“Мен сүйүүнү тандайм” романы, 1-бөлүк
аудио китептер

«Мен сүйүүнү тандайм» романы, 5-бөлүк

13-бөлүм

Курултайдагы жолугушуу

Ошонун эртеси күнү Көк-Сеңирдин жайлоосунда көчмөн уруулардын арасында көөнө замандан бери өтүп келе жаткан курултай башталды. Боз үйлөр кыркалекей тигилди. Жайыкка киши батпай, быкылдап турду. Он күн бою улак тартылды, дагы он күн бою буудандар менен күлүктөр күнчүлүк жерге чабылды.

Ал ортодо эңгезердей эрендер найза сайышты, кыл чайнашкан балбандар эр эңишке түштү. Билектери сомодой, булчуңдары таштай болгон балбандар күрөшкө чыкты.

Уруу-уруу болуп мелдешип, жамбы атып, жаа тартып, ит агытып, куш салып келген меймандарга жакшы эле оюн- зоок уюштурулду. Байгеге ак күмүш, кызыл алтын, үстүнө баалуу килем жабылган жүздөгөн нарлар коюлду. Алдыга келген күлүктүн баш байгесине деп, сулуу күң баштаган үч жүз төө, үч миң жылкы, жети миң кой сайылды.

 Таман чыккан жылкылар күнү-түнү катар-катары менен союлуп, чүйгүн майлуу эт ченемсиз тартылып, “Ала-Тоодой эт болуп, Ала-көлдөй чык болуп” деп айтылган кептен ашса ашып, асты кем болгон жок. Суусундугуна кымыз сунулду.

 Көчмөндөрдүн эзелтен келе жаткан шаанилеринин бири, ушундай жыйындар менен аш-тойлор. Аларсыз көчмөн көчмөн болбой калбайбы! Көчмөндөрдүн башын ушундай жыйындар менен аш-тойлор бириктирип турат. Бул салттар болбосо, эбак эле топ таштай чачылып, бөрүдөй улуп, итче тытышкан не бир доорлорго сиңип жок болуп кетишмек.

Айбарча бул курултайда жаамы журттун алдына чыгып, өзүнүн өнөрүн көрсөтүп, мелдешке катышууну чечти. Ага Гүлай менен болгон чатактын да салымы бар.

Гүлай атайын жалданган жигиттерге дилде берип, алар аны “келбети суук, копол, орой кыз” деп жалган кеп таратып жүргөнүн буга чейин эле нөкөрлөрү айтып келишкен. Ал тургай нөкөр башчы Каниза Гүлайды Жараш каганга айтып, жаза берүүнү да суранган.

Айбарча тек гана “Сиңдимдин айыбын ачканда эмне? Мен ошондой орой кыз экеним чын, ал эми келбетимди болсо, Теңир жараткан, кандай экенимди эл-журт көрүп турат. Жаман ойлогон адамдын жазасын Теңирим өзү берет”,- деп кол шилтеп койгон.

-Бирок, башка уруулар Гүлайдын бул “жомогуна” ишенип алышыптыр!-деп жаны күйгөн, анда Каниза.

-Ишенип алса эмне экен! Эл оозунда элек барбы, ар ким өз ишенген кебин айта бербейби!-деп моюн толгогон болчу Айбарча.

-Ханбийкем, баары ошол сөзгө ишенип алгандыктан, сиздин колуңузду сурап бир дагы баатыр же бекзада келбей жатат го!

Ушул сөздү нөкөр башчыдан укканда Айбарчанын ачуусу келди.

Олдоксон сүйлөп алганына катуу чочуган Каниза ханбийкенин каарынан коркконунан, кымырынып эмне кылаарын билбей калды. Бир чети кыздын көңүлүн сындырып алдымбы деп томсорду.

Бир аз үндөбөй отургандан кийин ханбийке мыйыгынан жылмайды.

-Чындап эле баатырлар мындай сөздөрдөн улам колумду сурап келбей жатат дейсиңби? Балким, алар атам менен агамдын атак-даңкынан чочулашар. Балким, чын эле “терсаяк, орой кыз экен” деп коркушаар. Бирок, менин көздөгөнүм турмушка чыгуу эмес да…

Каниза “анан эмне?”- деп сурап жибере жаздап, кайра да кызды ачуулантып албайын деп, тилин тишине басып унчукпай калган болчу.

