүрөгү элеп-желеп болуп, жаткан төшөнчүсүнөн турду. Пайкендде кармашка келген Аяз хан кошуунун Икар деген жерге жайгаштырган. Бий-Арслан ушул аскер кошуундагы чатырда уктап жаткан эле.

Бир азга соксоюп  отургандан кийин ордунан ыкчам туруп, кийимдери илинген жерге барды. Күн сайын тагынып жүргөн кемер курун алып чыгып маңдайына коюп, ага тагылган булгаары каптан, сабы алтындан жасалган кичикекей канжарды сууруп чыкты. Аялдар колдоно турган кыска канжар. Бий-Арсланга апасы Бааркүлдөн калган жалгыз белек.

Кыргыздардын ордосунда бир жыл кыштап чыгышкан жылдын жазында Истеми каган утургурларды тээ Византиянын чегине сүргөндөн кийин жортуулдан кайткан атасы Аяз  Беш-Балык шаарына кайтып барбай, Бий-Арслан менен Бааркүлдү Алтайдагы өз атасы Турду кагандын ордосуна алдыртты. Бир нече кыргыз жоокерлеринин коштоосунда апасы Бааркүл экөө төөгө минип, адегенде биябандуу кумдуу чөл басып, анан баш-ягы көрүнбөгөн жайык талааларда түздүк менен жүрүп, канча айдан кийин гана карагай-черлүү Алтайга, Энесайдын жээгинде жайгашкан Турду кагандын ордосуна жетишти. Бул жерди бир нече кыргыз уруулары да жердеп турушчу. Алар темир иштетип, курал-жарак жасоодон алдына киши чыгарышчу эмес эле.

Бий-Арслан апасы менен Алтайга жеткенден кийин, көп өтпөй Бааркүл көз жумду. Эмне болуп каза тапканын ал кийин  чоңойгон кезде, өзүнүн киндик энеси, багуучу болгон Тумаркандан укту. Анын айтканына караганда, апасы Беш-Балыкта жашап жүргөн кезде  табгачтардын атактуу бегинин кызы Сю Ин каныша (Сю Ин Аяздын биринчи аялы) белгисиз бир деңиз жаныбарынан алынган ууну берип койгон экен. Аны ичкен адам айлап-жылдап кыйналып, акыры тамагынан аш өтпөй жүрүп өлөт имиш. Бий-Арслан бул сөздүн чын экенин дагы териштире албады, ошол эле маалда төгүнгө да чыгара албады.Өгөй апасы Сю Ин ушул кезге чейин ага эч качан жаман мамиле кылганын көрө элек.

Жети жашка карап калганда Бий-Арсланды Аяз тегин Калдыбай деген кыргызга шакирт кылып кошуп берди. Калдыбай-кылычты мыктап чапкан, найзаны мыкты сайган жоокер гана эмес, караңгыда учуп бара жаткан чымчыкты таамай көзгө аткан мерген дагы эле. Калдыбай Бий-Арсланга жоокер өнөрүн үйрөттү. 

Төрт жыл мурда Чачка көчүүгө камынып жатышкан эле, улгайып калган багуучу аял Тумаркан  Бий-Арсланды чакыртып, асыл таштар чөгөрүлгөн алтын саптуу кичинекей канжарды Бий-Арсландын колуна карматты.

-Уулум, эми сени менен көрүшөбүзбү, көрүшпөйбүзбү ким билет, мен карыдым. Сени менен кайра Теңир-Тоого бара албайм, бөөдө жолдо өлүп, сага түйшүк жаратпайын. Апаң Бааркүл сени “жакшы кара”- деп керээзин калтырган эле. Эми аны аткара албай турган болуп калдым. Анан “уулум бойго жеткенде бер, колуктусуна белек кылсын”,- деп ушул канжарды берди эле. Муну апаңа агасы Жараш каган турмушка узап жатканда белек кылган экен. Аманатты сага берейин уулум,- деди Тумаркан.

Тегин ошондон бери бул канжарды жанынан чыгарбай, тумардай сактап жүрөт. Уктаса башына жаздап алат, турса белиндеги өзүнө булгаарыдан тыш каптатып жасатып алган куруна байланып жүрөт.

Эмнегедир бүгүн  канжарды кечээ башына жаздабай унутуп калганына таң калып, аны көпкө чейин карап отурду.

