“Мен сүйүүнү тандайм” романы, 1-бөлүк
аудио китептер

“Мен сүйүүнү тандайм” романы, 1-бөлүк

Тарыхый-сүйүү романы

Автору: Гүлнура Жумалиева

Аннотация:

Чыгармада VI кылымда Батыш-түрк каганатында болгон окуялар баяндалат. Бул жоокерчилик заманда кыргыз урууларынын кол башчысынын кызы Айбарча ордонун оюндары менен интригаларынын чок ортосунда калат. Кыз өзүнүн душмандарына каршы тура алабы? Же душмандары салган тузакка түшөбү?

Баш сөз

Баарыбызды жараткан Аллах Таалага шексиз шүгүрлөр болсун! Кымбаттуу окурмандарым жана досторум, сиздерге “Мен сүйүүнү тандайм” аттуу романымды сунуштайм. 

Чыгармада 587-588-жылдарда болгон окуялар баяндалат. Бул чакан тарыхый-сүйүү романда кездеше турган бир катар жагдайларга көңүлүңүздөрдү бургум келди.

Биринчиден, бул чыгарма фэнтези жанрында жазылды. Англис тилинен которгондо фэнтези — fantasy «фантазия» — мифологиялык жана жомок мотивдеринин негизинде түзүлгөн фантастикалык, адабий жанр.

Ошондуктан, чыгармада тарыхый фактыларга төп келбеген айрым жагдайлар кездешет. Маселен, Vl кылымда эле Теңир-Тоодо же тактап айтканда, Кыргызстандын аймагында кыргыз каганатынын болгондугу тууралуу жагдай. Ал эми калган фактылар жана кээ бир каармандардын, жер-суулардын аталышы, айрым окуялар тарыхый фактылардын негизинде жазылды.

Экинчиден, ар бир адамдын көңүлү үчүн эң аяр болгон диний түшүнүктөр боюнча жагдай.Чыгармада ошол кезде Орто Азия аймагында жашаган калктын жалпы  көз карашындагы тотемдик түшүнүктөр камтылды. Анан калса, чыгармада сөз болуп жаткан  убакыт мерчеми — 587-жыл.  Ал эми сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ)  төрөлгөн жыл болжол менен 570-жылдар деп эсептелет. Демек, романда сөз болуп жаткан Орто Азия чөлкөмүндө ошол мезгилде диний түшүнүктөр таптакыр башкача болгону айныксыз.Мындан улам ар кандай кайчы пикирлер жаралбайт деген ойдомун.

Кеп соңунда, бул чыгарма жөн гана жеке өзүмдүн көркөм фантазияларым экенин, элибиздин тарыхындагы белгисиз доорлорду изилдеп жатып пайда болгон ой-жорумдарымды көркөм формада берүүгө кылган аракетим гана экенин баса белгилегим келет.

Сиздерден келген пикирлер анын китеп түрүндө чыгышына жана социалдык тармактарга, медиага, жалпы коомчулуккакеңири таркатууга жол ачат. Ошондуктан, сиздерден бул алгачкы чыгармам тууралуу ой-сунуштарды күтөм.

Баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакыт, тынччылык каалайм! Чыгарманын

автору, Гүлнура Жумалиева

Романдын орусча вариантын төмөнкү шилтемеге кирип окусаңыз болот:https://litmarket.ru/books/ya-vyberu-lyubov-1

https://litmarket.ru/books/ya-vyberu-lyubov-1

Пролог

-Эй, эмне турасың элейип…?! Ии, сен, ооба, сага айтып атам, кайра мени карайсың да аңырайып…!? Ой, жымшайган неме, оозуңду ачпай, жаның барбы, тарт дейм алдагыны, болгула тез! Ие, кудурет, ушуга дагы алдары келбейби эми…?! Деги эртең менен оозуңарга наар алдыңар беле…? Эмне ымтырайсыңар, болгула бат! Атаңа наалаттар, силерден бир кымындай пайда болсо кана!…

Ушинтип тулаң чөпкө килем төшөп жатышкан малайларды жемелеген Куттемир хандын ордо башы Сарман оозунан жакшыраак сөз чыкпай, бирде чакчырыла калып, бирде колунда бүктөй кармаган камчысы менен малайларды жон талаштыра чаап опурулуп, бакылдаган үнү айлананын тынчын алып, кыз оюну өтчү жерди даярдатып жатты.

Малайлар чындап эле эстери ооп, майышып, түпөктөй оор согулган перс килемдерин кыйралаңдап араң көтөрүп келип жерге салышууда. Айлананы тезеги менен булгабасын деп ат улоолор менен төөлөрдү да бул жерге алып келишпегендиктен, айылдан ат чабымдай алыс турган байтеректин түбүнө килемдерди, артка сүйөп отура турган борсойгон куш жаздыктарды малайлар жондоруна таңып көтөрүп келишүүдө. Алар биринин артынан бири илкий басып, Карабулут отурган дөбөчөнүн алдынан өтүшүүдө.

“Үнүң өчкүр, кулакты жарып жибермей болду го, бакылдап үнүнүн ачуусун кантесиң!…”  Ушинтип ичинен ойлонгон Карабулут оюн өтө турган чоң чынардан араактагы дөбөдө болуп жаткандарга көз салып, маанайы суз, кабагына кар жаап, тынч ойлонууга мурчам бербей сүйлөнүп жаткан Сарманга ачуусу келип, жаак тармыштары түйүлүп, өзүн алаксытып карап отурду. Анан дагы сүйүктүү жоргосу Алабайпакты айылга таштоого туура келди.

Кыз оюну өтө турган жерге аттын бир тезеги түшсө, Сарман аны бекзада болмоктон кагандын карачечекей баласы болсо да, айыл ортосундагы куу мамыга таңдырып, кырк балак урдуруп токмоктогондон кайра тарткыдай эмес. Тартипти сактабаса болбойт. Мындан улам Карабулут жигит башы Биймырзаны ээрчитип, беш салаа болуп аккан жайык суунун жээгиндеги кыз оюну өтчү жерге, жанараакта шартылдай басып жөө келди. Ысыктан улам маңдайына чыбырчыктай чыккан терин аарчып, күйүккөнүн басып, жашыл тулаңга отура кетти.

Балтыркан бышып, жакын жерден бөдөнө бытпылыктап, сабактары узун-узун болуп желге термелген сыя көк гүлдөргө ала канат көпөлөктөр учуп-конуп, айлана толукшуп турду.

Карабулут-Куттемир хандын агасы Кабыл баатырдын асыранды уулу эле. Мындан он жылдай мурдараакта, Кабыл баатыр жаш уланды кербенде келе жатканда кездештирип, кийин өзүнө уул кылып алган эле.

Бүгүн бул жерге келбесе болот эле, бирок болуп жаткан ар бир ишти көзөмөлдөбөсө болбойт. Карабулуттун бутасы-күйөө бала боло турган Бектур. Анткени, Карабулуттун жактырган кызы Айбарчаны дал ушул Бектурга турмушка узатып жатышат.

Кечинде Айбарчага жолугуп, дагы бир ирет өз оюн айтты.

“Эч кимге зыяныбыз тийбесин, экөөбүз качып кетели. Жер кенен, бизди батырып алар эл да табылат”,-деп сабылып суранды Карабулут Айбарчадан.

Кыз местейип: “Эч жакка кетпейм, кетсем чуу чыгат,той үстүндө уят кылганым үчүн Бектур болбосо да, Баяс баатыр чыр чыгарат.Аталаш агам Куттемирди өмүр бою кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып, бүтүндөй бир журттун башын  жер караткым келбейт!”-деп көжөлдү.

Айбарчаны көндүрө албасына көзү жеткенден кийин, жигит Бектурдун көзүн курутууну чечти.

Абал тынчтангандан кийин Айбарчаны көз көргүс, кулак уккус жакка ала качып кетмей болду. Артынан түшкөн куугундан жай ташын сууга байлап жаан жаадырып жатып алса да кутуларына көзү жетет. Ушуга чейин үйрөнгөн өнөрлөрүнүн пайдасын азыр көрбөгөндө качан көрөт?

Алтыны болсо белен. Анчалык алтынга Карабулут каалагандай жашаса болот.

