“Мен сүйүүнү тандайм” романы, 1-бөлүк
аудио китептер

«Мен сүйүүнү тандайм» романы, 4-бөлүк

9-бөлүм

Айбарча менен Бий-Арслан эмнени талашты?

Сиңдисинен ушундай сөздөрдү угам деп Айбарчанын үч уктаса дагы түшүнө кирген эмес! Дилине уу тамыза айткан сөздөрүнө жаны күйүп, алдындагы минген атын алып учуп, катуу чаап баратканын да сезбеди.

Же ызаланып жатканын же намыстанып жатканын айрып биле албады. Ичи уйгу-туйгу болуп, ханзадага ылдамыраак жетип, айтчу сөздөрүн айтып, моюн толгосо жекеге чакырып, алы-күчү жетсе жеңип, жетпесе кармашып жатып өлсөм мейли,- деп баратты.

Каган атасынын алдына келип, бир амандашып койбогончолук, ал ким болуп калыптыр?! Тегин болмоктон, Теңирдин асмандан түшүп келген баласы болсо да,  мынчалык текебердик кылууга кандай акысы бар?!…

Ээликкен Айбарча Сайкүлүгүн чаптырып үйдөй чоң кара таштын жанына жете келген кезде, алдынан аңчылыкка бара жаткан жоон топ атчан көрүндү. Кыз ээлигип алган аргымагынын тизгинин араң тартты. Сурданып, келе жаткандарды тешиле карады.

Чү дегенде эле топтун ортосунда, аталаш агасы Шааболоттун жанында келе жаткан жигитке көзү түштү. Кыз анын келбеттүү жүзүн бир саамга арбала тиктеп калды. Айтылуу ашиналардын ханзадасы ушул тура! Ооба, дал ошонун өзү! Ханзада деген эле даражасы болбосо, кадимки пенделердей айры бут, жумуру баш пенде экен го… Анан эмнесине анча кербезденет?! Түбүң түшкүрдүкү десе! Дагы каган атасына жээн имиш!

Кыз демин ичине алды. “Атам ооруп жатса учурашып алдына бир келбеген текебер жээн менен карсылдашып көрөйүн, ажалым бүгүн жетсе бүгүн өлөйүн”,- деп эрдин кымтынып, билегин түрүнүп ханзаданы көргөндөн кийин акыркы чечимин чыгарды.

Көз илешпеген ылдамдыкта саадагынан ышкырыгы бар жебени алып чыгып, жаасын керилте топко жетип-жетпеген аралыкка мээлеп туруп тартып жиберди.

Жебе зуулдап келип, дал эле  ханзада минип келе жаткан Карагер аттын туягынын алдына жетпей, жерге сайылды.

Аттар үркүп, кишенеп, тегинди коштой дүпүрөп келе жаткан калың топ, үйрүлүп токтой калышты.

Жаргак шым, үстүндө торкудан көйнөк, анын үстүнө кийген темир сооту менен бөркү күнгө чагылышкан Айбарча, жоо чапчудай чамынып, Сайкүлүгүн ойноктото топтун алдынан бастырып чыкты.

Ханзаданы коштоп келе жаткандар күбүр-шыбыр болуп, айрымдары кылычын кынынан суурганга камынып калышты эле, жигит башы Атаян оң колун өйдө көтөрүп “токтогула” деген ишарат кылды.

Агасы Шааболоттун эки көзү алаңдап Айбарчаны көрүп чындап эле эси чыкты. “Бу көк бет, долу көктөн түшкөнсүп, кайдан пайда боло калды?! Топ эркектин алдын торой чыгып, эмнеге жетип келди кокуй?! “Аңчылыкка мени ээрчите барбайсыңар”- деп эркелиги кармап калганбы? Эркелегидей шартта болуп турушабы азыр? Алыстан келген коноктун алдында дагы эмне балээни баштаганы турат?!”

Бир көз ирмемде ушундай ойлор Шааболоттун башын тепчип өтүп, атынын оозун айрып кетчүдөй тизгинин бек тартып, кыйкырып сала берди.

-Айбарча, мында эмне кылып жүрөсүң?! Алыстан келген конокко жаа тартып, алдын тороп бул эмне кылганың?!

 -Алыстан келген конокко амандашайын дедим ага,- деди Айбарча ачууланганын билгизбегенге тырышып.

Аңгыча  Айбарчанын жанына нөкөр башчы Каниза баштаган сереңдеген үч кыз боз жолдун чаңын ызыгыта аттарын чаап жете келишти.

Мына кызык! Эми мынабу нөкөрлөрдүн бул жерде эмнеси бар?  Шааболот канчалык ачууланайын десе да, карындашы ого бетер чатак салбасын деп, бул жолу элдешкендей жайыраак унчукту.

— Бул ирет өтө эле аша чаап кеттиң окшойт. Анча болду, айылга барганда эле амандашсаң болмок экен!…

Айбарча агасы сүйлөп жатабы, жокпу кулагына да илбей, капарына да албай турду. Ичиндеги кайнаган жаалы менен ызасын кайда батырарын билбей, топ жигиттен тартынар кейпи көрүнбөй турду. Эмне болуп жатканына түшүнбөй кызды таңыркай тиктеп калган ашиналардын ханзадасына кайрылды:

-Арыбаңыз, Бий-Арслан тегин?!  

-Кош көрдүк!-деп жооп узатты ооз учунан, дагы эле таң калганын жашыра албаган жигит.

-Атам Жараш каган сенин чоң таякең болот. Салтты билбей, наркты билбей үч күн айылыбызга жатып, ноокастап жаткан атама амандашып, өргөсүнө барып абалын бир сурап койбодуң! Каган атам менен ушул элдин ханбийкеси катары менин намысымды тебеледиң. Улууларды сыйлабаган жээн экенсиң, кыйын экениңди көрөлү! Атамдын жалгыз туягы катары намысымды коргоп, өзүңдү эрөөлгө чакырам, жекеге чык! Жеңилсем сенин айтканыңды кылайын, жеңсем атама барып амандаш!- деди кашкөйлөнгөн кыз.

Карындашынын эмнеге бул жерге келгенин эми гана баамдаган Шааболот эмне дээрин билбей, бир саамга мукактана калды. Айтса-айтпаса төгүнбү, Айбарча чыны менен эле туура жүйө айтып жатат. Атасы Куттемир бек да бир элдин бекзадасы атыккан, өзү да бул тууралуу ойлогон эмес экен. Нарк деген нарк, аны сактабаса болобу…?

-Айбарча, анчалык катуу кетпе!-деди эмне деп жагдайдан чыгышты билбей калган Шааболот, жанагыдай айбатын көрсөтө албай, ачуусу басаңдай.

Жагдайды түшүнө калган Бий-Арслан ханзада эсине келе калып, үзөңгүсүн тээп-теппей, атынан ыргып түштү.

