“Алча гүлдөгөн түндө”
аудио китептер

“Алча гүлдөгөн түндө”

Тарыхый-сүйүү романы

“Алча гүлдөгөн түндө”

Аннотация

«Алча гүлдөгөн түндө» – бул кыргыз тарыхынын 1920-1930-жылдардагы актай барактарында жашырылып калган адам тагдырлары жана чексиз сүйүү тууралуу баян.

Тагдырдын татаал сыноолору, ички күрөш жана замандын катаал талаптары Кыргызстан жаңы түптөлүп келе жаткан мезгилде үч адамды – НКВДнын чечкиндүү чекисти Жоодарды, боорукер жаш дарыгер Жайнагүлдү жана таланттуу акын Зыяшты – өз чордонуна тартат. Ар бир адамдын тандоосу өз колунда, бирок дүйнө көз алдыңда дароо өзгөрүп, эски тартиптер кыйрап жатканда, каармандар тагдырларын өзгөрткөн кандай чечимдерди кабыл алат? Алардын сүйүүлөрү, достугу жана абийирлери кандуу репрессиянын сыноосуна туруштук бере алабы?

Бул роман – жөн гана окуя эмес, бул тарыхтын үнү, сүйүүнүн жана күрөштүн жаңырыгы. Адамдын рухунун тереңдигин, кайраттуулугун жана чындыкка болгон умтулуусун изилдеген бул чыгарма сизди ошол доордун жүрөгүнө жетелеп, унутулгус сезимдерди тартуулайт.

Автордон баш сөз  

Баарыбызды жараткан Аллах Таалага шексиз шүгүрлөр болсун!

Урматтуу окурмандарым жана досторум!

Сиздерге «Алча гүлдөгөн түндө» аталган романымдын алгачкы бөлүмдөрүн, тагыраагы үзүндүлөрүн сунуштайм. Бул чыгарма – жөн гана көркөм баян эмес, бул кыргыз тарыхынын эң татаал жана кайгылуу мезгили – 1930-жылдардагы репрессиянын капшабы тууралуу баян. Жанры – психологиялык тарыхый драма, айымдарга арналган (албетте, мырзалар да окуса болот).

Мен бул романды жазуу аркылуу ошол доордо жашаган, тагдырдын оор сыноосуна туш болгон ата-бабаларыбыздын элесин эскергим келди. Алардын башынан өткөндөрүн унутууга акыбыз жок, анткени тарых – бул биздин эс тутумубуз, келечегибизге сабак берген мурасыбыз. Романдагы окуялар чыныгы тарыхый фактыларга негизделгендигине карабастан, бардык каармандар – бул автордук фантазиянын жемиши, көркөм образдар экенин эскерте кетейин.

Бул романдын беттеринен сиздер сүйүүнүн башатын, достуктун бекемдигин, чыккынчылыктын оордугун табасыздар. Мен окуяларды жазууда каармандардын ички дүйнөсүн, алардын ар бир сезимин мүмкүн болушунча реалдуу берүүгө аракет кылдым. Ошондуктан, эскерте кетүүм керек, бул чыгармада жан дүйнөнү ооруткан, азаптуу окуялар, кандуу репрессиянын кесепеттери ачык чагылдырылган. Өтө сезимтал окурмандарга бул айрым учурларда оор тийиши мүмкүн.

Учурда сиздерге сунушталып жаткан бул – романдын алгачкы гана бөлүктөрү. Роман толугу менен аягына чыгарылып, анын уландысы жана толук көлөмү келечекте окурмандардын назарына китеп жана электрондук түрдө сунушталат.

Урматтоо менен,

Гүлнура Жумалиева

I бөлүк: «Закым коштогон күндөр»

Пролог

“Шыңгыр” этип айнек рюмкалар кагылышып, көгүлтүр көздүү сулуу кыз Жоодарга алдыртан көз кырын салды. Ал муну дароо байкады, бирок бүгүн маанайы жок эле.

— Жолдош Иманбаев, бул тост сиз үчүн! — деди бажактамыш болгон Павел Рыбин.

Башчысы колундагы шарап толтурулган рюмканы түбүнө чейин алып жиберди.

Жоодар тынчы кетип саатын улам-улам карай берди. 7-ноябрга чейин жүздөн ашык киши атууга кетмек, өкүмдү аткартуу жана атылгандардын сөөгүн көмүү иштерин уюштуруу ага жүктөлгөн эле. Кыйын тандоонун алдында турду. Атууга кетип жаткандардын арасында өзүнүн бир кездеги жакшы тааныштары да бар болчу.

Жан дүйнөсү жанчылып, көңүлү кулазып турса да, өзүнүн бул абалын эч кимге билгизбегенге тырышты.

Бүгүн 1-ноябрь анын туулган күнү болчу. Албетте, болжолдуу гана. Себеби, жылан жылында, күздүн суук күндөрүндө төрөлгөнүн апасы бир ирет айткан эле. Эми кааласа да, каалабаса да болбой, бүгүн аны белгилеп жатышат. Ачыгын айтканда, белгилөөгө мажбур кылышты.

— Жолдош Иманбаев, маанайыңыз жок го, бир аз көңүл ачып келели, — деди башчысы Рыбин кайрадан ага карап.

Алар эс алып отурган Фрунзенин четиндеги дачанын кенен бөлмөсүнөн он чакты кызматкер Рыбиндин өтүнүчү боюнча сыртка чыгышты.

Адегенде бош бөтөлкөлөрдү тизип, бута атып оюн курушту.

Бир маалда Рыбин: «Федя!» — деп кыйкырды.

— Угуп жатам, жолдош майор, — деп чуркап келди эң жаш кызматкер Фёдор Антонов.

— Ме, бул алманы алгын дагы, тээ тетигиндей барып тур! — деди Павел ага башкача, сырдуу карап.

Ал эки жүз метрдей алыстай түшкөн эле. Рыбин менменсинип: «Төбөңө кой!» — деп буйрук берди.

Ошол жердеги Жоодар баштаган НКВДнын кызматкерлери сестенип туруп калышты.

— Кана, азыр биздин туулган күн ээси сонун тамаша көрсөтөт! — деди кызып калган башчы ырсаңдай күлүп Жоодарга. — Сизди эң кыйын көзгө атар деп угам, кана өнөрүңүздү бир көрсөтүңүзчү…

Жоодардын кыжыры кайнап турду. Жаңы башчы келери менен анын жанын тындырбай, күн сайын бир шылтоо менен кысым кылып, эзип бүттү. Мурдагы жетекчиси Головкин өз ишин мыкты билген адилет адам эле, бул болсо таптакыр башкача чыкты — жек-жаатчыл, айтканын аткарбасаң өч алгыча жаны тынбай турган кекчил неме экен.

СССРдин НКВД системасында эч ким айтпаган, бирок баары билген бир катмар бар эле, кызматтын өзөгүн ошолор ээлеп алышкан. Алардын айрымдарын НКВДнын кызматкерлери өздөрү да жек көрүшчү, айрымдарынан ачык эле коркуп турушчу.

Бул кызматтарга көп учурда билимсиз, буйрукка гана баш ийген, жетекчиге көз каранды адамдар дайындалчу. Отузунчу жылдары мындай көрүнүш кадимкидей эле көнүмүшкө айланган. Рыбин – дал ошол катмардан чыгып, “менмин” деп калган эргулдардын бири болчу.

