5-бөлүм
Орус тилиндеги варианты менен бул шилтемеден таанышсаңыз болот: https://litmarket.ru/reader/ya-vyberu-lyubov-1
Көк-Сеңирге карай сапар
Күкүктөп, таштан-ташка урунуп аккан тоонун дайрасынын шоокуму алда кайда угулат. Сууну бойлото бирде жыландай ийрилип, бирде кеңейип кетип, чаң ызгыган боз жолдо жалгыз атчан чаап келе жатты. Иңир кирип калган кезде, алыстан карагайлуу төрдүн жайыгыраак жеринде тигилген чатырлар менен алардын айланасында жыбырай жагылган отторду көрүп, Шамыкан мулуңдап сүйүнүп кетти. Астындагы минген аты чаалыгып жыгыларына карабай, кайра-кайра камчылап таскагын ылдамдатты…
Бий-Арслан тегиндин жибек чатырындагы эки кызматчы кечки тамактын камылгасын көрүп жатышты. Тегиндин нөкөр башчысы жана жан сакчысы Атаяндын да оозунан жарытылуу сөз чыкпай, тынчы кетип, төрдө иреңи сурданып отурган Бий-Арсланды улам жал-жал карап коёт. Ханзада кубакай жүзүн араң жарык кылган шамдын жарыгында адатынча жанындагыларга жүз бакпай, миз бакпай отурду. Эмне ойлоп жатканы белгисиз. Бир ишти баштаса, аны бир жаңсыл кылмайынча, оозуна тыңдуулап наар алгысы келчү эмес.
Ушуну жакшы билген кызматчылары андан айбыгыша дасторконго күмүш табакка салынган, отко какталып бышкан этти, жолго чыгарда атайлап бышырылган буудай нанды коюп, анан Атаянга карашты.
-Наар алсак кантет тегин…?
Ушинткен жан сакчы кебинин аягына чыкпай такала калды. Сырттан аттын дүбүртү угулду.
Бир аздан кийин бирөө чатырдын эшигин шарт ачып күүгүм аралаш кирип келди.
-Арыбаңыз, ханзадам!
Ушинтип эки колун бооруна алган чабарман Шамыкан Бий-Арсланга амандашып, чекесин жерге тийгизе тооп кылып, үч бүктөлө чөк түштү.
-Кош көрдүк Шамке, аман-эсен келип алдыңбы? Ат-көлүк аманбы?
Тегин отурган ордунан окторулуп, чабарманды адаттан тыш жылуу каршы алып, кол жаңсай, отур дегендей буйрук кылды.
Талаа жерине убактылуу конуп-түнөгөнгө тигилген бул чакан жибек чатырдын ичинде,
алп денелүү Шамыкан тура калса чатырды башына кошо кийип кетчүдөй болуп өзүн ыңгайсыз сезип, боз чапанынын этегин жыйнай улага тарапка бүкчүйүп отура кетти. Бий-Арслан алдындагы күмүш табакка коюлган эттин четинен бир аз ооз тийип “силер алгыла” дегендей Атаян менен Шамыканга ээк жаңсай ишарат кылды.
Ушундан кийин гана жан сакчы Атаян отко кактала бышкан бир жилик этти Шамыканга узатты. Канча күндөн бери жол жүрүп гүлазыгы түгөнгөн чабармандын курсагы ачканы көрүнүп турат.
Тегин Шамыкан өзөк жалгап алсын деп бир топко унчукпады.
Чабарман эттен жеп, кызматчылардын бири көөкөрдөн куйган бир аяк чоң керден кымызды дем албай тартып жибергенден кийин гана, күнү-түнү ат чаап келгендиктен эрди кесилип, күнгө күйүп карайгансып кеткен өңүнө кызыл жүгүрүп, жүзү тирдене түштү.
-Ие, Шамке, кеп сала отур, кыргыздын кыраан каганы кандай кабыл алды?-деди муну байкаган Бий-Арслан.
-Баары жайында тегин,
Жараш каган таякеңиз ооруп жатыптыр, учурашканым болбосо, көп ишти Куттемир бек менен
бүтүрдүм.Теңирдин мээри түшкөн улуу даражалуу тегинди тосуп алууга жакшы
камылга көрөрүн шарданалады. Бектерин, жайсаңдарын чакыртып,
Улуу Курултайга дагы кам көрүп жаткен кези
экен. Каган өзү жылуу кабыл алды. Куттемир бек да жакшы кабак таанытты, аскер
сурарыбызды кыйыттым. “Тегин келсин көрө жатарбыз”,- деди Куттемир бек. Эч
камтама болбоңуз.Он чакты күн аралыгында кагандын айылына кирип барабыз.
Шамыкан кеткенден кийин санаасы тынчыган Бий-Арслан сыртка чыкты. Айланага иңир кирип, батышта гана манаттай кызарып баткан күндүн кызыл боёктору калган эле.
Бий-Арсланды коштой келе жаткан нөкөрлөрү ар кайсы жерге тигилген чатырлардын жанында кечки тамактын камылгасын кылышып, жалындап күйгөн отко, узун темир шишке сайылган этти кактап бышырып жатышты. Жигит алардан оолактай, капчыгайда агып жаткан тоонун шар суусунун жээгин карай басты. Демейде жанынан карыш жылбай кайтарып жүрчү Атаян дагы андан бир аз алыстай, артта калды.
