Буга чейинки бөлүмдөрдү ушул эле сайттан таба аласыз.

10-бөлүм. Күтүүсүз келген конок
Сырт жайлоосундагы чакан айылга көптөн күткөн күн келди. Фрунзеден жайкы каникулга келе жаткан Жайнагүл бүгүн атасы Сагалынын коштоосунда жайлоодогу үйүнө кайтты. Кыз жол азабын жакшы эле тартып, Фрунзеден чыкканына жарым ай дегенде араң жайлоого жетти. Балыкчыдагы госпароходго кеме келбей, бир жума бою кармалды.
Чакан айылдын Кубат баштаган чыт курсак балдары күн сайын жол карап жатышкан.
Сагалы менен Жайнагүл, жанараакта аларды тосуп келгени бастырган Мырзалы Кош-Дөбөнүн башынан көрүнөөрү менен:
— Келе жатышат! — деп кыйкырды жол караган балдардын чоңураагы.
Мырзалы бүгүн агасы менен карындашын тосуп келүү үчүн барган эле. Себеби жайлоо кечээтен бери тынч эмес.
Атасы менен кызынын аман-эсен келишкенине кубанган кошуналар тайлуудан таягы калбай, баары жамырап сыртка чыгып, күтүп алышты. Уларбүбү ак элечегин кийип, өзүнчө толкунданып, кызынын алдынан утурлай басты.
Жайнагүл атына заты жарашкан сулуу кыз болуп, көркүнө чыккан кези эле. Көздөрүн күлмүңдөтүп, аны эт-бетинен кетип алдынан тосо чыккан апасы менен коңшу аялдарга, жеңелерине, бала-чакаларга амандашып, түз эле Сагалынын боз үйүнө бастырып келип, аттан түштү.
Кыздын өзгөчө кийими менен келбетине суктанган экинчи энеси Айымкүл да алдын тосо барып, амандашты. Сагалынын эки кичинекей уулу Кубат менен Баатырбек да чуркап келишип, кыздын мойнуна асылып, кучактап жатышты.
— Эжеке, бизге базарлык алып келдиңизби? — деди балдардын улуусу, беш жаштагы болтойгон Кубат эжесинин колунан тарткылап.
— Алып келдим, сага кантип базарлык унутайын, бөбөктайым. Баарыңарга алып келдим, — кыз эки кичинекей инисин бооруна бекем кучактап, алмак-салмак өпкүлөп жатты.
Сагалынын өргөсү ал күнү шаңга бөлөнүп турду. Казанда эт барактап, самоордон кайнаган кызыл чайдан отургандар кайра-кайра ичишип, Жайнагүл төрдө жадырап эркелеп…
Сагалынын гана кабагы кирдеп, алда немеге түпөйүл болгондой, бирок аны жанындагыларга билгизбей, адатынча сыпайы отурду.
Аны жанараакта аларды Кош-Дөбөдөн тосуп алган иниси Мырзалынын айткандары түйшөлтүп жаткан болчу.
— Ага, четкерээк бастыралы, айта турган кебим бар, — деди иниси бир аз бастырышкандан кийин.
— Тынчылыкпы!?…
— Бүгүн эртең менен Көйкапта атышуу болуптур. Амандын жигиттери чек арачылардын тобуна кол салыптыр деп уктум. Ошондон кийин командир Анохин өзү аскер баштап келип, Аман басмачынын тобун кызыл аскерлер курчоого алып атышып жатышат деген кеп тарады.
— Ыя, эмне дейт, Аман тирүү бекен!?…
— Өлдү деп атышат, жарадар болду деп да атышат, имиш-имиштер көп… Кимисине ишенээриңди билбейсиң…
— Ээ, бири өлүп, бир калсын, маа демектен, кызылы да, Аманы да мага баары бир. Болгону бизге залакасы тийбесе болду. Аман демекчи, эмнеге жаккага түшүп келди экен, ажалы тарткан го бечаранын, оңой менен Көйкаптан бери чыкпай калды эле…
— Ал эч нерсе эмес, кызылдардын арасында жарадар болгондор бар экен, тээтеги Боронзодон келген ГПУнун жасоолдору да жарадар болду деп уктум. Эмнеси болсо да бизге келишпесе болду…
— Ээ, кызылдар андай адамдарын тигил Караколдун ооруканасына жеткирет, бизге эмнеге келсин, жарадарын сүйрөп, жол деген тигил ылдый жакта. Биз турган жерге кайрылып келбейт.
Ошентти Сагалы инисин соороткону менен, ичинен түпөйүл ойлору басылган жок. Анын да себеби бар. Кечээ Кеңеш өкмөтү орной электе, атасы Карбоз «улуу балам» деп энчиге бөлүп берген калың малды айдап, ушул ата-бабасы көчүп-конуп жүргөн Сырт жайлоосун жайлап, элдин алды болуп жашачу.