Ушундай ойлорго азгырылган Карабулут Бектурду кандай кылып өлтүрө турганын, бир ашык-кеми жок болжоп отурду. Бүгүн кечте анын жанын тындым кылбаса, өзүнүн жаны тынч алар эмес. Ал тургай кымызга кошуп бериле турган ууну дагы камдатты. Көптөн бери күтүп жүргөн ниетин бүгүн ишке ашырганга эң оңтойлуу учур келди…

Ушуларды ичинен ойлонуп тынчы кетип, анысын жанындагы жасоол жигити Биймырзага билгизбегенге аракет кылып, кыз оюндун эртерээк башталып, эртерээк бүтүп, эртерээк кечтин киришин күтүп жатты Карабулут. Мындайда убакыттын өтпөгөнү ай…

Күн шашкеден бир аз ооп калган кезде, дүңгүрөтө кагылган добулбастар кулак жарып, шуудураган чоң чынар теректин бутактарына байланган кызыл-тазыл жибек тасмалар желге желбирей учуп, жашыл тулаңы белге чейин оролгон жайык талаада кыз оюну башталды. Кырмызы кызыл көйнөк кийген кыздар ар кай жерден кылактай келишип, боз уландар, кыл мурут, кызыл беттүү жигиттер бат эле чогулушту.

Куттемир хан жайлап отурган Көк-Сеңирдин жайлоосуна конуштап турган айыл эли кагандын карындашы Айбарча ханбийкени чигил уруусунун эр жигиттеринин бири Бектурга күйөөгө узатмак болуп, кыз узатуу тоюн өткөрүп жаткандарына, мына бүгүн жети күн болду. Азыр “жар көрүү” каадасы болмок.

Бир аздан кийин нөкөрлөрүн жанына алып, Бектур баатыр келди. Сөөлөтүнө маашырланган жаш жигит ууртунан жылмая, жүзү жадырай калып, кайра анысын билгизбегенге тырышып, тулаңга төшөлгөн перс килемдердин төрүнө жайгашты. Өзүнчө магдырай мандаш токуна отурган Бектурдун белинде жакут таштар чөгөрүлүп күмүштөн жасалган кемер куру жаркырап, үстүнө жибектен кызыл кемсел кийип, баралына келип турган боз жигит кези экен. Ортодо турган кара жаак акын, комузун колуна алып, мактоо ырын төгүлтүп ырдап кирди.

“…Биздин бектин жети атасы бай өткөн,

Биздин бектин жети атасы шай өткөн…”

-Келесоо, акмак…!-деди Бектурду алыстан тиктеп туруп Карабулут. -Мейли жыргай тур, бүгүн акыркы күнүң…

Аңгыча үлпүнчөк жамынган Айбарчаны жеңелери менен нөкөр кыздары коштой алып келишти. Акын эми аны мактай безелене ырдады. 

“…Жараш хандын жалгызы,

Жакадагы кундузу.

Ханбийкебиз Айбарча…”

Кара жаак акындын шаңкылдай ырдаган добушу алыска тарап, айлана өзгөчө бир шаңга батып турду. Бир гана Айбарча эмне кылаарын билбеди. Башы маң боло, болуп жаткан окуялар башка бирөөнүн башынан өтүп жаткандай, жанын коёрго жер таппады.

Бул күнү Бектурдан өткөн бактылуу адам жок эле. Канат бүткөндөй көңүлү алып учат. Бүгүн кыз оюну болгон кезде, Айбарчаны алгачкы жолу жакындан көрдү. Жети күндөн бери кыз узатуу тою болуп жатса да, ханбийке ага көрүшүүгө келбей жаткан. Бектур буга албетте ичинен капа болду. Муну жанындагы жигит башы, өзүнөн бир топ жаш улуу Тажыбайга айтты эле ал:

-Каадасыз кыз болбойт бегим, сизди жактырып, канжарын берип жибергени чын болсо, жар көрүшүүгө келет,- деп жооткотту. Айтса-айтпаса төгүнбү- деп Бектур буга көнүп, ошентсе да Айбарчаны көрүүгө ичинен дилгир болуп, санаасы тынбай жатты. Бектур атактуу Чигил уруусунун беги Эртолдун небереси, Куттемир менен убагында жоолашкан Кыяс баатырдын уулу болчу. Быйыл он сегизге толуп, урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай жүргөн кезде, кызык окуя болду.

Кептин баары “Жараш кагандын жалгыз кызы сизди жактырып калыптыр”- деп кагандын айылынан жашыруун барган нөкөр, алтын саптуу, кыска, аялдар колдоно турган канжарды Бектурга жеткирип баргандан башталды. Жараш кагандын көзгө басар жалгыз кызы Айбарча эркектер менен тең жарыша жүргөн баатыр кыз экени, бул чөлкөмдөгү калың журтка кеңири белгилүү эле. Бектур Айбарчаны алгачкы жолу былтыр жайда, Жараш кагандын айылында курултай өткөн кезде көрдү. Кыз кырк нөкөрүн ээрчитип, курултайда өткөн оюндарда жамбы атып, байгенин баарын утуп алган эле. Бектур анда Айбарчага чын дилинен суктанган.

Бирок, ушул баатыр кыз өзүн жактырып калып, канжар берип жиберери үч уктаса түшүнө кирген эмес. Адегенде “алдап жатабы?”- деп ойлонду. Бирок, кагандын айылынан келген нөкөр “сиздей жаш мырзанын атагын баатыр кыз көптөн бери угуп жүргөн экен, “жар болсо мага ушул жигит жар болот, антым ушул!”- деп канжарды  берип жиберди”,- деп саймедиреди. Мактоо сөз кимге жакпасын. Бектур чыны менен сыймыктанып калды. Чоң атасы Эртол да атактуу уруунун беги, аталаш агасы Баястын жоокери көп. Атасы Кыястын көзү өткөнүнө карабай, чоң атасы менен агасы аны канаттууга кактырбай багып чоңойтушкан. Хандын кызы Айбарчага татыктуу жар болууга эмнеге жарашпайт экен. Ушул оюна ынанган Бектур, карыган чоң атасы менен агасына оюн бөлүштү.

Бирок, жашыруун келген нөкөр сурангандай, Айбарча ага канжар берип жибергенин жигиттик кылып айткан жок. Агасы Баяс кыздын агасы “Куттемир менен  эзелтен душмандык жайыбыз бар”,- деп болбой койду. Бектур агасы Баясты араң көндүрдү. Баяс келип кагандын карындашына куда түштү. Куда тарап дагы макулдук берип, Бектур кызды алып кетүүгө келген эле.

Мына эми бүгүн “жар көрүшүү” каадасында колукту болчу баатыр кызды көрүп, жигиттин санаасы тынды.

Ошол күнү кечинде эл орунга отурган кезде, болочок “кайнагасы» Карабулут өзүнүн өргөсүнө конокко чакыртып жатканын айтып, анын кызматчы жигити келди.

Карабулут аны жайдары кабыл алды.

-Кел, күйөө бала, кел!-деди. Ал кучак жая тосуп алып жатып; -Эки-үч күндүн ичинде нике тоюн өткөрүп, карындашымды алып кетесиң. Бүгүн кечте сени менен пикирлешип, чер жазышсам дейм…

Өргөнүн ичинде жайылган дасторконго дүр-дүйүм тамактар коюлуптур. Бектур экөө ал күнү той шааниси деп шарап дагы, кымыз дагы ичишти. Карабулут кимдин болбосун тилин тапканга маш эле…

Бектур кымызга кызып калган кезде, Карабулут Бектурду коштой келген, эки жансакчыны дагы кымыз ичүүгө чакырды. Акырындап Карабулут башка көөкөрдөгү атайын уйкуну келтирип, шайды оодарып коё турган, дары чөп кошулган кымыздан үчөөнө сунду. Акыры үчөө үч жерде томолонуп калган кезде, чигилдердин жасоолунун кийимин кийген Карабулуттун нөкөрү, Назар устанын тун уулу Телтай өргөгө кирип келди. 

Карабулут Телтайга Бектурду ойготуп кошуп берип жатып, жагдайды сурагандай суроолуу карап, ишарат кылды. Жигит “баары жайында”, дегендей көз ымдап, бутуна араң баскан Бектурду жетелей жөнөдү.

Телтай менен Бектур бир аз узап кеткенден кийин, Карабулут дагы эки кызматчысын чакыртты да, Бектурду коштоп келген жансакчыларын, алар мейманчылап жаткан өргөгө жеткирүүнү тапшырды.

Бектур мейманчылап жаткан өргөнү кайтарып турган  күзөтчү жасоолдор караңгыда Телтайды көп байкашкан жок. Алар аны Бектурдун жансакчы жасоолдорунун бири экен деп ойлошту.