Куру дымак кылгандын кимге кереги бар? Эч кимге тиш жарып айтпаса дагы, Миң-Булакты ордо кылып отурган таякелерине бой тарткандан бери биринчи ирет бара жаткан Бий-Арсландын Чачтан аттангандан бери эле санаасы тынч эмес болчу.
Кечээ эле даңкы таш жарып турган, чоң аталары куруп кеткен түрк каганатынын, бүгүн ички ыйкы-тыйкысы күчөдү. Бийликте турган туугандар бири-бирине ыкылас салбай, кас-душмандардай кармашып, каганатты башкаруу укугуна ээ болгон ашина уругунун бийлиги алсырады. Византиялыктар жибекти өздөрү чыгара баштагандан бери, түрктөрдү багып турган Улуу Кербен жолунун дагы бедел-баркы баштагыдай болбой калды.
Алтайды ордо кылып турган чоң атасы Турду каганга агасы Чулоху баш ийбей, күн чыгыш жакта өзүн каган шайлап алды. Ага удаа эле Пайкендде хан болуп турган Турду кагандын иниси Або аларга каршы чыгып, өз бийлигин күчөттү. Ушул дөөлөттү куруш үчүн куу найза кармаган канча эрендердин каны төгүлбөдү дейсиң…?!
Эми минтип өз агасына каршы кыргыздардан кол сурап бара жатат.
Бий-Арслан дилинде эркиндикти көксөп турду, асмандан айланган элкин куштай болуп, кайсы жакка болбосун, кете берген эркин адам болсо гана!
Ханзада дегени менен жоопкерчиликтен чыга албайсың. Атасы Аяз хан чоң атасынын айтканын ушул бүгүнкү күнгө чейин “кыңк” этпей аткарып келет. Мекен дейт, эл дейт. Кылыч менен багынган эл кантип эл болот? Туулгандан бери жортуп жүргөн бөрүдөй көчүп-конуп, акыры сөөгү бөтөн жерге көмүлө турган болгон соң кайдан туулган жер дейт?
Ошол көчмөн дөөлөттүн бийлигин сактап калыш үчүн Бий-Арслан да атасына кошулуп, төрт жыл мурда Алтайдан Чачка келди. Жергиликтүү элди башкарып отурабыз дешкени менен акыры келип, ошол эле эл көтөрүлүп кетпесин деп коркот чоң атасы.
Моюндаш өскөн дос кайда? Айылдагы жигиттерди суктантып боз үйлөр менен чатырларды аралап, бурала баскан селкилер кайда? Шиберлүү жашыл чөбү суйсалып, ат чаптырганда “жалт-жалт” этип суналып турган Алтайдын кең жайыктары кайда? Сабада бышылган кымыздай суусу көбүктөгөн, миң салаа болуп аккан дайралар кайда? Бий-Арслан дайыма туулуп-өскөн жерин сагынып кусаланганда, көз алдына ушул элестер тартыла калчу.
Эми минтип ата-бабасы өмүрү көрбөгөн жерге келип, ысыкка какталып, чиркейге таланып буйлалуу төөдөй болуп, чек арадагы чепти кайтарып отурат.
“Эр тайын тартат” дегендей, Бий-Арслан кыргыздарды бийлеп турган атактуу таякелери менен тымызын сыймыктанчу. Ошентсе да, аскер сурап аларга баруунун аягы кандай болот деп ар кайсыны түкшөмөлдөп абыгер[1] тартып отурган. Шамыкан кыргыздар жакшы кабыл алганын айтып келгенден кийин, тегиндин көңүлү бир аз тынчыгансыды.
Бий-Арслан тоонун салкын абасы денесин чыйрыктырганына карабай, боз таштын үстүнө отура кетти. Шаркырап таштан-ташка урунуп аккан суунун аркы өйүзүндө, кол сунса жеткидей болгон жерде карагайлар бой керет. Алар түнкүсүн тоонун бетинде кылкылдап жаткан миң сан жоокерлердей дүкүйүп, өзгөчө сүрдүү көрүнөт экен. Бий-Арслан мындай карагайлардын жытын искей элегине канча болду. Балалыгында искеген тааныш жыт…
Ошол жылы жут болуп, кар тушардан жааган болчу. Апасы Бааркүл менен кошулуп, таякеси Жараш кагандын ордосуна бир кыш кыштады. Эми ойлосо, атасы Аяздын азыркы өзүндөй болгон жаш жигит кези экен.
Кыргыз-Көлдүн жээгиндеги Бешбалык калаасында, чоң атасынын агасы Истеми кагандын[2] ордосунда турушчу. Истеми каган батыштагы утургурларга[3] жортуул кылып, атасы аны менен кошулуп ошол жакка кеткенде, Аяздын кытай аялы менен батышпаган Бааркүл уулу Бий-Арсланды жанына алып, Таластагы Миң-Булак сепилиндеги төркүндөрүн мааналап, кышта келип туруп калды. Жараш хан кыргыздардын ордосун бийлеп турган эле. Ошол жылкы жутта мал-жан кырылды, “эл малдын сөөгүн ундай кылып жанчып, жаргылчакка тартып жеп калды”,- деп айтып жатышканын угуп, бирок анын маанисин алты жашка эми гана караган Бий-Арслан түшүнгөн жок. Алар апасы экөө Жараштын ордосундагы жакшы жасалгаланган, кышкысын жылуу болсун деп туш тарабына кийиз каланган бир бөлмөдө турушчу. Бий-Арслан сыртка чыгып балдарга кошулуп ойноп келсем дегенде эки көзү төрт болсо да, эмнегедир анын жанынан карыш жылбаган багуучу аялдар боло турган.
