Буга чейинки бөлүмдөрдү ушул эле сайттан таба аласыз.

11-Бөлүм: Жаңы коркунуч
Жоодар өрт менен жалынды кечип жатты. Денесин алоолонто жалмап жаткан жалындан кутула албай, ар бир тарамышы күйүп жаткандай сезилди. Кыйкырайын десе үнү чыкпайт. Ошол арада алыстан чымчыктын сайраганы угулуп, оттун жалыны акырындап басаңдай баштады. Чымчыктын үнү катуулап чыгып, кулагынын түбүнөн даана угулуп, акыры жалын таптакыр өчүп жок болду.
Анын ордуна кулагына дарактардын шуулдаган добушу келип, чымчыктар сайрап, таңкы салкын абанын муздагы бетине тийип жатканын сезди. Көзүн араң ачты. Тили оозуна батпай, ушунчалык суусап жаткан экен. Алгач эле көзүнө агыш сыр менен сырдалган шып урунду.
«Мен кайдамын? Кайсы жерде жатам?»
Айланасына алсыз көз жүгүрттү. Бул жер оорукана өңдөнөт.
Акыркы жолу эмне болду эле? Эстегенге аракет кылды.
Ооба, эстеди. Жол чалып келиш үчүн жанына он чакты гана аскерди ээрчитип ашууну карай бара жатканда Амандын жигиттери капыстан кол салган, оң акырегине ок жаңылган. Анан жанындагылар шашылыш жаратын таңышып, Алексей жана Эдгарс деген чек ара кошуунунун аскерлери аны тоо боордундагы ийри-буйру жол менен ат менен алып жөнөшкөн. Аттар боз чым баскан тоонун чыйыр жолу менен өкүрөңдөп жүргөн сайын, Жоодардын жаны кейип келе жатпады беле…
«Мен аман калдымбы же тигил дүйнөдөмүнбү?»
Жоодар ордунан окторулуп турайын деди, бирок көкүрөгүнө бирөө таш бастырып койгондой. Тулку боюнун сыздап ооруп жатканын ошондо араң сезди.
— Суу, — деп алсыз шыбырады. Үнү араң чыкты.
Маңдайында капыстан бир сулуу кыз пайда болду. Агыш халат кийген, көздөрү жайнаган ак жуумал кыз экен. Бир саамга Токтордун бала кезинде айткан сөздөрү эсине түштү: «Ким бейишке кирсе, аны супсулуу бир үр кызы тосуп алат экен» деген.
«Бейишке келип калдымбы?» – деп ойлоду Жоодар. Мынчалык татынакай кызды буга чейин эч жерде кездештирген эмес эле. Анын мээримдүү караган көздөрүнөн кандайдыр бир жылуулук таралып турду.
— Мен кайдамын? — деди анан алсыз үнү менен.
— Караколдун ооруканасындасыз, — деди ага кыз назик, бирок чечкиндүү үнү менен жылмайып. — Коркпоңуз, баары жакшы болот.
Ал колун Жоодардын чекесине акырын басып, дене табын текшерди. Колдору кебездей жупжумшак экен. Анан:
— Юрий Афанасьевич! — деп үнүн бийик чыгарып бирөөнү чакырды. — Жарадар көзүн ачты!
Бир аздан кийин аппак сыр менен сырдалган бийик эшик «кыйч» деп ачылды. Чачын ак баскан улгайган, ак саргыл муруту калкандай, арыкчырай киши кирип келди. Кыз Жоодарды таң калгандай, ошол эле учурда сүйүнгөндөй карай берди. Жанагы киши өзүнүн бырыш баскан, бирок олбурлуу чоң колу менен анын чекесине койду.
— Жакшы, — деди ал башын ийкеп. — Өзүңдү кандай сезип жатасың, жигит?…
Жоодар араң сүйлөдү.
— Мен… жакшы… Суу,… Суу бергилечи…
«Эмнеси болсо да тирүү окшойм», – деп ойлоду Жоодар көзүн жумуп баратып.
Кийинки ирет ойгонгондо өзүн жакшы сезип калыптыр. Бирок чаңкаганы дагы эле басыла элек экен. Көзүн ачаары менен буга чейин көргөн сулуу кызды издеди. Ал ушул жерде иштейби? Бөлмөдө эч ким жок, өзү жалгыз. Көз жиберип терезени тиктеди. Бул ирет күн батып бара жаткан көрүнөт. Кызгылт нурлары ал жаткан бөлмөгө чагылышып турду. Мөлтүрөгөн сулуу кыз кайда болду экен?..
«Сулуу кызды коё турчу», – деди бир ою. «Мойнуңа жүктөлгөн милдет турганда үр кызын ойлоп эмне кыласың? Хмм, үр кызы деп коём да, тигил дүйнө жок деп окутушпады беле мага».
ГПУнун кызматкери катары алгачкы тапшырмасын ушинтип аткара албай калабы. Головкин ага өтө ишенип жатпады беле. Каап ай. Минтип ооруканага жатып калганын карабайсыңбы.