Түшүн өзү жоруду. “Алтайдагы караңгы токойдо жүргөнүм — эртеңки күнүм белгисиз. Бир-эки күндө Абого каршы кармашта эмне болорумду ким билет. Суулар күзгүдөй тоңуп турганы — жүрөгүм менен сезимим буга чейин таштай муздак болуп келди. Колума шам чырак кармап алып жол кесип бара жатканым — ар дайым жол көрсөтүп турган адам жанымда болот экен.

Боз үйдөн апамды түш көрүп жатканым — анын арбагы ыраазы экен. “Канжарды Айбарчага бер!”- дегени — кыздын колун суроого жана ага үйлөнүүгө апам каршы эмес көрүнөт”,-деп жоруду түшүн жигит.

Миң-Булакка барып келгенден бери Айбарча күнү-түнү оюнан кетпей койду. Ушул белекти Айбарчага берип, сезимин билдирсе эмнеге болбосун! Кандай керемет. Жигит бул тапкычтыгына кубанып турду.

Эртең менен кошуунга атасы Аяз хан келгенде кармаштан аман чыкса, Айбарчага куда түшүп барып үйлөнөрүн айтмакчы болду.

18-бөлүм

Коштошуу

Зындандын сасык жытынан баш айланган жер төлө. Келемиштер чыйпылдап, жерге төшөлгөн саманды шуудуратып жүрүштү. Таш дубалдарды карап, дүмпүйүп, кыймылсыз жаткан туткунду “өлүп калганбы?”- деп ойлоого болор эле. Бир аздан кийин таң агарып, таш дубалдын чокусундагы көзөнөктөй тешиктен жарык кире баштады. Жок, туткун тирүү экен. Бит басып кеткен тытык көйнөгүнөн көрүнгөн далысын, кишен салынган колу менен шылдырттата тырманып, бери карап оодарылып жата кетти. Бир аздан кийин чачтарын саксайтып, илбиреп ордунан араң турду. Курсагы ачканы билинди. Бирок, эмнегедир бүгүн ага, күнүгө жей турган аталадан айырмасы жок тамагын алып келишкен жок.

Бир маанилүү нерсе болгон го. Антпесе, шырыктай узун бойлуу, улгайган жасоол дайыма ушул маалда тамак алып келе турган. Канча жылдан бери тышкы дүйнө менен байланышкан адамы ошол жасоол болгондуктанбы, ага эмне болду экен?- деп ойлоп, туткундун тынчы кетти. Кулагын түрүп сырттан добуш угулабы деп көпкө тыңшады. Демейдегидей бакылдай сүйлөгөн жасоолдордун дагы, таш дубалдардын нары жагынан жем издеп куркулдаган бактектердин дагы үнү угулбайт.

Арадан бир аш бышым өткөндөн кийин, туткундун чындап эле тынчы кете баштады. Аны унутуп калышканбы?!

Өзү отурган бөлмөнүн темир тор менен тосулган каалгасына жармашып, кыйкыра баштады.

-Ээй, ким бар?! Тирүү жан барбы бул жакта?!

Эч кандай добуш болбоду. Өзү жалгыз камалган зындандан туткун бүгүн биринчи жолу коркту. Адамдарды көрбөй калуу дагы өтө оор экенин сезди. Кайра кишендерин шалдырттатып келип, ордуна шылкыйып отура кетти.

Түшкө жакын эмнегедир көп адамдын басып келе жаткан добушу угулду. Бир эмес, бир нече. Туткундун оюна жамандыктан башка эч нерсе келбеди. Ушунча жылдан бери канча жолу өз жанын кыйгысы келип, бирок, “баары бир жарыкчылык жакшы”- деген ойго келип калган. Топурап келе жаткан жасоолдор анын жанын алчудай калтырап, үшүй түштү. Буга чейин тамак жеткирген жасоолдон башка, ага атайын зындандын күзөтчүлөрү келчү эмес.

Бир аздан кийин төрт күзөтчү келип, алардын бири туткун отурган бөлмөнүн темир эшигин шылдырттатып ачып кирди.

-Туран деген сенсиңби? -деп сурады ал темир кулпуну ачып жатып.

Туткун өзүнүн ысымын укпай калганына канча жыл болду. Бир азга селдейип туруп, “ооба”,- деди оозун араң кыбыратып.

-Журт эгеси болгон кагандын жарлыгы менен бүгүнтөн тартып азаттыкка чыктың! Бол, тезирээк чык кыбырабай!- деди жанагы эшик ачкан кара мурут күзөтчү.

