7-бөлүм
Орус тилиндеги варианты менен бул шилтемеден таанышсаңыз болот: https://litmarket.ru/reader/ya-vyberu-lyubov-1
Курултай башталаар алдындагы жыйын
Жараш кагандын жибектен тигилген каган өргөсү бүгүн жандуу. Күн чыга электе кагандын ордосунда дасторкон жайган күңдөр бутунун учу менен басышып, тактын оң тарабы менен сол тарабына жайылган дасторкондорго дүр-дүйүм тамактарды коюп жатышты.
Таң атканча тамак бышырган ашпозчулар ар бир даамды кагандын атайын дайындалган кишисине көтөрүп келишип, уу кошулганын аныктай турган күмүш кашык менен текшертип жатышты. Антпесе болбойт, айылда конок көп. Ичи тар кас-душмандар сыйлуу конокторду ууландырып салса, кыргыздар эле доого калат. Айылдагы боз үйлөрдөн түтүн булай, буудайдын наны жыттанып, чыгыштан таң укмуштуудай кооз атты.
Күн көтөрүлүп калган кезде, Куттемирдин буйругу менен Жараш кагандын тактысы жайгашкан өргөгө атайын курултайга катышканы келген төөлөс, азык, байкүчүк, барыскан, чигил, дуулат, чумугун жана башка уруулардын баатырлары, аксакалдары, бектери чогулушту. Аларды кеңешүүгө бүгүн Куттемир чакырткан болчу. Эки күндөн кийин уруулардын арасында салт болуп калган Улуу Курултай башталат, жаздын келишин майрамдашып, ат оюндары өткөрүлүп, куну жогору баалуу байгелер сайылып, чоң салтанат болот.
Кантсе дагы баш кагандын небереси, анан калса өзүнүн жээни эмеспи, алыстан келе жаткан сыйлуу коноктордун бири болгон Бий-Арслан ханзаданы татыктуу тосуп алалы деп ойлогон Куттемир, конок камын жакшылап көрүүнү кол алдындагыларга бекем табыштаган. Бий-Арслан тегин да Курултайга келген бектер менен удаа эле, кечээ кечинде эл орунга отуруп, көз байланып калган кезде келип, таякесине учурашып, конокторго деп атайын дайындалган өргөгө эс алганы кеткен.
Бүгүн кагандын өргөсүнө келип, анын оң тарабында жайылган дасторкондо отурган Бий-Арсланды Куттемир дагы бир ирет карады.
“Көзгө толумдуу, баатыр сыны бар, карындашым Бааркүлгө куюп койгондой окшош болуптур”- деп сынады Куттемир ичинен жээнин.
Ооруп жаткан Жараштын ордун жоктой, кагандын тагы бүгүн бош турду.
Өргөгө чогулган бектерге, аксакалдарга тактын оң тарабында жайгашкан дасторкондо отурган Куттемир сөз баштап бергенден кийин, алар кызматчы жигиттер ийиле сунган кымыздан ичишип, бала-чаканын, мал жандын амандыгын сурашып, жибек өргөнүн ичи аарынын уюгундай күүлдөп, кобур-собурга толду.
Бүгүнкү жыйында талкууга түшө турган маанилүү кептин бири Бий-Арсланга тиешеси бар экенин эсептеп отурган Куттемир, алдыртан жээнине карап, анан оң колун жаңсап ишарат берди. Өргө ичиндеги кептер “тык” токтоп, баары бир заматта дымырап калышты.
Бий-Арслан да ушуну күтүп тургандай, элпек ордунан туруп, дагы бир ирет колун көкүрөгүнө алып ызат кыла, өргөдөгүлөргө амандашып, эки колдоп башын ийип, Жараш ханга деп атасы жазган, түрмөккө оролгон катты Куттемирге тапшырды. Куттемир кагандын битикчисине[1] ээк жаңсады.
Битикчи эки жагын бир сыйра элтеңдей карап, Куттемирдин колунан түрктөрдүн ягбусу, Чачтын ханы Аяз жазган катты алып, үнүн бийик чыгарып, жалпы баарына угуза окуп кирди.
“Ягбу[2] тегин урмат кыла баш ийип, кыргыз каганына салам айтат! Каган, өзүңүз бир кылымдын баатыры болуп калдыңыз. Сиз Суяб чебинин тышындагы баардык жайыктагыларды тынчтандырдыңыз. Жуанжуандарды андаалата чаап, Көйкаптын[3] тоосунан бери аша алгыс кылдыңыз. Ар дайым жоодон кегиңизди алып, адилеттик үчүн түркүк болуп туруп бердиңиз.