Айбарча  Курултай маалында каган ордодогу жыйындардын бирине, ооруп жаткан атасынын ордуна катышууну Куттемир агасынан өтүндү. Ал макул болду. Жамбы атууга катышмай болду. Бул үчүн нөкөр кыздарын да, өзүн да мыктап даярдай баштады.

Курултайдын жетинчи күнү өтүп жаткан. Бүгүн жамбы атуу оюну өтмөк. Таң эрте Куттемир бектин өргөсүнө уруу башчылары менен бектер жыйынга чогулду. Алар буга чейин кайсы уруу кандай жеңишке жетишкенин, кимдин салган кушу алгыр, чапкан аты күлүк, күрөшкө түшкөн балбаны күчтүү экенин талкуулап жатышты.

Бий-Арслан тегин эл жакшылары менен тең катарда эле аяк-башы кең өргөдө отурду. Өткөндөгү чатактан бери эмнегедир Айбарчаны көп эстечү болду. Кыздын алдын торой чыкканы оюна түшө калганда, мыйыгынан жымыйып коёт.

Ошол күнү кечте жигит башчы Атаян Бий-Арсланга  келип, Куттемирдин кызы Гүлай менен ханбийке кайым айтышканын, бул үчүн Куттемир бек Гүлайды катуу жазалап, аны ханбийкеден кечирим суратканын, каарын бетине алган бек андан кийин да токтоп калбай, Гүлайды өзүнүн өргөсүнө “Курултай бүткөнчө чыкпайсың!”- деп каматканын айтып саймедиреген. Эмнегедир Бий-Арслан ичинен Айбарчаны жактап турганын өзү да сезген жок.

-Айбарча таежеңиздин бүгүн ачууланып алдыңыздан чыкканына Гүлай таежеңиздин тукурук сөзү себеп болгон окшойт,-деди Атаян Бий-Арслан эмне дээр экен дегендей алдыртан тиктей.

-Эмнеси болсо да менден калпыстык кетти, бүгүн Жараш таякеме барбасам, айыбым ат көтөргүс болмок эле,- деп “күңк” эткен анда тегин. 

Өргөнүн ичи дуулдап турган кезде, капысынан каалга шарт ачылып, кагандын кызы Айбарча кирип келди.

Кийген кийими өзүнө куп жарашып, алтындан баалуу таштар чөгөрүлүп жасалган кемер куру кымча белине кыналып, маралдай кериле басып келип, Куттемир бектин жанына коюлган такка отурду кыз.

Өргөдөгүлөр бир саамга жымжырт боло калып, кызды суктана тиктеп калышты.

-Карындашым Айбарча, Жараш кагандын жалгыз кызы,-деп “зоңк” этти, отургандарга Куттемир бек, өзү да карындашын сыймыктануу менен карап:

-Бүгүн өзүңөрдүн батаңарды алып, нөкөр кыздары менен жамбы атууга катышсамбы дейт!

Чекчейип отурган жигиттен тартып бөкчөйүп отурган чалга чейин кызды колдоп “катышсын!”-деп дуулдап жиберишти.

Кыздын жүзүн ушуну менен экинчи ирет көргөн Бий-Арсландын жүрөгү “селт” этти. Шыңга бойлуу, бураң бел, кырдач мурун, тик кабак кыз экен. 

Жамбы атуу оюну болгон кезде, баатыр кыз, куду каухар сымал жылтылдап, топ кыздардын арасынан өзгөчө бөлүнүп, көзгө түшүп турду.

Мелдешке чыккан Айбарча оймоктой эрдин бек кымтып, ат үстүндө зымырылта чаап баратканын көргөндө, Бий-Арсландын жүрөгү “шуу” этип, аттан кулабаса экен деп коркуп, Карагер атын жалга таптап, делдиреп турду. Алыстан Сайкүлүгүн катуу чаптырып келген Айбарча бир нече нөкөрү менен бийик жыгачтын башына илинген тай туяк, уй туяк жамбыларды биринин артынан бирин атып түшүргөн сайын, көргөндөр кыздардын чеберчилигине таң берип, кыйкырык-сүрөөнгө алып, коштоп турушту.