Көп убакыт бою наар албай ачка отургандыктанбы, же кубанычтуу кабарга сүйүнүп кеттиби, ким билсин, Турандын көзү караңгылап, эси ооп жыгылды.

Көзүн ачса, жыгач тапчанда жаткан экен.

Жасоолдор тегеректеп, анын аман экенине сүйүнүп жатышты.

-Сени менен улуу даражалуу каган өзү учурашканы келе жатыптыр. Өлүп калсаң биз эмне күндү көрөт элек?!-деп чурулдап жиберишти күзөтчүлөр.

Жаркырап тике маңдайына тийген күндүн нурунан Турандын көзү уялды.Таза абадан кере дем алган сайын башы тегеренип жатты.

Аны жуундуруп, жаңы кийим беришкенден кийин, кайдадыр алып жөнөштү. Ал   өңүмбү же түшүмбү деп дендароо болгон боюнча кете берди.

Шаардын капкасынан чыгып, бир кыйла жол жүрүп, чоң чынар теректин жанына тигилген жибек чатырларды көргөндө да, эмне болуп жатканын түшүнгөн жок. Ортодогу жашыл жибек чатырга кирип, төрдө ооругандан өңдөн азып отурган, улгайган, эски досу каганды көргөндө гана азаттыкка чыкканына чындап ишенди.

-Туран, ушунча жыл сени унутуп койгонумду кечир! Акыры бир бутум көрдө турганда, сенин башыңды азат кылып, күнөөңдү кечирейин деп чечтим,- деди Жараш каган ага жаш кезиндегидей мээримдүү карап. 

-Ыраазымын каган, ыраазымын…

Туран көпкө ыйлады. Кагандын чатырынан чыга берген кезде, аны бирөө кучактап калды. Караса, иниси Буркан экен. Ага-ининин канча жылдан кийин көрүшкөнүн көргөндөр алардан өтүп кубанып турушту.

Буркандын аялы Гүласел жаңы гана жууган кирин жайып, өйдө боло берген кезде, добулбастын үнү угулуп, кагандын туусун көтөргөн топ атчан алардын үйүнө жакындады. Келин жүрөгү оозуна кептелип, эмне болуп кеткенин аңдабай, турган ордунда катып калды.

Короого биринчи болуп, сүйүнгөн Буркан кирди.

-Сүйүнчү, энеке! Агам Туран аман-эсен кайтып келди!!!…

Экинчи уулу Бурканды да каган чакыртып кеткенден кийин, санаасы тынбаган кемпир, ооруп, төшөктө жатып калган эле.

-Улуу даражалуу каганды тосуп алгыла!- деди алдыда туу көтөрүп келе жаткан жасоол.

Гүласел башына төбөсү бийик ак калпак кийген, узун бойлуу, улгайган карыя ишенимдүү басып, алардын короосуна кирип келе жатканын көрдү.

Ал жепирейген үйдүн кире беришине токтой калып:

-Байбиче, күүлүү- күчтүүсүңбү?!-деп үн салды.

Кемпир “алардын үйүнө кагандын өзү келет, анысы аз келгенсип, он жыл бою күткөн уулун аман-эсен ала келет”- деп эч качан оюна келген эмес.

Буркандын үйүнө ал күнү кут түшкөндөй болду. Каган аттанып кеткенден кийин кошуна, тегерегинин баары кагандын келип кеткенине да, Турандын кайтып келгенине да куттук айтып, айрымдары белектерин көтөрүп келе берип, Буркандын жаман тамы кулап калчудай адамга шыкалып, чакан үй менен алакандай короо, киши-карага толуп кетти.

Ал күнү байбиче уулу менен көрүшүп, каганга ыраазычылыгын бергенден кийин, Жараш каган Суябдагы ордосуна кайрылбай эле, кайра жайлоону көздөй шашылыш бет алды. Ага бүгүн эртең менен өңүндө же түшүндө болуп өткөнү билинбеген сырдуу окуя себеп болду.

Кечээ Көк-Сеңирден аттанып чыккан күнү жолдо кыйналган каган, Суябга жетпей орто жолдо, жанынан шылдырттап булак аккан чоң чынар теректин түбүнө өргүү алган болчу. Туранды бошото турган жарлыкты берип, зынданга киши чаптыргандан кийин, нөкөрлөрү тиккен жашыл жибек чатырга жатып, куш уйку салып уктады.