— Жолдош майор, бул кызматтык ишибизге каршы келет, — деди Жоодар ачуусун билгизбей.

— Ну, биз ойноп жатпайбызбы, бул жер иш эмес, — деди Рыбин мыскылдуу.

— Болбойт! — деди Жоодар кескин.

— Сиз менин буйругумду аткаруудан баш тартасызбы, жолдош Иманбаев?

— Жок, мен адамды бута кылып ойнобойм…

— Сиз өзүңүзгө ишенбей турат окшойсуз…

Жоодар унчукпады. Рыбин басып келип, белинде тагылган тапанчасын алып, ага сунду.

— Атыңыз! Бул буйрук!

Рыбин бүгүн көңүл ачуу үчүн ээрчитип келген жанагы көгүлтүр көздүү сулуу кыз Жоодарды эмне кылаар экен дегендей кызыга карап турду.

Жигит жетекчисинин колунан тапанчаны алды да, башына алма коюлуп, калчылдап турган Антоновду көздөй атып жиберди.

Тарс!

Алма бытырап бөлүндү. Фёдор коркконунан калчылдап бүктөлүп эңкейе калды.

— Мынакей! — деди Рыбин кытмыр жылмайып, анан кол чаап. — Эң сонун эле атат экенсиз!

Ошол окуядан үч күн өтпөй Жоодарды камакка алышты.

1- бөлүм. Баракта жазылган сүйүү каты

1937-жылдын кышы Караганда эмгек түзөтүү абагына камалгандар үчүн эң эле тынчы жок мезгил болду. Түн ортосунда же таңга маал тарсылдай атылган мылтыктын үндөрү кулакты жарып, атууга кетип жаткандардын өлүм алдындагы ачуу кыйкырыктары кадимкидей угулуп турчу. Саясий туткундардын саны ушунчалык көбөйгөндүктөн, барактардагы на́рлар жетишпей, сызда жаткандар андан да көп болду.

Абактын айланасындагы тикенек зымдын ары жагында карышкырлар менен иттер улуп, каргалар каркылдап, асмандан жорулар тынбай айланып учуп турду.

Ал эми лагердин башкаруучулары үчүн болсо, башка дүйнө — «күндө майрам, күндө той» дегендей, шараптуу кечелер тынбай улана берди. Шампандын тыгындарынын «пук» этип атылганы, мас болуп ырдап жаткан кыз-келиндердин чыйылдаган үндөрү менен эркектердин дарылдата обон созгон добуштары таңга чейин тынчычу эмес.

Кыш кычырап, кырк градус суук жандан өтөт. Барактардын жапыз шыптуу бөлмөлөрүнө коюлган желпейген «буржуйка» деп аталчу мешке жагылган камыштар шатырап күйөт да, дароо эле жалп өчөт.

Бөлмөлөр сыз, ным жана кечке иштеп чарчагандардын тери жыттанып буркурап турчу.

Ошондой түндөрдүн биринде абактын күзөтчүлөрү барак жактан Зыяшты кармап кетишти. Анын «күнөөсү» – уктоо саатында калем алып кат жазып жатканы болчу.

Суракка алчу бөлмөдө алагүү болуп, бир топ эле кызып алган тергөөчү Куропаткин отуруптур. Отурары менен столунда турган лампанын жарыгын Зыяштын көзүнө чачырата жылдырып койду.

— Жолдош Жуматаев, бул кайра эле сенби?! — деди ал Зыяшты жакшы тааныгандыктан, таңыркай күлүмсүрөп.

Зыяш унчукпады.

Анын күлүмсүрөөсү кекээрге айланды.

— Кана, бул жолу дагы эмнени жазып келип мени таң калтырасың?

— Сүйүү каты… — деп кыска жооп берди Зыяш.

— Обу жоктонбо деп нечен ирет эскерткеммин! Кат, калем алууга сага тыюу салынган. Же жаза мөөнөтүңдү узартып, дагы он жыл кошуп берейинби?!

— Кайсы күнөөм үчүн? — деди туткун жай гана.

Анын мындай тоготпогондой мүнөзүнө Куропаткиндин кыжыры келип, үстөлдү муштап жиберди. Графиндеги суу чайпалып, айнек титиреди.

Тергөөчүнүн ачуусу күчөп, үстөлдү айланып өтүп келди да, отургучта отурган туткунду жакасынан бурдурай карап, жулкулдатып кирди.

— Бери кара сен, күнөөң бар үчүн ушул жерде отурганыңды унутуп салдыңбы, кемпай!

Зыяш бир колу менен тергөөчүнүн бетине чачырап кеткен шилекейин аарчыды.

— Бүгүн түнү атылчуларга кошуп аттырып салайынбы, ыя? Ансыз да абакта бош орундар жетишпей кыйналып жатабыз…

Дал ушул тушта сырттан күзөтчү баш бакты.

— Жолдош лейтенант, сизди комендант тез келсин деп чакыртып жатат.

Куропаткин заматта соолуга түшкөндөй күрөң гимнастеркасын оңдоду да, туткунду бар күчү менен түртүп жиберди.

Ошондон кийин темтеңдей басып, сыртка чыга жөнөдү. Мас болуп турган неме оор темир каалганы ача албай, алы куруп, тырмалап саамга буйдала калды. Муну байкаган күзөтчү илбериңки кыймылдап ачып бере салды.

— Муну эмне кылайын деди? — ал отургучта бүрүшүп отуруп калган Зыяшка ээк жаңсап.

— Карцерге. Үч күн тыгып ташта! Сүйүү катын жазганын көрөйүн.

Ушинтип булдуруктаган Куропаткин тегерек калканычтардын ортосунда үлбүрөп араң жарык чачкан лампочкалары бар күңүрт коридордон узап кетти.

Карцердин зылдай оор эшиги ачылып, күзөтчү аны түртүп киргизди да, ачкычтарды шылдырттатып бекитип, жок болду.

Бүгүн эмнегедир карцерде өзүнөн башка жан киши жок экен. Карцерде нар да жок, цемент таш аралаша куюлган, эшик-терезеси жок, туюк, сыз бөлмө. Тартип жазасына кабылгандарды «эсине келсин» деп киргизе турган жазалоочу муздак жай. Башка бөлмөлөрдөн айырмаланып, бул жерде буржуй меш да жок.

Бир аздан кийин катуу үшүгөн Зыяш денесинин калтыраганын баса албай калды. Тизелери тизелерине тийбей, тиштери шакылдап чыкты. Тоңуп өлбөстүн жандалбасын кылып ары-бери баса баштады.

2- бөлүм. Таң калыштуу кошуна аял

Ошол күнү Украинанын Одесса облусунун Скадов районундагы Чалбасы айылында Кубат иниси Баатырбекти ээрчитип мектептен келе жаткан. Калың жааган карга чокойлору батып кеткенине карабай, жаш балдар ойноп, чурулдап келе жатышты.

Капысынан алардын жанына чүмбөттөлгөн кара унаа келип токтоду. Терезеси жай ачылып, көк тумакчан бир киши башын чыгарып сурады:

— Балакайлар, Марк Гришев дегендин үйү кайсы, айта салгылачы?