Узун бойлуу, арышы кең жигит Айбарчанын жанына эки аттаганда эле жете келди. Белиндеги кемер курун шарт чечип, мойнуна салып ылдый эңкейди. Ойдолоп, кошкуруп турган Сайкүлүктү жылоодон алып, чөгөлөй отурду.

-Айып менде таеже, курум мойнумда, алам десең баш мына, чабам десең каш мына, кандай десеңиз да сиздики туура,-деп өйдө карабай,

 Сайкүлүк жаныбардын башын кучактады.

-Салтты билбеген жээниңди кечир ханбийкем!-деди эки тарапты кандай эпке келтирерин билбей алактап турган Шааболот.

Жагдайдан чыгыштын амалын кылган нөкөр башчы Каниза да тамагын кыра сөз баштады;

-“Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч”- деген кеп бар  ханбийкем, бул ирет жээнди кечириңиз!…

Бий-Арслан ордунан жылбай чөк түшүп, тыбырчылаган Сайкүлүктүн тизгинин бекем кармай тырышты. Ханбийкенин айтканы жөндүү. Уятынан кара жерге кирип кетерге тешик таба албай турду. Ушул бүгүн Айбарча башын тоголото чапса да, ага эки дүйнөдө ыраазы болмок…

Айбарча Бий-Арсланды мындай бат эле ийге салынып, кечирим сурайт деп күтпөгөн жаны, эмне кыларын билбей, эмелеки каары чар учкандай тарап, Сайкүлүктүн кулагын тиктей жоошуп туруп калды.

Муну алдыртан байкаган Каниза ага жакын бастырып келип, нөкөр болгондон бери биринчи жолу батына капталга нукуду.

Ошондо гана эсин жыйган Айбарча ханбийкелик сөөлөтүн тактай, ээгин өйдө көтөрүп, мөрөйүколуна тийгендей, камчысын бүктөй кармап туруп:

-Кечирдим, жолуңар болсун!-деди да, Сайкүлүктүн башын шарт бурду. Ат булкунганда, чылбырды бекем кармап турган Бий-Арсландын колу үзүлүп кетейин деди. Көзүнөн от чагылып, бирок, анысын билгизбегенге тырышып, чылбырды коё берип жиберип, тизесин таяна отуруп калды.

Кыз келген жолу менен артка карай чаап жөнөдү. Аны коштой нөкөрлөрү кетишти.

Бий-Арсландын жанына Атаян баштаган чоролору менен Шааболот аттарынан түшүп чуркап келишти.

Тегин эмне дээрин билбей өң-алаттан кетип, бозоруп турган Шааболотко карап:

-Таежемдин каары мынчалык катуу экенин билбептирмин,- деди башын чайкап.

Анан алыстан кызгылт көйнөгүнүн этеги желге желбирей чаап кеткен Айбарчаны бир саамга көзү менен узата карап туруп, курун белине тагынып атына минди.

-Артка кайталы бекзадам,- деди Шааболотко эч нерсе болбогондой токтоо.

-Артка кайсак экинчи жолу чыкканда, уудан жолубуз болбой калат тегин, ырымы ошондой,- деди Шааболот эми гана болуп өткөн окуяны аңдай баш-учун жыйып.

-Мен андай ырым-жырымдарга ишенбейм. Баардыгы Теңирдин колунда, бүгүн каган таякеме барып учурашпасам, жаным жай албайт….

Эмеле шаңдуу келе жаткан топтун ынданы өчө, жигиттер аттарын бураңдата кайра артка бурулушуп, кагандын айылына карай жөнөп калышты.

Бир кыйла жерге чейин чаап барган Айбарча Канизага карап; “мени бүгүн жайыма койгула”,- деди.

Каниза анын абалын түшүнүп, Акгүл менен Миңгүлдү ээрчитип, айылга кайтты.

Айбарча күлүгүн чаптырып отуруп сомодой балбал таштар коюлган көк жайыкка жеткенде гана ээрден түштү. Шыбак жыттанган боз талаада Сайкүлүктү жашыл тулаңга отко коё берип, алдына көрпөчөсүн төшөп, көпкө чейин ойлуу отурду. 

Балбал таштар ата-баба ыйык деп эсептеп келген көрүстөндөргө, кээде ар кандай жамандыктан коргоп туруучу зат катары башка өлкөлөр менен чектешкен жерлерге да коюла турган. Кыз келген жердеги балбалдар кайсы заманда, эмне максатта коюлганын жан билбейт. Кээде Айбарча ушул жерге жалгыз келип, ата-бабасынын руху менен сырдашчудай, көпкө отурчу.

Кыз эмне кыларын билбеди, кайда барса дагы, азыр жол караңгыдай сезилди. Атасы катуу ооруп жатат, каган атасынын көзү өтсө, энеси экөөнүн абалы эмне болот? Куттемир агасы азырынча жакшы мамиле кылганы менен, каган болуп шайлангандан кийин, ал кандай өзгөрөт? Анан Гүлайдын бүгүнкү айткан сөздөрү жүрөгүн өрттөдү.

Бул дүйнөдө жалгыз коколой башы калгандай сезди. Атасынын көзү өтсө, жалгыз башын кайда батырат? Алыс жууктан келген бирөөгө мамилени жакшыртыш үчүн Куттемир агасы күйөөгө берип жиберсе кантет? Башка улуттарга же коңшу турган бектиктерге канышаларды алаканы жакшыртабыз деп күйөөгө узатып ийише турган. Андай никеден Айбарча чок баскандай коркот. Атасынын жалгыз көзгө басар карындашы Бааркүлдү түрктөрдүн каганынын уулуна никелеп бергенден кийин, ал  эмне күндү көргөнүн Жетикаш энеси айтып берген. Жездеси Аяз хан эжесин канчалык  жакшы көрсө да, аны ордонун оюндарынан коргой албаганын, акыры күңдөшү уу берип өлтүрткөнүн айткан.

Дегеле Айбарча турмушка чыккысы келбейт. Оюна койсо ханбийке болуп такка отуруп эл бийлеп, элин жоодон коргогон баатыр кыз болгусу келет. Билбегенин өзү дагы үйрөнүп, жаамы журтту кат тааныган сабаттуу, окумал кылсам дейт. Бирок, анын бул кыялын ким колдойт. Кыз бала болгон ага эмес, эр-азаматтар бийлик талашып ага жетпей отурган заман.

“Кыз болуп туулбасам эмне?” деген Айбарчанын көзүнүн жашы буурчактады.Телегейи тегиз, арманы жок көрүнгөнү менен, коргоп алар кимиси бар? Чабыштан мерт кеткен Жараш баатырдын эки уулу тирүү болсо, бүгүн кызга тирек болот беле?  Жараштын байбичеси эки бирдей уулунан айрылгандан кийин кайгырып жүрүп, жыл айланбай көз жумганын дагы Жетикаш энеси айтып берген.