Анын фотографиялык эс тутуму бар эле. Кайсы гана көрүнүштү болбосун бир ирет көргөндөн кийин, анын ар бир майда-чүйдөсүн мээсинде так сүрөт катары сактап кала алчу.
Бала кезинде элдин баары эле ушундай го деп ойлочу, бирок кийин эс тартканда алар башкача ойлоноорун түшүндү. Университетте окуп жүргөндө өзүнүн бул өзгөчөлүгүн изилдөөгө аракет кылды. Бул эйдетизм феномени деп аталат экен жана тубаса болот экен. Азыр советтик жана чет элдик окумуштуулар буга өзгөчө көңүл буруп изилдеп жатышыптыр.
Владимир Сергеевич Головкин — Жоодар үчүн жөн гана жетекчи эмес, ал устат, насаатчы жана аталык камкордугун көрсөткөн адам эле. Головкин Жоодардын өзгөчө акылын, байкоочулугун жана тайманбастыгын эң биринчилерден болуп байкаган. ВЧКда чогуу иштегенде, Головкин Жоодардын бандиттердин санын, курал-жарагын так аныктаганына таң калчу. Анын курч мүнөзү, ар бир кырдаалды тез баамдап, туура чечим чыгара алганы далай жолу өлүмдөн сактап калган. Ошондуктан, Головкин Жоодардын келечеги чоң экенин түшүнүп, аны атайын Ташкенттеги окуу жайга – САКУга жөнөткөн болчу.
Эми минтип азыр ал Аман Бараканов боюнча берилген милдетти аткара албай калчудай. Тез арада аракет кылбаса болбойт.
Жоодар керебетте жатып ушинтип түйшөлө берди.
Жайнагүл ушул маалда өзү убактылуу жашаган чакан бөлмөдө атасы Сагалыга тамак берип жаткан. Оорукананын ашканасынан атайын куйдуруп келген идиштен калай табакка шылдыраган суюк, буурчак кошулган шорпону куюп, бир кесим каткан нанды атасынын алдына жылдырды.
— Тамактанып алыңыз, ата!
— Ээ, тамакка табитим жок, кызым, анан калса бул шылдыраган суу шорпоңду ичпейм. Сагалынын үнү каргылданып чыкты.
— Анан эмне ичесиз?
— Азыр чайканадан барып палоо жейм. Андан көрө сен качан үйгө барасың, мага ошону айтчы?
— Мен барбайм, ата, ушул жерде калып иштеп жатпаймынбы…
— Ушул сенин өжөр мүнөзүң кимди тартканын билбейм, ыраматылык чоң энеңди тартып калгансыңбы?..
— Ата, мен бул жерде өзүмдүн эрким менен жүргөн жокмун. Атайын жолдомо менен иштеп, жардамчы болуп жатам. Мен болочок дарыгерлик ишимде тажрыйба топтош үчүн бул жерде калганым жакшы…
— Апаңа барбайм деген турасыңбы ошондо? Ал байкуш сени сагынып канчадан бери күтүп жүрөт. Бир жылдан бери көрө элек болчу. Былтыр ушул маалда келгенсиң. Эми мына эки-үч күн да үйгө турбай, кайдагы бир жарадар неменин артынан ээрчип келе бердиң. Ии, ээ, баса, ал жигит жакшы болуп калдыбы?
— Ооба, — деди Жайнагүл. Көздөрү кубанычтан жайнай түшкөнсүдү. — Аман калды…
— Ошондой эле болсун. Аны мен тээтиги борбордон келген чоң кызматкер деп уктум…
— Мен анысын билбейт экенмин, айткан жок. Үч күн жатып араң эсине келди.
Сагалы эмнеси болсо да, бүгүн кызын үйүнө кайтарып кетүүнү чечкен эле. Өткөндө Нусукенин опузалап келген кебин айтып түшүндүрбөсө болбойт. Сөздү эмнеден баштаарын билбей отурду. Үйгө барса, анан апасы Уларбүбү айтса деген, бирок кызынын бул ооруканадан жайлоого кайта турган түрү көрүнбөйт. Кызын Амандын уулуна кудалап койгонун кантип айтат эми? Буга чейин бир да жолу бул тууралуу кыйытып да көргөн эмес.
«Жакшы көргөн уулуңа калаа көрсөтпө» деген ушул белем. Минтип эми өз кызы өзүн укпай, үйүнө кайтып барбай отурат.
— Кызым, «буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө» дейт… — деп кепти алыстан баштады Сагалы болгон күчүн жыйнап.
Кыз жактырбай кабагы бүркүлө түштү.
— Ата, андай сөз айтпаңыз. Мен капа болом. Билесиз да билимимди улантышым керек.
— Сен, кызым, мени жакшылап ук. Кеп мындай. Сен жаңы төрөлгөн кезде, көп жыл бала көрбөй жүргөн мен аябай сүйүндүм. Негизи биздин тукумда кыз балдар аябай эле аз төрөлөт. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жалаң уулдар төрөлчү….