Сиз Теңирдин мээри төгүлгөн Турду каган атамдын ордосун, түндүк жактан ар дайым коргоп келесиз. Ак жүрөктүгүңүз менен бизге кылган жакшылыктарыңызды эстегенде, ыраазылык айтарга сөз таба албай кетем. Өзүм каган атам тапшырган ишти улап, Чачка келип, ар кайсы бектиктерди тынчтандыруу аракетинде отурам. Мен сиз менен болгон тектештик, туугандык биримдикти кадырлап, тууган экенибизди дагы бир ирет эске салып, бул ирет жардам сурап кайрылам.
Теңир төбөңдөн урган агабыз Або хан Пайкенддеги ордодо эл бийлеп калыстык кылмак түгүл, өз элин тоноп, кербендерди Персияга өткөрбөй, көп мүшкүл кылууда. Каган атам иним деп Абого канча ирет жакшылык кылды. Бирок, бирин да билбеди. Бүгүн каган тукумуна кайра кас чыгып, биз менен жоолашып отурат. Каган атам жана мен Аяз тегин сиздин көмөгүңүзгө муктажбыз. Кыраан кыргыздардын жоокерлери келсе эле Абонун үстүнөн жеңишке жеткени турам. Уулум Бий-Арслан тегинди сизге учурашууга жөнөттүм. Ага кошуп 100 аргымак жана миң таңгак жибекти тартууга жибердим. Каган, өзүңүздүн бектериңиз жана аскер башчыларыңыз менен кеңешкенден кийин, өтүнүчүмдү жерге таштабайсыз деп ойлоймун.Кубаныч-кайгыда орток болсок деген ниет менен өзүңүзгө жана бектериңизге чогуу салам айтам”.
Ушинтип жазылган катты окуткандан соң, Куттемир бек өргөдө отургандарды бир сыйра сүрдүү тиктеди.
Аскер башы болгондон бери ага “кыңк” этип өйдө караган кишини көзүндөгү огу менен атып жиберчүдөй болгон сүрү, ого бетер көбөйүп кеткендей. Бий-Арслан тегинди бир карап, ой термеп ишенимдүү отурган сөөлөтүнөн жазбай, сакалын сылай бир саамга үндөбөй калды. Ашиналардын ханзадаларынын бири Аяз хан дал ушул мааниде кат жазарын эбак эле билген. Өткөн күздө ал Миң-Булактагы ордого келгенде эле, сөздүн кыябын келтирип баарлашып жатып, Пайкендде хандык кылып турган тууганы Або менен батыша албай жатканын боолгологон. Ал тургай, жоокерлерин тымызын машыктырып да жаткан эле.
Түрктөрдүн каганы Турдунун иниси, азыр Пайкендди бийлеп турганАбо хандын жоругу Куттемирге да маалым. Жараш кагандын да, өзүнүн да кербендерин Персияга өткөрбөй, жигиттерин жиберип, бир нече ирет кол салып, каракчылык кылган дагы жайы бар.
”Эби келгенде эсебиңди табармын”-деп турганда, эми минтип Абонун өзүнүн эле карачечекей тууганы Аяз тегин кат жазып, уулун жиберип отурат. Тээ Алтайды ордо кылып эл бийлеп отурган баш каган, кайын атасы Турду да өзү жардам сурап турган кези экен. Аяз тегин Чачка хан болуп баш каган атасы Турду тарабынан дайындалып, төрт жыл мурда Алтайдан келген эле.
Кат агасы Жарашка арналып жазылса да, аны баарына ачык жарыялап окутканы, жоокер жиберүүгө өз элинен эч ким нааразы болбосун дегени.
Бир аздан кийин бектин каршысындагы дасторкондо маңдайлаш отурган агасы Кабыл баатыр сөз баштады:
-Або хан кечээ эле кытай-табгачтардын[4] Чжоу сарайынын[5] жаңжуңу[6] Дэшэн кол салганда, бизге жардам сурап келип баш калкалаган эле. Энесинен да, жубайынан да айрылып кан жутуп турганда жардам колун сунган элек. Бүгүн мына тынчтык заман келип Пайкендге хан болгону, азамат эрге жагар бир иш кылбай, каракчылык кылганга өттү. Алтайда турган Турду кагандын жасаган жакшылыгын да эсинен чыгарып салган өңдүү. Биз калыстык кылып, тууган арасында ишке киришпей туралы дедик эле, бирок өткөн күздө кербендерибизге кол салып, бейкүнөө жигиттерибизди өлтүрүп, мүлкүбүздү талап алды. Жараш каган менен Куттемир бегибизге ачыктан-ачык эле кас болду. Бул жагынан Абону эсине келтирип тартипке салбасак болбойт го…?