Телтай катуу кызып калган Бектурду төрдөгү төшөнчүсүнө жаткыргандан кийин, бүлбүлдөгөн шамдын жарыгынан жаш жигиттин жүзүн дагы бир ирет карады да, башында турган куш жаздыкты алып, аны думуктура баштады. Бектур тыбырчылап жатып жан берди.Телтай анын чакчайган көздөрүн ушалап жумдуруп, дагы бир ирет тамырын карап көрүп, демин тыңшап бир саамга отурду. Жигиттин өлгөнүнө даана көзү жеткен соң гана шамдарды үйлөп өчүрүп, шыбырт билдирбей, акырын сыртка чыкты.

Айылдан улам алыстап Үңкүр-Булакты көздөй жөнөдү. Жөө басып түн ортосунан ооп калганда гана үңкүргө жетип, токулуу турган кара бууданын алып чыгып, Карабулут берген куржундагы алтын туяк жамбыларды түн шооласына салып бир карап алып атка артты. Бир аздан кийин бууданына минип, түн каракчысына сиңип жок болду.

Карабулут ал түнү көз ирмеген жок, таңда баарына даяр болуу керек. Бектурдун өлүмү чоң чатак менен коштоло турганы анык. Бирок, Карабулут сүйүктүүсү Айбарча ханбийке үчүн жаш жигитти өлтүргөндөн башка жолу жок эле.

1-бөлүм

Алтайдан келген кат                             

Кыргыздардын атактуу журт эгеси Жараш кагандын жалгыз кызы Айбарчанын тоюнда чыр чыгаардын алдында эле баары бейпил өмүр кечирип жатышкан. Мындай окуя болот деп эч кимдин оюна келген эмес. Карабулут бекзада да тынч тиричилигин өткөрүп, кербен башчылык вазыйпасын аткарып, Айбарча да адатынча ат жалында ойноп жүрөт беле, ким билет… Бирок, тагдыр дагы өзүнүкүн таңуулап койду.

Баары Түрк каганатынын даңазалуу ашина [1]уруусунун тегиндеринин[2] бири, акыркы жылдарда ырынан чыры көп болуп жаткан Абого [3]каршы боло турган чабуулдун айынан чыкты. 

587-жылдын жайында Абого каршы согушуу үчүн анын аталаш тууганы Аяз хан[4] кол топтоп жаткан болчу. Ошол күнү  Аяздын экинчи уулу Бий-Арслан тегин шартылдай басып Чач[5] калаасындагы хан ордосунун сейил багына шашылыш чыгып бара жаткан.

Бүгүн күн адаттан тыш ысык эле.

Чач калаасынын таш төшөлгөн жолдорунда жан киши көрүнбөйт, аптаптын айынан калаа тургундары кайдадыр житип кетишкен өңдүү. Жайдын алгачкы айы жаңы гана башталып жатканына карабай, күн ушунчалык аптаптуу. Жепирейген тамдар ысыкка ээрип кетчүдөй, ар кайсы жерде бозоруп, шамалдан кийин бырыксыган коюу чаң менен  мунарыктаган аптап аралашып, калаанын үстүн каптап турду.

Чачтын чок ортосундагы дөбөчө жерде ак мрамордон курулган өкүмдардын сарайы жайгашкан. Анын айланасын курчай салынган ак сөөктөрдүн үйлөрүнүн бийик коргондорунун артынан угулган бака-шака үндөр, андан берирээкте жайгашкан чакан базардагы бакылданган соодагерлердин добушу гана калаага жан киргизип тургандай.

Калаанын өкүмдары-түрк ханзадаларынын бири, дал ушул Бий-Арслан тегиндин атасы Аяз хан болчу. Бул аймакка атасы Турду каган өкүмдар кылып дайындаганына, мына быйыл төрт жылдын жүзү болот. 

Кечкисин ысык тийген күн бир аз салкындаган кезде, ак сарайдын кооз дарактар тигилген бакчасына хандын кичүү уулу, так мураскерлеринин бири  болгон Бий-Арслан  келип, атайын салынган сөрүдө отуруп, күн сайын буркуратып жыттуу чылым чеге турган.

Жигит ичке, ошол эле маалда шадылуу, узун манжалары менен чылымдын түтүгүн аяр кармай, аны жука эриндери менен “леп” тартып, кайра үйлөп коюп, көгүш түтүнгө чулганып, батып бара жаткан күндү тиктей ойго батып, мелтейип көпкө отурчу. Жанындагы жан-жөкөрлөрү да ушундай маалда анын элден өзгөчө келбеттүү жүзү менен сөөлөтүнө арбалышкандай дымырап калышчу.

Жигит катып калгансып сөрүдө ушинтип көпкө отургандан кийин, эгер көңүлү каалап уруксат берсе, ордонун акылман кеңешчилеринин бир-экөө  жанына жакын жылып келишип, түрмөктөлгөн кагаздарды жазып, алтын шилекейлерин чачырата, мураскердин акылына акыл кошуп дегендей, китеп окуп беришчү.

Ордонун мындай күн сайын кайталанган жөрөлгөлөрү жигитти өтө катуу зериктирсе дагы,  бул жыргалчылыкка аргасыз көнүп, эч нерсени өзгөрткүсү келбей, күндөрүн өткөрүп жаткан.

Бүгүн да адатынча жан-жөкөрлөрүнүн коштоосунда шашыла басып, бакчаны көздөй жөнөгөн. Күтүүсүздөн алдынан атасынын жакында эле үйлөнгөн жаш токолу Феруза нөкөрлөрү менен чыга калды. Өгөй энеси аны адатынча кылгыра карап, кусага толгон кара көздөрү менен тиктей, башын ийип учурашуу шаанисин кылып, анан үн-сөзсүз жол бошотту.

Жигит анын жанынан өтө берген кезде, Ферузанын жыпар жытына башы айлана, бирок боюн оолактата, демин ичине катып, кадамын тездетти. Ханзаданын оң жагында бүкчүңдөй келе жаткан кеңешчиси Наран карыя, аялга көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй бир саамга акшырая тигилип, жактырбай жатканын ачык эле билгизип, ханзаданын артынан шашылды.

Карыя аялдын жигитти сугула тиктегенине жүз үйрүй, ичинен күбүрөндү.

“Теңирим, ушундай адепсиз ургаачыдан сактай көр! Ата-теги белгисиз бул бейадепке өкүмдар неге кызыкты билбейм?!”

Бий-Арслан Ферузанын кадала караганын көрмөксөн, карт кеңешчинин күбүрөнгөнүн укмаксан болуп, кадамын тез-тез шилтеди.

Бул ирет Бий-Арслан жай отура албайт көрүнөт. Бакчадагы сөрүдө аны атасы Аяз хан күтүп отурган экен.

Тегин атасына баш ийип салам бергенден кийин, хан аны “жаныма отур” деп ээк шилтеп ишарат калды.

Ошондон кийин жан-жөкөрлөрүнүн баарына “алыс тургула!”-дегендей белги берип, алакан чаап койду эле, алар кайдадыр житип жок болушуп, алысыраактан акмалаган эки күзөтчү гана калды.

Ак буурадай карпайып карып баратса дагы, өзүн жаш сезген Аяз хан тамагын кырына сөз баштады:

-Уулум, чалкеш заман болуп турат. Эртеңки күн кандай болору белгисиз. Өзүмдүн эле  аталаш тууганым Або мага кас чыкты. Пайкенддин[6] өкүмдарымын демиш болуп өзүн-өзү башчы шайлап алгандан бери, элге өкүмзордугу күчөдү. Өткөн-кеткен кербендерди тоноп, аларды мага шылтап коюп жатат. Жергиликтүү элдин кыжырына тийип, алар менен түрктөрдү кайраштырууда. Сасаниддер[7] да күч ала баштады.Чек ара тынч эмес.Жакында сени Кара-Дарыядагы чепке кайра аттандырганы турам. Мурдагыңдай эле чепти кайтар, ордодо жакшы эле жаттың, жумуру башыңа акыл, көөнө боюңа дем-күч топтогондурсуң…

Жигит дилгирлене атасынын айтканын эки этпей баш ийкеди.

-Куп болот, өкүмдарым!

Бий-Арслан “чепке кайра барасың” дегенге астейдил кубанды. Көптөн бери атасынын ушул буйругун күтүп жүргөн. Ачыгын айтканда, ордонун каалаганы даяр болгон каадасы менен тартибинен тажап бүткөн эле. Жигит өзүн эркин учкан шумкардай сезген кезде гана жашоосунан ырахат аларына ушул жолу ордодо жүргөн жарым жылда толук көзү жетип калган.

-Сага айтарым бул эле эмес…!

-Кулагым сизде ата…

-Жакында Алтайды бийлеген чоң атаң, теңирдин мээри төгүлгөн Турду[8] кагандан кат келди. Катта атам Абого каршы кол курап барып, аны биротоло тындым кылууну буйрук кылыптыр.Бул гана эмес, каган атам сенин жыйырма бешке чыксаң да али үйлөнбөй жүргөнүңдү айтыптыр. Атам непадам сасаниддер менен чатак ырбаса, дагы аскер сурап кыргыздарга бара турганыбызды эскертиптир.