Апасы Бааркүл шыңга бойлуу, арыкчырай, кара көздөрү бажырайган, жүзү акжуумал, өзгөчө сулуу аял эле, үстүңкү эрди саал чологураак болгондуктан, дайыма жылмайып жүргөндөй сезилчү.
Бирок, эмнегедир ошол кышта жүзү муңайып, ооруган адамдай өңү керсары тартып, ойлуу жүрдү. Бий-Арсланды кээде чакырып алып, балапандын жүнүндөй жумшак, кара чачтарын сылай эркелетип, көкүрөгүнө бекем кысып, тегерек тешикчелери бар темир тор тартылган чакан терезенин ары жагынан көрүнгөн, сепилдин бышкан кыштан курулган бийик дубалдарын телмире карап, көпкө отурчу.
Бир күнү Бий-Арслан эртең менен эрте үлгүрөп уктап кеткен багуучу аялдан качып, байкатпай короого чыкты.
Эшик алды опур-топур болуп, калың тондорду кийишкен жигиттер жааларын асынып, аттарын тизгинден кармай, кимдир бирөөнү күтүп турушкан экен. Буудандар ооздуктарын күтүрөтө чайнап, тааноолорунан чыккан буу асманга көтөрүлүп жатты. Асман түнөрүп, бүркөк. Жигиттердин бир нечеси узун тумшуктуу тайгандарды кармап турушат. Бий-Арслан акырын басып, аларга жакындады.
-Темир аяз катуу болуп жатат ээ, ыя?- деди. Турган жигиттердин бири колун ушалай, бутундагы учу шуштуйган кийиз өтүктөрүн бири-бирине ургулай.
-Ооба, сөөктөн өтөт,- деди экинчиси.
-Аңчылыктан жолубуз болсо экен, каган “курсагы ач калгандардын эсебин тактап, бир үзүм болсо да кедей- кембагалдарга эт тараткыла!”- деп буйрук берди,- деди үчүнчүсү.
Ушинтип сүйлөшүп жаткандардын жанында Бий-Арслан “мени эч ким кет дебесе экен”,- деп ичинен кыйпычыктап, карап турду. Көк муштум болуп үшүп кеткенине дагы кайыл болду. Балага чын эле эч ким көңүл бурбады. Бий-Арсланга ушул турган кызыл беттүү, алп денелүү жигиттер, алардын кыска моюндуу аттары менен тайгандары кызык көрүндү.
Ортодо жигиттердин бири соорусу кең, чаар атты кармап турду. Бир аздан кийин ордодон жанына эки жигитин ээрчитип, таякеси Куттемир чыкты. Жээрде сакалдары түксүйүп, кабагы түйүлгөн таякесин көрүп коркуп кеткен Бий-Арслан “шуу” коюп качмак болуп камынганча, аны көрө салган Куттемир, тиштерин кашкайтып карсылдап күлүп жиберди.
-Бөлтүрүк, сен кайдан жүрөсүң?
Бий-Арслан мени айтып жатабы…?-дегендей эдирейе карап калды.
-Аңчылыкка барасыңбы мени менен?…
Кудай мындай бербеспи, Бий-Арсландын сүйүнгөнүн айтпа… Бир аздан кийин Куттемирдин буйругу менен нөкөрлөр чуркап чыгып, балага жеңи кыска ичикти кийгизишкенден кийин, чаар атына минген Куттемир, аны алдына өңөрүп алды. Бул жерге келгенден бери Бий-Арслан биринчи жолу Миң-Булактан чыкты. Бир топ жол жүрүшкөндөн кийин, бийик тоолорго жете келишти. Бий-Арсландын алгач ирет чоң адамдар менен мындай жөрөлгөгө чыгышы эле. Ызы-чуу түшүп аңчылык башталды. Тоо боорунда эчки-текелер үркүп качышты. Артынан тайгандар абалап кууп, жебелер “зып-зып” учуп… Кайберендерди кууп отуруп, тоонун башына чейин кетишти. Бир маалда калың кар аттын капталына чейин жеткен кезде, таякеси “атка жүрө албайсың”- деп аны Таргын деген жигит менен кошо таштап, андан ары жигиттерин ээрчитип кетти. Карагайлардын арасындагы ылымта жерде Таргын экөө от жагып отурушту. Бир кезде чоң таштын артынан каман чыга калып, Таргын экөөнү качырып сала берди. Бирок, Таргын дагы мыкты экен, каманды кыска шамшары менен моюнга сайып өлтүрдү.
Ошондо Бий-Арслан биринчи ирет ушул көгүлтүр карагайлардын жытын искеген, тоонун өпкө жарып кетчүдөй болгон муздак абасын жутуп, өлгөн камандын жанында Таргын экөө от жагып, суукка кайыл болуп отурган. Биринчи жолу өзүн чоң адамдай сезип, чоңойгондо ушундай аңчылык кыларын аңдап сезген. Ошол күнү Куттемирдин аңчылыктан жолу болду. Кар бурганактап жаап киргендиктен, буюгуп калбайлы дешип, колуна тийген аң менен түн кирген маалда кайра кайтышты. Кайтарда дагы таякеси Бий- Арсланды алдына өңөрүп, жылуу сүлөсүн ичигинин койнуна катып келди. Эч кимге айтпаганы менен алыста жортуулда жүргөн атасын абдан сагынган Бий-Арслан таякесине ошол күнү ыраазы болгондой, ушул күнгө чейин эч кимге ыраазы боло элек. Ушул шуулдаган карагайлардын жытын кайра-кайра жыттай, таш үстүндө отурган Бий-Арслан, Куттемирди жыйырма жылдан бери көргөн жок. Кандай болуп калды экен? Агала сакал болуп карыды бекен же дагы деле алдан-күчтөн тая элекпи… Таякеси анда азыр ордосу Алтайда жайгашкан чоң атасы Турду кагандын кызы Сунайымга жаңы гана үйлөнгөн болчу. Куттемир узун бойлуу, көздөрү тик караган, сакал-мурутун түксөйтүп көп албаса дагы, анысы келишимдүү жүзүнө жарашкан сүрдүү жигит катары эсинде калыптыр…
-Тегин, кайталыбы?!…
Ушундай үндөн “селт” эткен Бий-Арслан, жанында эриндери көгөрүп, үшүп кеткен Атаянды көрдү.