Жайнагүл атасынын оозун карап калды.
— Чоң атаң Карбоз бий да маңдайы жарыла кубанып, «кырк жылкылуу болдум» деп алыс-жакынга сүйүнчү айттырды. Бешик той берди. Тойдо ат чабыш, көк бөрү, айтор баары болду. Карбоз «небере кызына ушунча чоң той берди» деп эл арасында укмуш кеп тарады…
Жайнагүл бул тууралуу таптакыр уккан эмес экен. Таңыркай кулак түрүп калды.
— Ошол жерден конокко келгендердин арасында азыр басмачы атыгып кеткен Аман да бар эле, кызым.
Кыз сөз кайда баратат дегендей элейди. Жүрөгү бир жаман нерсени сезгендей, денеси ичиркене түштү.
— Оо, ал жылдары Амандын байманасы ашып, иши өргө жылып жаткан кези эле. Ага чейин Кашкарга барып соода кылып, абдан байыган бир кезде. Кийин кылмыш жасап качып келип атама корголоп жүрдү. Атам ага бир үйүр жылкы бөлүп берип каралашты. Экөөбүз дос болдук. Менден бир топ жашка улуу болсо дагы абдан акылы зирек, шайдоот жан эле ал кезде Аман….
Кыз «мунун баарын атам мага эмнеге айтып жатат» дегендей чыдамы кетти.
— Анан эмне болду, ата?
— Анан ошол жакшылар чогулуп эт жеп жаткан дасторкондун үстүндө Аман атама карап: “Бешик той жакшы өтүп жатат. Эми мынча болду бийим, кимдин күлүгү чыгып келсе, небере кызыңызга биротоло куда түшсүн,” — дей салды. Атам макул болду. Себеби Амандын кимди кыйытып жатканын дароо түшүндү окшойт. Анткени анын Алгырбоз деген күлүгү бул чөлкөмгө таанымал болуп калган. Жаңы гана эркек уулу да төрөлгөн. Атам Аман менен кудалашууга каршы болбоду көрүнөт. Ошентип Амандын Алгырбозу марага чыгып келди. Сен бешикте жатканда эле анын уулу Асанбайга кудалаштык. Эки тарап антташтык.
Кыз уккан кулагына ишенбей дел болуп отуруп калды. Ошондо атасы эмнени айтканы турат ага?
— Кептин кыскасы, Асанбай үч-төрт жашында тумоолоп чарчап калды. Анан чоң атаңдын көзү өтүп кетти. Мен сенин башыңды ачып келейин деп Аманга барсам, ал “кийин көрө жатаарбыз” деп жооптошпой койду. «Асанбай өлсө, агасы Нусуке бар» деди.
Сагалы ушинтип айтаарын айтып, кызына карады. Жайнагүл кептин төркүнүн эми гана боолголоду. Жан дүйнөсү аңтар-теңтер болуп кетти. «Демек Нусуке атама келгенби?» деп ойлоого үлгүрдү.
Сагалы кебин андан ары улантты.
— Мен да унчукпай келе бердим. Кандай болсо да Аман бул ишти жөн калтырбай турганын билчүмүн. Алар бир күнү эски кудалыгын эске салып келбесин деп Кеңеш өкмөтүнүн билимин берип, сени калаага кетирдим. Эл болсо “Сагалы кенедей кызын жалгыз тентиретип, ата-бабасы көрбөгөн Пишпекке жиберди” деп уу-дуу кеп болду. Жатак мектепке кабыл алынып окуп жатканыңды уккан айрымдар бетиме түкүрүп кетишчүдөй нааразы болушту. “Жалгыз кызын батыра албай жетимдердин жатак үйүнө жиберген сендей ата курусун” деп мага келгендер да четтен табылды…
Жайнагүл атасынын айткан кебине капа болуп отурган. Бирок атасынын аны Амандын кудалыгынан куткарыш үчүн колунан келген аракеттерди жасап жүргөнүн угуп, таарынычы жазыла түштү. Буга чейин аны билимди абдан баалаган адам деп эсептеп келген болсо, эми атасынын түпкү сыры маалым болду. Демек, аны Амандардан качырып жүргөн тура…
Сагалы оор жүк баскандай ынтыгып, анан араң айтты.
— Өткөндө Нусуке келиптир, сени быйыл күйөөгө беришим керек экен ага. Болбосо, катуудан казаның, жумшактан күлүң калат деди…
Ушуну айткан атасы башын жерге салды.
Кыз эмне кылаарын билбей айласы куруй түштү. Нусуке тууралуу атасы Амандай болуп айтканынан кайтпайт деп уккан. Жан дүйнөсүн канчалык коркунуч бийлесе да, Жайнагүл акылын пештегенге аракет кылды.
«Ошол Нусукенин айтканындай эле болуп калмак беле. Өкмөт деген бар. Анан калса ал кылмышкер. Тоолорго жашынып, качып жүрөт. Өкмөттүн өкүлдөрүнө арызданса болот.»