Агасы Кабыл баатыр болсо карып калды, ал дагы туяксыз өтүп бара жатат. Эмнеге үй-бүлөсү жок экенин, апасынан батынып сураган эмес. Айбарча бой жеткени эле, Кабыл баатыр Карабулутту бала кылып асырап алып тим жүрөт.   Болгону Карабулут агасы менен жакшы сүйлөшөт, ал да карындашындай эле аяр мамиле кылып ашык сөз айтпайт. Кечээ берген кабыландын сөлөкөтү түшүрүлгөн алтын иймекти да  куру келбейин деп ала келсе керек.

Кагандын кызы болуп туруп, Айбарчанын дагы бир татым тузу кемип жатты, аттиң ай! Кыз көзүнөн аккан жашын аарчып, ийинин кагып улутунуп, мейкин талааны тиктеп көпкө отурду. Жанында балбал таштар үнсүз далбайып турушту.

10-бөлүм

Назар устанын окуясы

Чөлдүн мээ кайнаткан ысыгы жан бүткөндүн баарын кууруп салчудай. Жашы элүүдөн эми гана өтсө дагы, эбак улгайган кишидей картайып кеткен, жүзүн бырыш баскан эркек киши, ырсайып колундагы темир чөөгүнүн кучактай, эмне кыларын билбей, кара алачыгынын жанында моло таштай соксоюп отурганына итабар убакыт болду. Канчалык көзүн тешилте караса да кумдуу, шор топурактуу түздүктө бир дагы тирүү жандын карааны көрүнбөйт. Кимди күтүп жатканын өзү да билбейт.

Төрт баласы кара алачыкта ачкадан соолуп жатышты. Баарынан  улуусу, кичине тыңыраак кызы Бөркү гана энесине жардам берген болуп кыбырап жүрөт.

Кедейлик жонунан басып, үй-бүлөсүнүн көзүн карай албай отурган Назардай кембагал үчүн ушул азыркы мүңкүрөгөн абалы, өлөйүн десе жан таттуу,  кирейин десе жер катуу болуп тургандай учур эле. Быйыл кышта Карашаарга алып барып наабайканаларга сатып жүрчү отуну дагы жакшы өтпөй  калды. Наабайканадагылар анын отунун алуудан эмнегедир баш тартышты. Атасынан калган кесибин улай жыгач аяк, кесе жасап сатып көрдү эле, анысы да жакшы сатылбады. Акыры айласы кеткенде, кышында ачка калбайылы деп Амиржан деген сүткордон карыз алды. Эми анысын төлөй албай, алган акчаларынын үстүнө күн өткөн сайын үстөк кошулуп жатат. Канча күндөн бери Амиржан сүткордон коркуп шаарга бара албай, тамак кылып жээрге мыдыры калбай же чөнтөгүндө тыйыны калбай, бүт үй-бүлөсү менен ачка отурушкан.

Анысы аз келгенсип, үстөк эле кошмок түгүл Амиржан үч күн мурда жоон топ дөлөңгүттөрү менен атайын келип, жаман алачыгын чар учкандай чачып, колуна баалуу эч нерсе илинбей, анан ага “үч күнгө чейин алган акчаны үстөгү менен бересиң, бербесең үй-бүлөң менен кул базарга сатам!”-деп катуу эскертти. Анан апасына жармашып, жүрөгү түшүп, эки көзү алайып отурган он бир жаштагы кызы Бөркүнүн ээгин кармап, көгүш көздөрүн тиктеп туруп, бир башкача кытмыр жылмайып койду. Назар Амиржандын эмне ойлоп жатканын дароо түшүндү.

Кайтып бара жатып жөн калбай, керек болот дедиби, отун-суу алып жүрчү жалгыз эшегин дагы айдатып кетти.

Бүгүн ал келип кеткенден бери үчүнчү күн өттү. Карашаарда жашаган сүткор Амиржан бир топ жигити менен кедей-кембагалдардын, алсыз соодагерлердин соодасына атайын бут тосуп, анан карызга акча беримиш болуп, аны төлөй албай калгандарды, кулдукка сатып жиберген амалды өздөштүрүп алган эле. Бул ирет анын мындай кылтагына ушул үй-бүлө түшүп калган болчу. 

Назар түшкө жакын күндүн ысыгы ого бетер мээ кайната баштаганда гана кара алачыгына кирип жата кетти. Үй-бүлөсү менен кул болууга моюн сунгандан башка аргасы жоктой…

Бир маалда алыстан аттардын дүбүртү угулгансыды. “Селт” эткен Назар кара алачыктан кайра чыкты. Амиржан келе жатат деди ойунда,  болду кул болот деген ушул… Бала-бакырасы кул базарда сатылып, ар кимиси ар кайсы жакка чилдей тараганы көз алдына тартылды.

Алыстан төөлөргө, качырлар менен жылкыларга оор куржундарды артып, кумдуу биябанда[1] жай келе жаткан кербен көрүндү. Бул жерден кербендер көп өтүшчү эмес, кыязы кум учурган шамалда жолдон адашып калышса керек.

Анын бир үмүтү ушул кербенчилерде калгансып, көөдөнүндө бүлбүлдөгөн үмүт оту пайда болуп, алар жакындап келгенче тыртайган арык денеси күнгө күйсө да болбой, селейип тура берди.

-Оо, бурадар, алыстан келе жаткан кербен менен да ушинтип амандашат бекен?!… деп үн салды топтун алдында келе жаткан жука, агыш чапан кийип, башына ак жибек кездемени күндөн калкалоо үчүн жамынып, анысын кызыл тасма менен таңып алган кербен башы.

Анан чайпала басып келе жаткан буттары ала аяк аргымагынын үстүнөн, үзөңгүсүн тээп-теппей эле жерге секирип түштү.

-Бизге суу берсең жакшы болот эле…

Эриндери кургай, белине байланган, суусу жок калган булгаары көөкөрүн чечип көрсөттү.

Назар эшегин Амиржан айдатып кете электе ага жүктөй, жакын жердеги таш кудуктан алып алган челектеги суусун кара алачыктан көтөрүп чыкты. Күнгө күйүп тотукса дагы көздөрү оттуу, адамга бир башкача мээримдүү карап тургандай сезилген жаш кербен башыга кесе менен суу сунуп жатып, өңгүрөп ыйлап жиберди.

-Бурадарым, эмне болду, бир кайгың барбы?!- деп сурады жаш жигит, жаңы эле ууртайын деп жаткан, жылып калган сууну ичпей токтоп туруп.

Назар ага балбалактап ыйлап, болгон жагдайын айтып берди.

-Жардам бер төрөм, ачкачылыктан үй-бүлөм менен кырылып калмай болдук, бир ылаажы кылып, бизди кул кылсаң да өзүң алып кетип кул кыл, сүткордун колуна барган күн курусун!- деп ыйлады абышка кербен башынын буттуна жыгылып.