Таңга маал чочуп ойгонуп, баары уктап жаткан кезде, шыбыш билгизбей чатырынан туруп, чынар теректен бир топ алысыраак турган булактын көзүнө карай, жуунуш үчүн басты. Бир аз баскандан кийин айлана туман боло түшкөнсүдү. Үрүл-бүрүлдө алдынан топ атчан көрүндү. Жоон топ атчандардын так ортосунда келе жаткан чылк кызыл кийимчен киши, ага кайрылды. Эмнегедир үрөң-бараңда анын жүзүн көрө албады.

 -Жараш каган!- деди ал добушу бир башкача угулуп… дагы бир азга ичээр сууң, көрөөр күнүң бар эле. Бүгүн эмнеге эртелеп алдыман чыктың…?!

Жараш каган оозуна сөз келбей, делдиреп туруп калды.

-Ка-ап, аттиң, бир аз кечирээк чыксаң болмок экен. Таңкы үрөң-бараңда менин желдеттерим жер бетин кыдырып, адам жанын алат эмеспи… Эми сага болбой калды, мага жолугуп калдың,- деди тигил сырдуу киши.

Жараш каган бул кызыл кийимчен сырдуу киши жаналгыч экенин аңдабай түшүндү.

-Оо, азирети жаналгыч, жер алдындагы Эрликтин[1] дүйнөсүнөн көтөрүлүп келген экенсиң да. …Сексен төрттүн даамын сызып жашадым. Бул дүйнөгө дагы эле тойбодум десем нарксыздык болоор. Бирок, бүтүрө элек ишим калды. Калың букарамдын арасында бир кемпир мени жектеп, уулун “жазыксыз каматып койду”,- деп нааразы болуп жаткан экен. Ошондон кечирим алыш үчүн бүгүн кечке чейин жанымды албай турууну суранам!- деди Жараш сырдуу тумандан денеси үшүй, калтырап.

-Макул бүгүн кече чейин уруксат берейин. Байбичеден кечирим ал. Мага жолуккандардын жанын дароо алмак ылаазым. Бирок, калың букараны канча жыл кара кылды как жарып, калыс башкарып, жетимди ыйлатпай, бей-бечараны басынтпай, көп адамдын алкышына татыган экенсиң. Ошол алкыштар сени асманда да, жерде да коргоп турат экен. Ошондуктан, жаныңды бүгүн кечке дейре өзүңдө калтырдым!- деди сырдуу киши.

Ошентти да, жоон топ жигиттерин ээрчитип жөнөп кетти.

Жараш каган турган ордунда каккан казыктай катып, делдиреп кала берди.

Кайра Суябдан кайтып келе жатып, ошол чоң чынардын түбүнө жеткен кезде, Жараш каган аттан түшүп, шашылыш жанында ээрчите жүргөн битикчини чакыртты.

-Кулагым сизде каган!-деп ызат кылды битикчи Сарыбай.

-Битикчим, жарлыгымды жаз!

Жараш жарлыкка кагандык вазыйпаны Куттемирге өткөргөнүн билдирип кат жазды. Катта: ”Элди чайпалтпай, калыстык менен башкар…!”- деп жарлык калтырды. “Жалгыз кызымды жакшы кара” деп Куттемирге керээз айттырды. Анан Айбарчага куш тилиндей кат жолдотту. 

“Кызым, мал аласы тышында, адам аласы ичинде, кошомат айтып келген кишини жаныңа жолотпо. Жамандык кылба, бирөөнүн акысын жебе, улуу-кичүүгө бирдей калыс бол. Жалган бир жолу жеңишке жетсе да, чындык акыры миң жолу жеңишке жетет. Ушул кебимди кулагыңа түйүп ал!-” деп жазылды катка.

Жараш каган жигиттерине сүйөнө атка минип жүрүп кетти.

“Шаңкайган бийик тоолор, топурагыңдан айланайын Ата-Журт! Ата-бабам басып өткөн, киндик каным тамган кең өрөөн! Сенин койнуңда ат жалында шамал менен кошо жарышып, кылыч кармап эркин жүргөндө, өзүңдүн ушунчалык кооз, керемет экеңди билбепмин”,-деп ойлоп бара жатты ичинен Жараш.

Мына эми минтип ат үстүндө жүргөн ар бир кыймылы уламдан-улам оор тартты. Ат жалында төрөлгөн эле, өмүрүнүн соңку ирмемдеринде да ат жалында жалган дүйнөдөн өтүп бара жатканына кубанды каган.