Отургандар дуулдап, бектин агасы Кабыл баатырдын сөзүн коштоп кетишти. Коштобоско чаралары да жок эле. Азыр бул чөлкөмдө Куттемирден башка түмөн колго ээ, каардуу аскер башчы жок. Непадам агасынын көзү өтүп кетсе, бүткүл кыргызга караштуу урууларга каган болуп дайындалганы туру.
Ошол күнкү жыйында ийри отуруп, түз кеңешкен кыргыз урууларынын бектери түрктөрдүн ханзадасы Аяз тегинге жардам берип, Пайкенддин ханы болуп турган Абону чаап алмакка аскер берип, жардам кылуу чечимин кабыл алышты.
8-бөлүм
Каган айымдын өргөсүндөгү кыздардын чатагы
Жыйын болгон күнү кечке дейре Куттемир бек Бий-Арсланды таякелерине, уруу башчыларына тааныштырып, конок кылды. Бий-Арслан даңазалуу Жараш каган таякесине амандашып баруу ниетин келген түнү эле, аны тосуп алган Куттемирге айткан. Бирок, бек Жараш каган катуу ноокастап кыйналып жатканын эске алып, “каган эсине келгенче күтө тур” деп токтотуп койду.
Анын эртеси күнү тегинди Сунайым бегим таңкы ашка чакырды.
-Арыбагыла, аман-эсен келип алдыңарбы уулум?! Агам кандай жүрөт, күүлүү-күчтүүбү? Алтайдагы каган атамдан кат-кабар ала алдыңарбы? Өзүнө учурашууга келген Бий-Арслан менен көрүшүп жаткан Куттемирдин жубайы Сунайым акырын сүйлөп, бектин аялынын сөөлөтүн сактай, төрдө өзүнчө коюлган тактыда отурду. Бүгүн ал, ордонун ички каадасына шай кылып, анан калса алыстан мейманчылап келген иниси менен амандашмак болуп, уулу менен келини, кызы Гүлай менен кошо тааныштырмакка, өзүнүн өргөсүнө эртең менен куш даам татып кетүүгө Бий-Арсланды чакырткан болчу.
Тегин бир четинен алысыраак тууганы, бир четинен жансакчысы болгон Атаян экөө келди.
Сунайым бегимдин жашыл жибектен тигилген өргөсүнүн ичи болушунча жасалгаланыптыр. Ал отурган чакан тактын сол тарабында баалуу аң терилер илинип турат. Жерге кызыл-тазыл перс килемдери төшөлгөн. Алтын жалатылган бир нече чырактандар өргөнүн эки тарабында тизиле коюлган.
Канчалык жупуну, сыпайы көрүнгүсү келсе да, келберсип турган Сунайымдан байлыктын, зоболонун шааниси көрүнүп турду.
Башында тектүү аялдар гана кийчү, уч жагы тоголок болуп жасалган шоңшойгон таажы, өзгөчө баалуу кездемеден тигилген жеңи узун, агыш кызыл түстүү көйнөк, анын үстүнөн эки өңүрүнө алтын жиптер менен куштардын сөлөкөтү, оймолор саймаланган кызыл кемсел кийип алыптыр. Белинде кездемеден кооздолуп жасалган бото кур[7]. Бутунда тизесине чейин жеткен, жука кийизден жасалган, баштары учтуйган ак кийиз өтүк, мойнунда лаал[8]таштар чөгөрүлүп, алтындан жасалган үч катар акак шуру, эки өрүм жоон чачын өрүп артына таштаптыр, уч жагында берметтен жасалган оор чач учтук [9]тагылган.
Эки жигит отурары менен үстүлөрүнө жашыл кемсел кийип, баштарына ак оромол салынган күңдөр ийилип, эки кулагына эликтин мүйүзүнүн сөлөкөтү түшүрүлгөн алтын чөйчөктөргө кымыз сунушту.