Кыз өзүн ушинтип сооротту. Бирок кайра бир коркунуч толгонтту.
Нусукеден баш тартып, өкмөткө арызданып, аны каматып салса, кийин атасына зыяны тийбейби? Анан калса, ал кызыл аскерлердин колуна түшпөй, атасы экөө Көйкапта өздөрү бий, өздөрү хан болуп жашоосун өткөрүп жаткан адам. Кызыл аскерлер Нусукени кармай албай жатышат деп укпадыбы. Кармай албай жүргөндөрдүн бири тигинтип жарадар болуп ооруканада жатпайбы….
Эмнегедир эсине бүгүн эртең менен көзүн ачкан Жоодар түштү.
“Эми эмне болот?”
— Сен коркпо, кызым, — деди ошол маалда атасы анын оюн окуп алгандай. — Ал мага азырынча тийбейт. Сен азыр апаңа жайлоого барып, анын сагынычын таратып кел. Анан калаага кайра кетирип жиберейин… Нусукени мага кой…
— Ата, сизге зыяны тийип калсачы…
— Ээ, эмне кылып алмак эле, балам, анын атасы экөөнүн заманы өткөн. Өкмөт деген бар….
Бирок айтаарын айтып алып, Сагалы ичинен үрөйү учуп отурду. Нусуке бир-эки жыл мурда анын кайда жүргөнүн чек ара гарнизонуна айтып койгон бир айылдашын атка сүйрөтүп өлтүрткөнүн уккан. Аны менен тим болбой, ал бечаранын артында жесир калган аялын, бала-чакасын түндөп келип малай кылыш үчүн тоого алып кеткенин уккан. Анын башына дагы ошол тагдыр түшүп калышы толук мүмкүн.
Атасынын ойлуу отурганын көргөн кыз анын көңүлүн жубаткан болду.
— Ата, мен идиштерди ашканага берип келейин. Мен калаага барбайм. Нусуке боюнча иштер бүтмөйүн апам экөөңөрдүн жаныңардан карыш да жылбайм…
Ошентти да сыртка чыкты. Көңүлү чөгүп, жүрөгү кысылды. Заматта кечээги кыялдары талкалангандай болду. Анын “Фрунзеден окуп жаткан медициналык техникумду аяктасам, Ташкентке барып окуумду улантсам” деген кыялы да бар эле. Болгондо дагы хирург болсом дейт. Ал үчүн өзү окуган окуу жайдын билими азырынча чектелүү болчу. Дарыгерлик өзүнүн кызыктуу дүйнөсүнө күн сайын тартып бара жаткан эле.
Эми минтип кайдагы бир Нусуке дегени чыга калып, аны да, үй-бүлөсүн да бейпайга салып отурат…
12-бөлүм. Нусукеге салынган “капкан”
Эгемберди ошол күнү Караколдогу оорукананын короосун көпкө дейре акмалады. Фрунзеден келген ГПУнун кызматкери жарадар болуп ушул жерде жатканын Анохинден үстүртөн гана уккан. Бул кызматкер тууралуу дагы көбүрөөк билиш үчүн ушул жерди айланчыктап жүрдү. Аны бул ирет Амандын уулу Нусуке жиберген эле.
Эгемберди ага да, кызыл армиянын чек ара зардалынын башчысы Анохинге да тыңчы катары кызмат кылчу. Албетте, эки тарап тең Эгембердини “мага ак кызмат кылат” деп бекем ишенишет. Тагыраагы, Эгемберди ошентип ойлойт.
Бүгүн келсе, оорукананын кире беришин эки аскер кайтарып туруптур. Эгемберди алысыраактан аларга көз сала, тигил жарадардын маанилүү кызматкер экенине дагы бир ирет ынанды.
Түшкө жуук тыңчынын “жолу болду”. Эки аскердин коштоосунда илкий басып, өңү боз чүпүрөктөй кубарган бир жаш жигит ооруканадан чыкты. Болжолуна караганда, Фрунзеден келген чоң аткаминер ушул.
Эгемберди дарактын далдасына жашынып байкап турду. Бир аздан кийин жигит аскерлердин бири жетелеп келген күрөң атка кыйналып жатып эптеп минди да, үчөө калаанын күн батыш тарабына карай бастырып кетишти. Кыязы, Анохинге жолукканы кетишти окшойт.
Ысыктан аккан терин аарчып, жөө дикилдей алардын артынан жөнөп калды.
Каракол гарнизонунун башчысы Николай Анохин ал күнү өзүнүн штабында эле. Оролуп турган картаны жайып алып, кызыл карандаш менен чийилген жерлерине дагы бир ирет көз жүгүртүп чыкты. Жанында турган стакандан улам-улам суу жутуп, сейрек өскөн сары муруттары түксүйүп, ойлуу.