-Чачтын ысык абасына көнгөн экенсиң да ээ,- деди Бий-Арслан ага карап жылмайып.
-Тегин, чынын айтсам үшүдүм, капчыгайдын түн ичинде мынчалык суук болорун билбептирмин. Сизге суук тийип калбасын…
-Мен Алтайдын суугунда чоңойгонумду унутуп калдыңбы?- деди Бий-Арслан сыймыктангандай.
-Кантсе дагы өзүңүзгө караганыңыз жөндүү, тегин…
Бий-Арслан канчалык
ини катары көрөйүн десе да, анын ханзадалык даражасын сыйлап, ар дайым
сыпайгерчилик менен мамиле кылган Атаянга ыраазы боло, жибек чатырын көздөй
басты.
[1] Абыгер тартып-сарсанаа болуп, ойго чөмүлүп деген мааниде
[2] Истеми каган же дагы бир аты Истеми Багадур-ябгу- Ашина династиясынын башчыларынын бири. 552-жылдан тартып 572-жылга чейин Түрк каганатынын батыш аймактарын башкарып турган. Истеминин аракети менен түрктөр Улуу Жибек жолунда өздөрүнүн көзөмөлүн орнотушкан. Византиянын булактарында Дизавул деген ат менен белгилүү.
[3] Утургурлар- V-VII кылымдарда азыркы Дон жана Кубань аймактарындагы талааларда көчүп жүргөн түрк урууларынын аталышы. Болжол менен 568-жылдары түрк каганатынын курамында калышкан.
6-бөлүм
Карабулуттун катылган сыры
Күн кылкылдап, уясына отурайын деп калган эле. Алыстан бийик мунаралары бой керген Суяб калаасы көрүндү.
Тогуз жолдун тоомундагы, кагандын кышкысын кыштай турган ордосунун бири жайгашкан, соодагерлердин мекени болгон атактуу калаа. Шаардын айланасын курчай жоодон коргой турган, кеңдигинен үстүнө эки араба баткан бийик дубал согулган. Күн чыгышты карап турган темир дарбазаны кайтарган кароолдон, атайын уруксаты жок бир тирүү жанды мындай кой, чычкан жорголоп өтө албайт.
Өзү болжогон күнү калаага жете келишкенине сүйүнгөн Карабулут кароолго атайын уруксат белгисин көрсөтүп, эч бир тоскоолдуксуз кербенин киргизип алгандан кийин, жигит башчы Биймырзага дайындап, аларды кербен сарайга жөнөттү.
Өзү Алабайпак жоргосун темине, таш төшөлгөн ийри-буйру жолдор менен шаардын күн жүрүш тарабындагы, атасы Кабылдын эски үйүн көздөй жөнөдү. Алдынан чыккандар көп тааныбасын деп, башына оролгон оромолунун бир учу менен бетинин жарымын жаап алды.
Үстү темир чатыр менен жабылган Суябдагы үй баягыдай эле ээн экен. Ага удаалаш жепирейе салынган үйдүн жанына жетип-жетпей үн салды.
-Оой, ким бар үйдө?!
Үстүндөгү эски көйнөгүн уй чайнап кеткендей бырышкан кароолчу Жанузак Карабулутту көрүп кубана амандашып, аттан түшүрдү.
-Аман-эсен келип алдыңызбы бекзадам!
Карабулут Жанузакты ээрчите үйгө кирди.
Кербенден келген сайын Карабулут бул жерге келип жалгыз түнөй баштаганда, башында Жанузак ичинен “бул жерде эмне жумушу бар?” деп ойлочу. Анын бул суроосуна Карабулут жоопту эбак эле камдап берип койгон. Бир-эки жолу келгенден кийин Жанузакты жанына чакырып алып:
“Ата-энемден кичине чагымда айрылгам. Бектин асыранды баласы болуп, ушул үйдө чоңоюп калдым. Кайда жүрсөм да бул туракты мекенимдей көрөм. Ушул үйдүн короосунан алынган бир ууч топуракты белиме түйүп жүрөм. Непадам жолдон көзүм өтүп кетсе, башыма жаздап кошо көмгүлө,- дегем” деген эле, анда жигит көзүнө жаш тегеренген болуп Жанузакка. Анан чын эле оозу буулуп куруна илинген, ичине топурак салынган боз чыт баштыкты алып чыгып көрсөткөн.
Момун чалыш, туулганы ушул калаадан алыс чыгып көрбөгөн Жанузакка жигиттин айтканы эп көрүнгөн анда. Ошондон бери бекзадага карата сыйы ого бетер артып, ал жок болсо да үйдү аялы экөө зымылдата үч-төрт күндө бир тазалап, короодогу чөптү чаап, жигит кайсы күнү келип калса жатат деп төшөнчүсүн дайындап, күбүп, жайып карап турушат.