Тигил жигит жыгач аяктагы сууну ичип жиберип, алачыкка баш бакты. Буту-колдору жылаң аяк, жылаң баш, бети-баштары ботала кир, чиедей төрт бала менен арыктыгынан соксоюп эти сөөгүнө жабышкан, мурду коңкойгон аял жана көздөрү энесиникине окшоп, көк деңиздей көп-көк, чачтары саксайып таралбаган секелек кыз отурушуптур.

Баары үрпөйүп, ошол эле мезгилде “бир жардам кыла көр!”- дегендей  көздөрүн жалдыратып жигитти карап калышты.

-Атың ким бурадар?- деп сурады анан кербен башы, артка бурула берип, абышкага карап.

-Назар,- деди тигил киши.

-Жакын жерде суу бар экенин билесиңби?

-Ооба, тигил сөксөөл өсүп турган түзөңдөн бурулгандан кийин таш кудук бар…

-Андагы суудан туз чыгып калбады беле?…

-Сиз башкага алмаштырып жатсаңыз керек төрөм, ушул сиз ичип жаткан сууну үч күн мурда өзүм эшегиме жүктөп, ошол кудуктан алып келгем. Бул тегеректегилер ошол таш кудуктан суу алып ичебиз. Быйыл ырас күн өзгөчө ысык болуп, суу ылдыйлап кетти,- деди Назар кудукту айтсам бир жардам берип калабы деген үмүттө.

-Биймырза!- деп кыйкырды аны уккан кербен башы аргымак минген жигитке.  “Назар  аганын үй-бүлөсү үчүн бир койду сойгула, бүгүн ушул жерге конобуз. Эки- үч жигитти таш кудуктан суу алып келгенге жөнөт!”

Анан аста басып келип, анын тер жыттанган, жону айрылган боз көйнөгүнүн үстүнөн далысын таптай:

-Кам санабаңыз агасы, сүткор келсин, карызыңарды өзүм төлөп берем, үй-бүлөңүз менен мени ээрчип Теңир-Тоого кетесиңерби?- деди.

Назар уккан кулагына ишенбей, тигил Биймырза дегени эки жигитке кербендин артынан айдап алышкан, жолдо азык кыла турган кой-эчкинин арасынан куйруктуу кара козуну жетелетип келгенин көргөндө, барбалактап сүйүндү.  

Карабулуттун кербени ал күнү алачыктын ээси болжогондой, чын эле кумдуу бороондон буюгуп калышып, башка жол менен келе жатып, кедейдин кара алачыгына туш болушкан эле.

Ошол күнү Назардын жаман алачыгында үч буттуу темир кемегеге асылган казанда козунун эти былкылдап кайнап, бала-чакасы кербендер менен кошо ысык шорпо ичип, казаны да, чөмүчү да май болуп эле жатып калышты.

“Абайлап тынып ичкиле, анан дагы берем өзөгүңөргө түшүп кетпесин”- деген аялы, болуп жаткандар өңүмбү же түшүмбү дегендей, ишенбей балдарын тойгузуп жатты.

Таралбаган, чачтары саксайган секелек Бөркү үчүн кербен башы болгон жаш жигит асмандан түшүп келген периштедей эле көрүндү. Ананчы, баарын ачкачылыктан аман куткарып калганы аз келгенсип, “Амиржанга карызыңарды төлөп берем”- деп отурса…

Түн ичинде атайын туруп барып, Карабулут ээрин жазданып уктап жаткан жерге жакындай, тизесин кучактап, булуттарга жашына калган айдын бүлбүл шооласынан, анын келбеттүү жүзүнө суктана карап, эпейип отурду. Жигиттин кирпиктери аныкынан да узун, калың экен. Эриндерине жаңыдан чыгып келе жаткан муруту куп жарашып турат.Түшүндө бирөөгө нааразы болгондой, жаадай ийилген кара каштарын бириктирип, кабагын чытып алыптыр.

Бул чөлдө кара курттар көп, алардан коргонуш үчүн чөптөрдөн жасалган атайын дары чачыша турган, ошону эстей калганда гана Бөркү ордунан “шып” эте туруп, энеси алачыкка илип койгон бөлтөйгөн боз баштыктагы дарыны көтөрүп, кайра дикилдей чуркап келди.

Жаңы эле көзү илинип кеткен Карабулут, бирөө шыртылдатып бирдеме кылып жаткандай добуштан улам, дароо жаткан ордунан обдулуп, жедеп көнүп калганбы, колуна кылычын кармай башын көтөрдү.

Бутунун ылдый жагында соксойгон бирөө коркконунан бүжүрөп отура калды.

-Сен кимсиң, ыя?!…

Айдын жарыгынан жакшылап караса, жана күндүз Назардын жаман алачыгынан көргөн, көзү көк деңиздей көгөргөн кыз экен.

-Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

-Мм…тиги кара курттар чагып албасын деп бул дарыны чачып жаттым эле,- деди кыз коркконунан апкаарып, араң сүйлөп, колундагы баштыгын көрсөтүп. Карабулут кыздын колундагы баштыкты алып, чын эле тааныш дары экенине көзү жеткен соң:

-Мындайды биз дагы чачып алып жатканбыз, антпегенде бул жерде кара курт, уулуу жыландар көп. Барагой, андан көрө укта, эртең жолго чыгасыңар,- деди кыздын акылдуулугуна ыраазы боло, тиштерин кашкайта жылмайып.

Секелек кыз аны жал-жал карап, алачыкка кирип кетти.

Эртең менен эрте Назар кара алачыгындагы биртике керектүү буюм-тайымын куржундарга салып, үй-бүлөсүн алып, кербенге кошулуп кеткени жатканда, Амиржан жоон топ жигиттерин ээрчитип келип калды.

 -Кулдарымды менден уруксатсыз ким алып бара жатат ыя?!

Кыязы кербен башчысы ушул го дегенсип, аттан түшпөй туруп, Карабулутту карап кекээрлей сүйлөдү Амиржан.

-Кулдарыңды мага сат,-деди Карабулут өзүнө ишенимдүү. Сага акысын эки эсе көп берем.

Ошентти да чапанынын койнунан жипке байланган, ортосу көзөнөк болгон кытай тыйындары салынган торбону[2]алып чыгып Амиржандын алдына ыргытты. Баштыкты жерден эңип алган Амиржан акчаны көргөндө көзү чакчайды:

-Ээ, бул акча аз, бир кул эмес, дароо жети кишини бир алып жатасың, анан калса бул бечара кембагал мага карыз…

-Баштыктагы акча сенин карызга берген акчаңа үстөгү менен кошкондон дагы көптүк кылат, ал эми жети кишин баасы мына…

Карабулут белинде байланган капчыгынан, дагы ай туяк эки алтын жамбыны ыргытты. Мындай алтынга бир канча кул сатып алса болот эле.

-Бул да аз го,- деди Амиржан ачкөздүгү кармап, дагы берип калабы деген үмүттө.