Абалы начар. Алты күн мурда жол чалып келмекке Фрунзеден келген ГПУнун кызматкери жанынан бир нече аскерди ээрчитип Көйкапты карай кеткен. Бирок Аман басмачы өзү баштаган жигиттер капыстан кол салып, ал катуу жарадар болду. Анохин чукул түрдө аскер баштап барганда, алар кайра Көйкапты карай качып, карматпай кетишти.
Убакыт аз. Москвадан келчү экспедиция жолго чыкканын айтып, Фрунзедеги башкы штабдан чалышты. Алардын коопсуздугун коргоо керек. Болгону бир-эки жумадай гана убактысы бар. Аңгыча Амандын бандасын кантип талкалайт?
Жогортон келген тапшырманы кантип аткараарын билбей, Анохиндин башы маң. Бул Аман деген неме анын чекесине чыккан чыйкан болду го. Күнү-түнү ойлойт. Ал тургай аялы да билип калды бул тууралуу.
— Коля, баягы эле Аманды ойлоп жатасыңбы? — дейт күнүгө кечинде үйүнө барганда чай берип жатып аялы.
Эми кандай кылса болот? Анохиндин заманасы куурулуп турду.
Күтпөгөн жерден каалга кыйчылдай ачылып, Жоодар кирип келди. Акыркы жолу аны Анохин Караколдун ооруканасында эс-учун билбей жатканда көргөн эле. Жанында Фрунзеден келген жакшынакай дарыгер кыз отурган.
— Жолдош Иманбаев, кел, жакшы болуп калдыңбы? — деди ага ызаат көрсөтө ордунан тура калды Анохин. — Ооруканадан эмне мынча эрте чыгып алдың? Мен азыр жумуштарымды бүтүргөндөн кийин кечинде сага бармакмын. Ал-абалыңдан кабар алсамбы деп…
— Чыгарыша элек. Убактылуу суранып чыктым. Кеңешчү кептер болуп жатат, — деди Жоодар жыгачтары сүрүлүп, өңү өчкөн эски отургучка кыңая отургандан кийин.
— Кулагым сенде…
— Амандын өлүк-тириги белгисиз. Бул туруш менен биз жакында Көйкапка барып, банданы талкалай албай калчудайбыз. Августтан кийин ашуулардагы жолдор жабылат. Убакыт аз. Москвадан жолго чыккан экспедициянын да келээр маалы болуп калды…
Анохин аны кубаттап сөзүн улады.
— Ооба, мага бул тууралуу эскертип жогору жактан чалышты. Ошондо сен эмнени сунуштайсың, жолдош Иманбаев?
Анохин өзүнө акыркы беш жылдан бери берип келген суроону эми Жоодарга узатты.
— Эгерде биз аларга бара албасак, аларды бизге келгендей кылсак кандай болот, жолдош командир?
— Мунун жөндүү экен. Аны да ойлогом. Бирок аларды гарнизонго чейин алып келүү мүмкүн эместей.
— Эмнеге?
— Элестетип көр эми, Амандын колунда баары бар, азык-түлүгү камсыз. Бул жерде кеп жеткирип барган тыңчылары жетиштүү. Кытайдан керектүү куралды алып турат. Көйкапка барчу ашууну ээлеп отурат. Гарнизонго келиш үчүн өтө эле олуттуу себеп керек.
— Менимче, Нусуке өзүнүн жигиттери менен гарнизонго чейин, ал тургай калаага чейин түшүп келиши толук ыктымал. Бул анын эң чоң катасы болот, жолдош Анохин.
— Кандайча?
— Менимче, Аман жарадар, бирок тирүү жатат. Мен жаза тайып атканда ок анын ийнине тийгендей болгон. Ал гана эмес Амандын кошуунунда өткөндөгү ок атышуудан кийин жарадар болгон жигиттери аябай көп. Алар мынабу ооруканага келе албай отурушат. Ошон үчүн сизден Юрий Афанасьевичти жана бейтапкананы кайтартканга аскер сурадым. Ок тийип жарадар болгондор келсе дароо билишибиз керек. Экиден аскер кезектешип кайтарып, сырттан карап даяр турган бир отряд да дайындапсыз. Аныңыз үчүн ырахмат, жолдош командир.
— Ээ, бул түздөн-түз милдетибиз, — деди мактоо укканына кубаган Анохин.
— Эми биз «шаардан келген жаш доктур кыз кайсы гана жаракатты болбосун айыктырат экен» деген айың кеп таратышыбыз керек.
— Ыя, эмнеге?
— Аларга азыр дарыгер аба менен суудай керек.
— Ошондо сен жанагы каникулда жүргөн жаш кыз тууралуу айтып жатасыңбы? Анын өмүрүн коркунучка салбайсыңбы?
— Ал чынында таланттуу дарыгер экен, — деди Жоодар.
— А эгер алар ооруканага келишпесечи? Өздөрү эмчи-дочуларды алдырып дарыланып дегендей…
— Биз келгендей кылабыз. Маселен, сиздин тааныш жыгач устаңыз барбы?
— Ооба, Дмитрий деген таанышым бар.