Ортону дагы жакындатыш үчүн кыргыздардын ханы менен куда болуп, сөөк жаңыртууну ниет кылыптыр.

“Агасы Шегу тартууга келген кызды никелеп алганы менен, атайын күйөөлөп барып бирөөгө баш байлаган жок. Бий-Арсландын да башы бош, жашы жыйырма бештен өтсө да чек араны кайтарып ат үстүндө жүрүп үйлөнө элек. Жараш хандын бойго жеткен кызы бар экен деп уктум, куда түшүп барып Бий-Арсланга колун сура.

Анан калса Теңир-Тоодогу эле эмес, Эне-Сайдагы кыргыз уруулары дагы аябай күчтөнө баштады. Кайда барба, кыргыздардын арааны катуу жүрүп жатат.Темирди камырдай ийлеп курал жасашат, алтын кендерин иштетип, байыган бектери андан да көбөйдү. Аргымактары кең жайыктарды кара таандай каптап, өрүштөрүнө мал толду. Кыргыздар-жайчылыкта бири-бирине анчейин көңүл бурбаса да, баштарына кыйынчылык түшкөндө, бир муштумга айланып, төбөңө чокмор болуп чабыла турган эл.

Мындайда Жараш хан менен анын иниси Куттемир бекти колдон чыгарба”,- деп кеңеш бериптир атам…

Ушинтип жобураган Аяз хан эмне дээр экен дегендей, уулуна тигилди. Бий-Арслан адатынча сыр бербей,  мелтиреген боюнча унчукпады. Ортону бир саамга тунжуроо ээледи.

Ханзаданын угушуна караганда Жараш хандын жалгыз кызы Айбарча “тиштери арсайган, абдан тамак соо, аюуга окшоп майпаңдай баскан, копол кыз,ошон үчүн ушуга чейин бирөө дагы кызга жуучу түшүп бара элек”- дешет. Ичинен атасынын айткандарына анча ынабай отурду. Көз алдына жаңы гана алдынан чыккан ай жүздүү Феруза тартылды. Ошондо кыз аны каргап койгонбу, ким билет. Мына эми минтип кебетеси суук кызга үйлөнүүгө мажбур болобу?!

Азыр атасы “менин айтканымдай болот” деп этегин кагынып туруп кетсе эле  иш бүттү, эл-жердин бүтүндүгү, алакасы деп копол кызга күйөө болот да калат. Атанын сөзү, анан калс,а баш каган чоң атасы Турдунун айткан сунушуна кантип каршы чыга алат? Жигитке ушул ойлор тынчтык бербей, ошого да болбой тымпыйып, сырын ичине катып отурду.

Уулу оңдуу жооп айтпай, адатынча үйлөнүүдөн баш тартып койбосун деп чочулаган Аяз хан, кебинин аягын кайра жымсалдай башка нукка бурду:

-Сөздүн кыскасы ушул, уулум. Азырынча кыргыздарга күйөөлөп барбасаң, анда аскер сурап бар! Бар дагы, кызды өз көзүң менен көрүп кел! Жакында Жараш хан жайдын келгенин утурлай чоң курултай кылат. Быйыл да жыйынга чакырып чабарман жибериптир. Курултайга шылтоолоп бар дагы, тагаларыңдан Пайкенддеги Абону каратып алмакка аскерден жардам сура!  Жараш таякеңе берчү тартууну да камдатып койдум!

Бий-Арслан үңкүйүп, кабагын ачпаган тейде отуруп, башын ийкеди.

-Куп болот, атаке, ал жагынан эч кам жебеңиз!

Ата-бала ушинтип сүйлөшкөндөн кийин, эртеси эле ханзада Суябды[9] карай жолго аттанууга камынды.


[1] Ашина уруусу-Байыркы Түрк кагантындагы башкаруучу династиянын аталышы. Бул уруудан жалаң кагандар дайындалган.

[2] Тегин-түрк каганатында хандын балдарына берилүүчү атайын даража. Ханзада деген мааниде

[3] Або хан, 581-587-жылдары өзүнө тиешелүү аймакты башкарып турган ашина уруусунун ханзадаларынын бири. Кытайдын тарыхый булактарында Або Кэхань, фарси булактарында Абруй деп берилет.

[4] Аяз хан- 587-589-жылдары Пайкенд менен Букара аймактарын башкарып турган хандардын бири болгон Янг-Соух-тегиндин романдагы аталышы. Түрк каганатынын 9-каганы болгон Карачоронун экинчи уулу. Перс булактарында Шир-и Кишвар деген ат менен белгилүү.

[5] Чач калаасы- азыркы Ташкент шаарынын байыркы аталышы.

[6] Пайкенд калаасы-азыркы Бухара шаарынан 40 чакырымдай алыста жайгашкан байыркы шаардын аталышы.

[7] Сасаниддер- ошол доордо Иранды башкарып турган перс өкүмдарларынын башкаруучу династиясы.

[8] Турду каган- 576-599-жылдарда Түрк каганатынын батыш бөлүгүн башкарып турган Тардуш кагандын же болбосо, Карачоро түрктүн чыгармадагы аталышы.

[9] Суяб шаары-Чүй областынын азыркы Токмок шаарына жакын жайгашкан байыркы шаар.

2-бөлүм

Түпөйүл кылган түш

Кыргыз урууларынын кол башчысы Жараш кагандын айылы Көк-Сеңирдин жайлоосуна көчүп келишкенине, аз гана убакыт өттү. Жай жаңыдан толукшуй баштаган маал. Түнү бою боз үйдүн туурдугун сабалап жамгыр жаады.

Жараш кагандын жалгыз кызы Айбарча ханышалар гана жамына турган, жибек менен капталган жуурканын канча кымтыланса да болбой үшүп, бүгүн түнү эмнегедир уйкусу катчы. Жүрөгү өзүнчө элеп-желеп болуп жашоосунда чоң өзгөрүштөр болчудай тынчы кетип көпкө жатты.

Өргөнүн ичине коюлган түбү үч бурчтук алтын чырактандарга[1] күйгүзүлгөн эки шам бүлбүлдөйт. Тээ алыстан карышкырдын улуганы угулду. Ошентип, чабалактап жатып таңга жуук көзү илинип кетти.

Бир кызыктай түш көрдү. Түшүндө анын жашыл жибектен тигилген чатырына текөөрү калкандай, канаты алачыктай бир башкача бүркүт учуп келип конуп жатыптыр. Айбарча кушка кызыгып кармап алайын деп ойлоп турган. Бирок, кайдан-жайдан ак боз атчан, кызыл кийимчен киши пайда боло калып, бүркүттү колунан талашып алып, күн батышты көздөй чаап кетти.

Кыз “селт” этип чочуп ойгонду. Анан энеси, анын гана энекеси эмес, жамы журттун энеси атыккан Жетикаш канайымдын сөзүн эстей калды.  Ал: “Түштүн башы казандай, мойну кылдай, жорулганына жараша түш кете берет, кандай түш болбосун, жакшы жагына жоруш керек”,- деп айтып калат.

Жакшы эле түш болсунчу! Айбарча ордунан туруп, нөкөр кыз алып келген жез кумарадагы сууга бети- колун чайымак болду.

-Бүгүн катуу уктап калдыңыз ханбийкем, аябай уктап жатканыңызды көрүп, ойгото албадым,- деди сербейип турган нөкөр кыз Акгүл. Айбарча унчукпады.

Таңкы ашка жаңы гана отурайып деп жаткан кезде, нөкөр кыздардын бири кирип, каган атасы шашылыш чакыртып жатканын айтты. 

“Жайдын күнү жаш баладай”- деген ушул, түндөгү түнөргөн булуттардын бири жок, күн чайыттай ачылыптыр. Көк майсаңга тигилген боз үйлөр, чатырлар жашыл килемге чачылган чаарала топ таштай болуп, ар кайсы жерде чөкчөйөт. Айыл эли тиричилик камылгасына киришиптир. Айылдын дал ортосундагы дөбөчө жерге кагандын башкы өргөсү тигилген эле. Дөбөчөнүн тегерегиндеги каганга тиешелүү бир нече боз үйлөрдү кошкондо баары “Каган ордо” деп аталчу.