-Бурадар, мени бааны билбейт деп турасыңбы?! Он таңгак жибекке бир сулуу күң, 100 таңгак жибекке бир аргымак, ал эми эки алтын жамбыга сулууну да, 100 таңгак жибекти да, аргымакты да сатып алса болот. Соодаңа нап берсин! Же эч нерсеси жок калгың келип жатабы?!…

Ушинткен кербен башы кааласам бербей деле коймокмун дегендей, жанындагы курал-жарактары шайма-шай болгон топ жигиттерине ээк жаңсады. Анысы күч колдонсом эмне дейсиң,- дегени эле.

-Бул шаарда сүткорлук кылууга эбак тыюу салынган, сен болсо мыйзамсыз иштеп жатыпсың. Же шаар башчыга алып барайынбы?!…

-Болуптур,- деди муну уккандан кийин Амиржан шалкы бош. Жолуңар болсун, кулдарыңдан береке тап….

Ошентти да, жигиттерин алып, артын карабай чаап кетти…

Ошол жылы биябан чөлдүү жерден көчүп келишкенден бери Назардын үй-бүлөсү кыргыздардын айылында жашап калган эле. Карабулут аны бала-чакасы менен кулдуктан башын бошотуп, ошондо эле азат кылган. Кыргыздардын азык уруусу Назардын үй-бүлөсүн кулдай кабыл алышпай, өргө көтөрүп бермек гана турсун, саарына уй, минерине жылкы беришкен эле. Назар каржалып отуруп калбай, ата кесибин улай, тегерек-четтеги токойлорду талбай кыдырып, ылайыктуу жыгач таап келип ээр чабат, боз үйдүн уук-керегелерин, жыгачтан кесе, тамак иче турган кашыктарды жасайт. Мал-жаны көбөйүп, “сүйрүсүнө сүт толуп, ийрисине эт толуп” дегендей мамыр-жумур болгон жашоого жеткен. Ушул элге жана Карабулутка туш кылган Теңирге ыраазы. Төрт уулу жерден боорун көтөрүп, улуураактары Карабулутка кызмат кылып жүрөт, кызы Бөркүнү кагандын кызы Айбарчага кызматчы кылып беришкен. Назардын бүгүн телегейи тегиз, көңүлү ток, Карабулуттун аманчылыгы менен жакшылыгын Теңирден күнү-түнү, басса-турса тилейт.

Бүгүн Назар бир жыл бою аспиеттеп чаап, жакшылап сырдап, оюу-чийүү чөгөрүлгөн куш баш ээрди тартууга бермек болуп, жонуна асып, жарым жылдан бери сыртта жүрүп, кербен менен кайткан Карабулутка амандашып келейин деп анын өргөсүнө жөнөдү.

11-бөлүм

Бөркү менен кыздар

Айыл четинен итапкан алыс тигилген кара боз үйдөн, жанына эки кызды ээрчитип, Бөркү чыкты. Башына ак оромол салынып, боору толо күмүш топчу болгон, жашыл баркыттан тигилген кемсели өзүнө куп жарашып, кылактай баскан Бөркү ажарлуу десең ажарлуу, сүйкүмдүү десең сүйкүмдүү кыз болуп, бойго жеткен болчу. Бул жердегилердин эч кимисине окшобогон көк асман сыяктуу көздөрү менен ак саргыл жүзү көргөндүн баарынын көңүлүн эрксизден бурдура турган.

Жупуну кара боз үйдө жашаган саанчы аял эртең менен эрте кой-эчкилердин сүтүн саап, аны ысуулай көнөчөктөргө[3]  куюп берип, атайын канайым менен ханбийкелер үчүн тамак жасаганга жөнөтчү. Айбарча ханбийке менен анын нөкөрлөрүнө тамак жасай турган ашпозчулардын боз үйүндө кызмат кылган Бөркүнүн сүт алып келүүчү кезеги бүгүн болчу. Карабулут айылга кербен менен келгенден бери Бөркүнүн тынчы кетип, аны көрсөм дегенде көңүлү элеп-желеп. Бул айылда ар бир кыймылы кыздардын оозунан түшпөй, аңыз кепке айланган бекзаданы алыстан бир көрүп койсок деген келин-кыздар арбын эле. Алардын бири Бөркү. Анан калса бүгүн “канайымдын өргөсүндө Айбарча ханбийке менен Гүлай сулуу чатакташыптыр” деген кабар нөкөрлөрдүн, күңдөрдүн арасына желдей тарады. Ушулардын баарын айылдан алыс жайгашкан сүт саала турган жерге барып келгенче ээн-жайкын сүйлөшкүсү келген кыздар, жанараакта көнөчөктөрүн колго алып, жолго чыгышкан. 

Жолдо карата кеп, кербен менен алыскы сапардан кайткан Карабулут эмес, же курултайга келген коноктор эмес, Айбарча менен Гүлайдын чатагы тууралуу болуп жатты.

Сүттү алып боз үйдөн кайтып келе жатышканда да “эки жакта эч ким жокпу?”- дегендей айлананы элеңдей карап алып Бөркү кайрадан сөз баштады:

— “Ачуулуунун алдынан чыкпа” деген кеп бар…Бүгүн Айбарча ханбийкеге тамакты ким алып барса, ошонун шору болот го…

-Эми кантебиз, ханбийкенин каарынан Кудай сактасын,- деди мөөндөй болбурап жоош көрүнгөн, болпойгон Кымызай.

-Айбарча ханбийке жөнсүз эле бирөөнү капааттаганын көрө элекпиз, бир эле сүйлөйт, калыс сүйлөйт,- деди аларга кошулбаган кыздардын тыңыраагы Чыныгүл. Бүгүн бирок, Гүлай бийкеге ким тамак алып барса, ошонун шору шорподой кайнайт го… “Ачууланып араң эле отурат”- дешти, анысын бирөөдөн чыгарбаса, Гүлай болбой калат го..

-Чүш-шш, акырын… Бирөөлөр угуп калбасын,-деди Гүлайдын атын укканда коркконунан бетинин түгү чыга түшкөн Бөркү. Теңир сактасын ал жезкемпирден. “Керегеде кулак бар, кеңешчү болсоң ыраак бар”, ашканада бул тууралуу сүйлөшпөйлү ээ кыздар, бөөдө балээ-жалээге калып жүрбөйлү…

Чын эле кыздар алардын кебин бөтөн киши угуп койчудай баштарын жерге салып, көнөчөктөгү сүттөрүн чулкулдата төтө жол менен бир азга унчукпай басышты.

-Бий-Арслан тегинге ким тамак жеткирип жатат?-деп сурады бир аздан кийин Бөркү кайрадан сөз улай.

-Билбейбиз аны, Сунайым бегимдин нөкөрлөрү алып барып жатса керек,-деди тез-тез сүйлөгөн Чыныгүл.

-Тегин кандай экен? Ким көрүптүр?

Бөркү айылга келген атактуу ханзада кандай болду экен,- деп кызыкты.