Күн кып-кызыл болуп батып бара жаткан кезде каган атына өмөчөктөп калды. Нөкөрлөрү шашып, аны аттан алып түшүштү.

-Оо, кагылайын калын журт, каганыбыздан айрылдык! — деп ый аралаш кыйкырды ордо башчы Сарман.

Ошентип, баатыр мүнөз, эр көкүрөк кыргыздын дагы бир ханы жарыкчылыктан көчтү.

19-бөлүм

Жаза

Пайкенддин ханы Або качып бара жаткан жеринен Бий-Арслан жигиттери менен колго түшүрдү. Дөөгүрсүп, кечээ эле кишини теңине албаган Або салбырап, башын көтөрбөй, даракка таңылып турду. 

Аны коштой жүргөн бир канча жигит жерде колу-буттарына темир кишен салынып, кыл аркан менен байланып сулап жатышты.

Иса пайгамбардын жыл санагы менен алганда 587- жылдын аптаптуу жайы болчу. Аяз хан баштап келген калың кол менен Пайкенддин ханы Або, Икар[2] деген жерде беттешти. Кармаш катуу жүрдү. Бир нече күнгө созулган кармаштан кийин Аяз хандын кумурскадай жер жайнаган аскерлерине туруштук бере албасын түшүнгөн Абонун колу андаалай качты. Соңунда Або ишенимдүү жигиттери менен качып,  чоң сууну жиреп бара жаткан учурда, Бий-Арслан баштаган кырк жигит, алардын алдын торой келип колго түшүрдү.

Пайкендде суу кенен, токойлор көп, аңчылык кылууга дагы мыкты жерлер бар эле.  Анын баары мындан он жылдай мурда, туугандары менен батышпай келген Абого жана аны коштогон топко майдай жаккан. Адегенде алар боз үйлөрдө жана чатырларда жашап турушчу, улам барган сайын калаанын жашоосуна көнүп, көбөйүп, келгиндер Абону өздөрүнө эмир шайлап алышкандан бери,  Алтайдагы Турду каганга таптакыр баш ийбей калышкан. Анын жоокерлери жергиликтүү элге каалагандай бийлик жүргүзүп, ээн жердин бөрүсүндөй болуп, аларды талап-тоноп турушчу. Бай көпөстөрдүн дээрлик баары берекелүү жерди аргасыз таштап, Жети-Суу жана Тараз жакка көчүп кетишти. Аларды ээрчий барган дыйкандар менен кол өнөрчүлөр ал жерге шаар куруп, аны “Хамукат” деп атап алышкан болчу. Бухара менен Пайкендде эзилгендер Абонун зордук-зомбулугунан коргоону, Турду кагандан бир нече жылдан бери өтүнүп келишет. Акыры калың букаранын үнү каганга жетип, иниси Абого каршы чабуулга чыгуу үчүн, Турду уулу Аязга  буйрук берген эле. Быйылкы жайда Аяз  атасынын ошол  буйругун ишке ашыруу үчүн бир нече уруудан куралган калың аскер менен Пайкендди курчоого алган.

Мына эми ошол Або бүгүн бети-башынан тамтык калбай сабалып, даракка чидерленип турду. Аны анчалык сабашмак эмес, кой десе болбой сөгүнгөндүктөн, колун байлап ээрге артып келе жатышкан. Тынчыбай мөңкүй бергендиктен, Бий-Арсландын ачуусу келип, ушул көлөкөлөөгө ыңгайлуу жашыл токойго чейин, атка сүйрөтүп келди. Або Карагер аргымактын басыгына жетпей күйүгүп, сүйрөлүп, ар кайсы жерге кулаган сайын, тегинден буйрук алган жасоол жигиттер, аны камчылап тургуза беришип, Або жолдо катар  токмокту жакшы эле жеди. Жек көрүндү Абону даракка байлап салышкандан кийин, санаасы тынчыган чоролор тамак камын кылып, шатыра-шатман отуруп, даам сызып жатышты.

Отко какталып бышкан эттин жыты каңылжаарын өрдөгөн кезде гана Або курсагы ачканын билип, башын көтөрдү да, чоролорунан четирээкте отурган иниси Бий-Арсланга көзү түштү.

Ушул чычым каскак болбогондо, аман кутулбайт беле! Күн чыгышка ооп кетмек. Суй сарайынын императорунан көмөк сурап келип, Аяз хандын күлүн көккө сапырат эле. Або канталаган көздөрү менен жигитти жеп жиберчүдөй тиктеди.