Кубат шартылдата жооп кайтарды:

— Андай киши бул айылда жок! — деди украин тилинде. Чын эле, бул айылда жашагандардын көбү кыргыздар болчу.

Кара унаа карды кытырата, ары жылып кетти.

Кубат иниси экөө машинанын кар бетине тармал түшүргөн дөңгөлөгүнүн изине түшүп чуркап жөнөштү. Аларга бул унаа кызык көрүндү. Бирок алар баары бир унаага жете алышкан жок.

Балдар өз үйлөрүнө жакындаган кезде жанагы унаа алардын короосуна жакын токтоп туруптур.

Аларга кошуна болуп, жакында эле олбурлуу бир киши көчүп келген. Бою узун, кабагы үңүрөйгөн киши эле. Жанында аялы жана татынакай эки кызы да бар болчу.

Азыр дал ошол кошуна көк тумакчан кызматкерлер менен сүйлөшүп туруптур.

«Аа, Гришев деген ушул экен да… Каап, туура эмес жооп берип алыптырмын», — деп ичинен уялды Кубат.

Үйгө киришкен кезде апасы Айымкүл мешке от жагып, тамак жасап жатыптыр.

— Кана, келдиңерби? — деп жылуу тосуп алды. — Тезирээк мээлейлериңерди чечкиле да, картошка аарчыгыла.

Кубат менен Баатырбек көк муштум болуп, үшүп келгендерине карабай, мурундарын шуу тартып, үн-сөзсүз картошка аарчый башташты.

Айымкүл төрдө ак көйнөк кийип, кара тукаба кемселинин боорун ачып салып, ийик ийрип отурган Уларбүбүгө карады.

— Жок дегенде сыртта жарылган отунду алып келсеңиз боло…

— Ыя, өзүң алып келип ал, — деди Уларбүбү аны акшырая карап, — качантан бери киши жушаганга өттүң, жөн койсом таптакыр эле кырыма чыгып бара жатасың.

— Бош отургандан көрө кол кабыш кыла калсаңыз кантет, — деди Айымкүл да жумшарып. Азыр күңүлөшү оозун бир ачса, токтобой ажылдаарын билет.

— Кайдан бош отурам, ошол эле сенин балдарыңдын камын көрүп, байпак түйүп берейин деп жүн ийрип отурам го. Бир аз жүндү да өткөндө тигил өйүздөгү Мария Ивановнадан жалдырып атып сурап келдим.

Айымкүл кулагын жапырып, отун салчу илегенди көтөрүп сыртка жөнөдү.

Отун салган короого жаңы эле баш бакканда эркектердин кобураганы угулду. Алардын короосуна жакын жерде кара чүмбөт машинанын турганын көрүп, келиндин жүрөгү шуу этти. Бул элдин үшүн алып, камакка бара жаткандарды абакка ташыган кадимки “черный ворон” аталган кара жолтой машина болчу.

Ошол маалда жаңы көчүп келген кошунасы узун күрөң пальтосун кийип, сыртка чыкканын көрүп калды. Жанында НКВДнын эки кызматкери.

Кошуна киши кабагын бүркөп, кара унаага отуруп бара жатканын көргөндө, Айымкүл оозун жоолугунун учу менен басып алды.

«Аа, байкуш ай, муну да кармап кетишти го…» — деп ичинен санааркады. «Аялы менен кыздары кантет болду экен?..»

Жаңы гана оттон казанды чыгарып жаткан маалда сырттан «Кошуна!» — деп кыйкырган аялдын үнү угулду.

Чыкса, жаңы кошунанын аялы экен.

— Атың ким эле сенин? Бери басчы, — деди ал жайдары жылмайып.

Айымкүл таң калып калды: «Күйөөсүн жаңы эле милициялар алып кетип жатса, бул эмнеге мынчалык көңүлдүү?»

— Үйгө жүрүңүз. Колуңа баштык ала келчи, — деди аял жылуу.

Айымкүл үйдөн баштык ала чыгып, анын артынан басты.

Үйдүн ичинде меш катуу жагылып, ысык экен. Столдун үстүндө чоң кооз табакта үймөлөй кесилген эт, колбаса жана коняк, кыш экенине карабай жүзүм, алма туруптур.

Айымкүл үй-бүлөсү менен тээ алыскы Ала-Тоодон Украинага кулак болуп айдалып келгенден бери мындай мол дасторкон көрбөй калганы качан. Жаңы эле элди боо түшүрүп кырган ачарчылыктан чыккан ушул украин кыштагында мынчалык дүр-дүйүм тамакка толгон дасторкон болоору келиндин үч уктаса да түшүнө кирген эмес.

— Жаш балдарың бар экен. Бул азыктарды алып, жеп алгыла. Биз кыздарым менен кечки поездге чыгып кетебиз. Мен арабачыга сүйлөшүп койгом, — деди аял жумшак үн менен.

Берешен аял дасторкон үстүндөгү азыктарды Айымкүлдүн баштыгына салды.

Айымкүл унчукпай туруп калды. Жүрөгүндө аралаш сезимдер: кошунасына ыраазычылык менен түшүнүксүз коркуу сезими жылт этти…

3-бөлүм. Гришевдин жакындарынан жашырган сыры

Бул СССР деген зор мамлекеттин ичинде ар бир кыймылыңды, короткон акчаңды кагаз бетине түшүрүп, ал болсо мөөр басылган кагаз менен коштолуп турбаса, иш чатакка айланып кетиши толук ыктымал болчу.

Одесса абагынын начальнигинин кабинетинде чүчкүрүп ийчүдөй чүйрүйүп, көз айнегин мурдуна илген ревизор-текшерүүчү отурду. Ал барактарды кайра-кайра карап, делолорго тиркелген узун тизмелерди, алардын соңуна жазылган «атууга» деп кол коюлган кагаздарды кайдыгер тиктөөдө. Ичинен эсеп жагынан эч кынтык таба албаганына кыжаалат болду. Колуна кезектеги дело урунду. Эсептерге көз салып, бир эсе таңыркай, экинчи жагынан сүйүнүп, май жеген мышыктай жүлжүйүп кагаздарга үңүлө баштады.

— Жолдош Батраков, — деди анан бир маалда, — үч күнгө 200 даана ок-дары, беш таңгак сүлгү, үч таңгак пол жууган чүпүрөк, бир даана кир самын, ачуу жыттуу одеколон, бир литр таза спирт, бир килограмм чочконун саласы, күчөтүлгөн тамактанууга бериле турган үч талон кайда жумшалып жатат?

Ревизор мурдунун үстүнө араң илинген көз айнегин аста жылдырып, жооп берүүгө камданып оозун эптеген абактын башчысы Данко Батраковго суроо салды.

— Анысы аз келгенсип, башкы комендантка айлыгынан тышкары ай сайын 95 рубль өлчөмүндө сыйлык берет экенсиңер. Мамлекеттин казынасы силерге саан уй эмес го, жолдош Батраков?

Мунун баарына бир күнү жооп бере турганын түрмөнүн начальниги Батраков жакшы түшүнчү.