Дуулдаган калың топтун күрү-күүсүнө кулагы тунганына карабай, кашындагы жигиттерин биринчи жолу капарына илбей, Бий-Арслан Айбарчанын ар бир кыймылына көзү тойбой, кайра-кайра тамшанып карай берди.

Анан аны бир ай мурда атасы “куда түшүп барасың”,- деген кезде “тиштери арсайган, келбети суук кыз экен” -деп ойлоп, баш тарткысы келгенин эстеп, бир сыйра жымыйып алды.

Кызыгың түшкүр! Мындай сулуу кызды эмне үчүн антип айтышты экен? Чын эле көзүң менен көрмөйүн, айткан кепке ишенбеш керек экенине, ушул жолу даана ынанып турду.

Кыз бала болуп туруп, илбериңки кыймылы менен шамдагайлыгын кантесиң, кабыландын сөлөкөтү түшүрүлгөн алтынсагактарынын [1]өзүнө жарашканын кантесиң… Шамалга тотуккан ак жуумал жүзү, жоодураган карагат көздөрү… Мындай сулуу жана баатыр таежеси бар экенин билбей, Бий-Арслан ушуга чейин эмне кылып жүрдү десең…

Ушинтип ойлогон тегин кайра бул оюнан өзү уяла түштү.

14-бөлүм

Үңкүр-Булактагы кездешүү

Кагандын айылындагы аңчылар, колуна тийген аң-терилерин, айыл четинде жайгашкан бир нече боз үйгө алып келип тапшырышчу. Алардын баарын ошол жерде иштеген аялдар атайын ашатып, жууп-тазалап, өңүнө келтиришчү. Баалуу терилерди иштетип чыгышкандан кийин, тартууга кеткенин тартууга деп бөлүп, кийимдин жакасына, тондор менен ичиктерге иштеле турганын, тигүүчүлөргө өзүнчө бөлүп беришчү. Булардын баарынын үстүнөн текшерип карап турууга Айбарча жоопкер боло турган.

Кундуз, суусар, сүлөсүндүн терилери сыяктуу аң-терилерди канча экенин, кандай иштетип жатышканын көргөндөн кийин, ханбийке күн ала көлөкө болуп калган кезде, айылдан ат чабым алыс турган Үңкүр-Булакка, жанына Канизаны ээрчитип аттанды.

Үңкүр-Булак тоо боорундагы үңкүр. Ооз жагы кууш, түп жагы үй ордундай жайык болуп кетет.  Ошол түп жагында бир киши аты менен кошо бата турган, жалгыз аяк жол бар. Андан ары жүрүп отурса, адам аскалуу тоонун аркы бетине чыгып калат. Мына ошол жерде, аскалардын арасында шылдырап аккан, төөнүн көзүндөй болгон, бото көз булак бар. Булактын суусу агып чыгып, бирок таштардын арасына сиңип жок болот. Күн аскалардын арасынан бир аз гана көтөрүлөт да, анан тез эле көрүнбөй калат. Булакты тегерете укмуштуудай кооз гүлдөр өсөт. Алардын бири “кызыл жапырак” деген гүл, ал гүл  кулжа айында бир нече күн гана гүлдөйт. Анын дарылык касиети оору адамды соо кылып, соо адамды күчтүү кыларын Карабулут агасы айткан. Аны дарылык үчүн бир нечесин жыйнап алайын деп ойлоп жүрүп, айылдан коноктордун көбү узагандан кийин бүгүн камданып чыкканы ушул.

Үңкүргө жете келишкен кезде, анын ооз жагында эки аргымак байланып турган экен. Карабулуттун Алабайпак жоргосун даана тааныган Айбарча, “агам дагы ушунда турбайбы! Ал дагы дары чөптөрдү тергени келсе керек”,-деп ойлоп, кубанып алды.

Чын эле булактын жанынан агасын кездештирди. Бул жолу Карабулуттун жанында жигит башы Биймырза эмес, Назар устанын баласы Телтай жүргөн экен. Ал ызат кыла кыздарга амандашып, четтей берди.

“Бекзадам, Айбарча ханбийке келе жатат”,- деди Телтай, жерде эңкейип алып, колундагы кичинекей темир чукулук менен чөптүн тамырын акырын казып жактан Карабулутка карап.

Айбарчаны көрүп Карабулут өйдө боло берди.

— Кош көрдүк агатай, сиз дагы дары чөп тергени келдиңизби?