Айбарча адатынча шартылдай ыкчам басып,  каган атасы дарыланып жаткан өргөгө тез эле жетти. Топоздун кыл куйругунан түпөк [2]тагылган найзаларды кармап, каалганы кайтарып турган эки жасоол кызга ызат кыла, баштарын ийе калышты. Эшик ага[3] Торко атасына Айбарчанын келгенин кабар берди.

Өргөгө кирген кезде, Жараш кагандын жанында агалары: Куттемир бек менен устаты Кабыл баатыр отуруптур. Кызы киргенде төрдөгү төшөктө жаткан Жараш  ордунан обдулуп туруп, жардамчы жигит бир нече куш жаздыкты артына жөлөй салды. Эки айдан бери катуу ноокастап жаткан Жараш мурдагыдан дагы бети чүңүрөйүп, арыктап өңдөн азганы байкалды. 

Айбарча атасын баш кылып, агаларына ийилип салам берди. 

-Кел, кызым, келе гой,- деди Жараш үнү алсыз чыгып. Сага айтар кебим бар, жайланыша отур…

Айбарча агаларына катарлаш отуруп, тыңшап калды.  

-Агаларың менен иштин маани жайын кеңешип отурам кызым. Өзүң да чет-четин уккандырсың. Ашиналардын ханзадасы Бий-Арслан тегин биздин конушка мейманчылап келе жатат. Өзүң билесиң, Бий-Арсландын атасы Аяз хан өткөн жылы Миң-Булакта жайлап отурганыбызда, конокко келип, курултайга катышып кеткен. Быйыл да курултайга шылтоолоп уулун жиберип отурат. Ашиналар бир келсе кыргыздардан аскер сурап келет…

Жараш каган узакка ыкшып жөтөлүп, чөйчөктүн түбүнөн суу ууртагандан кийин, сөзүн улады.

-Айылга атактуу бектер менен уруу башчылары да курултайга келет. Конок каадасын жакшы кылгыла. Конок тосууда өөн иш болбосун, не баш айрылып, көз чыгып дегендей чатак чыкпасын, сүрмө топто ар кандай болот. Мен ооруп турам, Айбарча, айланайын кызым, сага айтарым, Куттемир агаң менен Кабыл  агаңдын айтканынан чыкпа. Адатыңча тентектик кылып, орокел иш жасабай, нөкөрлөрүң менен айылдагы келин-кызга баш-көз бол! Куттемир, карындашың Айбарчага калка бол! Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, курултайды жакшылап өткөрүп, намыска бек тургула!-деди Жараш.

Айбарча башын ийкей макул болуп, атасынын айтканын дым чыгарбай укту.

 -Эч кам жебеңиз ага, баарын дайындатып койдум, Айбарчадан санааркабаңыз, өз кызым Гүлайдан артык көрсөм көрөрмүн, бирок кем көрбөйм,- деген Куттемир жээрде сакалын сылай, демейде каардуу көрүнгөн жүзү жумшарып Айбарчага жылуу карады да, андан ары конок каадасы тууралуу агасына болгон дайындыгын айтып, узун сабак кепке кирди. Кабыл баатыр болсо, Куттемирдин оозун карап, көздөрүн жүлжүйтө баш ийкеп, кебин тыңдап жатты.

КуттемирАйбарчанын  атасы Жараштын эң кичүү иниси. Айбарчанын бабасы-Каркыра хан. Чоң атасы Бакбуркан хандын жети уулу болсо, эң улуусу — Жараш, эң кичүүсү — Куттемир экен. Төрт эркек жоо колунан каза табышып, чабышта аттан жыгылып, бир буту сылтып, майып болуп калган агасы Кабыл баатырды кошкондо бүгүн үчөөнүн көзү тирүү. Кабыл баатыр Айбарчаны кичинекейинен өстүрүп, кыргыздын каада-салтын кулагына куюп, санжырасын айтып, жоокердик өнөр менен мүнүшкөрлүктүн сырын үйрөттү. Кербен менен алыскы өлкөлөргө барып жүрүп, анысын эми асыранды уулу Карабулутка өткөрүп бергенден бери, айыл ичинде отуруп калды. Устаты десең устаты, атасы жоого кеткенде, ата ордуна ата болгон агасы, мына ушул Кабыл баатыр.

Айбарчанын атасы Жараш азыр кыргыздарды бийлеп турган каган. Жашы сексенден ашып калды. Эки уулу жоо колунан өлүп, карыганда токолунан төрөлгөн жалгыз кызы Айбарча болгондуктан, аны кемегенин башына отургузуп, керилтип сайма сайдырбай, жоокерчилик заман экенин ойлоп, уул ордуна эр жигиттин  өнөрүн үйрөтүп чоңойтту. Айбарча жети жашында эле аттын кулагы менен тең ойногон чыйрак кыз болду. Улам чоңойгон сайын эч нерседен кайра тарпаган кашкөй, эркек мүнөздүү, сөзгө чоркок, бирок жоокердин өнөрүн мыкты өздөштүргөн бийкечке айланды. 

Жаш кезинен башын канжыгага, канын көөкөргө байлап, жоо сүрүп көнгөн Жараш каган да ноокастап жүрөт. Быйыл кыштан бери оорусу күчөп, аскер башчылык вазыйпа менен түмөн колду иниси Куттемирге өткөрүп бергенден бери, кагандык тактын мураскери Куттемир болоруна көздөрү жеткен ордо бектери ага алдыртан кошомат кыла башташкан эле.

Куттемир — кырктын кырынан эбак ашкан, кармаган жеринен кан чыккан, караганда жан чыккан кыргыздын кыраан беги. Боз улан кезинен эле агаларына кошулуп, кечээ эле кең жайыктын ээлери болгон жуанжуандарды[4] сүрдү. Ал ортодо түрктөр менен тынчтык ымаласына келишип, түрктөрдүн каганы Турду Куттемирге кызын берип, Жараш анын уулу Аяз тегинге карындашы Бааркүлдү күйөөгө узатты. Жоолашпайлы деген мунасага келип, ары барса жек-жаат, бери келсе куда-сөөк, ортодо уул-кыздары төрөлгөндөн кийин таяке-жээн болуп калышты. Мына эми Аяз менен Бааркүлдүн уулу Бий-Арслан кыргыздарга мейманчылап келе жатканын айтып чабарманы келди.

Бирде толуп, бирде бөксөргөн оомалуу-төкмөлүү дүнүйөнүн ушул адам жаны кылыч мизинде болгон доорунда, Каркыра хандын укум-тукуму башкарган кыргыздарга биягы Кулан менен Сары-Чөлгө, ары жагы Теңир-Тоо менен Жейхун дарыяга чейин карап турган кез болчу. Бул жерлерди түрк кагандары ээледик дешкени менен чындай келгенде, кыргыздардан айбыккан кагандар бийликти алардын колунан толук ала алышпады. Ал тургай аскер сурап кайрылып, бир жылда бир нече ирет ханзадалары менен тегиндери конокко келишип, ортодогу алаканы талкуулап турушат.

Бакбуркандын уулдары элди жакшы башкарып, жоонун аягы тыйылып, караламан букаранын курсагы тоюнуп, жуанжуандардын чапкындарында кара кийип, кан жутуп калган жетим-жесирлер оңолуп, кең өрөөндөргө мал туягы батпай күтүрөп, соодагерлер менен көпөстөр Кытайдан Византияга[5] чейин дүр-дүнүйө, жибек ташып, ортодогу кербен жолдорун бойлото капкалуу сепилдери бар калааларды курушуп, ар кыл уруулардан куралган кыргыздардын иши жүрүшүп, ити чөп жеп турган заман келген болчу.

Ошол күнү Куттемир Жараш каган менен бир аш бышым отуруп кеңешип кеткенден кийин, атасы Айбарчаны кайрадан өргөсүнө чакыртты.

-Кызым,-деди алыстан сөз баштаган Жараш. “Энең Жетикаш дуулаттардын[6] атактуу баатыры Калчанын кызы эле. Чабыштан жеңилген дуулаттардын кыз-жигиттерин кулдукка айдап бара жаткан жеринен аман алып калып, аларга кошуп энеңди дагы куткарып калдым эле. Теңирдин буйругу менен апаң Жетикаш жубайым болду. Ага ыраазымын. Андан бери жыйырма жыл өттү. Жылан жылында төрөлдүң эле, мына быйыл он сегизге карадың. Энеңдей болуп жоонун колунда калса, бөтөн бирөөгө жемин жедирбей, көз жашы төгүлбөй, кара башын коргогонго күчү жетсин деп сага жоокер өнөрүн үйрөттүм. Элге тынчтык заман келбей койчудай болуп, сени эркек ордуна өстүрүп койгонума мына бүгүн өкүттө болуп жаткан кезим. “Тай туйлап такка чыкпас, катын туйлап калк башкарбас”- деп коюшат элибизде. Алыска кетип аң уулабай, аскага чыгып бүркүт кармабай, үй маанектеп отурсаң кантет кызым. Менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Көзүмдүн тирүүсүндө сени бир жерге узатып, эр жигитке бүлө кылып, анан өлсөм арманым болбос эле”,-деди Жараш.