Одессадагы абакта эки-үч күндө бир жолу аткарылып жаткан атуу өкүмүнүн аягы бүтпөчүдөй болуп турган чак эле. Бир күндүк мындай иштерге ушунча каржы сарпталаарын текшерүүчү билип коюптурбу десең!

Үч-төрт күндө кем дегенде 200 кишини атуу, алардын сөөгүн жашыруу оңой иш бекен! Айтканга оңой, бирок жасаганга канча күч керек. Мурдагы өкүмдү аткаруучу Алексей Колесников деген комендант акылынан айнып калып, жергиликтүү эл «жиндикана» деп атап алышкан ооруканага түшкөнүнө жарым жылга жакындап калган. Анын ордуна ишке алышкан Марк Гришев деген комендант салкын кандуулукту көрсөттү белем. Баарын таза жана кылдат жасап жатат. Күнүгө ушунча кишини оо дүйнөгө ар бирин бирден жайлап атказып жатса дагы, бир жолу солк этпеген киши. Дал ушундай адамдар азыр абакка абдан керек болуп турат.

Эми болгону мына бул ревизорго анын эмне иш кылып жатканын так айтуу керек.

Батраков столунун тартмасынан жогортон келген буйрукту алып чыкты да, текшерүүчүгө жылдырды.

— Бизде өлүм жазасына тартылгандар үчүн өкүмдү аткаруу башкы комендантка жана анын командасына жүктөлгөн. Өзүңүзгө маалым, жогортон келген планды так аткарышыбыз керек.

— Ошондо ушунча каражат өкүмдү аткарууга кетип жатат дегиңиз келип жатабы, жолдош Батраков?

— Дал ошондой, урматтуу текшерүүчү.

— Макул, ок-дарыга каршылыгым жок. Ал эми спиртти эмнеге берип жатасыздар? Эмнеге башка абак кызматкерлери тамактанууга деп бирден талон алса, алар үч талондон алышы керек?

— Бул ишти аткаруу моралдык жактан оор экенин түшүнөсүз да. Ошондуктан оор жумуш күнүнөн кийин…

— Жок, түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт. Сиз башкы комендантты жана анын командасын ашыкча эле эркелетип жаткан көрүнөсүз. Жазаны аткаруу бул кадимки эле иш…

— Жолдош ревизор, кааласаңыз мен сизге жаза аткаруу учурун көрсөтөйүн, балким ошондо түшүнөсүз…

Ошол күнү кечинде ревизор өзүн алып келген машинага отуруп, шашылыш түрдө борборго кайтып кетти.

Анын көз алдына сасык жыттанган, күңүрт жарык күйгөн подвал, бою узун, булгаарыдан жасалган, кан чачыраган фартук кийген башкы комендант Марк Гришев, өлүм алдында көзү алаңдап эсин жоготкон туткун, анын желкесине “тарс” этип атылган октон кийин чачырап кеткен дене мүчөлөр тартыла берди.

Ревизор жеткен атеист, Кудайдан коркпогон неме эле. Бирок бул окуядан кийин эч кимге көрүнбөй, Кудайга сыйынып, чокунуп, кара портфелин бооруна бекем кучактап, ошол Гришев деген жан алгыч аны атып салчудай артын карабай качты.

Гришев болсо күнүгө мындай канабайрамга көнүп бүткөн. Жан дүйнөсүндө эч кандай аёо сезими жок калган болчу. Атылгандар мамлекеттин душмандары. Улуу кол башчынын саясатына, партияга каршы иш кылгандар, демек аларга аёо деген болбош керек.

Күн сайын өкүмдү аткарып бүткөндөн кийин, кудум мал сойгон касапчылардан бетер, булгаары фартугун чечип, ошол жерде түтүктөн аккан муздак сууга белине чейин чечинип салып чайканып, сасыган одеколондон куюнуп алып, үйүнө жөө жөнөчү.

Иши оор болгону менен акчасы кенен. Аялы менен кыздары анын атырынын сасык жытынан баштары айланчу. Ал тургай, аялы башка бөлмөгө уктоосун суранчу. Бирок бечара аял күйөөсүнүн абакта комендант экенинен башка эмне жумуш кылаарын таптакыр билчү эмес. Кыздары да чуркап келишип, атасынын мойнуна асыла кетишээр эле. Бирок аял “атаңарды тынч койгула, анын жумушу оор” деп аларды өз бөлмөсүнө алып кетчү. Кээде Марк кеч келгенде кыздары уктап жаткан болоор эле. Ал бир саамга аларды тиктечү да, терезеси батышты караган бөлмөсүнө кетчү.

Аялы күйөөсүнүн салкын мамилесине көнүп бүткөн, дасторкон толтура чучук менен салага, этке жана эл жебеген жемиштерге ыраазы боло жашоосун бейкапар уланта берчү.

 4-бөлүм. Адилеттик кайда?

Зыяш калчылдап тоңуп, баш-аягы беш кадамга жетпеген муздак жер төлөдө тикесинен тик туруп басып жүрдү.

Чынында Куропаткинге өзү айткандай “сүйүү катын” эмес, ошол сүйүктүү адамына арналган дагы бир поэмасын баштап жазып жаткан эле. Бирок күзөтчүлөрдү байкабай калыптыр. Минтип эми карцерге отуруп калды. Тергөөчү Куропаткин аны жакшы таанычу. Буга чейин да бир нече ирет улуу жол башчы Сталиндин атына деп, өзүнүн ак жеринен камалганын айтып кат жазып жатканда кармалып калып, суракка дал ошол Куропаткин алган.

Жазган катын тытып ыргытып, калем кармап кат жазуусуна тыюу салган акыркы жолкусунда тергөөчү. Канча жолу кармаса дагы карцерге камап салчу. Бир күн, үч күн, беш күн… Айтор, “үйүр алышкан жоо атышаарга жакшы” дегендей, тергөөчүнүн сурагына дагы, караңгы карцерине дагы көнүп бүткөн. Бирок ошол “тааныш болуп калган тергөөчү” Куропаткин мас болуп алып, бир күнү өзү айткандай тырайтып атып салбаса болду. Абал быйылкы 1937-жылы абдан кооптуу болуп турат. Мындан ары абайлабаса болбойт.

Зыяш үшүп жатып ушуларды ойлоду. Адам ит жандуу деген чын белем. Болбосо мындай суукка ким чыдайт?

“Жок, мен бул жерде өлбөшүм керек”,— деп кобурады Зыяш. Өз үнүн өзү тааныбай, тамагы киркиреди.

“Беделдин белин ашканда, белдемчи калды шашканда” деп, боз улан кезинде болгон Үркүндөн өлбөгөн, Кытайга качып барып ачкачылыктан апасын, бир туугандарын жоготкондо тирүү калган жаны эми ушул төрт дубалдын ичинде, камакта жатып өлмөк беле?

“Жаза мөөнөтүң бүтсө, аман-эсен камактан чыгасың, актыгыңды далилдейсиң”, — ушинтип өзүн сооротуп жатты жигит ичинен.

Эсине Кытайда жүргөн күндөрү түштү. Үркүндө качып барган кезде Зыяш он беш жаштагы ыргайдай болгон боз бала болчу. Ошол жерден аны бир уйгур байы Марал-Башы базарында мандикерликке сатып жиберди. Заңгырата салынган үйдүн чарбагында малай болду. Кийин билсе, дал эле Шиңжан провинциясынын атактуу губернатору Ян Цзенциндин чарбасына малай болуп келген экен.