— Абдан жакшы. Ошого тез арада бир-эки күндө жыгач кутуларды даярдата аласызбы, акысын беребиз албетте…
Анохин сөз кайсы тарапка баратканын боолголой, сары муруттарын түксүйтүп калды.
— Коош, анан… — деди ээгин кармап ойлуу.
— Кутулар толук даяр болгондон кийин эң ишенимдүү жоокерлерди ээрчитип барып, алардын ичине сайдан чоң-чоң таштардан саласыз да, беш-алты арабага жүктөйсүз. Аскерлердин баарына “Аман Бараканов менен кармашуу үчүн Фрунзеден абдан көп курал келди” деп апыл-тапылдан эле жарыялайсыз. Ишенимдүү болуш үчүн бир-эки кутуга жаңы куралдардан салып, акты жазып өткөрүп алган болосуз. Складга киргизесиз.
Анохин аны зор ынтаа менен угуп калды. Болжолу, Жоодардын айткандары көңүлүнө муюду окшойт.
— Ошондон кийин Каракол кантонунун башчысына барып сүйлөшүп, Амандын бандасына каршы согушка катышуучу ыктыярчылар талап кылынаарын жазып кулактандыруу илесиз. Жазылгандарды азырынча машыгуу баштаганча күтүп тургула деп тизмелей бересиз.
— Анан…
— Өзүңүз аскер ишин жакшы билесиз, эми өзүңүздү Амандын жана анын баласы Нусукенин ордуна коюп көрүңүз. Эгерде сизге каршы аскерлер атайын арабалар менен курал-жарак алып келип, гарнизонго киргизип, ал тургай ыктыярдуу кошуунду түзүп жатса эмне кылат элеңиз? Ага кошумча атаңыз жана бир нече жоокериңиз жарадар дейли?
Анохин сары муруттарын жанып-жанып алды.
— Мен анда душманга өзүм биринчи болуп катылмакмын. Болгон күчүмдү топтоп, жаныма мыкты жигиттерди ээрчитип келмекмин. Гарнизонго кол салмакмын жана курал-жарак катылган сарайды өрттөмөкмүн. Бир эле учурда ишенимдүү жигиттер менен кызды уурдатып алмакмын да, Көйкапка карай качып, ашууларга буктурма коймокмун.
— Дал ошондой болот, жолдош Анохин! — деди Жоодар көздөрү оттой жанып. — Нусукени жигиттеринин жарадар болгону жана шаарга келген «дарыгер кыз» тууралуу кептер тынч койбойт. Ал курал-жарак тууралуу каңшаарды укканда, кол салып, ал жерди өрттөп, кызды алып кетүүнү көздөйт. Анан калса Нусуке эски салтты карманып, кызга ушул жайда үйлөнөм деп өткөндө атасын келип коркутуп кетиптир. Кыз үчүн ал сөзсүз келет. Биз аны дал ушул жерден, калаанын кире беришиндеги Төш-Булактын боюнан тосуп алабыз. Ал жерге биз мыкты аскерлерди жашырып, буктурма уюштурабыз. Бирок Нусукени калаага келүүгө кызыктырып, сөз жеткирип баргага бирөө керек. Кимди табабыз?
— Андай чалгынчы бар арабызда.
— Ким ал? — деди кызыккандай жигит.
— Эгемберди деген бирөө. Өткөндө бизди ашууга ошол баштап барды.
— Ааа, кара сакалчан, бою пас кишиби? Мен ага анча ишенбейм, жолдош Анохин. Ал Аман тарапка да иштеши мүмкүн. Мен аны азыр эле ооруканадан чыга берерде даракка жашынып турганын көрдүм, болжолу мени байкабайт деди окшойт. Ал тургай ушул жакка чейин аңдып келди.
— Азырынча андан башка ылайыктуу адам жок.
— Ким болсо да Нусукени өзү аскер баштап гарнизонго келгендей абалда кеп айтып барышы керек…
— Айткандырың жөндүү экен, жолдош Иманбаев. Болгону, ыктыярдуу кошуун түзүүгө уруксатты кантип алам?
— Ал жагынан кам жебеңиз, мен Фрунзеге байланышып, жогору жактан телефон чалдырып, уруксат алдыртам. Бул топту колго түшүрүү операциясынын бир бөлүгү экенин айтабыз.
— Жөн жаткандан көрө иштей турган ыкма экен. Анда биз тез арада даярданышыбыз керек, — деди жүзү саал күлүмсүрөгөн Анохин.
Жоодар ооруканада өзүн дарылап жаткан жаш практикант кыз менен тез эле тил табышып кетти. Аты Жайнагүл экен.
Аны операция жасап өмүрүн алып калган тажрыйбалуу хирург Юрий Афанасьевич кыздын анын өмүрүн сактап калуу үчүн кылгандарын айтып берди.