-Кош келдиң, ханбийке! Ооба, “Алтын тамырларды” терип жатам.  Сенин келгениң жакшы болбодубу?

Куржундун жарымына жете казылган тамырларды көрүп, Айбарча кызыга  сурады.

-Ушунча көп тамырды эмне кыласыз ага?

-Бул “алтын тамыр” алтын дегениндей эле бар. Аны тигил Чанаанга  ( Кытайлардын Суй суалесинин борбору) жеткирсем, табгачтын (кытайдын) көпөстөрү алтын жамбыларга алышат.

-Ушул тамырдыбы? Анын эмнесин анча баалашат?

-Императордун сарайында бул тамырды “өлүмдөн башканын баарына дары”- деп эсептешет жана император гана колдонот. “Бул тамыр Жень-Шень деген сулуу кыздын көз жашынан пайда болгон”- деген уламыш бар.

Айбарча отура калып, касылып жаткан тамырлардын баарын бириндетип, анан ирети менен куржунга салып кирди.

Карабулут күлүмсүрөп, унчукпай мемиреп турду.

Айбарча биринчи жолу батынып, атасынын оорусу тууралуу сурады.

-Атам эмне оору менен ооруп жатат, айыгып кетерине ишенесизби?- деди, Карабулутту үмүттүү карап… Жигит кыздын күнгө тотуккан ажарлуу жүзүн бир азга карап туруп, анан көзүн ала качып кетти.

-Ээ, каган атамдыкы карылык да, айыгат, дагы узак жашайт,- деди Айбарчаны тиктебей, алдындагы чөптүн тамырын казымыш болуп.

Айбарча зирек жаны, Карабулуттун калп эле аны жооткотумуш болуп жатканын сезип, ичинен тымызын үшкүрүп алды. Андан башка тиш жарып бул тууралуу сураган жок.

Карабулут аны сөзгө алаксытты.

-Музмурутту укмуш таптагансың го, шаңшыган үнүн угуп, аны менен кошо бир аң уулоого чыгып келсекпи деп ойлоп койдум.

-Ооба, табына келип калды, уядан албай, тор менен алгандыктан, шаңшычаал болуп калды. Бирок, карышкыр алгандан кайра тартпаган бүркүт болду.

-Ханбийке, эртең мени менен кошо Шелжи кыштагына барып келсең кантет?-деди, бир азга унчукпай калгандан кийин Карабулут.

-Ал жерге эмнеге барасыз ага?

-Ошол кыштакта темир усталар жашашат эмеспи. Алардын бири жакындан бери күмүш ээритип, күмүштөн зер буюмдарын жасап жатыптыр. “Абдан мыкты жасайт экен”,- деп уктум. Мен анын жасагандарын көрүп келсемби дегем. Эгер жакшы болсо сатып алып, кайра соодалаганга Византияга алып кетем.

-Мен бара албайм го ага, атам ооруп жатканда, жанынан эч жакка чыккым келбейт.

-Ооба,- деди Карабулут өзүн күнөөлүү сезгендей башын ылдый салып.

Анан эстей коюп сурап жиберди:

-Бул жолу Византиядан эмне белек ала келейин?

— Мен сураган нерсемди алып келе аласызбы? 

-Сен үчүн эмне болсо да, куну канча болсо да алып келем.

-Анда мага китеп ала келип бериңизчи…

-Макул, ала келем. Византияда чыны менен китептер кымбат. Аны жазууга малдын терисин калдырак кылып иштеп чыгыш үчүн өтө эле көп түйшүк талап кылынат. Өзүн сабаттуумун дегендин баары, китеп сатып алыш үчүн эч нерсесин аягылары келбейт. Бирок, аны жазганга тери жетишпей жатат. Кагаздар болсо кымбат, аны Чанаандан алып барыш керек…

Карабулут ушуларды жобурап, кыздын жанынан чыккысы келбей турду.