Муну уккан Айбарча эрдин кымтып, ашыкча сөз чыкпай түнөрдү, атасын түшүнүп турат, уулдарын жоготпосо бүгүн балким башкача карыйт беле, ким билет.

Айбарча атасынын көңүлүн жубатарга сөз таппады.

-Уруксат болсо чыгайын ата,-деди Айбарча бир аз отургандан кийин.

Жараш башын аста ийкеп, кызына ак дебей, көк дебей көзүн жумган абалда кыйлага чейин унчукпады.

-Бар балам, айтканымды жакшылап тыңда, атаң менен энеңди капалантпа,- деди Жараш бир топтон кийин.

Ал күнкү сөз ошо менен бүттү. Ордунан шарт турган кыз өзүнүн өргөсүнө жөнөдү. Кантсе да атасы туура айтып жатат. Бир мүнөз, бетке чабар, өжөрлүгү жанда жок, кырс мүнөз кыз. Ошондон уламбы же каган атасынын сүрүнөн чочулаштыбы, жашы он сегизге чыкса да эмдигиче бирөө жарым колун сурап, жуучу келе элек. Айбарча  оюн-күлкүдөн оолактап, эркектер кылчу ишти көп кылып, ат үстүндө жүргөнү жүргөн. Жеңелери өздөрүнчө; “кара далы болуп бүттү же күйөө албайт”,-деп алдыртан күбүр-шыбыр кеп кылышып, бирок Айбарчанын сүрүнөн айбыгышып, бул тууралуу эч бир ооз ачышчу эмес. 

Куттемирдин сулуулугу менен атагы алыска тараган чүрөктөй кызы Гүлай андан эки жашка кичүү. Экөө жакшы тил табыша албайт. Гүлай боюн көтөргөн, кербез мүнөз, текебер кыз. Кыргыздарга баш ийген уруулардын арасынан тандалып алынган кырк нөкөрүн ээрчитип, ак куудай мойнун койкойтуп, жел болсо учуп кетчүдөй үлбүрөп, Айбарчага атаандашкансып турат.

Айбарча ага карабайт, кагандын жалгыз кызы болуу бешенесине буюрган экен. Гүлай менен талашып-тартышар эч нерсеси жок. Ханбийкени жандай жүргөн, өзүндөй болуп ат үстүндө кылыч кармап, жаа тарткан кырк нөкөрүн ээрчитип аңчылык кылгандан тажабайт.

“Курултайга чакыртылган бектерден али дайын жок, айылга курултайдын шылтоосу менен келип айлап жатып алчу коноктор келгенче аңчылыкка бир чыгып келейин”,- деп ойлогон Айбарча ал күнү нөкөр кыздардын башчысы Каниза менен кеңешип Тегерек-Таштын капчыгайына барууну чечти. Ханбийке нөкөрлөрүн ээрчитип, түш оой аңчылыкка аттанды.


[1] Чыракдан-шам коюучу идиш же жасалга

[2] Түпөк-найзанын башына малдын кылынан жасалган чачык

[3] Эшик ага-кагандын, же хандын боз үйүнө киргизбей кайтарып турган атайын кызматчы

[4] Жуанжуан каганаты-Байыркы түрк каганаты бийликке келгенге чейин Евразиянын аймагында көчүп-конуп, өз алдынча каганат түзгөн байыркы көчмөн уруулардын аталышы

[5] Византия-Байыркы Римдин ордуна пайда болгон мамлекет, тактап айтканда, Римдин биз сөз кылып жаткан VI кылымдагы аталышы

[6]  Дуулат-уруунун аталышы

3-бөлүм

Кербен сарайдагы кептер

Кербен башы Карабулут эртең менен бирөөнүн ыйлаган үнүнөн чочуп ойгонду. Дароо көкүрөгүнө кармап жатып уктаган ийри кылычынын сабын мыкчып, ордунан атып турду. Жаздыктын алдын сыйпалап, баштыктагы тай туяк[1] алтыны ордунда экенине көзү жеткен соң гана аны чапанынын койнуна катып, айланада эмне болуп жатканын аңдай, банжара[2] менен кооздолгон кербен сарайдын терезесин ачты. Короодо беш-алты жаштардагы баланы ушул кербен сарайдын ээси камчы менен сабап жаткан экен. Үңүлдөп ыйлаган баланы көргөн Карабулут токтоно албады.

-Жаш баланы эмнеге анча урдуң?!…- деп сурады ал орой үн менен кербен сарайдын ээсинен.

Дайыма конуп-түнөп жүргөндүктөн, Карабулутту жакшы тааныган кербен сарайдын ээси Кебекчи баланы урганын токтотуп, эки колун көкүрөгүнө алып, аны менен амандашты.

-Амансызбы,бекзада[3]?! Бул томояк таң эртең менен ашканага уурулукка кирип, анысы аз келгенсип, качып баратып бир челектеги жанар майымды төгүп салыптыр…

-Жанар майыңдын баасы канча эле…?

-Он дилдеге[4] алгам…

Карабулут белиндеги кемер куруна өзүнчө тагылган булгаары илгичке  байланган капчыгынын оозун чечип, андагы  бир нече дилдени терезеден ыргытты.

-Мына бул дилделерди ал да, баланы коё бер,-деди ал сурданып.

Кебекчи жерге чачылган тыйындарды эңкейип жыйнай баштаганда, бала “жылт” коюп качып жоголду. Карабулут мыйыгынан жылмайып, жаткан төшөгүнө кайрадан келип отуруп, керилип-чоюлуп денесин жазды. Дегеле жаш баланын ыйлаганын уккусу келбейт, каны кайнап кетет. Анын дагы жөнү бар. Бала кезинде камчы менен да, булдурсун менен да далай ирет токмок жеди. Токмок менен чоңойгон армандуу бала чагын эстегиси келбеген жигит өзүн алаксытмак болуп, төшөнчүнүн башында турган саймалуу кызыл куржунду оодара кетти. Андан аспиеттеп жибек менен оролгон, ичи-тышы кызыл атлас кездеме менен капталган жыгач кутуну алып чыгып, капкагын ачты. Кутуда зергер уста өтө кылдат чеберчилик менен жасаган кабыландын сөлөкөтү түшүрүлгөн эки алтын иймек жатты. Айбарча ханбийкеге деп Беш-Балыктагы[5] атактуу зергерден сатып алган белеги. Сөйкөнү дагы бир ирет колу менен кармалап көрүп, аны чеберчилик менен жасаган устага ыраазы болду. Мындай чебер буюмду буга чейин эч жерден кезиктире элек эле. Арийне бир канча пулу кетти, бирок ага ичи ооруган деле жок.

“Кабыландай кызга куп жарашат”,- деп жымыйып ичинен сүйүнүп отурду.

Айбарчага жагат болуш керек! Кантип жакпасын…?

Жаштыгы ушул каймалдар[6]менен каалгыган кербен жолдо өтүп жатса да Карабулуттун жан дүйнөсүн жылыткан эки асыл нерсе бар эле.

Анын бири, чын жүрөгүнөн жанындай сүйгөн аруузаты-Айбарча.

Экинчиси, багып алган атасы Кабыл баатырдын Суябдагы эски үйүндөгү жашуурун казылган жер төлөдө бир нече карапага чогултуп жаткан алтыны.

Мындай алтын менен Карабулут “мен кыйын” деген согдулук[7] көпөстөрдүн бир нечесинин байлыгын сатып алып койсо болот. Байлык эмне болуп калыптыр, кагандын өзүн чочулата турган түмөн[8] колду жалдаса болот. Ар бир кербен менен барып келгенде кербен башы катары да, өзү соодалап жүрүп тапкан акчасы катары да киреше таап, алтынына алтын кошулган сайын Карабулуттун төбөсү көккө жетип сүйүнчү.

“Теңир кааласа Айбарчанын колун сурап ага үйлөнүп, Жараш кагандын жалгыз күйөө баласы болсом” дегенде ак эткенден так этет. Айбарча аны азырынча агасындай көрсө да, сезимин билдирсе баш тартып кете албастыр.