Бий-Арслан адатынча мелтейип үн катпай отурат. Кабагы салыңкы болуп, маанайы жоктой.

Бирөөнүн көзү шилисинен өтчүдөй тиктеп турганын сезген жигит, Або тарапты карады. Кантсе да агасы эмеспи, жүрөгү чыдабай, өзөк жалгап алсын деп ойлоп, колуна жыгач кесеге салынган этти көтөрүп келип Абого сунду. Ал кесеге жаба түкүрдү. Кайрадан ызырына сөгүндү. 

Анын абалын жакшы түшүнгөн тегин, теңелбей кайра артка басты. Жигиттеринин бирине Абонун колун бошотуп, тамактандырууну буюрду.

Өзү жапыз бадалда байланып турган Карагер аргымагынын жанына келди.  Абону алып жолго чыга берейин десе, Шегу менен Аяз хан келе жатканын айтып чабарман келген. Агасы Абону качырып ийбей, жакшылап кайтарып турууну тапшырган экен атасы. Болжошкон жерге жетип, мына эми аларды чыдамсыздык менен күтүүдө. Абонун колго түшкөнүн көрүп, анан жазага тартышат.

Карагерди минип, ылдый жакта жанараакта көргөн булакка барып сугарып  келмекке бастырды. 

Ботонун көзүндөй булакка жеткенде ээрден түштү. Карагер жаныбар булактын суусунан кылтылдата жуткандан кийин, жашыл тулаңды оттоп кирди.

Бул жерге аттанаар алдында атасына барып, Айбарчага үйлөнүүгө ниети бар экенин айткан. Атасы анын ниетине аябай кубанган.

Бирок, бир канча күндөн бери согушуп, Абону жеңишкендерине канчалык кубанбасын, көңүлүн азыткан санаадан арыла албай турду.  

Эки күн мурда алар менен Абого каршы согушуп жүргөн Жанак баатырга чабарман келип, кыргыздардын каганы Жараштын көзү өткөнү тууралуу суук кабарды угузду. Баатыр шашылып, жанынан чоролорун ээрчитип Миң-Булакка кайтып кетти.

Салт боюнча кагандын көзү өткөндөн кийин, анын жакындары гана эмес, бүтүндөй  эл-журтта той берүү токтотулат. Эл бир жыл бою кагандын өлгөнүн аза күтүп, кыз узатып, уул үйлөбөйт. Жентек той, бешик той, тушоо той, деги койчу, баардык  майрамдык шаан-шөкөткө тыюу салынат. Жараш кагандын кызына үйлөнүүнү мындай кой, куда түшүп барууга болбойт. Бир жыл бою кызды көрбөй Бий-Арслан кантип чыдайт? Ушундай азалуу учурунда кызга сезимин кантип билдирет? Балким, кыздын жактырган бир адамы бар болсочу. Ушуларды ойлогон Бий-Арслан  өз ара  түйшөлө берди. “Сүйүүнүн көзү көр”- деген чын белем, Айбарчаны жактырып калам деп эч ойлогон эмес. 

Жигиттердин бири шашылыш чаап келип, агасы Шегу келе жатканын кабарлады.

Тегин кайтып келген кезде, Шегу баштаган топ дүбүрттөп келип калышкан экен. Агасы аны карап амандашып койду да, дароо аттан ыргып түшүп, даракта байланып турган чын эле Абобу- дегендей үңүлө тиктеп, жакындай басып барды.

Агасы экенине көзү жеткенден кийин гана шылдыңкор көз караш менен карап, бөйрөгүн таянып жекирди.

-Акыры колго түшкөн экенсиң да, алжыган акмак! Ушундан көрө качпай, кылыч мизинен, найзанын учунан өлсөң болмок.

-Сен күчүк, мени тескебе! Тескегенге акың да жок. Мени атаң Аяз менен гана сүйлөштүр!

-Мени менен эмнеге сүйлөшпөйт экенсиң?! Мен дал азыр сени жазага тартканы келдим! 

-Мени эч ким жазага тарта албайт, сен да, сенин атаң Аяз да! Мени чоң атаң Турду гана жазалай алат! Ал үчүн мени Алтайга алып барышың керек! Ха-ха…

Або жинди болгон эмедей каткырып күлдү. Шегу аны мыйыгынан жылмая тиктеп турду.