-Мурдагы түнү келди, кечээ кечке чейин кагандын ордосунда Куттемир бек жанынан чыгарган жок, бүгүн ууга кетти деп уктук…

-А мен уктум,- деди болбураган Кымызай. “Ханзада жигиттин сырттаны экен”- дешти көргөн кыздар, ушундай бир түп-түз болуп кериле басып келип, кагандын өргөсүнө кирип кетти дейт. Келбети менен сөөлөтүнө бул чөлкөмдө тең келе турган жигит жок дешти…

-Баары бир Карабулут агама эч ким жетпейт,- деди Бөркү.

Анан улутуна, алыстан жашыл тулаңда агарган боз үйлөр тараптан Карабулуттун караанын көрүп каламбы дегедей үмүттөнүп, көздөрүн жүлжүйтө карады…

-Кыздар, жардам берейинби? Ушинтип кулактарынын түбүнөн “зоңк” эткен үнгө чочуп кеткен селкилердин колунан, көнөчөктөрү ыргып кете жаздады.

Минген атынын дабышын билгизбей жете келген Жамгырчыны көрүп, кыздар чуулдап жиберишти.

-Оо, Кудай, жүрөктү түшүрдүң го…!

-Жердин жаракасынан чыга калдыңбы сен…?!

Ушинтип чуулдап жиберишкен кыздарды көрүп, өзү чочуп кеткен Жамгырчы эмне дешти билбей буйдала калды.

-Алыс кет бизден, өзүбүз эле жетишебиз!- деп аны жекирген Бөркү, кабагын түйүп, алдыга дукдуңдай басты.

Кыздарды бөөдө чочутуп алганына уяла түшкөн жигит, Бөркүнү көзүнүн кыйыгын сала бир карап алып, анан атын камчылаган бойдон чаап кетти.

-Асмандан түшкөнсүп, бу кайдан пайда боло калды?- деди Чыныгүл артынан. Айтканыбыздын баарын угуп койгон жокпу?…

-Ошону айтсаң, атпай журттун баары курултайдын камылгасында жүрсө же той камын кылбай же жоокерлердин арасында машыкпай, бул эмне кылып жүрөт?- деди жигитке ачууланган Бөркү.

-Менимче сени карап жүрөт го, ыя?!…

Чыныгүл өзүнчө сырдуу жымыңдай, Бөркүгө карады.

-Быш-шш, койчу ошону, итим да карабайт аны…

Ушинткен Бөркү мурдун чүйрүп эликтей, жактырбай бети-башын бырыштырды.

Жесир аял Тотунун баласы Жамгырчы ар кайсыны шылтоолоп, алардын боз үйүнө көп келет. Ал тургай атасына жыгач уста катары шакирт болсом деп да суранып келген жайы бар. Кудай жалгап, атасы шакирттикке албай койгон, эмнеге анткени белгисиз. Балким, суйкайган сулуу Бөркүнү ары-бери өткөн сайын карай бергенине ачуулангандыр.

Ошол боюнча өз ою менен алек болгон Бөркү үн катпай, кыздарды ээрчитип ылдамдай басып айылга жете келишти. Алдыларынан жасалгалуу ээрди жонуна артып бара жаткан атасы Назар чыкты.

-Кайда бара жатасыз атаке?- деди Бөркү кызыга.

-Карабулут агаңдыкына бара жатам….

-Мени да ээрчите барыңызчы атаке…

-Мен чакыртуусуз бара жатам кызым, анын үстүнө сенин ишиң бар.

-Жок ата,-деди көктөн издегени жерден табылгандай кубанган Бөркү. Мен да барып келейинчи?…

 Анан кыздарга “тез эле келем” деп колундагы эки чоң көнөчөктөгү сүттү кармата салып, атасын ээрчий жөнөдү.

“Мейли барса барсынчы… Агасына барып амандашкандын эмне айыбы бар, бейадеп иш болбостур”,- деп ойлоду Назар.

Эмнегедир Карабулут аны Карашаардан көчүрүп келгенден бери, үй-бүлөсүнүн баары бекзаданы ылым санап, жакын тууганындай көрүшөт.

Назар ушул ойлоруна алаксып бара жатканда, аттардын дүбүртү угулду. Ал артына кылчая карап, дүбүрттөп келе жаткан жоон топ атчанды көрдү.

Атчандар Жараш кагандын айчыктуу[4]кызыл туусу менен алтын жиптен саймаланган, карышкырдын элеси түшүрүлгөн  тууну көтөрүп алышкан.

“Ээ, Шааболот бекзада менен ашиналардын ханзадасы го бу, жанараакта аңчылыкка аттанып жатышпады беле?…Эмнеге кайра келе жатышат?”

Жоон топ атчандар түз эле Жараш кагандын өргөсүнө карай жүрүп кетишти.

“Жараш каган соо болгой эле, болбосо аңчылыктан кайра кайткандары кандай, эмнеге артка кайтышты…?!”

Ушинтип ичинен түпөйүл тарткан абышка кызы экөө Карабулуттун өргөсүнө жетишти.

-Ким керек силерге?!-деп “барк” этти, эшик кайтарган калдайган эки күзөтчүнүн бири.

-Бекзадага келдик эле, амандашканы.

-Бекзадага конок келген!

-Ким келди?- деп үн салды ичкериден Карабулут.

-Жыгач уста кызы менен келиптир.

-Киришсин!

Абышка  өргөнүн эшигинен ылдый эңкейе, Бөркүнү ээрчите кирген кезде, төрдө Карабулут менен отурган атасы Кабыл баатыр ордунан обдулуп туруп жаткан экен.

Ал эки колун бооруна алып, башын ийип, бекзаданын атасы Кабыл баатыр менен амандашып, ызат көрсөттү.

-Беймаал келип алдык бейм бегим,- деди күйпөлөктөй.

-Эч кам санаба устам, ансыз да мен кеткени жаткам… ушинтип Назар  менен анын кызына жылуу кабак тааныта, сыпаа башын ийкеген Кабыл баатыр сылтый басып өргөдөн чыгып кетти.

Карабулут аны менен кучакташа көрүшүп, атасын көргөндөй сүйүндү. Бөркүнү адатынча жылмая кабыл алды.

-Төргө өткүлө ага, төргө…

Кабыл бектен саал апкаарый түшкөн Назар эми өзүнө келип, жонуна арткан куш баш ээрин өргөнүн сол тарабына түшүрдү. Кечээ эле өзү сатып алган кул дебей, же мен бектин баласы элем деп бой көтөрбөй, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган Карабулутка бул ирет да ыраазы болгон абышка кызы экөө тартынбай аюунун талпагы салынган төргө өтүп отурушту.