-Бекзадам, баары жайында,- деди бул жолу да бүкчүңдөй баскан Жанузак.
-Жатаар төшөнчүңүз да дайын, шам текченин үстүндө, мен жоргону тейлейин, аялга айтып, кечки ашка бир нерсе камдатып келейин,- деди бөйпөлөктөй бутунун учу менен басып.
-Эч нерсенин кереги жок Жаке, кам санабай, тынч гана жата бериңиздер.
-Кантип жатып алабыз?
-Шашылышмын аке, эртең кайра кагандын жайлоосуна жолго чыгам. Курултайга жетип барып калышым керек. Эртерээк уктайын жанараакта шам-шум этип алгам…
-Болуптур анда бекзадам,- кылчактаган күзөтчү артына кайрылып чыга берерде, аны токтоткон Карабулут, “үйдү күзөткөнүңдүн акысы”- деп бир нече күмүш тыйын түйүлгөн жоолукту берди. Ага кошуп, ийинине арта салып кирген куржунунун көзүнөн, анын үй-бүлөсүнө деп камдай келген белегин карматты.
Күзөтчү бекзаданын кербенден келген сайын марттык менен акча берип, анысы аз келгенсип, алыстан ала келген белектерине бул жолу да аябай ыраазы боло, кайра жепирейген боз тамына кайтты.
Ал узап кетери менен жигит текчеде турган шамды алып чыгып жагып, бир топко отурду. Көз байланып, караңгы түшкөн кезде гана темир тор капталган терезеден сыртты карап, эч ким жок экенине көзү даана жеткен соң короого чыкты.
Үйгө катарлаш салынган жайкысын отун койчу жайга акырын кирип, өзүнө гана белгилүү, үстүнө саман төшөлүп, жыгач менен жабылган жашыруун ороону ачты.
Карапаларга салынган алтын тыйындары, ай туяк алтын-күмүш жамбылар менен зер буюмдар ордунда экенин көрүп, койнуна каткан баштыгын алып чыгып, анын ичиндеги алтынын капортосуна чейин толгон кумарага салды.
Ичтерине алтын толтурулуп, оозу ылай менен шыбалган үч карапанын боорун черткилеп, бир аз ыкшап кыймылдатып, алтыны ордунда экенине көзү жеткен соң гана эки көзү жылтырай ороодон акырын чыкты. Ороонун оозун жигин билгизбей кайра жаап, саман төшөп, анын үстүнө бир нече отунду тизгенден кийин гана шыбырт билгизбей, жыла басып үйгө кирди.
Кечке ат үстүндө жүрүп кыйналган жаны, бут серппей уктады.Таңдын муздак сыдырымы денесин чыйрыктырган кезде гана ойгонду. Сыртка чыкканда чыгыш тарапта таң агарып, жалгыз гана Сары жылдыз[1] балбылдап турган экен.
Бул жылдыздын көркөмдүгү менен ажайыптыгын кантесиң. Кайсы жолдо, кайсы жерде жүргөнүнө карабай, Карабулут ар дайым элден эрте ойгонуп, ушул сүрдүү, бирок жаркыраган жылдызды карагандан тажабайт. Бул жылдызды негедир өзүнүн сүйүктүүсү Айбарчага окшоштуруп койгон. Сүрдүү, муздак, ошол эле маалда ажайып жаркыраган жылдыз.
Анан ааламдагы баардык жылдыздар түн менен кошо кетсе дагы, Сары жылдыз алда-кимди күткөндөй, жалгыз тура берет. Бир кезде туулган жеринен айрылып бара жатканда, коштошуп калган Сары жылдыз ушул…
Бүгүн Карабулуттун эсине эмнегедир аны кара көлөкөдөй ээрчий жүрчү, армандуу бала чагы кайрадан түштү.
Атасы Саябан Ыйык-Көлдүн[2] жээгиндеги Кызыл чеп деген жерде “кара арабалуулар[3]” деген уруудан чыккан атактуу аскер башчы эле. Карабулут аны элес-булас билет. Карабулут төрт жашка толгон кезде, атасы аңчылыкта жүрүп, капсынан бийик жардан ат-маты менен учуп кетип, каза табат. Атасынын агасы Додай Саябандан калган байлык менен мал-мүлктү ээлеп, анын ордуна аскер башчысы наамын кагандын өз колунан алып, ага дагы көзү тойбой, анын жесири Ажарды өзүнө никелеп алды. Бирок, бечара аял менен анын уулу Карабулутту кул ордуна жумшап, кылдан кыйкым тапса кызыл камчыга алып сабап, Саябандын үй-бүлөсүнө өзүнөн-өзү өч чыкты. Карабулут керели кечке Додайдын кой-эчкилерин кайтарчу. Кечкисин үстү-башы самсаалап, туурдугунан жылдыз көрүнгөн эски боз үйдө, сыз жерде бит басып кеткен, сасыган көрпөнү жамынып уктаар эле. Күндүз кой жайганда жылаңаяк бутуна чөңөр кирип, анысы таң атканча сыздап оорутуп чыкчу. Апасы арачалайын десе, анын дагы абалы аныкынан өйдө эмес. Додайдын байбичесинин оту менен кирип, күлү менен чыгып, боз үйүнөн карыш жылбай кызматын кылат.