Беш жыл мурда жаш жигит кезинде Абонун колуна түшүп, бир жыл бою сасыган зынданда жатып, күнүгө жугундудан айырмасы жок тамак жегенин унута элек. Аны куткарганга чоң атасы жиберген атайын топ Абонун сарайына келген. Ушул эле Або чоң атасы Турду каганга бир нече шарт койгону Шегунун эсинде. Ал шартынын бири, Пайкендге Або өкүмдар болуш керек болчу. Анысы аз келгенсип, өзүнүн атынан тыйын чектирип, каалаган өлкөсүнө Пайкенддин атынан элчи жибериши керек эле. Кептин кыскасы, чоң атасынын бийлигин таануудан толук баш тарткан.

-Мени сага элчи кылып Теңирдин мээри түшкөн чоң атам жиберген кезде, жигиттериңе көк ала койдой сабатканыңды, зынданга бир жыл бою каматып кыйнаганыңды тез эле унутуп калдыңбы?!

-Ошондо сени биротоло жанчып салбаганыма өкүнөм! Инимдин баласы деп аяп койдум да күчүк! Болбосо чымындай жаныңды чыркыратып алып койсом, мага атаң эмне кыла алмак эле?!

-Келме кезек деген ушул, мен эми сени өз колум менен жазалайм!- деп ызырынды Шегу.

Анан жигиттерине карап:

-Кана, тездеткиле!- деп буюрду. 

-Ага, эмне кылган жатасың?!- деди Бий-Арслан.

-Сен мени токтотпо, кегимди алам, Абону өзүм жазалайм.

-Ага атамдын келишин күтөлү,- деди Бий-Арслан Шегунун жолун тосуп.

-Атам келбейт, Пайкендге кетти. Атама муну тирүү жеткиргенде, агасынын көзүн көрүп, өлүмгө кыйбайт, жанын аман коюп, көп болсо чөлгө сүргүн кылат. Ошондуктан, өзүм жазалайм!- деди Шегу да болбой көгөрүп.

Бий-Арслан Шегунун беттегенин бербеген көк беттигин жакшы билет. Анын үстүнө ага катары жолу улук.

-Атама эмне деп жооп беребиз?!

-Сен жоопкер болбой эле кой, милдетин өзүм алам.

Аңгыча бети-башы чүмбөттөлгөн эңгезердей болгон эки жигит,  ичине аары толтурулган булгаары капты алып келишти.

Чындап эле Шегу өлтүрөрүнө көзү жеткен Або эмне кыларын билбей калды. Ошентсе да өжөрлүгүнө салып “бурк” этти.

-Мени Аяздын алдына алып бар, күнөөм болсо ошол жазаласын!

-Күнөөм деп коёт, күнөөңдү унутуп калдыңбы?! Күнөөңдү угузайынбы?! Бей-бечараларды тоноп, каракчылык кылып, караламан элди эзгениңди унутуп калдыңбы?! Салык үстүнө салык салып, согудулуктардын байлары берекелүү жерден көчө качканда, өткөн-кеткен кербенди тоноп, каракчылыкка өттүң. Каган чоң атамдын бийлигин тааныбай  шад[3]тегиндерге кол салдың. Башкасын айтпаганда да, бир тууганым Басыл тегинди өз колуң менен жайлап таштаганыңа жол болсун! Сасаниддерден келген каракчыларды калкалап, чоң атама каршы жортуул жасаш үчүн курал-жарак жасатып жатканыңды укпай, билбей койду дейсиңби?!

-Басыл тегин оорукчан болчу. Андай кара жанына карай албай мүңкүрөгөн бир бечаранын колунан эмне келет. Майыптыгы менен тегиндерди уят кылбай, эртерээк Теңирдин алдына барсын дедим.

-Жап оозуңду!-деп кыйкырды Шегу. Көздөрү канталап кызарып кетти. Анан эки жигитке буюрду.

-Бол, тез!

-Жазага тартчу болсоң тарт!- деди Або. Акыры ажалым сенин колуңда болсо, маңдайга жазылганды көрөйүн. Эмне турасың, кана, кылычыңды сууру!- деди Або Шегуга карап.

-Сенин  каныңа кылычымды булгабайм! Каракчыга каракчыныкындай өлүм ак. Алгыла жанын!- деди эңгезердей эки жигитке ээк шилтеп.

Тургандар дымырап калышты. Аларга дагы Шегунун таш боордугу менен кези келгенде, кара кылды как жарган адилдиги жакшы маалым болчу.

Бий-Арслан кылычын кармаган тейде кирпик ирмебей, ак куба жүзү ого бетер каны качып кумсарып, мелтейип турду.