«Тагдырыңа ыраазы бол, жигит, бул кыз болбосо сен жолдо эле өлмөксүң. Ал башкача бир ыкма менен сенин жаракатыңды таңган экен. Мен мындайды өмүрүмдө көргөн эмесмин».
Ал тургай кыз операцияга дагы кошо кириптир. Жоодар кызга чын дилден ыраазы болуп калды.
Кыз анын жанына келип күнүгө китеп окуп берип жатты. Ага сырын ачууну чечти. Өзүнүн Аман Баракановдун иши боюнча жүргөнүн айтты. Жайнагүл болсо Нусуке тууралуу айтып берди. Ошол маалда жигитте бир ой пайда болгон. Эми бул оюн аткарыш үчүн жаны кыйналса да болбой Анохинге жолукканы келген.
Эмнеси болсо да Жайнагүлдү Нусукеден куткарып чыкмакчы болду.
13-бөлүм. Чабуул алдындагы кабар
Күн шашке болуп калган маал эле. Жай чилдеси болуп жатса да жайлоонун салкын абасы денени чыйрыктырат.
Сыртынан караганда бул жайлоодогу айыл өтө эле бейгам жашоосун кылып жаткандай сезилет. Ар кайсы жерде топурап чүкө же чикит ойногон бала-чака деле көрүнбөйт. Бала-чакасына же катын-калачына барк эткен эркектин деле үнү угулбайт. Демейде кой саап же тезек тергени чыккан келин-кезектин карааны деле байкалбайт. Мемирген, ошол эле кезде жүрөктү эзген бейпилдик биротоло орноп алгандай…
Бирок баары андай эмес болчу.
Алтымыш канат аппак боз үйдүн чок ортосунда жагылган коломтодо арча чатырап күйүп, анын түтүнү жай гана тартылган түндүктөн көтөрүлүүдө.
Ийинине ок тийип, анысы денесинде калып жаны кыйналган Аман боз үйдүн төрүндө сулк жатат. Ажал менен үнсүз арбашкандай. Атасынын кыйналганын көрүп Нусуке кабагын ачпай, мандаш токунуп анын төшөгүнүн башында отурду. Ал Кашкардан атактуу Үсөйүн табыпты алдырып келиш үчүн Аман кызыл аскерлер менен кармашып жарадар болгон күнү эле шашылыш киши чаптырган.
Атасынан башка дагы бир канча жигити ок тийип жарадар. Ооруканага барса кармап алышат, андан ары аларды кыйнап да болсо Нусукеге каршы колдонушат. Ошону менен эле тим болбой, көбүн түрмөдө чиритип же атууга кетиришет. Болбосо алар жөн гана тынч жашоону каалаган карабашыл адамдар эмес беле…
Үсөйүн табып эмнегедир кечигип жатты.
Аттын дүбүртү угулуп, эшиктин алдында сөөк кемирип жаткан ала дөбөт бир-эки үргөн болуп барып басылды. Ошол маалда боз үйдүн эшиги көтөрүлүп Эгемберди баш бакты. Шашыла келгени көрүнүп турат. Амандашып, Амандын абалын Нусукеден сурагандан кийин «маанилүү кабар бар» дегендей ага көз ымдады.
Дал ушул тушта сулк жаткан Аман көзүн ачты. Нусуке күйпөлөктөп калды.
— Жакшы болуп калдыңызбы, ата?!
Онтогон Аман көзүн ирмегилеп унчуккан жок.
— Үсөйүн табып кечигип жатат. Ата, мен жакага түшүп барып Урий доктурду алдыртайын, — деди Нусуке далбастап атасына кантип актанаарын билбегендей.
Караколдогу ооруканада иштеген Юрий Афанасьевич Полыковский бул чөлкөмдө белгилүү хирург эле. Аны жергиликтүү эл «киши сойгуч доктур» деп атап алышкан. Ак падышанын тушунда аскер гарнизонунда иштеген, эми Кеңеш өкмөтүнө дагы чын дилден кызмат кылып жүрөт. Талантын сыйлаштыбы же башка дарыгер таба албай калыштыбы, большевиктер эмнегедир ага тийген жок. Болбосо ак падышага убагында кызмат кылгандардын баары сүргүнгө айдалып же камалып кетишкен.
—Урийди эле сенин алдыңа байлап коюшкан бекен? — деди жаны кейип энтиге араң сүйлөгөн Аман. — Өлсөм да ал каапырдын жардамы жок эле өлөм…
Ортону бир аз тунжуроо ээледи.
— Баатыр, менде шашылыш кабар, — деди ошол маалда сыңар тизелей отурган Эгемберди.
— Макул, атам эс алсын, тышка чыгалы…
Нусуке Эгембердини ээрчитип, боз үйдөн обочо жердеги дөбөчөдө атайын кымыз ичип кеңешкенде отура турган шырдакка басты. Очок башында кызмат кылып жүргөн жигиттердин бирине кымыз алып келүүнү буюрду.
Эгемберди анын жанына отуруп, отура электе эле сөз баштады.