Ошентип, бир канча ирет жай күзгө, күз кышка алмашты. Ошол каргашалуу күнү кой-эчкинин арасынан бир эчки жоголуп, бул үчүн Додай Карабулутту адатынча кызыл камчыга алып, ордунан тура алгыс кылып сабады. Бети-башы жанчылып, эки көзү шишип эч нерсе көрбөй, ордунан тура албай, түнү менен жөөлүп, кулдар уктай турган жыртык боз үйдө эки-үч күн жатты окшойт. Үчүнчү күнү эртең менен апасы карып калган, бет териси сөөгүнө жабышкан, арыкчырай бир кечилди[4] ээрчитип келди. Болжолу кара арабалуулардын айылына Кудай жолуна чакырып келгендердин бири өңдөнөт. Бирде тарсалардын[5], бирде бутпарастардын[6] динине үндөп келген мындай кечилдерге айылдын эли көп унчугушчу эмес. “Бир бечаралар, даам берип койгула, ар кайсыны айтып-айтып, акыры кетишет, биз ата-бабадан калган динибизди тутуна беребиз”, деп айткан айыл аксакалдарына ынаган көпчүлүк, алардын кебин угуп, кечилдердин сунган жыгач аяктарына даам салып берип, тынч гана айылдан узатып коюша турган.
Кечил баланын тамырын кармап көрүп, өзүнчө күбүрөнүп, баш чайкап бир саамга отурду. Анан энесинин кулагына эңкейип, бир нерселерди шыбырай макулдашты.
-Мени менен кетесиңби? деди бир аздан кийин кечил Карабулутка.
-Ооба-деди араң жаткан Карабулут.
-Апаңды кантесиң?
-Аман болсо ат айланып казыгын табат,- деди апасы эки жагын элтеңдей карап. Кечилим, бир амалын таап алып кетиңиз баламды. Бул жерде жүрсө таяк жеп атып, бир күнү өлүп калат.
Апасы Ажар чечкиндүү аял эле, кечил менен алдын-ала макулдашып келген окшойт.
-Макул анда, “балакай, мен сага бир дары берем, кечке жуук өлгөн немедей уктап каласың, коркпо, мен сени ойготуп алам”,- деди ал сырдуу карап.
Карабулут Додайдын чатырындагылардын бирөө-жарымы көрүп калбасын деп, күйпөлөктөгөн энеси менен шаша-буша коштошкондон кийин, кечил берген даамы кыйгыл дарыны ичип жиберди. Чын эле кечке жуук колу-буту муздап, денеси талыкшып, жүрөгүнүн согушу дагы жайлап, акыры деми да чыкпай калды.
Түн кирип жылдыз толгон маалда, боз үйгө уктаганы кирген кулдардын бири Карабулуттун өлгөнүн көрүп, Додайга кабарлады.
-Иттин гана баласы, эки чапкан камчыны көтөрө албайт. Итке ит өлүм!- деди ызырынган Додай. “Эртерээк алып чыгып көмүп салгыла, ата-бабанын мазарын булгабай, өзүнчө Кайкынын белиндеги жакырлардын мазарына көмгүлө!”- деди мандаш токунуп отурган калыбынан жазбай “бурк” этип.
Эки кул баланын тыртайган арык денесин жыгач замбилге көтөрүп, Кайкынын белиндеги мазарга келишкен кезде, көрүстөндөрдүн арасынан түн каракчысындай болгон сөлөкөт көрүндү. Кулдар “көзүбүзгө көрүмчү көрүндү”- деп ойлоп, коркуп кетишип, алды-артын карабай качышты. Көрүмчүдөй болуп капкара кийинип алган кечил Мани, Карабулутту апасына берген убадасы боюнча бул жерде атайын күтүп отурган.
Баланын оозуна бир-эки тамчы суюктукту тамчылатып, ойгонушун күтүп отурду. Карабулут таң сүрө баштаганда ойгонду. Кечил аны ээрчитип, аса таягын таянып, өзү артта калган жолдошторуна жетиш үчүн илкип-калкып жолго чыгышты. Таң шапааты согуп, асманда жалгыз балбылдап жанган Сары жылдыз менен толкундары жээкке урунуп, акырын чайпалган Ыйык-Көл бала менен коштошуп кала беришти.
Карабулут кечилдерди ээрчип канча жерди кыдырды белгисиз, акыры көп убакыт өткөндөн кийин Тибеттеги “Ажыдаар” деген тоого барып кечилканада жашап калды.
Кечил Мани аны өз баласындай карап Агван деген жаңы ысым берди. Мани — бул дүйнө менен чын дүйнөнүн илимин терең билген адам эле. Колунан келсе жакшылык жасайын деп гана турчу. Карабулуттун апасына дагы ошон үчүн жардам бергенин кийин айтты. Балага кагаз бетине жазганды, ага кошуп жадыгөйлүктүн[7] кээ бир сырларын үйрөттү. Анын бири, Тибетте жашаган топоздун ашказанынан алынган кара ташка[8] дуба окуп, ак жайдын күнү кар жаадыра турган жайчылык өнөр эле. Канчалык туулган жерине кайтайын десе да, Карабулут илимге кызыгып отуруп, арадан он жылдай убакыт өттү. Бир күнү Мани кечил ооруп, Карабулут аны күнү-түнү бакты.