Кутуну кайра жаап куржунга салгандан кийин, Карабулут кербен сарайда ичи жыпар гүлдөр менен толтурулган чопо карападагы сууга бети-колун жууп-чайып, жээктери оймо-чийме менен кооздолгон чарпаяга жигит башы Биймырза менен таңкы ашка отурду. Ага караштуу кырктай күзөтчү жасоолдор дагы бир нече чарпаяга жайгашты.Карабулуттар отурган жерге жакын жайда беш-алты жоокер өз ара бакылдашып, тамак ичип сүйлөшүп жатышты. Кыязы, көрпө тебетей кийгендерине караганда чумугун[9] уруусунун жоокерлери өңдөнөт.

— Жараш каган катуу ооруп, бийликти Куттемир бекке өткөргөнү калыптыр дейт…

-Капырай, эми эмне болот?

-Билбейм, анысын, ушул жолу курултайда Түмөнбай бек улуу Чаргынга Куттемир бектин кызы Гүлайдын колун сураганы камданып жатыптыр…

-Ыя де… жүзүн элге көрсөтпөгөн Гүлай бийкечтинби?

-Анын жүзүн көргөн бирөө-жарым бар бекен? Аны “сулуу деле эмес, кебетеси серт, одуракай” дейт го, ошон үчүн үлпүнчөк жамынып жүрөт экен…

-Ошондойбу, ботом,  мен аны “ааламда жок периште”- деп уккан жайым бар… Андай кебетеси суук бийкечти Чаргын кантип алаар экен…?

-Алат, албаганда эмне экен, “ата даңкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт”… Куттемир каган болуп шайланса, биздин эле Түмөнбай бектин зоболосу артпайбы…

-Жок, андай эмес эле, тескерисинче менин угушума караганда “Гүлай сулуулугу ашынган пери”- дейт, аны  көргөндөр эстен танып, кулап калат имиш…

-Силер калп эле “уу-дуу” боло бербей, Улуу Курултайда Гүлай бийкечти өз көзү менен көрүп келген Чокойбайдан сурагыла!- деди жоокерлердин бирөөсү, төрдө отурган, көрпө тебетейчен, жашы улуураак жоокерге ээк жаңсай. Калган жашыраактары анын оозун карап калышты.

Чокойбай дегени каадаланып, бир азга ойлуу отуруп, ээгине чыккан бир эки тал эрбейген сакалын кашып алып сөз баштады:

-Түмөнбай бек өткөн жылы бугунун айында Миң-Булакты[10] жайлап отурган Жараш кагандын чакырыгы менен Улуу Курултайга барды. Мен, дагы бир нече жоокерлер менен коштоп бардык. Ошол жерде кагандын жакын туугандары жана Куттемир бек менен кошо келген Гүлай сулууну көрдүм. Мен атайын оюн-зоок көрүш үчүн жерден өйдөрөөк орнотулган Жараш каган отурган жыгач секидеги такка жакыныраак турган элем. Бир маалда жел учуруп, Гүлайдын бетиндеги үлпүнчөктү ачып жиберсе болобу! Эл оозунда айтыла жүргөндөй эле, чыны менен ашкан сулуу экен. Сулуулугунан көз тайгылчудай болуп, үлбүрөгөн ак шайыдай созулат тим эле. Көздөрү да жылдыздай жайнап турат экен…

Карабулут ушул сөздөрдү угуп отуруп тажап кеттиби же Жараш каган катуу ооруп жатканын угуп чочуладыбы, айтор, алдындагы чоң жыгач кесеге куюлган таруу шорпонун аягын ичпей таштап, ордунан обдулду. Биймырза аны ээрчий, кербен сарайдан чыгышты.

“Жолоочунун жолдо болгону жакшы” деди Карабулут ага карап, Биймырза айттырбай түшүнүп, “леп” этип, жигиттерге сарайда аса байланып турган Карабулуттун жоргосун алып келүүнү буюрду.Төрткүлдөгү[11] кербен сарайдан аттанган Карабулуттун кербени каалгып, төөлөр буркулдап жинин чачып, качырлардын мойнуна тагылган коңгуроолор шыңгырап, күн шашке болуп калган маалда Суябды карай жол тартышты.

“Жараш каган катуу ооруп жатыптыр дечи, оорусу күчөп кеткен го. Бийликти чын эле Куттемир бекке өткөрөбү? Анан калса каган боло турган андан башка ким бар азырынча? Же Жараш кагандын артында калган эркек туягы болбосо. Атасына бир нерсе болуп кетсе Айбарчага эмне болот?…” ушинтип ичинен ойлогон Карабулут тынчы кетип шыбак жыттанган мейкин талааны аралап, соорусуна суу койсо төгүлбөгөн Алабайпак деп аталган атактуу жоргосунун үстүндө чайпалып, Биймырзага “кербенди ылдамдата жүрөлү”,- деп буйрук берди.

Курултайга үлгүрүп барып калыш керек. Алып келген буюм-тайымдарын эң эле көп соодалай турган жер, ушул жылына бир жолу өткөрүлө турган Курултай. Мындай жыйындарга төгөрөктүн төрт бурчунан уруу башчылары, эл жакшылары, аксакал-көксакалдар менен аларды коштогон жоон топ жигиттери келишчү. Көк-Сеңирдин жайлоосуна эл батпай кылкылдап кетерээр эле. Туш тараптан келген көчмөн уруулардын башчылары жана аларды коштой келгендер бүлөлөрүнө керектүү мүлктөрдү сатып алышкандыктан, Карабулуттун болгон дүнүйө-мүлкү мыдыры калбай өтүп кетчү.


[1] Тай туяк алтын-алтындан же күмүштөн уютулуп жасалган акча.

[2] Банжара-оюу-чийүү менен кооздолгон жасалга.

[3] Бекзада-бектин баласына ыйгарыла турган даража.

[4] Дилде-ошол кезде колдонулган акча бирдиги

[5] Беш-Балык же дагы бир аталышы Бейтин калаасы-азыркы Кытайдын Шиңжан-Уйгур автономиялык районунун аймагында жайгашкан байыркы түрктөрдүн шаары.

[6] Каймалдар-төөлөр

[7] Согдулуктар — азыркы Өзбекстан менен Тажикстандын аймактарында VI кылымдарда жашаган элдин аталышы, согдулуктар Рим империясы менен Кытайдын ортосунда соода алакаларынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзүшкөн.

[8] Түмөн-он миңдей аскер деген түшүнүктү берет.

[9] Чумугун-уруунун аталышы.

[10] Миң-Булак калаасы- азыркы Талас областы менен Казакстандын Туркестан аймагында жайгашкан байыркы шаар.

[11] Төрткүл-Кыргызстандын аймагындагы азыркы Ак-Талаа, Кочкор аймактарында жайгашкан деп болжолдонгон VI кылымдагы шаарлардын бири.

4-бөлүм

Жол караган күндөр

Жайдын мемиреген жылуу күнү. Өлөң чөбү бурала өскөн адырлар кеңири, анын жогору жагында көк менен түбөлүк бириккен, төбөсүнөн кар кетпеген аскалуу тоолор шаңкаят. Ала-Тоолордун күнгө чагылышкан чокуларында муз жалтырайт. Суунун жээгин бойлото жыш өскөн карагай-шак, бадалдар дүмпүйүп, киши эмес, жылкы аралап кирип кетсе да бою көрүнбөй калчудай.

Гүлай сулууну коштоп жүрчү нөкөр кыздар жайыла аккан суунун жээгинде бири-бирине суу чачышып бейкапар ойноп жатышты. 

Калың бадалдардын түбүндө тигилген жашыл жибек чатырда атайын нөкөрлөрүн ээрчитип сейилге чыккан Куттемир бектин кызы Гүлай бийкеч төрдө салынган килемде көлөкөлөп, манчыркаганы жүзүнөн билинип отурду. Демейде салынып жүрчү аппак үлпүнчөгү жерде жатты.

Бойго жеткенден бери көз тийбесин деп Гүлайды элге көрсөтпөй мойнуна тумар тагышып, бетине үлпүнчөк жаап коюшкан. Ал тууралуу эл оозунда ар түрдүү аңыз кептер айтылып, бул чөлкөмдө атагы чыккан сулуулардын бири эле.

Нөкөр башчы Жибек саймаланган чакан эки баштыктын биринин оозун ачып, ичине салынган аппакай бермет шуруларды килемдин үстүнө чачып жиберип санап жаткан.

-Жүз жыйырма эки күн болуптур бегим…-деди Жибек акыркы шуруну баштыкка салып жатып Гүлайды бүжүрөй карап.

-Ох ушунча өтүп кеттиби?

Гүлай нааразы боло Жибектин айтканын кулагына илбегендей, татынакай ээгин таянып туруп өктөм буйрук берди.

-Кана, кайра санап чык!