Атасы Караколдогу медресеге окутуп, кат-сабатын жойгон. Бийдин баласы болуп, кел-кели келип турганда атактуу Жаанбай манаптын кызы Уларбүбүгө үйлөнгөн. Ак падыша Николайдын бийлиги эр жигиттерди аскерге ала баштаганда, калк ичинде ар кандай каңшаарлар жүрүп жатты:
— Дүйнөлүк согушта ак падыша жеңилип атыптыр, казынасы калдырап калды дейт күспүрүштүн…
— Байбы кедейби жан башына эсептеп, казынага акча чогултуп алат имиш… Бербегендерди атрет жиберип атат экен…
— Ээ кокуй, менин эмнемди алат, үрүп чыгаар итим да жок болсо…
— Анда сени аскерге алат, согушка барып өлөсүң… Сөөгүңдү карга-кузгун жейт…
— Кудай анын бетин ары кылсын… Оозуң жаман сенин…
Ошондон чочулаган Сагалы төрт түлүгүнүн жарымынан көбүн Анжияндагы мал базарга айдатып барып сатып, акчасын зер буюмдар менен алтын-күмүшкө айланткан. Анысын ушул Сыртка келип, жан адамга билгизбей чакан сандыкка салып, карагайдын алдына ороо казып каткан болчу.
Аңгыча 1916-жыл келди. Эл Кытайга качты. Сагалы сатыла элек малын айдап, ашууну ашаарда Көйкапты ээлеп отурган Амандын кишилери алдын тосуп, Кытай тарапка өткөргөн жок. Кышы бою Амандын конушунда туугандары менен кыштап чыкты.
Ошол жерден үй-бүлөсү менен ачка калган кедейдин кызы Айымкүлдү байбичеси Уларбү өзү таап келди. «Тукум боло турган уул төрөп берет» деп баш коштуруп салды. Жазында Карбоз бийдин баласы экенин сыйлап, бир чети «бир кезде Карбоз бий мага жакшылык кылды эле. Экөөбүз дос болдук эле» деген Аман баатыр Сагалыдан бир короо коюн алып калып, кайра өз жерине көчүп кетүүгө уруксат берди.
Аңгыча Кеңеш өкмөтү орноду. Сырт жайлоосун жайлап, малы кайрадан көбөйүп, туугандары менен тынч жашай башташты. Бирок мына быйыл колхоздоштуруу деген балакети башталып, Сагалы болгон малын өз ыктыяры менен колхозго өткөрүп берүүгө аргасыз болду.
Эл ичинде Сагалы жаман тебетей, таар чапан кийип, жөнөкөй жүргөн киши болуп көрүнсө да, акылы тунук, алдыда эмне болорун боолгологон, ошого жараша жети өлчөп бир кескен акылдуу адам эле.
Ошондуктан, жаңы замандан калбайын деп, Жайнагүлдү мектепке биринчилерден болуп окутуп, анан калаага жөнөткөн. Болбосо, бул заманда калаага бойго жеткен кызын жиберет деген эмне шумдук? Кызы тээ Фрунзедеги медтехникумда дарыгер болом деп окуп жатат. Каникулга келе жатканын айтып кат жөнөткөн. Кызы келерин эле болжоп тургандай, өткөндө Нусуке дагы келип демитип кетти.
Дал ушул күндөрдө Кеңештин тап күрөшү менен колхоздоштуруу деген өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Ата-теги бай болгондор кулакка тартылып, Сибирге айдалууда. Быйыл Ленин атындагы колхозду уюштурушуп, айылга үй, ортолукка кампа, мектеп сала башташты. Бай-манаптын тукуму деп жаңы өкмөт кармап кетпесин деп жупуну болуп көрүнүүгө аракеттенет. Жаңы заманга кыйла ыңгайлашып жашаганга өттү.
Ошентсе да жайкысын жайлоого чыгып көнүп алган Сагалы иниси Мырзалы жана аларды дайыма ээрчип жүрчү бирин-экин алыс туугандары, уруулаштары менен колхоздун башкармасынан уруксат алып, жайлоого чыгышкан.
Аны сарсанаа кылганы эле каткан казынасы, анын шек-шыбыртын бирөө-жарым билип калып, Кеңеш өкмөтүнүн жасоолдоруна жеткирип барса, түрмөдө чирий турганы анык. Ошондуктан чек арачылар менен ГПУнун желдеттеринин бул тараптарда Амандын жигиттери менен кармашып жүргөнү анын тынчын кетирип жатты.
Жаңы бышкан этке бата тартылаарда кошунасы Жамансарт боз үйдүн эшигин ачып, көздөрү алактаган боюнча кирип келди.
— Бай аке, биякка аскерлер келе жатат.
Сагалы селт этти, жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй түрсүлдөп, анысын билгизбей сыртка чыга жөнөдү.
Отургандар баары жамырап сыртка чыккан кезде, боз шинель кийген эки орус солдат, бир жаралуу аскерди өңөрүп жакындап калышкан экен.
— Апеей, катыгүн, жаралуу тура… — Аялдар шыпшынып калышты.
— Жолдоштор, силерде тез жүргөн ат менен араба барбы, жардам бергиле. Жарадарды тезинен ооруканага жеткиришибиз керек, антпегенде аны жоготуп алабыз, — деп орусча сүйлөдү жапалдаш бойлуу, көгүш көздөрү чекчейе караган аскерлердин бири.