Чаржайыт заманда губернатор болуп бийликке келген, андан кийин 1920-жылдарда чек арадагы Шиңжандын чексиз бийлөөчүсү катары таанылган Яндын колунда баары бар эле. Бийлик да, байлык да, аскер да, таасир да…

Ак сөөк аял деп эсептешсин деп, тамандарын кичинекейинен атайлап сындырып салышып, баса албай калган сулуу айымдарды ошондо биринчи жолу көрдү. Яндын токолу бир жерге айылчылап барса, атайын пилдин сөөгүнөн жасалып, үстү жибек менен чүмбөттөлгөн замбилге отуруп, аны төрт жигитке көтөртүп алаар эле.

Ак саргылынан келип, узун бойлуу келбеттүү боз улан токол айымга жагып, Зыяшты замбил көтөрткүч кылып ишке алды. Чарба ишине жардам берген малайларга караганда замбил көтөргөндөрдүн жумушу жеңил болчу.

Мынчалык адамдарды кор тутуп, басынткандарды Зыяш ошол губернатордун үйүнөн тышкары эч жерден көргөн жок. Алыста калган Ала-Тоосун сагынып, зарыгып күткөн күндөр өттү.

1917-жылы кыргыздар Кытайдан кайта баштаганда, мекенине кетүүгө уруксат сурады. Бирок малайлыкка сатылып келгенин эскертишип, ага кетүүгө уруксат беришкен жок. 1918-жылы ошол эле Яндын сүйүктүү токолунун жардамы менен губернатордун үйүнөн качып чыкты.

Келгенден кийин жаңы орногон Кеңеш өкмөтүнө ак дилден кызмат кылып, билиминин арты менен адегенде Нарын кантонунда иштеп калды. Бир кезде алган билиминин пайдасы тийди. Анткени ал орусча да, кыргызча да өтө сабаттуу жазып жана сүйлөй алчу. Ал кезде сабаттуулар аз эле. Деркембай болуш Зыяштын билимге ынтызарлыгын байкап, тээ 1911-жылы Караколдогу орус-тузем мектебине окууга жиберген болчу. Ага ушул кезге чейин ыраазы. Азыр ал кайда болду экен? Кулакка тартылып кетти окшойт…

Өткөн өмүрү көз алдына шурудай тартылып келе берди. Нарындан Пишпекке келип, Киринпросто (Кыргызстандагы алгачкы агартуу окуу жайы) окуду, кийин атайын жолдомо менен Ташкентке окууга кетти.

Ушул кезге чейин кимге жакшылык кылды, кимге жамандык кылды? Кайсы жерден жаңылды? Эмнегедир бул жолу карцерде жатканда ушуларды ойлоду.

“Ырас, Кытайга качып барып келгеним чын. Ооба, губернатор Янга кызматчы болгонумду дагы танбайм. Бирок мен өз жеримге кайтып келгенде коммунисттик партия үчүн ак дилден кызмат өтөдүм эле го… Эмне үчүн анда азыр ушул Карагандагы абакта зарыгып отурам? Адилеттик кайда?”

Зыяш абакка камалган төрт жылдан бери көкүрөгүн өйүп келген ушул суроого жооп таппай кыйналып жатты. Суроосунун жообу таптакыр башка жакта эле. Анын абакта калышынын түйүнү башка жакта катылган болчу. Анын тагдырын кескин өзгөрткөн бул окуялардын башаты мындан туура сегиз жыл мурда, 1929-жылы Ташкенттен башталган эле.

Узун окуялардын учугун шашпай чубап, ошол аптаптуу 1929-жылга толук бойдон кайтып баралы эми.

5-бөлүм. Станциядагы үчөө

Дал ошол 1929-жылдын июнь айынын соңунда Жоодар Ташкенттеги станцияда поезд күтүп жаткан эле. Башына кийген боз шапкеси, ак көйнөгү, жалтырата сүртүлгөн кара туфлиси жигиттин түптүз турпаты менен сымбаттуу келбетине куп жарашып турду.

Бүгүн Орто Азия коммунисттик университетинин мыкты студенттеринин бири Жоодар Иманбаев аны артыкчылык диплому менен аяктап, өзүнүн туулуп өскөн мекенине кайтат.

Жанында Караколдогу орус-тузем мектебинде бирге окуган, кийин Ташкенттеги университеттин жатаканасында чогуу жашап, бир тиштем нанды бөлүшүп жеген Зыяш досу турду.

Бир маалда досу чыдабай, өзү көтөрүп турган кол чемоданын жерге коюп, үстүндө отурду. Кыязы, поезди күтө берип буттары талыды окшойт. Ошол эле маалда Зыяш кимдир-бирөөнү күткөндөй, эки жагын кылчак-кылчак карай берди.

“Кимди күтүп жатасың?” — деп сурагысы келген Жоодар, оозун эптеп барып кайра тим болду. Кээде ачыгын айтканда, сөз сүйлөгөндөн дагы эринип кете турган. Андан көрө айланасын байкап, ар бир майда-чүйдөгө дейре көңүл буруп, талдоого алган жигитке абдан жакчу.

Июндун мээ кайнаткан ысыгы менен темир жолдун көмүр жыттанган жытынан баш айланат. Станцияга токтоп жаткан поезддердин кара түтүнү вагондордун үстүнөн ыкшоо көтөрүлүп, бозоргон асманга сиңип кетүүдө. Жакындап келе жаткан кезектеги поезддин күпүлдөгөн үнү угулду.

Жоодар кечээ кат алган. Анда легендарлуу чекист, устаты Владимир Головкин аны ОГПУнун борбордук аппаратына жумушка чакырганы жазылыптыр. Ал буга катуу сүйүндү. Сүйүнгөнүн жөнү бар, дал ошол системада иштөө ага абдан жакчу. Ошентсе да, бул жөнүндө эч кимге тиш жарган жок. Жада калса эң жакын досу Зыяшка да айткан жок.

Жигит кутучасынан бир тамеки алып чыгып күйгүзүп жаткан учурда тааныш үндү укту.

— Жоодар! Зыяш! Акыры силерди таптым!

Кылчайды. Галия экен.

— Кечигип калдым деп ойлодум эле… Кудайга шүгүр, үлгүрдүм!

Кыз чуркап келгендиктен ысыктан албырып чыккан бетине саргыч чачтары жабышып, көгүш көздөрү бир башкача жайнап турду. Колунда чакан баштык кармап алган. Баштыкка Жоодардын жакшы көргөн жемиштерин – алчаларды салып алыптыр. Анын ширеси жука кездемеден өтүп, боз баштык кочкул кызыл тактарга боелуп калыптыр.

— Бул сага, — деп энтиге колундагысын жигитке сунду Галия, — Жаңы эле атамдын бакчасынан терип, жууп келдим, алчаны аябай жакшы көрөсүң го. Жолдон…

— Албайм, — деп корс жооп берди жигит. — Көйнөгүм булганат.

Анын мындай орой мамилесине кыздын кабагы кирдей түшкөнүн көрүп, Зыяш күйкөлөктөп жиберди.