12-бөлүм

Шербото бабанын баяны

 Жупуну боз үйдүн төрүндө тарамыштай денеси чымыр, улгайса да бетинде бир бырышы жоктой көрүнгөн Кабыл баатыр калдайган мурутун сылай, атайын жыгачтан жасалган, төрт буттуу, жалпак үстөлгө, териге жазылган калың китепти коюп алып, шамдын жарыгына салып окуп жатты. Жанында Айбарча. Кыз үн катпай, өз ойлору менен алек болуп, үлпүлдөп күйүп жаткан шамды тиктеп отурду.

Ханбийке бала чагынан эле көп сүйлөбөйт.

Капа болгондо же кайсы бир суроого көңүлү түйшөлүп жооп таппай жатканда ушинтип устаты Кабыл баатырдын жанына келчү. Баатыр да кыз жан дүйнөсүн эзгилеген ойлордон алаксытып алсын дегендей көпкө отурчу да, бир маалда акырын кыябын келтирип, байыркы уламыштар менен аңыз кептерден жобурап, айтып кирчү. Же Айбарчанын түз берген суроолоруна жооп издеп, уламыш-санжыралар менен баяндарды айтып, кээде алдында окуп жаткан китебин чечмелей кетчү.

Айбарча агасын угуп, анан соболуна көңүлгө толо жооп алмайынча суроо үстүнө суроо жаадырып, түн бир оокумга чейин сүйлөшчү.

Бүгүн да ошондой болду. Айбарчанын Куттемирдин эрке кызы Гүлай, анысы аз келгенсип ашиналардын ханзадасы менен чатакташканы Кабыл баатырдын кулагына эбак эле жеткен болчу. Кабыл кыздын өжөрлүгү менен кашкөйлүгүнө дагы бир ирет сыймыктанып алды. Чыны менен Жараш каганга келип амандашып койбогондой ашиналардын тегини ким экен? Айбарча туура кылган. “Сыйга сый, сыр аякка бал” деген ошол.

Ханбийке жанараакта, күүгүм кирип, көз байланып калган кезде келди. Кыздын акыбалын турган турпатынан эле баамдаган Кабыл адатынча эч нерсе болбогондой, токтоо кабыл алып, алдындагы китептерине үңүлүп отура берди.

Бир оокумда гана кыз башын өйдө көтөрүп, капыстан сүйлөп жиберди.

-Ага, ашиналардын бөрү энеден тараганы чынбы?

Ушул суроону эле күтүп тургандай Кабыл мурутун жанып-жанып алды.

-Ие, ошентип айтып жатышса, чын да. Биздин түпкү бабаларыбыз дагы карышкыр энеден тараганы айтылып жүрбөйбү. Менимче ашиналар дагы күч топтоп, кең  жайыкты багынта баштагандан тартып, өздөрүн “Теңирдин сүйүктүү, кут түшкөн тукуму” деген даражасын көтөргүлөрү келишкен. 

Анан Айбарча Каркыра хандын түпкү бабасы болгон Шербото хан тууралуу айтылып келе жаткан уламышты бала чагынан бери бир нече жолу укса да, Кабыл баатыр кайрадан айтып кирди. Кызды түпөйүл ойлордон алаксытып, дем берейин деди окшойт.

-Шербото бабабыз Алтайда алты дайра кошулуп аккан жерде жашачу экен. Колунда эч нерсеси жок, кедей жүргөн жаш жигит, бала чагынан  ар кимге жалчы болуп тынбай иштеп жүрүп, акыры акысына үч жылкылуу болот. Аларды көздүн карегиндей багып, шиберлүү жерге откоруп, суусу таза булакка сугарып, алпештеп багат. Өзүнчө өргө көтөрүп, эл катары үйлөнсөм деп тилек кылып жүрөт.

Бир күнү түн ичинде кайдан-жайдан келгени белгисиз, көк карышкыр келип, бир жылкысын жеп кеткен экен. Иштеп тапкан мээнети көк жалдын тамагы болуп кеткенине ичи ачышкан бабабыз, карышкырды аңдып калат. Экинчи түнү колуна кыл аркан алып, карышкырды күтүп отурат. Бирок, көзү илинип кетет. Баягы карышкыр дагы келип экинчи жылкыны жара тартып кетет. Катуу ызаланган Шербото үчүнчү түнү  “бүгүн түнү же мен, же карышкыр өлөт”, деп колуна кыл арканын камдап, кирпик ирмебей аңдып жатат. Түн кирип жылдыз толгон маалда, баягы карышкыр келип акыркы жылкысына кол салат. Аңдып турган жигит анын мойнуна кабатталган кыл арканды ыргытып, муунтуп кирет.

Ошодо муунуп өлөрүнө көзү жеткен карышкыр кишиче сүйлөп жиберет экен:

— Жанымды аман кой, сенин айтканыңды кылайын. Жылкыларыңды миң эселеп кайтарып берем.

Жигит макул болуп, көк жалды кыл аркандан бошотот. Баягы карышкыр аны артынан ээрчитип жөнөйт. Көк жал адыр-адыр бел ашат, агыны катуу суу кечет, кең талаалар менен мээ кайнаткан ысык чөлдөрдөн өтөт. Шербото бабабыз анын артынан ээрчип келе берет. Акыры айланасын асман тиреген ак карлуу тоолор курчаган, ортосунда карагайлуу чер токой өскөн бир ажайып жерге алып келет. Бир кырды ашкандан кийин жүлүндөй түтүн чыккан аппак боз үйгө туш болушат.

-Бул боз үйдө баардык бөрүлөрдүн атасы-менин атам жашайт.Түз кирип салам айтып, атамдын оң тизесин баса отур. Адамзат конокко келбегенин билген атам, менин бир күнөө кылганымды, сен ошон үчүн барганыңды түшүнүп, сага “белек берейин” дей баштайт. Сага айткан эч бир белегине макул болбо! Анан: “Мага кер күчүктү, көк чөйчөгүңдү жана өзүң жашаган боз үйдөн жети уукту бергин”,- деп сура. Мени уксаң, атамдын баардык кызыктыра айткан белектерин албасаң, бактылуу жана бай болосуң, укум-тукумуң өсүп, каалаган муратыңа жетесиң,- деп карышкыр кетип калат.

Жаш жигит кирип барса, төрдө сакалы буурул тарткан аксакал отуруптур дейт. Ал ийилип салам берип, анан аксакалдын оң тизесин баса отурат.

Аксакал:-Ушул жерди мекендеп турганыма миң жылдан ашты. Миң жылдан бери менин боз үйүмө киши баласы басып кирген эмес. Жалгыз уулум Көкбөрү сенин жылкыларыңды жегенин билдим. Акысына эмне аласың, каалаганыңды айт,-дептир.

Шербото унчукпайт. Бөрүлөрдүн атасы ага бергиси келген белектерди айтып чыгат. Акыры жигит: “Мага бөрүнүн кер күчүгүн, көк чөйчөгүңдү жана өзүң жашаган боз үйдөн жети уукту бергин”,- деп сурайт.

Абышка ары карап ыйлап, бери карап күлүп, анын сурагандарын берет.