15-бөлүм

Аскер кошуунунда

Бир ай өтүп, Көк-Сеңирге курултайга келген коноктор толук тарады. Айылда Куттемир кол башчынын жообун күтүп, жигиттери менен Бий-Арслан гана калды. Карабулут уздар токуган килемдерди, баалуу аң-терилерди жыйнап, Персияны карай сапарга аттанмай болду. Жараш каганды иниси Кабыл, ордонун табып, тамырчысы Аргынтай жана Карабулут үчөөлөп карап, жакшылап дарылап жатышып, ден-соолугу бир кыйла жакшырды. Агасы сакайып калганын көрүп санаасы тынчыган Куттемир, бүгүн Бий-Арсланды жигиттери менен ээрчитип, айылдан ат чабымдай алыс турган Бөрү-Тоо деген жерге жайгашкан аскер кошуунуна алып келди. Ылдый жайыкта суу агып, малга дагы, жанга дагы суу алып ичкенге ылайыкталыптыр. Жапыз болуп башталган бөксө тоолор бийиктеп барып, аягы аскалуу чап болуп кетет экен.

Мындай жерге бөтөн бирөөнү алып келбесин даана билген тегин, таякеси Куттемир кол башчынын ага карата жаман ою жок экенин, ушул ирет даана сезди. Аскер кошуунуна жүздөгөн чатырлар тигилген экен. Ат баккычтары үчүн өзүнчө, курал-жарак тазалагычтар үчүн өзүнчө, жоокерлер жууна турган, азык-түлүк камдай турган жерине өзүнчө чатырлар тигилиптир. Ортодо кол башчынын аппак чатыры жайгашып, анда Жараш кагандын ай тамгалуу кызыл туусу желбиреп турат.

-Өмүрүмдүн көбү ушул жерде өтүп бара жатат,-деди Куттемир ортодогу чатырга жакындай бергенде, жанында Карагер атын бастырып келе жаткан жигитке карап.

Тегин унчукпай башын ийкей, бул кошуундун кеңдиги менен иретине суктанып, жака-белин бир сыйра көз элегинен өткөрүп, таякесинин аргымагына куйрук улаш, үзөңгү кагыштыра келе жатты.

-Мындай кошуун бул чөлкөмдө жок,- деди ортодогу кең аянтка жете берген кезде, жоокерлер машыга турган буталар менен жыгачтан жонулуп жасалган адамдардын сөлөкөттөрүн бир саамга кызыгуу менен тиктеген Бий-Арсланга караган Куттемир.

-Ошондойбу таяке?…

-Ырас чигилдердин беги Баястын аскер кошууну мындан дагы жакшы деп уктум. Анын жоокерлеринин саны дагы биздикинен эки эсе көп. Аргымактары дагы мыкты. Бир кемчилиги, алар чөлдө жайгашкандыктан, аргымактары биздин тоолорго жакшы жүрө албайт.

-Ооба,- деди Бий-Арслан, түзөңдө жүргөн жылкы менен тоодо жүргөн жылкынын айырмасы көп.

Анан; “эмнеге Куттемир чигилдердин бегинин кошууну менен өзүнүн кошуунун салыштырып жатат?”- деп ойлоп койду.

-Жарым айдай ушул жерде машыгабыз,- деди Куттемир, ортодогу өзүнүн чатырына жакындап калган кезде.

-Кулжанын[1] айынын он-он бештеринде Або ханга каршы жортуулга аттанып, жолго чыгабыз. Аяз ханга бул тууралуу кат жөнөттүм. Ага чейин бул жерди уруксатсыз таштап кеткен жоокер, “аскерден качты” болуп, өз жазасын алат. Ушуну чоролоруңа эскерт. Оң жакта тигилген боз чатыр сеники уулум. Ага катарлаш тигилген чатырларда жан сакчыларың менен чоролоруң жайгашат. Эртеңден баштап машыгуу башталат. Сен барып жайгаша бер уулум, кечки куш даамдын үстүндө көрүшөбүз.

Ушинткен Куттемир, ага башын ийип амандашып турган бир нече жоокерге колун бооруна алып учурашты. Чатырга жете берген кезде, астында минген атын суулуктан алган ат кошчунун көмөгүн күтпөй, көзгө илешпей ээрден түштү да, ортодогу өзүнүн чатырына кирип кетти.

Куттемир аскер тартибин мыкты карманган кол башчы экенин Бий-Арслан атасынан далай ирет уккан. Ошондуктан, анын айтканын баш тартпай  жасашы керек.

Жигит Жараш кагандын Көк-Сеңирдеги айылынан алыстап кеткенине эмнегедир ичи ачыша, бирок анысын эч кимге билдирбегенге тырышты.