“Мейли”,-деди ичинен агасы менен коштошуп. “Мындай адамдар чөө сыяктуу, алсырасаң, куласаң тытмалайт. Күчүң барда алыстан тиш кайрап жүрөт. Бирок, эгерим жакшылык санабайт. Тууганың душман болуп тургандан өткөн оор нерсе барбы?!”

Тегин ушуларды ойлогончо, эки жигит даракта байланып турган Абонун колун чечип тизелетишти да, акыркы ирет бир чөйчөк суу беришти.

Жыгач аяктагы сууну кылкылдата жуткан Або көктү тиктеди. Чаңкайган көк асманда буурул булуттар жай гана каалгып бара жатты. Жаш жигит кезинде жуан жуандардын колуна туткунга түшүп, алар башына төөнүн ширисин кийгизип, “маңкурт болсун” деп талаага бир нече күн жаткырып салышкан эле. Ошондо да жаны кейип, башы чыдатпай ооруп, ушундай күн чакыя тийген көк асманды тиктеп, чубалган булуттарды карап жатчу. Анан ошол азаптан иниси Аяз кол курап келип куткарып чыкпады беле. Ошондон кийин башы оорулуу болуп калды. Башы катуу ооруган кезде кан көксөп калчу. Бирөөгө мыкаачылык кылгысы келип турчу.

Кийин Аяздын ошол жакшылыгын унутуп, анын ден-соолугу анча жакшы эмес, майып төрөлгөн тун баласы Басыл тегинди мейманчылап келгенде өлтүрүп салган. Жашы алтымыштан өтүп калса дагы, жаш жигиттердей албуут күчү бар Або дагы канча ирет зулумдук кылат эле. Бирок минтип, бул дүйнөдөгү акыркы ирмемдерине дагы кезек келип калды.

Бир аздан кийин беттерин чүмбөттөгөн жигиттер булгаары көнөктүн оозун ачып, ичиндеги ызылдаган аарылары менен кошо Абонун башына кийгизип салышты. Дуулдаган кызыл аарылар анын бети-башын койбой чагып, жанталашкан хан аюудай ач айкырык салып жатты.

Бий-Арслан бул көрүнүштү көргүсү келбей, көзүн ала качты. Шегу гана мыйыгынан мыскылдай, ага эңкейе калып шыбырады.

-Көрүп ал иничек! Таажы кийген баш, аары толгон көнөк да кийип каларын эсиңе мыктап түйүп ал!

Жигит агасына “бул сөз сага дагы тиешелүү” деп айткысы келип барып, бирок үн катпады.

Бир аздан кийин аарынын уусуна муунган Або тил катпай калды. Бети-башы күпчөктөй шишип, колдору менен абаны апчып, дем жетпей кыйналып жатып жан берди.

Арадан бир чай кайнам убакыт өткөндөн кийин, Абонун кесилген башын канжыгага байлаган Шегу баштаган калың топ, Пайкендди карай жүрдү. Анын артынан Бий-Арслан жигиттери менен аттанды. Абонун жанында коштоп, аны менен акыркы ирмемдерге чейин бир болгон жигиттери, колу таңылып, илкип-калкып келе жатышты.

Абону өлтүргөнү тууралуу кабарды чабарман жеткиргенден кийин, Пайкенддин жанында  кошууну менен өргүп жаткан Аяз хан жеңилдене дем алды.

Табиятынан мүнөзү жумшак Аяз хан атасы Турду кагандын буйругун аткарып жатса дагы, агасын көргөндө бир туугандык сезимим ойгонуп кетеби, аны аяп, жанын аман коёмбу деп, Абонун жанын алууну эч кимге айтпай, Шегуга тапшырган.

Кечке жуук эки уулу кайтып келгенден кийин, карышкырдын элеси түшүрүлгөн туулар жаркылдап, добулбастар кагылып, Аяз хан Пайкендге чоң салтанат менен кирди.

Шаардын эли көчөгө чыгып жамырап, Аяз хан баштаган калың аскерге жол бошотушуп,

“Зулумдан куткаруучу келди!”- деп дуулдап жатышты.****

Уландысы бар…


[1] Эрлик-байыркы теңирчи дининде Жер алдындагы өлгөндөрдүн жаны бара турган падышачылык.

[2] Икар- жердин аталышы

[3] Шад-кагандын баласына берилгени даража, тегин, ханзада дегендин бир мааниси


Яндекс.Метрика