Мырзалы баштаган эркектер чуркап барып, жарадарды жөлөп-таяп аттан алып түшүштү.
Энеси Уларбү, экинчи апасы Айымкүл менен кошо боз үйдөн чыккан Жайнагүл эс учу жок жаткан жигитти көрүп чочуп кетти. Тезинен жардам керек экенин кубараган өңүнө бир карап эле түшүндү. Кийингенине караганда борбордон келген өңдөнөт.
— Ок тийдиби? Канча убакыттан бери жол жүрүп келе жатасыңар? — деп сурады ал көгүш көздүү аскерден.
— Ооба, акырегине ок тийди. Бүгүн эртең менен басмачылардын буктурмасына кабылдык. Жакшы эле келе жаткан бир маалда эсин жоготуп койду, — деди тигил аскер.
— Геморрагический шок, тезинен канды токтоткондой кылып кайра таңуу керек, — деди кыз атасынан уруксат сурагандай карап.
Сагалы бир азга ыргылжың боло түштү. Кызынын дарыгер экенин билет, бирок эркек кишилердин жаракатын таңат деп эч оюна келбептир.
— Менин атым Алексей. Сиз калаадан келдиңизби? — деп сурады аскер кыздын кийингенин карап туруп.
— Ооба, мен калаада дарыгердин окуусунда окуйм.
— Кандай жакшы болду, бизге жардам бериңиз. Фрунзеден жиберилген атайын кызматкерибиз Жоодар Иманбаев эле, аман алып калыңыз, — деп жалдырап жиберди Алексей.
Кызы атасынын уруксатын күтпөй, турган жигиттерге жаралууну боз үйгө алып кирүүнү буюрду.
Күтүүсүз коноктон эртерээк кутулайын дедиби, Сагалы тезинен кош ат чегилген араба камдоону иниси Мырзалыга тапшырды.
Кызынын жасаган аракетине бир чети сыймыктанса, бир чети уялып турду.
Анысы эч нерсе эмес, жарадар болгон жигитти кайрадан таңып арабага салышкандан кийин Жайнагүл “мен Караколдун ооруканасына кошо барам” деп чыкса болобу.
— Кандайча кошо барасың, кызым, бул киши жолдо өлүп калса, сен жооп бересиңби!? — деди демейде көп ачууланбаган Сагалынын жаалы чыга, муруту түктөйүп.
— Бул менин дарыгер катары милдетим. Анан калса, мен каникулда Караколдогу атактуу дарыгер Юрий Афанасьевичке жардамчы болушум керек болчу. Бул жерде эки-үч күн тургандан кийин баары бир Караколдогу ооруканага кетмекмин…
— Ээ, Урий Апанасебичин менен куруп кеткир… Мен сени үйдө болот го деп жатсам. Кыз кишиге ушундан Караколго чейин эмне бар? Жибербейм болду, үйдө отурасың. Окууңа да барбайсың, күйөөгө берем.
Оюндагысын шарт айтып салды Сагалы. Өткөндө Нусуке баатыр келип опузалап кеткенден кийин кызын тезирээк турмушка узатуу тууралуу ойлонуп калган. Албетте, жети өлүп жерде калса да Жайнашын ага бербейт дечи. Бирок тааныштарынын арасында аны менен кыз алышып, кыз беришип куда болчу кишилер азыр четтен табылат. Айрыкча Жайнагүлдөй билимдүү кыздын баркы жогору болуп турган чак.
Кызы аны уга турган түрү көрүнбөйт. Шашыла басып боз үйгө кайра кирди да, аягына көк ала кылып мөөр басылып, кол коюлган бир барак кагазды көтөрүп чыкты. Атасынын мөөр басылган кагаздан аябай корко турганын билчү.
— Бул медтехникумдун директору өзү жазган жолдомо, мөөрүн көрүп жатасызбы, ата? Мен баары бир бул жерге калбайм. Караколго баары бир кетем же бүгүнтөн калбай шаарга кайтам…
Тургандар кызы менен атасынын кер-мур айтышканын карап жатышканда, Алексей Мырзалынын колунан узун шапалакты алды.
— Ырахмат, жолдоштор, бул жакшылыгыңарды башчым Анохинге айта барам, — деди арабаны калдырата шашыла айдап баратып. Жанындагы жолдошу да атын желдире жөнөдү.
Жайнагүл бир аздан кийин колуна жанараакта кармай келген куржунун көтөрүп чыгып, Караколдон бери минип келген мамыда байланган жорго байталды чечти.
— Ай, токтоткула, бу кызды, — деди апасы Уларбү эмне кылаарын билбей.
— Мейли, барса бара берсин, — деди ачуусунан каракөк тартып чыккан Сагалы узун чапанын жеңин шилтеп, — Кеңештин мөөрү басылган кагазга кантип каршы тура алабыз….
Ошентти да тескери басып кетти. Мырзалы жанына эки жигитти ээрчитип, кызды коштоп бармакка арабанын артынан жөнөп калышты.
Сагалы кызын мындай жөнөтүп ийип эле жөн жатпай калсын. Алар узаары менен атын токуп минип, артынан акмалап жөнөдү.