Жүрөгүн кандайдыр бир билинер-билинбес кусалык ээлеп, эмнеге антип жатканын өзү түшүнбөй турду. Кимге кусаланат, эмнеге кусаланат? Атасы Аяз болсо Чачтагы ордодо жатат, бир тууганы Шегу да, өгөй энеси Сю Ин да ал кусаланып сагына турган кишилер эмес. Бий-Арслан Чачтагы ордодо көп болбой, сасаниддер менен чектешкен аймактагы, Кара-Дарыя деген жердеги сепилде өзүнчө турчу. Кара-Дарыяда жай ысык болот. Эртели-кеч жигиттерин ээрчитип, сепилдеги чарпаялар менен курчалган өзүнүн сарайын таштап, чакан чептин тышындагы жайыла аккан дайрага барып, аттарын жууп-тарап, анан өздөрү сууга түшүп сергишчү.

Атасы Аяз Алтайдан көчүп келген төрт жылдан бери жыл сайын үч-төрт айга Чачтагы ордого чакыртат. Кат сабатын жоюп, ордонун таалимин алсын дегени.

Быйыл эмнегедир ордодо жарым жылдан ашык жүрүп калды. Сасаниддер менен өткөн күздө тынчтык алакасына жетишкенден кийин абал бир топко тынчыган. Бий-Арсландын ордого көпкө жүрүп калышына, ушул тынчтык себеп болду. Эми мына кайрадан атасы Аяз хан Пайкенддеги иниси менен кармашканы турат.

Үстүндөгү чапанын чечип, чатырдын сол ыптасында турган жыгач түркүккө илди да, төрдөгү аюу талпактын үстүнө отура кетти. Тулкусун шалдыроо басып турду.

Оюна эмнегедир кагандын кызы Айбарча сулуу түштү. Көкүрөгүн эмнегедир жылуу сезимдер жымыратып баратты. Айбарчадан алыстап кеткенине жүрөгү кысылып жатканын эми гана түшүндү.

Ошондон бир нече күнөткөндөн кийин Куттемир он түмөн колуна кол башчы кылып, атактуу Жанак баатырды дайындап, ошол эле кошуунда Пайкендди карай аттантты.

Бий-Арслан кайрадан Көк-Сеңирдеги айылга бара албай калганына, Айбарчаны көрбөй калганына катуу өкүндү.

16-бөлүм

Туран менен Буркандын окуясы

-Буркан деген кишинин үйүн билесизби?

-Ооба, билем. Тигил четтеги үстү саман менен жабылган үй ошонуку…

Ушинтип жол сураган чабарман кара атын дикилдете бастырып, Суябдагы бул сырты ылай менен шыбалган үйгө жакындап келип, добуш салды:

-Буркан ушул үйдө турабы?!

Үйдөн башын боз чүпүрөк менен таңып алган, курагы отуздар чамасындагы жигит чыгып, “эмне болуп кетти?” дегендей үрпөйө бери басты. Эшиктин алдында күн чубактап отурган карыган апасы да элейип карай, кулак түрүп калды.

-Ооба, менмин Буркан…

-Кагандын жарлыгын алып келдим.Тезинен Көк-Сеңирдеги ордого барышың керек!

Буркан жарлыкты алып, окуду. Анда каган чакыртып жатканы айтылган экен.

-Мен анда камынайын,- деди не чочуп жатканы, не коркуп жатканы белгисиз бушмайман боло, чекесин тырыштырган жигит.

-Мен сени өзүм менен кошо ала кетем. Кербен сарайга атайын ат дайындатып койдум. Бол тез!- деп шаштырды чабарман.

Буркан жепирейген боз тамына кайра киргенде апасы менен аялы күйпөлөктөй чочуп калышты.

-Каган эмнеге чакыртып жатат? — деди карыган апасы.

-Билбейм эне, катка жазбаптыр…

-Мен карып калдым уулум,- деди кемпир. Каган сени да агаңа кошуп каматып же өлтүрүп салса эмне кылабыз?!…

-Энеке, андай болбойт, бир иш чыгып калса керек…

-Уулум Туран өлүү-тирүүсү билинбей жоголду, сен да кайтпай калсаң эмне кылам?!