— Келе бери, жолдон жейбиз. Чоң рахмат сага, Галия.

Галия алча салынган баштыкты Зыяшка берип, андан ары эмне кылаарын билбей ыңгайсыздана туруп калды.

— Поездиңер качан келет экен? — деп сурады бир аздан кийин кыз эмелеки таарынчын унуткандай.

— Саат он бирде. Дагы жарым сааттай бар, — деди Зыяш.

— Мен силерди аябай сагынам. Кат жазып тургула ээ. Дарегимди болсо билесиңер, Ташкентке келгенде сөзсүз биздин үйгө келгиле.

— Атаң күйөөгө берип жибербесе эле келебиз ээ, Жоодар? — деди Зыяш тамашаламыш болуп Жоодарга карап.

Досу болсо адатынча унчукпай, поезддер токтоп жаткан тарапка жүзүн буруп кетти. Бир саамга кабагы чытыла түшкөнүн байкаган Зыяш бул сөзү жакпай калганын түшүндү.

— Мен суусап жатам, — деди Галия капысынан.

— Кезекке туруп сага пиво алып келе калайын, — деди элпек гана Зыяш.

— Токто, мен барып келейин. Силер ушул жерден жылбай тургула, — деп күңк этти жанатан каккан казыктай бир ордунан жылбай тамеки чегип турган Жоодар.

Анын тамекисинин калдыгын ыргытып, жаңы туфлисин аябай, аны таманы менен былчыйта баскандан кийин пиво сатылып жаткан тарапка жөнөп калды. Болжолу, Галия менен сүйлөшкүсү келген жок окшойт.

 Ташкенттеги таанымал адамдардын бири Ильфат Габитулиндин кызы Галия бул кыргыздын эки жигити менен Ташкенттеги университетте таанышкан. Алардан бир курска төмөн окучу.

Атасы Ильфат Николай падышанын тушунда ата-бабасы Түркстанга көчүп келген казандык татарлардан эле.

Ильфат жаш чагында Пишпек уездинде жашап, кийин Ташкентке көчүп келип, үй-жай күтүп туруп калган. Калаанын чок ортосунда келишкен чарбагы менен заңгыраган үйү бар болчу. Бир нече соода дүкөндөрүн иштетип, гезит чыгарган басмаканасы да бар эле. Совет өкмөтү орногондон кийин большевиктер үйүн жана соода күркөлөрүн алып коюшкан.

Азыр шаар четиндеги чакан үйдө жашап, бирок басмаканасын иштетет. Кыргыздардын алгачкы “Эркин-Тоо” гезитин чыгарууга да Ильфаттын көп көмөгү тийген. Большевиктерден алгач запкы көрсө да, акыры жылдарда ак эмгеги менен Ташкенттин интеллигенциясындагы кадырлуу адамдардын бирине айланган.

Кыздары Галия менен Нурфая билимдүү десең билимдүү, сулуу десең сулуу кыздар болуп бой жетишкен.

Галия жанындагы Зыяшты эсине албай, Жоодардын колуна калай кружкага куюлган пивону кармап, орус сатуучу менен элпек гана сүйлөшүп жатканын суктана карап турду. Болжолу, “кружканы берип тур, пивону ичип бүткөндөн кийин кайра алып берем” деп көндүрүп жаткан окшойт.

Демейде токтоо, ашык сүйлөбөй, унчукпай жүрсө да, өзүнө керек адам менен тил табышууда ал эч кимди алдына салбасын Галия жакшы билчү. Бул кыргыз жигит эне тилинен тышкары, орус, казак, өзбек, ал тургай анын татар тилинде да эркин сүйлөчү. Ал эч нерсе эмес, бир окуган текстти же китепти сөзмө-сөз жаттап кала турган өзгөчө сейрек кездешчү таланты да бар эле.

Галия аны биринчи ирет университеттин жыйындар залында комсомолдорго арналган жыйында көргөн болчу. Чогулган студенттерге социалдык-экономикалык факультеттин эң мыкты студенти трибунага чыгып баяндама окуду. Жигит коюу кара чачтарын улам-улам сылай, марксизмдин идеялары тууралуу оголе көп сүйлөдү.

Ушунчалык келбеттүү жигитти Галия өмүрүндө биринчи ирет кездештирип отурат. Токтоо караган кара көздөрү, ар бир кыймылы ага өтө терең таасир калтырды. Бул университетте аз болсо да кыздар окучу. Кийин алардын баары Жоодарды жакшы көрүшөөрүн билди.

Ошондон бери болгон күчү менен Жоодарга жакын болууга аракет кылып келет. Галия Ташкенттеги Орто Азия университетинин адабий-философиялык факультетинде окучу. Жоодардын эң жакын досу Зыяш кыз окуган факультетте андан бир курс жогору окуй турганын билип, абдан сүйүндү. Зыяш университеттеги адабий ийримдин мүчөсү да болчу, ыр жазып, мыкты котормочу да боло турган. Кыз ойлонуп, жаңы заманды мактаган бир-эки сап ырды чиймелей салып, Зыяшка барды.

— Сизди мыкты акын деп уктум, ырларымды окуп бересизби?

— Кайдагы мыкты акын, бир нерселерди чүргөмүш этип калам, — деди сулуу кыздын ага келгенине толкунданган Зыяш. Ошентип, шылтоо таап жүрүп, Галия адегенде аны менен достошту. Бир күнү Зыяш баштаган бир нече студентти атасынын чакан бөлмөсүндөгү сейрек кездешүүчү китептер сакталган китепкана менен таанышып кетүүгө чакырды. Албетте, алардын арасында Жоодар да бар болчу. Ошол жерде Зыяш досун Галияга тааныштырды.

Кыздын күн өткөн сайын бул кыргыз жигитине карата жакшы көрүү сезими күчөдү. Ал болсо эч качан сезимин билдирген жок, алгач Зыяш аларды тааныштырган күнү кандай салкын караса, окууну бүткөнгө чейинки эки жылда дал ошондой эле салкын караган бойдон калды. Ошого карабай Галия кыз башы менен намысын жыйнаштырып коюп, Жоодар кайда барса, ошол жерде жүрөр эле. Бара-бара Жоодардын чөйрөсүндөгү достору бул татынакай татар кызын жакшы тааный турган болуп калышты.

Бүгүн дал ушул туң сүйүүсү Жоодар мекенине кайтып жатат. Галия эмне кылаарын билбей турду. Айла жок, окуусун бүтө элек, анан калса Жоодар ага эч нерсе деп убада кылган эмес.

Кыздын карап турганын сезгендей, Жоодар алар тарапты карады да, пивону көтөрүп бери жөнөдү.

Зыяш менен Галия аны утурлай басышты. Ошол маалда ортодон жылаңайлак, жыртык көйнөк кийген, алты-жети жаштар чамасындагы илмийген арык бала чыга калды.

— Байке, бир аз тыйын бериңизчи, ачкамын, — деп жалооруй сурады бети күнгө карайып күйүп, эриндери чарт жарылып кеткен кайырчы бала Жоодардан.