Жигит аларды алып, босогону аттап чыгып, кайра артына кылчайса, боз  үй да, аксакал да закым сыңары жок болуп кетет.

Бир керемет болгонун түшүнгөн Шербото бабабыз бет алган жагына кете берет. Кечке жуук ар тарабынан өзөндөр аккан жашыл тулаңдуу, арча карагайлуу жерге жетип, чарчап-чаалыгып уктап калат.

Эртең менен турса, алтымыш канаттуу ак боз үйдө жатат. “Бул эмнеси?!”- деп чочуп тура калса, боз үйдүн эшигин ачып, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок, ай чырайлуу бир кыз кирет.

Жигиттин оозунан сөзү түшүп, бир канча отургандан кийин, кыздын ким экенин  сурайт. “Мен кечээги келген кер күчүкмүн, жети ууктан ушундай чалкайган боз үй пайда болду. Көк чөйчөктөн сандык-сандык алтын-күмүш, өрүш толо мал пайда болду”,-дейт кыз.

Ошентип, Шербото бабабыз карышкыр кызга үйлөнүп, бактылуу жашап, башынан бак кетпей, байлык менен бийликке жетет. Укум-тукуму өсүп, канат-бутагы жайылып, бир элге хан болот. Анын укум-тукуму биз, мына бийликте келе жатканыбыз бери жагы беш кылымдан ашты.

Айбарча бул уламыштарды жаңы гана уккандай, чын ыкласы менен тыңдап, баш ийкеп коштоп отурду.

-Биз байыркы күн элинин[1] (автор. Гунну уруусу) урпактарыбыз. Ата-бабаларыбыз канча доорлордон бери биягы Алтайдагы Абакан суусу менен Кем дайрасынан (Енисей) тартып чыгышта Бешбалык шаарын ордо кылып, бир бөлүгү жайкысын жанга жайлуу, кышкысын жылуу болгон Теңир-Тоолорду мекендеп келет.

Өздөрүн “көк жалдын тукумубуз” деп эсептеп жүргөн уруулардын дагы бири, күн элинин урпактарынын бири — ашиналар. Алардын түпкү бабасын думшандар колу- бутунан ажыратып, Алтайда сазга таштап кетишет. Кокустан жаралуу жаткан жигитти көргөн карышкыр кыз, өз турагына алып келип, кереметтүү сыйкыр күчү аркылуу, аны айыктырган. Кийин  ошол жигит менен карышкырдан таралган тукум бүгүнкү күндө  өздөрүн “карышкырдан тарадык” дешет. Ошол карышкыр эне менен ашиналардын түпкү бабасынын урпагы болгон Нишаа деген баатырдын он уулу болот. Анын Асаян деген кичүү уулунан Ашина деген бала төрөлөт. Бир туугандары чогулуп Ашинаны хан шайлап алышат. Ашина түрктөрүнүн ата-бабалары жайыктын ээлери болгонго чейин биздин ата-бабабыз мекендеген Со аймагында жашап турушту, андан бери канча жерди которуп, көчүштү.

Ашина тукумдарынын бири Түмөн каган жуан жуандарга темир кендерин казып берип, жалчы  болуп жүргөн түрктөрдүн азаттыгын талашып чыкты, ал гана эмес, акыркы бир кылымда соотчон жоокерлери менен Алтай урууларын өздөрүнө багындырууга жетишти. Арааны катуу жүрүп турган кези, акыркы элүү жылда болду. Түмөн кагандын[2] көзү өткөндөн бери,ашиналардын ич ара чатактары көбөйдү. Алтайды жайлап турган Турду каганга көп баш ийе беришпейт.

Кечээ ашиналар жуан жуандар менен кармашып, аларды сүргөн кезде, алар менен куда-сөөк болдук. Чабылдык-чачылдык, бирок өз наркыбыз менен кыргыз деген улуу атты жоготпой келебиз.

Башка уруулар биздин жазууларыбыз менен тилибизди алышты, анын ичинде ошол эле азыр бийлик башында турган уруулар тамгабызды колдонуп жүрүшөт. Рухубуз менен кайратмандыгыбызга суктанышкан канча уруу катарыбызга кошулду. Канчасы биздин арабызга сиңип, журт болду. Кырк уруу кыргыз болуп бекеринен аталган эмеспиз. Арийне, ушунубузду көрө албаган душмандар андан көп. Башкасын айтпаганда да, атаң Жараш каган салдырган китеп сактоочу жайдын (китепкананын) өрттөлүп кетиши, душмандардын кылганы болду деп ойлойм.

Бабаларыбыз курган Суяб калаасына да көз арткандар көп. Навакет, Төрт-Күл, Барскан биздин калаалар. Ээ, эмнесин айтасың кызым, ушул заманда жоо этектен аңдып турган кез.  Атаң Жараштын “эл-журттун жерин кеңейтсем, элин көбөйтсөм…”- деген тилеги уулдарынын көзү өткөндөн кийин ишке ашпай калды. Атаң жоого аттанбай, алдан-күчтөн тайып калды.

Мына эми бүгүн ашина уругу башчылык кылган, акыркы бир кылымда күчтөнгөн түрктөргө баш ийип, баягыдай өз каганатыбызды кура албай, өз алдыбызча башка өлкөлөргө элчи жибере албай отурабыз.

Баш каганыбыз Турду табгачтардын ( автор. Кытайлар) жаңы гана бийликке келген Суй сарайына, Византия (Рим империясы) менен Персияга Турду каган гана элчи жөнөтүп, чалкыган Теңир-Тоо  (Тянь-Шань) койну менен Алтайды бийлеп калды. Жылдан-жылда аскерин көбөйткөндүн аракетин кылып жатат. Бул жүрүш менен биз аларга көз каранды болуп калабызбы деп корком.

Айбарча устатын унчукпай тыңдап отурду. Эр жигит болуп туулуп калбаганына дагы бир ирет өкүндү. Андай болгондо улуу кол топтоп, ошол ата-бабасынын жолун жолдой, колунан келсе Алтай менен Теңир-Тоого чейинки мейкиндикти ээлеген кең талаага чачылган элдин башын бириктирип, күчтүү каганат курат эле го.

Уландысы бар…


[1] Күн эли-байыркы гунндар же хуннулар көчмөн уруусу.

[2] Түмөн каган-түрк каганатынын негиздөөчүсү Бумынь кагандын дагы бир аталышы, 542-552-жылдары бийликте турган 1-каган. Ашина уруусунун кол башчысы, Романда сөз болуп жаткан Турду (Тардуш) каган, Аяз хан (Ян-Соух тегин), Бий-Арслан (Тон-Ягбу) кагандардын чоң атасы.



[1] Биябан-кумдуу чөл деген мааниде

[2] Торбо-чакан баштыкча

[3] Көнөчөк-териден даярдалган идиш

[4] Айчыктуу-айдын элеси түшүрулгөн деген мааниде


Яндекс.Метрика