Ушинткен кемпир уулунун жакасына жармашып, кетирбей ыйлап кирди. Жигит бир топко аны менен буйдалып, энесин араң сооротту. 

-Каганга айта бар, балам өлүү болсо өлүүсүн, тирүү болсо тирүүсүн айтсын! Агаңды жол карап күтүп, өлбөй жүргөнүмдү айт! Кагандын жүрөгү таштан жаралган болбосо, бир жообун берер. Жообун бербесе, кара топуракты уучтап туруп каргайм!  Жаным өлгөндөн кийин  болсо да, кара куш болуп тирилип келип, кагандын жети тукумуна чейин өч алам! Ушул аманат сөзүмдү айта бар. Көзү жаштуу, көкүрөгү кектүү деп айт!-деди улгайса да кайраттуу сүйлөгөн кемпир. Туранды тун балам деп жанынан артык көрчү эле. Канча жылдан бери жол карап күтө берип, көңүлү зилдеп калганын түшүнгөн жигит, энесинин көңүлүн жубаткан болуп баш ийкеди.

-Макул энеке, сөзсүз айтам.

Жигит ылдыбарлуу [2]деген чапанын жонуна салып, бир жеңин кийип-кийбей, аялы берген бир аз гүлазыгын белине түйүп чабарманды  ээрчип шашыла жөнөп калды.

Апасынын ыйлай турган жөнү бар. Мындан он жылдай мурда, алыскы Мисирге[3], азыр Византия аталып калган байыркы Урумга[4] чейин жер кезип, кат таанып, билим алып келген агасы Туран ушул Суябдагы кагандын ордосунда битикчи кызматын аркалачу эле. Алган билими аркылуу, иниси Буркандын да  кат сабатынжойгон.Туран агасы, кагандын болгон кыймылын кагазга жазып, кечкисин ордодогу чакан китеп сакталуучу жайда(китепкана) Жараш каганга күн чыгыш менен күн батыштагы өлкөлөрдөн кербенчилер аркылуу атайын  алдырып келген, куну бир нече кыл куйрукка бааланган китептерди окуп берчү. Бир күнү Туран түнкүсүн шамды өчүрбөй коюп уктап калган имиш. Китепканадан өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен. Балким, ниети жаман душмандар атайын өрт койдубу же чын эле шамдын кулап кеткенинен өрт чыктыбы, айтор, бул окуянын чын-бышыгы белгисиз бойдон кала берди.

Каган китептерин абдан баалайт эле. “Кыргыздын кагазга жазылган тарыхын бүт өрттөп ийдиң!” деп жаны катуу күйүп, Буркандын Туран агасына болгон каарын салды.

“Каганат кылыч менен куралып, калем менен башкарылат”,- деп эсептеп келген Жараш каган ошондон кийин оюн биротоло өзгөрттү. Ал эл арасынан санжырачыларды, жомокчуларды, төкмө акындарды жыйнап, аларга элдин-жердин тарыхын оозеки айтып, атадан-балага өткөрүүнү тапшырды. Төкмө акындар бааланып, санжырачыларга атайын ордодон акы төлөнүп берилип, кагаз бетин чаарала кылып жазган жазмакерлер четке сүрүлүп, баркталбай калды.

Каган  Буркандын агасы Туранды катуу жазалап, өлүм жазасына тарткан, бирок аягында кечирим кылып Суябдагы абдан эле коркунучтуу, эл арасында “барса-келбес” деп айтылган зынданына салдырган. Ошол зындандын түпкүрүндө жалгыз жатат деп уккан. Ошол боюнча Буркан агасын көргөн жок, өлүү-тирүүсүн ушул күнгө чейин эч ким билбейт. Атасы менен агасынан калган өнөр катары кат тааныганы болбосо, ошол жылдары ордодо катчы болуп бир аз иштеген Буркан, бул окуядан соң ордого барбай, тынч гана калаада тиричилигин кылып жүрдү.

Жолдо

Чабарман “каган катуу ооруп жатат”,- дегенден башка сөз айткан жок.

Экөө каган жайкысын жайлап отурган Көк-Сеңир жайлоосундагы ордосуна эртеси түш оой жете келишти.