— Баатыр, менде бир ой пайда болду…
— Айта бер, кулак сенде…
— Эгерде байым каапыр доктурга көрүнгүсү келбесе, бусурман доктур алдыртсак кандай дейсиз?
Нусуке Эгембердини карап кыжырданып кетти, кара сур өңү ого бетер карайып, таноолору кыпчылды.
— Эмне деп эле дөөрүп жатасың сен! Анаша чегип алгандан соосуңбу? Ушул турган Караколдогу каапыр доктурга колум жетпей жатса, бусурман доктурду кайдан табам мен…
— Ие, баатыр, көңүл кааласа тапса болот. Тигил ылдыйкы түзөңдө Кош-Дөбөнү жайлап отурган Сагалыны билесиз го?
— Ооба…
— Ошонун Боронзодон окуган кызы келип киши сойгуч доктурга жардамчы болуптур. Ал тургай биздин Урийден дагы ашып кетет экен деп атышат уккандар. Боронзодон келген ГПУнун кызматкери, өткөндө сизге аскер баштап келген Жоодар деген немени өз колу менен дарылап, огун сууруп чыгыптыр. Эми ал бир жумага жетпей бутуна туруп, айыгып, Караколду ат менен аралай чаап жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм…
Нусуке бир жакшы нерсе уккандай жүзү жумшарып, түксүйгөн каштарын көтөрүп ойлонуп калды.
— Ээ, сен жанагы Сагалы тууралуу айтып жатасыңбы? Анын кызы Боронзодон качан келиптир… Ой, ал кыз менин…
«Болочоктогу колуктум болот эмеспи,» деп айтайын деп барып кайра токтоп калды Нусуке. Азыр аял ала турган чакта болуп жатабы, атасы тигинтип оор жарадар болуп өлүм алдында жатса. Айылы тынч эмес болсо….
Анан калса Эгембердинин кызылдарга иштей турганын ал дагы жакшы билчү. Ошондуктан оозун эптеп барып токтоп калды.
— Эми Урийге караганда кызды алып келиш оңой го дейм. Шамдагай эки жигитти Караколго жибересиз. Алар кадимки кыз ала качкандай ала качып келишет. Атаңызды дарыласын. Кааласаңыз, байым аман-эсен айыккандан кийин, ал кызды нак сүйөр токол кылып өзүңүзгө нике кыйдырып коёсуздар. Биз Кытайга тарапка кетсек деле доктур керек…. — деди Эгемберди анын оюн окуп алгандай.
Нусуке аны биринчи ирет оозун ачып таң калгандай карап калды.
— Ээ, сеники акыл экен. Ушунча акылың алдагы жумуру башыңа кантип сыйып жүргөн?
— Баатырым, акыл жагынан сизге жетиш кайда?, — деди айткандары Нусукеге жакканына ичинен кубанган Эгемберди.
— Бирок, баатыр, ушул сөздү айтыш үчүн келген жокмун. Абал начар. Кызыл аскерлер үч арабага сылай жүктөп курал-жарак, ок-дары алып келишти. Гарнизондогу складга түшүрүп жатышкандарын өз көзүм менен көрдүм. Жаңы курал-жарактар экен дешти. Аскерлер майышып араң ташып кирип жатышкан экен….
Нусуке түктөйүп, белгисиз коркунуч ичин бийлеп отуруп калды.
— Ал эле эмес, баатырым, кантондун имараты бар го…
— Ооба…
— Ошонун алдына этектей болгон жарыя илишти. Аман Баракановдун шайкасына каршы ыктыярдуу атретке аскер топтоп жатабыз, ар бир күн үчүн жалыйна төлөнөт, каалоочулар келгиле деп чакырышыптыр. Мен ал жакка да барып тизмеге жазылып жаткан кул-кутандарды өз көзүм менен көрүп келдим.
— «Өз көзүм менен көрүп келдим, өз көзүм менен көрүп келдим,» — деп кекетти Нусуке. — Жакшыраак бир кабар айтасыңбы сен?!
— Ие, баатыр, мен, мен… тиги баарын көрмөйүн уккандарга анча ишене бербейм, билесиз да, — деп коркконунан кекечтене сүйлөдү Эгемберди бүрүшүп.
Нусуке алдындагы чоң керден кымызды шак тартып жиберип, чечим кабыл алгандай эки тизесин таянды.
— Болду, — деди ал отурган ордунан козголуп. — Бүгүн кечте гарнизонго кол салабыз, курал-жарак сакталган складды өрттөйбүз, Сагалынын кызын ала качып келебиз.
— Баатыр, бир аз ойлоно турсак кандай? — деди Эгемберди Анохинге кабар бере албай кала турганын ойлоп. Ал Нусукени бүгүн аттанат деп ойлобоптур.
— Жок, эртең кеч болуп калат, анын үстүнө атам кыйналып жатат. Жарадар жигиттер да көп. Баары бир доктур алып келишим керек.
Ошол күнү кечке маал Нусуке баатыр баштаган жоон топ жигит жаканы карай жол тартышты.