Кымыздан ооз тийген Бий-Арслан сөз улады.
-Кош көрдүк, Сунайым эже, жакшыбыз. Алтайдагы каган чоң атамдан кабар ала элекпиз. Чачка көчүп келген төрт жылдан бери, жарым жылда бир кат алып, чабарманы келип турганы болбосо, барууга жол алыс. Атам Аяз күүлүү-күчтүү. Апам да (өгөй энесин айтып жатат), агам Шегу да жакшы,-деди Бий-Арслан бир чети өз эжеси, бир чети таяжеңеси болгон Сунайымга ыйбаа кыла ордо салтын кармана башын саал ийип, бегимдин бетине тик карабай отуруп.
“Тарбия көргөн бала экен”,- деди өз ичинен Сунайым Бий-Арсланга ыраазы боло. Сөз ошону менен токтоп, ортону бир саамга жымжырттык ээледи. Аңгыча өргөнүн сыртынан эркектин кобуру угулуп, боз үйгө Куттемирдин уулу Шааболот жана анын келинчеги Айсун кирип келишти.
Шааболот Бий-Арслан менен кучакташа көрүштү.
-Жакшы жатып, жай турдуңузбу тегин?!
Айсун да ызат кылды, келген меймандарга башын ийкей. Өргөнүн ичи жандана түштү.
-Уулум Шааболот менен көрүшкөндүрсүң? Атасынын кабыланы, биздин сыймыктанган бекзадабыз. Жанында келиним Айсун, Оогандын беги Халит бекзаданын кызы,- деди Сунайым Шааболот менен Айсунду Бий-Арсланга тааныштырып жатып.
Туугандар ордо каадасын сактай, сыпайгерчиликте көрүшүп, амандашып жатышты.
-Гүлай көрүнбөйт го, чакырттыңар беле?- деди Сунайым оң жагында турган нөкөрү Күмүшкө карай.
Нөкөрдүн ордуна келини Айсун жооп узатты.
-Бийкеч бүгүн Жетикаш энемдин өргөсүнө кетти, кербен башы келген экен. “Мени күтпөгүлө”- деп эскертти…
-Ие, “кыздын көзү кызылда”, барсын, барсын,- деген Сунайым көгүчкөндөй сыпаа баш ийкеди да, анан жанындагы нөкөрү Күмүшкө таңкы ашты алып келүүнү буюрду. Өзү тактысынан түшүп келип, жайылган дасторкондун төрүнө отурду.
Баары жайгашкан кезде, өтө баалуу, аппакай кытай форфор [10]табактарына салынган багалаң козунун эти, мөмө-жемиштер салынган күмүш табактар дасторконго коюлду.
Шааболот сөз баштап, адатынча шайдоот отурду.
-Бүгүн аң уулоого чыгып келсек кантет тегин? Эртең курултай башталып кетет, такыр эле колуңуз бошобой калат…
-Бүгүн Жараш каган таякеме барып амандашсамбы дедим эле, ансыз да кечиктим, үч күн болуп кетти,- деди Бий-Арслан кыйылып.
-Каган атамдын абалы бүгүн деле начар, “жумган көзүн ачпай кыйналып жатат”- деп уктум. Сыркоо болуп жаткан кишинин тынчын албаңыз тегин. Мен аңчылыкка деп баарын дайындатып койдум, каган атам көзүн ачкан кезде келип учурашарсыз,- деди оюнда арамдыгы жок, ак көңүл Шааболот.
-Тегерек-Таш деген капчыгай бар, каган атама караштуу аң уулоочу жер. Ал жерди көргөн да, көрбөгөн да арманда. Эми илбээсиндин көбүн айтпа, ушундай бир кызыктуу болот дейсиз тегин…
Сунайым дасторкондо отургандарды коштоп, башын тез-тез ийкей, алыстан келген инисине кубана карап, жайдары отурду.
Алар эртең мененки даам сызып жатышканда, демейдегиден эрте турган Гүлай бийкечти, өзүнүн өргөсүндө чет жерден алдырып келген тегерек күзгүгө карантып коюп, чачын өрүп жаткан нөкөрлөрүнүн билериктери шарактап, чолпулары[11] шылдырттап, күлкүлөрү тыйылбай, өздөрүнчө шаңдуу отурушту.