Жибек иши кылып чатак салып ачууланбаса экен дегендей шамдагай кыймылдап, ханбийкенин каш-кирпигин жагалдана карап, баштыктагы шуруларды кайрадан килемдин үстүнө төгүп жиберип, санап кирди.

Гүлай Карабулут кербенге кеткен сайын ушул баштыкка салынган бермет шурулардын бирин күн сайын экинчи баштыкка салдырат.Ушинтип күн санайт. Гүлайдын санагы боюнча асманда ай үч-төрт, кээде жети-сегиз жаңыргандан кийин Карабулут кагандын айылына кербенден кайтып келчү.

Карабулутту ичинен тымызын жактырарын Гүлай жана нөкөр башчы Жибектен башка азыр жан адам билбейт. Карабулут кызга сырдуу да, келбеттүү да көрүнөт. Бул жердегилердин эч кимисине окшобой, укмуштуудай кеп тапкан чечендиги жана көптү билгени менен Гүлайдын көңүлүн арбап турат.

Аны качан, кантип жактырып калганын кыз өзү да түшүнбөй жүрөт.

Гүлай бегим Кош-Көл деген жерде ордодо төрөлүп, ошол жерде эс тартты. Куттемир атактуу бек эле. Ал үчүн оозун ачса алтын кашыктап берилчү тамак, ойнойм десе айылдагы атактуу чебер уздар жасаган түркүн куурчактар даяр эле.

Апасы Сунайым бегим[1] “төрөлгөндө эле каш-кирпигиң капкара болуп, өзгөчө сулуу төрөлгөнсүң” деп көп айтат. Азыркыга чейин ар дайым “сулуу кызым” деп эркелетет. Түркүн көйнөктөрдү кийип, көпөлөктөй кулпунуп турчу.

Кашында багуучу аялдар чарк айланып, жалынып-жалбарып, мактоого алышчу. Гүлай өзүнүн өзгөчө кыз экенин ошол кенедей чагында эле сезген. Жанына келген башка кыздардын чачын мыкчый кармап жулуп, төпөштөп койгондуктан, өзү теңдүү кыздар аны менен ойнобой, ыйлап качышчу.

Эс тартып калган кезинде “көчөбүз” деп калышты. Көчүү деген эмне экенин ага чейин Гүлай билчү эмес. Ошентип акыры көчүштү. Ошол көч Гүлайдын күнү бүгүнкүдөй эсинде. Кыз атка мингенден корккондуктан, апасы Сунайым аны төөгө мингизип, башына ак сөөк айымдар гана салына турган калдайган ак оромолун салынып көч баштады.

Көч жетер жерине жеткен кезде алыста калкайган айыл көрүндү. Бул даңазалуу Жараш кагандын айылы экенин кичинекей кыз кийин түшүндү. Көч токтору менен атасы Куттемир апасы Сунайымды, агасы Шааболот үчөөнү ээрчитип ортодо тигилген аппак өргөгө келди.

Өргөнүн кеңдигинен анын баш-аягы көрүнбөйт.Төрдө такта отурган кишиге атасы өзгөчө ызаат кылып жатты. Буга чейин Гүлай атасынын башка бирөөгө баш ийип андан ылдый отурганын көргөн эмес. “Менин атамдан кыйын турган бул ким болуп кетти?!” деген күдүк ой башына келди, ошону көргөндө. Тигил киши сакалы буурул тарткан, эки ийни далдайган албеттүү киши экен. Жанында чачтары беш көкүл өрүлгөн, өзүнүн боюнан эки эсе келген жааны кармалап ойноп отурган секелекти көрдү. Ал Айбарча болчу. Кыз Гүлайга тикчийип карап калды.

Гүлай эмнегедир кыздын көз карашынан коркуп кирпидей жыйрылды.Биринчи жолу аны тайманбай караган кызды кездештиргени ушул. Болбосо андан баары коркуп турушаар эле.

Жараш кагандын өргөсүнөн чыккандан кийин апасы Сунайымдан “Кош-Көлгө кайра качан кетебиз?”,- деп сурады.

-Эми мындан ары кетпейбиз, ушул жерде болобуз,- деди кызын жетелеп бара жаткан Сунайым токтоо гана.

-Энеке,  кайра кетеличи?,- деп ыйлап жиберди Гүлай. Ага Куттемир каган атаң болот деп тааныштырышкан Жараш дагы, канайым энекең деген Жетикаш дагы, жада калса өзү теңдүү Айбарча дагы жаккан жок.

-Апе-ей, жаман жорону баштап эмне ыйлайсың?! Болду, өңгүрөбөй басыл!-деп биринчи жолу кызын тилдеди Сунайым.

Гүлай апасынан мындай сөздөрдү уккан эмес. Ээги кемшеңдеп, ызасы ичинде калып таарынып, апасы адатынча сооротот го деп күттү. Бирок, ал кызматчы аялдар жана нөкөрлөрү менен өргө көтөрүүнүн камында болуп, кызына көңүл бөлгөн жок. 

Ошол күндөн баштап, Гүлай бактылуу кездери менен кош айтышты. Атасы Куттемир Жараш каган менен катарлаш өзүнчө өргө көтөрүп ушул айылда туруп калды.

Эми өзү теңдүү кыздардын арасында ал башчы боло албай турган болду. Баягы адаты кармап, бул айылдагы аны тааныбай ойногонго келген бир кызды төпөштөйүн деди эле, кайдан-жайдан пайда боло калган Айбарча аны токтотту.

-Эч кимге тийбе, ыйлатпа! Болбосо чыбык менен сабайм!-деп катуу эскертти ал.

Гүлай эркелиги кармап жер тепкилеп ыйласа дагы, бул ирет аны эч ким мурдагыйда соороткон жок.Үңүлдөп ыйлап жатып өзү басылганча тим коюшту.

Кыз бул чоң айылда эмне үчүн чоң адамдардан тартып кичинекей балдарга чейин баары “ханбийке” деп Айбарчаны гана сыйлап турушарын, эмне үчүн өзү кийинки катарга жылып калганын түшүнбөй жүрдү. Жада калса, ага кагылып, жалынып турчу багуучу аялдар дагы Айбарчаны карап калышкандай. Бир жерге чогулушса Айбарчадан өйдө өтүп отурбайт. Ашыкча тентектик кылып койгон кыздарды да, суу мурун балдарды да Айбарча кичинекей чыбык менен алаканга чаап жазалап коёт. Эч ким ага эч нерсе дебейт. Аны да бир-эки жолу чаап жазалаганга үлгүрдү, Гүлайга эч ким болушкан жок. Ошентип, секелек өзү каалагандай эркелеп жүрө албай калды.

Гүлай кагандын айылында ошентип экинчи катарга түшкөнүнө дилинде таптакыр макул эмес эле. Ушундан уламбы, Айбарча ханбийкеге катуу атаандашып жүрүп бой жетти. Ханбийкедей болуп ат жалында шамал менен жарышып, тулпардын туягында кагылган таканы түшүрө аткан мерген кыз болбогону менен сулуулугу менен бул кең жайык менен Теңир-Тоодо атагы алыска тараган бийкечке айланды. Айбарча дагы өзгөчө жоодур көз сулуу дечи. Бирок, Гүлай өзүн андан артыкмын деп эсептейт.

Ал тургай Айбарчанын сулуулугу менен баатырдыгын башка уруулар билбесин деп ичи тарыгандыктан, атайын жашыруун түрдө бир нече баштык дилде берет да, кербен менен келгендерге же айылга мейманчылап каганга учурашууга  алыс-жакындан келген кишилерге атайын жалданган жигиттерди алдыртан жөнөтөт. Алар кыябы келе калса ошол меймандарды коштой келген ат кошчуларга, кызматчы кулдарга “кагандын кызы Айбарча келбети суук, тамаксоо, орой жана аюудай копол” деген сыяктуу сыпатамаларды айтып күңкүл кеп кылып акырын сөз таратышат. Ал эми Куттемир бектин кызы Гүлайдын сулуулугун айга-күнгө теңеп мактап келишет.

Айбарча көп учурда аң уулоого кетип, бир нече айлап Кызыл-Зоо деп аталган аскалуу тоонун түбүнө кырк нөкөрү менен чатыр тигип жатып алчу.

Кызды бул кагандын айылынан өмүрү көрбөгөндөр өздөрү барган башка урууларга “кагандын кызы Айбарчаны ыраңы суук кыз экен, ал эми Гүлайды сулуу экен” деп аңыз кеп таратып кете беришчү.

Гүлай Айбарчадан ушинтип тымызын өч ала турган.

Уландысы бар….


[1] Бегим – бек аялына берилүүчү даража


Яндекс.Метрика