— Ээ, турчу нары, — Жоодар кыжырдануу менен аны түртүп жиберди. Арыктыгынан ыргайдан болуп турган бала күү менен жерге жыгылып түштү. Тизеси сыйрылып канап, ооруганына чыдабай ыйлап да жиберди. Зыяш чуркап келип, баланы тургузуп, чаң болгон жыртык шымын күбүмүш болду.

— Бул эмне кылганың, жолдош Иманбаев?! — Ал Жоодардын оор мүнөзүнө кээде капа болуп же жасаган осол ишине нааразы болуп калганда ушинтип кайрыла турган. — Бир аз тыйын берсең эмне болот эле?

— Бооруң ооруса, өзүң бер…

Жоодар колундагы калай кружканы Галияга сунду. Бирок кыз аны карабай, капчыгынан бир нече тыйынды алып чыгып, баланын киринен ботала болуп, ачкасынан калтырап турган алаканына салды.

— Ала гой, ысык токоч сатып алып же. Биздин жолдошту кечирип кой…

Анан баланын маңдайынан сылайын деп колун чекесине койгон кезде Жоодар анын билегинен шап кармап калды.

— Тийбе, — деди катуу. — Азыр бардык жерде оору күчөп турат, ич келте, кургак учук. Жуктуруп аласың.

Галия эч нерсе деп жооп берген жок. Билегин акырын гана Жоодардын колунан бошотуп, таарынгандай тескери басты. Жигит кружкадагы пивону көңтөрө ичти да, аны ээсине кайтармакка артка кайрылды.

Аксаңдай чуркап кеткен баланы карап, көзүнө жаш тегеренип кеткен Галияны байкаган Зыяш калп жөтөлүмүш болду.

— Жоодар ушундай, корс мүнөз билесиң, ага таарынба. Бирок бир жакшы көргөн адамына андан өткөн жакшы киши жок, — деди анан Галияны сооротуп.

Кыз үндөбөдү.

6-бөлүм. Опузалап келген “күйөө бала”

1929-жылдын жай саратаны болчу. Боз үйдүн ичинде саба бышып жаткан Айымкүлдүн маанайы жок. Алыскы Фрунзеде чоң окууда окуган Жайнагүл келе жатыптыр дегенден бери, бул он чакты боз үйдөн турган жайлоодогу чакан конуш апыр-тапыр болуп эле калды. Үч күндөн бери ошол эрке, өзүнүн беттегенин бербеген, өжөр кызын Караколдогу пристандан тосуп келгенге абышкасы Сагалы менен анын байбичеси Уларбүбү камданып жатышкан.

“Эркек киши барсын дейли, элечегин сүйрөп Уларбүбү күңүлөшүмө эмне жок дейм да… Бир чычкандай кызды тосуп келгенге анча эмне чабылып-чарпылышты, ботом. Анын кызы эле Боронзодо окуса укмуш болуп кетет бекен? Шашылбагыла, менин балдарым деле чоңоюп келе жатат. Аларды дагы калаада окутам…”

Үркүн маалында жакырчылыктын айынан жаш кыз өз маалында өрөөнгө атагы чыккан Карбоз бийдин уулу, жашы элүүдөн небак ашкан Сагалынын токолу болуп турмушка чыгууга мажбур болгон эле. Болбосо, жаш курагы Сагалынын жалгыз кызы Жайнагүлдөн болгону он жаштай улуу.

Абышкасы Сагалы да байбичеси Уларбүбүнүн айтканынан чыкпайт. Заар тилдүү күңүлөшү менен күн сайын тымызын кармашат.

Уларбүбү убагында бала көрбөй, мазарларга конуп-түнөп жүрүп, кийин үч бала төрөгөн экен, бирок экөө ымыркайында чарчап калыптыр. Жалгыз аман чоңойгон кызы Жайнагүлдү Сагалы абдан жакшы көрөт. Кеңеш өкмөтү орногондон кийин Караколдогу алгачкы уюштурулган кыздардын жатак мектебине окутуп, кыз бала экенине карабай кат-сабатын жойдурду. Мындан үч жыл мурда жакшы окуган кыз ал кезде Пишпек, азыр Фрунзе деп аталып калган борбор калаага окууга кеткен. Киши көргөн доктур болуп чыгат имиш…

“Мен деле күйөөгө тийбей турганда, Кеңештин жарыгы тийип окумак экем. Мен да эл-жер көрүп, комсомол болмокмун. Жайнагүлдөн эмнем кем эле?! Бул жерге келгениме 10 жылдан ашса да, балканактай эки эркек уулду төрөп берсем да, “бир кап буудайга сатылып келген куу токол” деген атым калбады го!”.

Ушу сыяктуу аягы түгөнбөгөн ойлору менен алпурушкан Айымкүл сабаны бышып бүтүп, оозун жылуулап жаап, тезек термекке колуна кап алып сыртка чыкты.

Күн бүркөлүп, түнөрүп, батыш тараптан кара булуттар чогулуп жатыптыр. Сырт жайлоосу жайкысын керемет, абасы өзгөчө бир таптаза.

“Быйыл жайлоого акыркы жылы чыгып жатабыз окшойт, эмдиги жылы бул жайлайбызбы ким билет. Колхозго төрт түлүк мал берген кадырымды эске салып, башкармадан суранып, куйруктуу кой жетелетип жатып араң уруксат алдым. Колхоз жумуштарында иштеп, талаада сугат сугарасың дейт кечээги эле чор тамандын баласы мага буйрук берип, атаңдын көрү. Менден кайдагы сугатчы, ата-бабам бий болуп келсе”, — деп нааразы болуп жаткан эле күйөөсү Сагалы бул жерге көчүп келе жатышканда.

Жаш токол жаңы эле тезек терип баштаганда, Кош-Дөбөнүн башынан жоон топ атчан көрүндү. Келин келе жаткандарды чочуй карап, жүрөгү түрс-түрс согуп, колундагы кабын таштай салып, боз үйдү карай басты.

Бул жерге атайын эле зарыл иши болбосо, бейчеки киши бастырып келчү эмес эле.

Ошол тушта боз таар чапанын үстүнө желбегей жамынган күйөөсү Сагалы боз үйдөн чыгып калды. Дикилдей басып келе жаткан Айымкүлгө “үйгө кир” дегендей ээк жаңсап, өзү келе жаткандарды көз электен өткөрүп карап калды.

Ооба, жакшы тааныды. Бул кадимки Кеңеш өкмөтүнүн душманы — Аман басмачынын жалгыз уулу Нусуке баатыр тура.

Сагалынын бырыш баскан жүзү дирт этип, денеси үрктү. Бир маанилүү иш болбосо, ал бул жерге келмек эмес. Жакындап келген Нусуке камчысын бүктөй кармап туруп амандашты. Демек, доо доолап келе жатат.

— Амансызбы, аяш ата, бу сиз бастырып барбасаңыз, биз өзүбүз келип калдык….

— Арыба, баатыр, ээ, келгиле, келгиле, мал-жан аманбы? Атаң жакшы жүрөбү?

Сагалынын иниси Мырзалы Нусукени аттан түшүрдү.

Боз үйгө кирип бир сыйра кымыз сунулгандан кийин, Нусуке сөз баштады.