Алардын шаңдангандарынын жөнү бар. Анткени, демейде кабагын ачпай, ар бир иштен кыйкым таап турчу Гүлайдын маанайы бүгүн өзгөчө ачык. Гүлай кубанбаганда ким кубанат эле! Атасы Куттемирдин зоболосу артып, бүтүндөй эл-журтка аскер башчы дайындалды, ары жагында каган болоруна бир кадам калды. Атасы каган шайланса, Гүлай ханбийке атыгат, Жараш кагандын эрке кызы Айбарчанын жылдызы өчүп, катардагы бирөөгө айланат.
Мындай ойлорун тымызын ичине баккан Гүлай, өзүнө канат бүткөндөй көптөн бери сүйүнүп, маанайы ачык жүрөт. Анан калса, кечинде кербен сапарына кеткенине жарым жыл болгон Карабулут айылга аман-эсен кайтып келди.
”Кагандын кызы болгондон кийин Карабулут меники болбогондо кимдики болот эле”- деп Гүлай ичинен бекем ишенип алган. Анткени, Карабулуттун бийликти жакшы көрөрүн билчү. Жакында бийлик анын атасынын колуна өтөт. Карабулутту жактыргандыктан, алыс-жакындан келген канча жуучуну босогодон бери аттатпай кетирткен да жайы бар. Бул ирет Карабулут айылдан кайра сапарга кеткенче бир айласын таап сезимин ага билдирсемби деп да ойлоп жиберди.
Адатынча ордого салт болуп калгандай кагандын жубайы Жетикаш Карабулут кербен менен келгенден кийин, өзүнүн өргөсүнө ордодогу ак сөөктөрдүн, тектүү жердин кыздарын, алыскы өлкөлөрдөн келген жибектер, дүрүйө[12], атлас сыяктуу не бир баалуу кездемелерди, куну бир канча аргымакка баалана турган шөкөттөр менен аялдар колдоно турган упа-эндиктерди көрүүгө чакырта турган.
Бүгүн мындай чакыртууга барып калса, “Карабулутту непадам көрүп каламбы?”- деп үмүттөнүп алган Гүлай, таң эрте туруп нөкөрлөрүнө өзүн жасантып жатканы ошол болчу.
Чын эле бир аздан кийин Жетикаш канайымдын өз өргөсүнө чакыртып жатканын айтып, анын нөкөрү келди.
Жетикаш канайым өргөсүндө эмес экен, каган катуу ноокастап жаткандыктан, бүгүн ошол жакка кетиптир. Бирок, кааданы бузбай, ордодогу кыз-келиндерге дүр-дүнүйө көрсөткөнгө кызы Айбарчаны дайындаптыр.
Канайымдын өргөсүнө нөкөрлөрү менен шашыла келген Гүлай, эшиктин алдында Карабулутту коштоп жүрчү кызматчылардын бири Телтайдын турганын көрүп, ичинен кымыңдап сүйүнүп кетти. Демек, чын эле кербен башы өзү да ушул жерде экен да!
Аптыга сүйүнүп, анысын жанындагы нөкөрлөрүнө билгизбегенге аракет кылган кыз, өргөгө кирип барган кезде, Айбарча ханбийке төрдөгү секичеде Карабулут менен сүйлөшүп отурган экен. Алардын чогуу отурганын көрө сала, Гүлай ачуулана түштү. Же агасын кызгандыбы, өзү да түшүнбөй калды.
Канча айдан бери күн санап Карабулутту күтүп жүрсө, келгенден бери агасы катары болсо да өргөсүнө бир басып келип койбой, анысы аз келгенсип, Айбарчанын жанына келип алганын кантесиң?!
Карабулут Гүлайды көрө сала, карындашындай мамиле кылып, сыпаа амандашты. Бир аздан кийин “иштерим бар эле” деп шылтоолоп, өргөгө келип жатышкан кыздарды суктанта каратып чыгып кетти.
Анын мындай бөтөн кишидей жасаган салкыныраак мамилесине Гүлайдын ичи ачышып, кабагын карыш салып, түктөйүп отуруп калды.
Кыздар салтка ылайык, адегенде ортого коюлган куржундардан күңдөр сууруп чыккан таңгак-таңгак кооз кездемелер менен жибек, шайыларга оролуп, оймо-чийме болгон кутуларга салынган шөкөттөрдүн улам бирин кармалап көрүшүп, мындайда бири-биринен өтүп, сыпайгерчилик сактаганды унутушту.