Көзүн ачкандан кийин Мани аны жанына отургузуп кеп баштады:
-Агван, өзүндү баламдай эле көрүп тарбия бердим, ак кызматыңды сен да кылдың. “Алыскы Теңир-Тоодо калган энең эмне күндү көрдү экен?”- деп мен да көп ойлодум. Бирок, сени ага кайтарганга буюра турган күн келбеди. Мен түбөлүк сапарга чыкканы турам, ошондой аян көрдүм. “Жакшы ит ээсине сөөгүн көрсөтпөй өлөт!”- деген кеп бар. Мен дагы сөөгүмдү эч кимге көрсөтпөй, алыс сапарга кетем.Сага айтаарым, туулган жериңе кайтып бар. Байыркы китептерде жазылгандарга караганда, “жакында алыскы бир кумдуу чөлдө адамзатка келчү акыркы пайгамбар төрөлөт[9] же буга чейин төрөлдүбү ким билет. Пайгамбардын төрөлүшү менен жумуру баш адам пендесинин жашоосунда зор өзгөрүүлөр болот”,-деп айтылган китепте. Анын желаргысы сенин мекениңе да жетет. Сага айтаарым, туулган жериңе кайтып бар. Жан адамга да жамандык кылбагын. Жамандык айланып келип эле өзүңдүн башыңа келет. Жан түбөлүктүү, акыры жасаган жамандыгыңдан арылмайын, тазалана албайсың. Мен сага үйрөткөн өнөрдү эч кимге айтпай ичиңде сакта жана эч качан колдонбо, напсиңе азгырылып кетип, бирөөгө зыян кылам десең, сыйкырдын кусуру урат,- деди Мани сүкүт сала отуруп.
-Мен аларды бир ишке жаратпасам, ушунча жылдан бери эмнеге аны өнөр катары үйрөндүм?- деди Карабулут.
-Кокустук деген эч качан болбойт, сен кокустан эле мага кабылып, анан бул кечилканага келип бул өнөрлөрдү үйрөнүп калсаң, демек Теңирдин сага жүктөгөн тапшырмасы бар,- деди кечил.
-Ал кандай тапшырма…?!
-Мен аны билбейм, ал ар бир адамдын өзүнө гана мезгили жеткенде маалым боло турган купуя сыр.
-Ошондо мен азыр эмне кылышым керек?!
-Сен бүгүн кечтен калбай жолго чык.Туулган жериңе кайт. Апаң сени жол карап күтүп жүргөндүр. Аны таап, кара жердин боорун тилип, аштык эк, ага жарабасаң, боз чопону отко бышырып кыш куюп, усталарга кошулуп сепил кур, кыскасы маңдай териңди агызып, жандуу макулукка зыян кылбай, тынч жашоонун камын кыл!
— Мен жадыгөйлүк кылып жамгыр жаадырганды, жылдыздарды карап ырам ачып[10], кагаз бетине жазылган жазууларды окуганды, чөптүн сырын айтып табыпчылык кылганды билем. Бирок, бул мага аз, жети кабат көктүн сырын билип, илимди дагы тереңдетсем дейм,- деди Карабулут көжөрүп.
-Андай илимди үйрөнгөнгө бир өмүрүң жетишпейт. Илим алганга сенде токтоолук жок, шашып чечим кабыл аласың, быйыл менин эсебим боюнча он алтыга чыктың, ичиңде от күйүп турган өрт кезиң, бара-бара аның калаар деп ойлойм. Анан калса ичиңде кегиң бар, анын баарынан арылып, жан бүткөндүн баарын кечиришиң керек, ошондого гана башка илимдердин сыры сага ачылат,-деди Мани.
-Мени антип кубалабаңыз, баш кечилдин бөлмөсүнө барып, ордумдан жылбай отуруп тооп кылып, сиздин ден-соолугуңуздун жакшырышын тилеп, буткана[11]дан дуба кылайын,-деди боз улан.
Ошентти да, кечилканадагы жыгач эшикти шарт ачып чыгып кетти. Тоопканада бир нече кечил “Ом, мани падме хум!”[12]— “Оо, лотос гүлүндө жаркыраган бермет!” дешип сүкүт салып[13] отурушкан экен. Аларга кошулду. Канчалык чаалыгып турса да, ошол түнү кирпик ирмебей сүкүт кылды.
Эртеси Манини алар жашаган бөлмөдөн таппай калды. Издеп чыгайын дегенде Намган деген баш кечил аны тыйып койду.
-Манини жайына кой, ал кайып болуп кетти,- деп койду ал, тим гана эч нерсе болбогондой.
Устазы чын эле кайып болдубу же сапарга чыгып бир жерде жан таслим болуп, сөөгү карга- кузгунга жем болдубу…, Карабулут биле албай тынчы кетти. Ары урунуп, бери урунуп, акыры мекенине кайтууну чечип, бир айдан кийин гана тоо башындагы кечилкананы таштап жолго чыкты.Түздүккө түшкөндөн кийин кербендерге кошулуп, Улуу кербен жолу менен сапар алып, айлап жол жүрүп, өзү ыргайдай, бити торгойдой болгон кезде, Теңир-Тоодогу Ыйык-Көлгө жетти.
Кара арабалар уруусунун алачыктары тигилген айылынан аны эч ким кучак жая тосуп алган жок. Эч ким тааныган да жок. Алыстан келген бир кечил экен,- деп ойлошту. Айыл четине тигилген алачыкка түшүп, мейман болду. Алачыкта жашаган улгайган карыяга өзүнүн тек-жайын айтып берди. Апасы тууралуу сураса, аны бир канча жыл мурда агасы Додай сабап жатып өлтүргөнүн угуп жүрөгү тилинди. Карыя “Саябан баатырды дагы, байлыгын ээлеш үчүн аңчылыктан Додай жардан түртүп ийип өлтүрткөн экен”,- деген кептер уруунун арасында айтылып жүргөнүн шардана кылды. Муну уккандан кийин Карабулут жети өлүп жерде калса да Додайдан өч алууга өзүнө-өзү ант берди.