Буркан каганды боз улан кезинде көргөн бойдон көрө элек болчу. Ордо чатырга киргенден кийин чөк түшүп, журт эгесине ызат кыла, колун бооруна алып амандашты. Жараш каган төрдөгү тагында баягыдай эле сөөлөтүнөн жазбай отурганы менен, карып калганы байкалды. Эки ийини менен оор дем алып, үнү каргылданып араң сүйлөдү.

— Агаң Туран менин жанымдан чыкпай, не бир баяндарды айтып, не бир кызыктуу китептерди окуп берип, бир нече жыл мага ак кызматын кылды. Кербен башы Кабыл иниме айтып, түшүнсөм да, түшүнбөсөм да ар бир калаадан китеп алдырттым. Туран көп тилди билет эле, эмне деген гана китептерди окуп бербеди. Билим-адамдын көзүн ачат, менин көзүмдү ачты. Суябдагы китепканамда агаңды баш кылып, кат тааныгандын баарына кыргыз урууларынын абалтан берки тарыхын жаздырып, жыйылттым. Канчалык түпкүлүктүү эл экенибизди, нарк-насилибизди келер урпактарыбыз билсин деп ниет кылдым. Канча сыя, канча кагаз кетти. Бирок, агаңдын айынан ошол эмгектерим бир түндүн ичинде күлгө айланды. Мен катуу каарданып, аны зынданга салдырдым. Бирок, ушул жашка келип, агаңдай билимдүү кишини кездештирбедим. Бир бутум көрдө турат. Атайын чабарман чаптырып, Суябдагы зынданда агаңдын тирүү экенинен кабар алдым. Мага кылган, эл-жерине кылган ак кызматын эске алып, ортодон он жыл өткөндөн кийин аны кечирип, башын азат кылганга жарлык чыгардым….

Каган оор күрсүнүп алып, кызматчысына ээк жаңсады. Кызматчы жигит бутунун учу менен илбериңки басып келип, Буркандын колуна түрмөккө оролгон жарлыкты тапшырды.

-Ыраазымын хан ата,- деди, жарлыкты алгандан кийин чекесин жерге тийгизе чөгөлөп, кубанычтуу кабардан сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш тегеренген жигит.

-Карыган апасы бар эле… Аманбы байбиче?!…

-Апам катуу ооруп жүрөт, уулун күтүп ыйлай берип, көзү да начар көрүп калган,-деп чынын айтты ал. Анан кагандын каарынан канчалык айбыкса да, “карынын аманат сөзү” деп, энесинин айткан кебин каганга угузду.

-Байбиче капа болгон экен, мен өзүм уулун жеткирип барып бир сүйүнтөйүн,-деди Жараш хан күнөөлүү болгондой.

Буркан уккан кулагына ишенбей туруп калды.

-Кагаз күйүп кетет экен. Артыбызда кылган ишибизди айта жүрөр эл калсын деп, ошондон кийин жаныма көп битикчи албадым.Сени “балбал таштардын бетине чегелеп жазуу жазган жагынан мыкты”- деп уктум. Менин көзүм өткөндөн кийин кылган иштеримди таш бетине чегелеп жаза аласыңбы? -деп сурады башын жерге салып, бир топко ойлуу отурган каган.

-Колумдан келет, хан ата! — деп аптыга жооп берди жигит.

Ошол күндүн эртеси жанына жигиттерин ээрчиткен Жараш хан Суяб калаасына бет алды. Көк-Сеңирден Суябга чейин ат менен бир күндүк жол. Жараш хан эмнегедир кышкысын өзү кыштаган ордосуна баргысы келди. Анан калса Туранды зындандан чыгарып, карыган энесине жолукканын көрмөйүн санаасы тынчыбачудай, өзүнчө элеп-желеп болуп туруп алды. Кектүү байбиченин заар сөздөрү кулагына жаңыргандай “бул жалган дүйнөдөн көчүп баратып, өзүмө караштуу калың букаранын арасынан, ушул бир пендени таарынтып кетемби?”- деген ой көкүрөгүн өйүп, ат үстүндө кыйналса да жолго чыкты.


[1] Кулжа- кыргыздын элдик ай календары боюнча июнь кулжа деп аталат

[2] Ылдыбарлуу-жакшыраак, адемирээк, сыйга кие турган кийим деген маани

[3] Мисир-Байыркы Египеттин аталышы

[4] Урум-Рим империясы деген маани



[1] Сагактар-сөйкөлөр деген маани


Яндекс.Метрика