Улам бир буюмду алып кайра ташташып, алардын баарын көрсөтүп жаткан мурду таңырайган, эркекке окшоп кең далылуу, сөөк-саактуу соодагер аял Жаркын айымдан бааларын сурашып, айрымдары намяндарындагы[13]дилделерин эсептей албай чөкө таандардай чурулдап жатышты.
Ушул маалда Гүлай Айбарчанын кулагына тагылган, кабыландын сөлөкөтү түшүрүлгөн алтын иймекке көзү түштү. Айбарчанын буга чейин мындай иймек тагынганын көргөн эмес. Анын көзүнө кыздын кулагына тагылган сөйкө укмуш бир керемет, баалуу буюмдай көрүндү. Мындай кооз иймекти Гүлай буга чейин көрө элек эле.
-Жаңы эле алдыңызбы?- деп сурады ал Айбарчанын сүрүнөн чочулап саал тартына, анан Жаркын айымга жүзүн буруп:
-Биринчи буюмдардын жакшыларын ханбийкеге көрсөткөндөн кийин арткандарын бизге көрсөткөндөн уялбайсыңбы?!- деди кекээрлей.
Жаркын айым эмне дээрин билбей, бир саамга оозунан сөзү түшүп туруп калды.
-Сөйкөнү айтып жатасыңбы?!- деди Айбарча. Аны мага Карабулут агам алып келди. Болгон куржундардын оозун азыр сөктүргөнүмдү көрбөдүңбү,- деди жай гана токтоо үнү менен.
Гүлай ачуусун ичине ала мелтейип, Карабулут иймек бергенин укканда, жанын коёрго жер таппай, Айбарчага кантип каяша кылардын айласын таба албай отуруп калды.
Кыздар бир топто араң өздөрүн кызыктырган буюмдарды алып бүтүшкөндөн кийин, аларга Айбарча ханбийке уюштурган сый тамакка отурушту.
Күңдөрдүн бири, ыңгыранып колуна кашык алгандан эринип отурган Гүлайдын жанынан өтүп бара жатканда, шашып кетип, кесеге куйган ысык шорпону төгүп алды.
-Көзүңө албарсты көрүндүбү?!- деп кыйкырып сала берди жанатан бери ачуусун ичине катып араң отурган Гүлай.
-Бетиме төгүлүп, күйүп калсам эмне болот эле?! Селпейген каракчы!
Анан эшик алдында турган жасоолдорду чакыртты.
-Айтыңыз бийкем!- дешти алар кирип келип, колдорун бооруна алып.
-Мынабу селпейген күңдү алып барып, айыл ортосундагы куу мамыга таңып, кырк балак ургула!
-Кайсы күнөөсү үчүн?!- деди ортого түшкөн Айбарча, эч ким эч нерсе болгон жок го?…Шорпо сага төгүлгөн жок…
Жасоолдор кимдин буйругун аткарарын билишпей, ыргылжың боло түшүштү.
-Алып кеткиле!- деди Гүлай көгөрүп, болбосо бул күңдүн ээсин таап сабатам…
-Күңдүн ээси мен,- деди Айбарча ачуусу бетине чыгып. Эртеден бери эмнеге эле кергиштеп жатасың сөз укпай?!
Гүлай анын сүрүнөн чочулай бир аз тына калып, ошентсе дагы каршы чыгууга өттү. Мөрөйүн колдон чыгарбай, отургандарга бүгүн кимдин-ким экенин көрсөтүп коюуну чечти.
-Күңдүн ээси сен болсоң, сени камчылатам!-деди түз эле “сен” дегенге өтүп, албууттана. Керек болсо айдай сулуу бетиме “шорпону төк”- деп сен буйрук берсең керек! Кандай эле бул сөөдүрөгөн түймөк чач, менин жаныма келгенде кесеси колунан ыргып кетет экен?!
Айбарча эмне дээрин билбей, бир саамга элейе калды. Көз көрүнө жалаа жапканы эмнеси?!
-Чокчоңдоп чоң болгонду сага ким коюптур? Өзүңдү ким деп ойлоп жатасың?!- деди бир аздан кийин жаалы кайнап, кара көздөрүнүн оту “жалт” эте.
Ошол жерде отурган кыздардын баары “былк” этпей, ал тургай дем да чыгарбай, жымырап калышты.