Карабулут Кайкы белдеги мазарда апасы көмүлгөн жерди сураштырып барып таап, көз жашы тыйылбай, көпкө ыйлады. Бир канча күндөн кийин ойлонуп отуруп, кара арабалуулардын айылына кайтып келди. Додайды таап кегин алсам деп көксөдү. Додай өзүнө жакын деген жек-жаатын алып, тоо башындагы жайлоого көчкөн экен.
Кара арабалардын колунда жок жарды-жакыры аштык эгип, жакада калыптыр.
Карабулут тоонун жайпак жерине боз үйлөрү тигилген Додайдын айылына барса, агала сакал болуп карыган Додай неберелүү болуп, бешик той өткөрүп жаткан экен. Ызага муунган Карабулут баштыгынан кара ташын алып чыгып сууга байлап, жайчылык дубасын окуп, ак жайдын күнү Додайдын айылына жети күн бою муз аралаш кар жаадырды.
Айылда жут болуп, адегенде мал жан кырылды. Жети күндүк кар аралаш жаандан кийин суулар ташкындап, күркүрөп сел каптап, сеңирге тигилген Додайдын бала-чакасы менен өзү жашаган боз үйлөрдү, мал жаны менен кошо агызып кетти. Додайдын тукумунан тирүү бир жан калган жок.
Кегимди алдым деген Карабулут жакага келип, бирок, жүрөгү тынчтана албады. Жолго чыгып алдынан чыккан биринчи кербенге кошулуп, бет алган жагына жүрүп кете берди. Кытайга бара жаткан жолдо кербенге каракчылар кол салды. Карабулут кылыч чабууну дагы жакшылап үйрөнгөн эле, каракчыларга каршы ал өнөрүн колдонуп, катуу кармашты. Кербенди кайтарып бара жаткан күзөтчүлөрдүн катуу каршылыгына кабылган каракчылар андаалап качып жөнөштү. Кербен башы Кабыл кыргыздын атактуу баатыры экен, баатыр эле эмес, эл башкарган кагандын каракөздөй иниси экен. Кабыл баатыр баланын ата тегин сурап, жанына ээрчитип алды. Кытайдан кайра Суябга алып келишкенден кийин, Карабулутту жанына кызматчы кылып дайындады. Карабулут билими жана акылы менен Кабыл баатырдын көңүлүн ийгерди. Ата-энеси жок экенин уккандан кийин Кабыл Карабулутту аяп, өзүнө бала кылып асырап алды.
Ошентип, Кабыл баатырдын асыранды уулу болгондон кийин Карабулуттун төбөсүнө күн тийип, багы ачылды. Ошондон кийин кыйынчылык дагы көргөн жок. Кабыл аны өзү теңдүү боз уландар менен машыктырып, жоокер өнөрүн үйрөттү. Кагандын кызы Айбарчаны Карабулут ошол жоокерлер машыккан жерде алгачкы жолу көрдү. Карабулут Айбарчанын агасы катары ат жалында тизгин кагыштырып, эр жетти. Кабыл бектин баласы катары санашкандыктан, Карабулут бекзада атыкты.
Шыңга бойлуу, кара
көздөрү балбылдап оттой жанган, кең далылуу, сүрүнөн адам жалтанган эр жигит
болуп бой тартты. Мына эми Кабылдын иниси Куттемир бектин кербен башы катары
Кытайдын Суй суалесинин борбору атыккан Чанаанга[14],
түрктөрдүн ордо калаасынын бири болгон Беш-Балыкка, андан бери карай Какшаал,
Карашаарга, жайыкка түшкөндө Чач менен Букарага, Византия менен Персиянын
шаарларына чейин таанылып, кадыр күтүп калган кези болчу.
[1] Сары жылдыз-Чолпон жылдыздын дагы бир аталышы. Астрономияда Венера планетасы.
[2] Ыйык-Көл- азыркы Ысык-Көлдүн байыркы аталыштарынын бири.
[3] Кара арабалуулар-уруунун аталышы
[4] Кечил — монах деген түшүнүктү берет.
[5] Тарсалар-иран тилинде христиан динин тутунган адамдарды ушинтип аташкан.
[6] Бутпарастар-буттарга же болбосо (идолдорго) сыйынган адамдар.
[7] Жадыгөй- сыйкыр илими менен алектенген адам. Жадыгөйчүлүк-сыйкырчылык деген маани
[8] Кара таш же дагы бир аталышы яда-таш- атайын дуба окуганда жамгыр же кар жаадыра турган таш
[9] “Жакында адамзатка келчү акыркы пайгамбар төрөлөт”- сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) тууралуу айтып жатат.
[10] Ырам ачуу-гороскоп же астрология илимдери менен алектенүү.
[11] Буткана-бутпарас дини боюнча сыйына турган айкелдер турган жай
[12] “Ом, мани падме хум”- мааниси “Оо, лотос гүлүндө жаркыраган бермет!”-тибет буддизминде эң кеңири таралган мантралардын бири.
[13] Сүкүт салуу-медитация кылуу
[14] Чанаан-Кытайдын ошол кездеги Суй хандыгынын борбор калаасы