-А сен өзүңдү ким деп ойлоп жатасың?! Атаңдын бир буту көрдө турат, баягыдай ханбийке болуп, элди бийлейм деп турасыңбы, кагандык менин атамдын колуна өтөт. Ошондо сенин ким экениңди көрөм! -деди Гүлай тилин тыйбай.
Айбарча отурган ордунан илбирстей окторула ыкчам туруп, сиңдисинин жанына басып келди да, кылычын жалаңдата кынынан сууруп, Гүлайдын аш жутса көрүнүп тургандай болгон апакай тамагына такады.
-Каган атам өлөрүн айтып калыпсың, жанына кошуп сени көмүп салсак кандай дейсиң?!-деди местейип.
Кыздар корккондорунан ызы-чуу түшүп калышты.
-Өлтүрөсүңбү, өлтүр!- деди Гүлай ого бетер долуланып. Бирок, сени да кошо ала жатам. Атаң экөөңөрдүн дооруңар небак бүткөн. Ал тургай алыстан келген ханзада жээниң Бий-Арслан да төшөктө жаткан атаңа үч күндөн бери амандашып барган жок. Мени тескегенди коюп, ушунчаңда өз арбайыңды соксоң жакшы болот эле…
Айбарча кылычын кынына кайра салып, артына шарт бурулду да:
-Каниза!- деп кыйкырды.
Өргөнүн тышында болуп жаткан кайым айтышты угуп, бирок дит багып кире албай айласы кетип турган нөкөр башчы Каниза сурданып кирип келди.
-Сайкүлүктү алып кел, бол тез!…
-Сени менен шашпай сүйлөшөм, ичиңе уу тилдүү жылан кирип кетсе керек!- деди да, Гүлайды көкүрөктөн ары түртүп жиберип, канайым энесинин өргөсүнөн эки аттап сыртка чыкты.
Бий-Арслан тегин мейманчылап жаткан өргөсүнө барган кезде, анын азыр эле Тегерек-Ташка аңчылыкка кеткенин угуп, Айбарча ого бетер ачууланды. Анан өргөсүнө тез кайтып келип, жебе өтпөгөн, тегерек чынжырлардан ортосун жука кайыш менен чырмап жасалган соотун, башына темир бөркүн кийип, айылдагылар аңчылыкка барчу жол менен чаап кетти.
Аны көргөндөн кийин эмне болорун боолголой сезген Каниза, жанына эгиз нөкөрлөрлөрү Акгүл менен Миңгүлдү чакыртты.
-Тезинен аттарды
дайындагыла, жаракат алганда керектелүүчү мумия дарылар салынган тулупту[14]
дагы алгыла, бол тез!-деп буюрду.
[1] Битикчи-кагандын катчысы, кат-сабаты жоюлган адам
[2] Ягбу-Түрк каганатында даражасы боюнча экинчи турган адам.
[3] Көйкап – Борбордук Теңир-Тоодогу мөңгүнүн аталышы, байыркы кездерде жер түгөнгөн жер деген түшүнүктү дагы берген тоонун аты.
[4] Табгачтар-Кытайды каратып алган көчмөн уруулардын аталышы. Монголдордун байыркы ата-теги деп эсептелет.
[5] Чжоу сарайы-Кытайда бир канча жыл бийликте турган хандыктын аталышы. 581-жылы аны башкарып турган Тобо-хан каза тапкандан кийин Чжоу династиясынын ордуна Суй династиясы бийликке келген.
[6] Жаңжуң-кытайча генерал-губернатор деген даражаны түшүндүрөт.
[7] Бото кур-кездемеден жасалган кур.
[8] Лаал таш-изумурд баалуу ташы
[9] Чач учтук- өрүлгөн чачтын учуна тагыла турган жасалга.
[10] Фарфордон жасалган идиштер-Болжол менен VI кылымда Кытайда фарфор идиштерин жасоо башталып, бул кол өнөрчүлүктө революциялык жаңылык болгон. Кытайдын кол өнөрчүлөрү көркөмдөлгөн фарфор идиштердин сырын көп кылымдар бою эч кимге билгизбей сактап келишкен. Мындай баалуу идиштерди ак сөөктөр гана колдоно алган.
[11] Чолпу- аялдардын асем буюмдарынын бири. Чолпуну кээде чач учтук, учтук деп да аташкан.
[12] Дүрүйө-кездеменин бир түрүнүн аталышы
[13] Намыян-акча салган капчык, баштык
[14] Тулуп-териси сыртты карап тигилген баштык