— Аяш ата, сизди Кеңеш өкмөтүнө үч бүктөлүп кызмат кылып жатат деп уктум. Колхозго чычкак улагыңызды калтырбай өткөрүп бериптирсиз…. Ыя, биз менен бир ооз кеңешип дегендей, атамдын алдынан бир өтүп койсоңуз болмок экен ыя… Анча малды берээрде…

Сагалы эмне дээрин билбей башын ийкеди, маңдайынан чыбырчыктап тер чыкты.

Ушул азыр Нусуке кандай каарыса да, баары бир колунан эч нерсе келбей турган чак эле. Бир жагынан Кеңеш өкмөтү, бир жагынан эски таанышы Аман басмачы кысып турат. “Эки жоо бир келсе ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени” деген абал дал азыр Сагалынын башына түшкөн учур.

— Болуптур, — деди бир аздан кийин Нусуке сөзүн улап, — Колхозго киргениңизди айыптабай эле коёлу. Бирок биздин үй-бүлөгө бере турган бересеңиз бар экен. Атам Аман сизге мына буларды айта бер деп жиберди…

Сагалы керденде мелт-калт болуп куюлган кымызды тиктеп, кулагын жапырып калды. Аман менен бир кездеги убадасын ал да унута элек.

— Кечээ атаңыз Карбоз бул өрөөндө атагы чыгып бий атыгып турганда, сиз атам менен дос болупсуз. Анан атам экөөңүздөр бешиктеги кызыңызды менин иним Асанбайга күйөөгө берем деп куда болгон экенсиздер. Өзүңүз билесиз, инимди жаш чагында эле тумоо алып тынды. Ал эми сиз берээр кызыңызды бербей, Фрунзеге чейин алып барып окутуп жатыпсыз. Кана буга эмне дейсиз?

Сагалы унчукпай кутулуп кете албасына көзү жетти. Нусуке эмнеге келди десе, эски жаранын оозун тырмаганы келген тура. Жанындагы байбичеси Уларбүбү бир нерсе айтайын дегендей оозун таптады эле, аны дароо тыйып койду.

Нусуке аны дагы бир ирет каптап өттү.

— Ыя, кыргызда качан эле ушундай салт бар эле? Кызыңызды каапырдын окуусун окутуп жатыпсыз. Кыз бала экенине карабай, жалгыз башын сербейтип, ата-бабаңыз өмүрү көрбөгөн калаага эмнеге жибердиңиз? Болочоктогу кайын журту деп бизден бир ооз сурап койбойт белеңиз…

— Нусуке баатыр, — деди Сагалы. Үнү салмактуу, бирок жай чыкты. — Тагдырдын буйругу экен, иниң Асанбай наристе чагында чарчап калды. Ошол жылдарда кызымдын башын ачайын деп атаң менен сүйлөшкөн элем. Ал болсо “ээ, кези келгенде көрө жатаарбыз” деп кутулган. Андан бери унчукпады. Бул ишти бүттү го деп ойлопмун. Аман менен кечээ Үркүндө Кытайга барбай, Көйкапта бир кыш кыштап чыктым. Ага ыраазымын, эски достугубузду эске алып, бир кыш жакындарым менен асырап кайра бул жерге жиберди…

— Сиз сөздү ар кайсы жакка буруп буйтаңдабаңыз. Кепти түз айтайын, кудалашкан шертибиз менен ушул жайда кызыңды Фрунзеден алдыртып, мага күйөөгө бересиз. Антпейм десеңиз, катуудан казаныңыз, жумшактан күлүңүз калат. Билесиз, Кеңештин бийлиги мага өтпөйт. Бул жерлердин кожоюну менмин. Кызыл аскерлердин беш жылдан бери алышып, алы күрөшүп, күчү жетпей келе жатат. Ата-бабабыздан калган мынабу тоолорубуз турганда, алардын күчү жетпей дагы эле…

Сагалы ичтен сызды.

— Ойлонолу, баатыр, — деди ооз учунан.

— Ойлоно турган эч нерсе жок, андан көрө тойдун камын кыла бериңиз.

Сагалы үн дебеди.

Отургандарга кымыз сунуп, кептин баарын угуп отурган Айымкүл ичинен табасы кангандай боло түштү. Жайнагүлдүн кудалап койгон жери бар экенин такыр уккан эмес экен. Анысы аз келгенсип, кудалашкан жери азыр элге, өкмөткө суук тумшук болуп, Көйкаптын тоолорунда басмачы аталып качып жүргөн Аман басмачынын уулу Нусуке тура. Нусукенин буга чейин эки аялы бар экенин билет. Эми Жайнагүл дагы өзү сыяктуу токол болуп барабы? Мына кызык. Эми эмне болоор экен?

Нусуке баштап келген топ узап кеткенден кийин, кабагын ачпаган Сагалы үйгө кайра кирди.

— Эми эмне кылабыз? — деп ыйламсырай сурады андан байбичеси Уларбүбү. — Кызымды ушул зөөкүргө күйөөгө барсын деп окутуп-чокутуп жаттык беле?..

— Чүүш, унчукпа, ал зөөкүр эмес. Бир элдин баатыр боло турган жигит эле. Минтип заман өзгөрүп кетпедиби. Атасы экөө Көйкапта жашынып жүрүүгө мажбур болуп жатат…

— Ой, койчу ары, тал чыбыктай кызыбызды кантип басмачыга күйөөгө беребиз? Ылдый жакка түшүп барып өкмөттүн жасоолдоруна арызданалы… Кызыбызды опузалап алам деп жатат деп…

— Ээ, аялдын чачы узун, акылы кыска. Арызчылын кантейин мунун. Сен эмнени чечесиң, байбиче, ар кайсыны айтпай жөн отуруп тур. Бир Кудайдын айтканы болоор. Ойлоноюн. Булардын акыры ушинте турганын билгемин. Ошондуктан жалгыз кызыбызды алыскы калаага жиберип окутуп жаткам.

— Кана эми ошондон бир майнап чыкса гана, бул басмачы Нусуке деген неме атасына окшоп айтканынан кайтпай турган түрү бар.

— Ээ, байбиче, Нусуке болсо, Нусуке. Айтпадымбы бир маңдайга жазганы тургандыр деп. Мен кызыбызды өзүм эле тосуп келейин, сен үйдө эле кал.

Уларбүбү бышактап ыйлап отуруп калды.

Ушул маалда бул окуядан кабары жок Жайнагүл бейкапар гана Боомдун капчыгайында илкиген арабага түшүп келе жаткан.

Жаңы гана тоо этектерине мөндүр аралаш жаан жаап өттү. Боомдун суусу күрпүлдөп таштан ташка согулуп агып жатат.

Үйүнө кайтып баратканына элеп-желеп болуп Жайнагүл жол бою калдырап келе жаткан арабага тынч отура албай толкундана берди. Капкара чачтарын жел сылап, башына салынган кызыл жоолугу өзүнө куп жарашып турду.

Токмоктон чыккандан бери Боомду аралай түшкөн ийри-муйру жол арбыбай койду го, чиркиндики. Кош ат чегилген арабага каникулда айылга кайтып бара жатышкан Жайнагүл баштаган эки-үч бала-чаканы салып алган арабакеч мурдунан бирдекени кыңылдап ырдамыш болот.

Арабасына балдардан тышкары колхозго деп үрөндүк буудай да жүктөп алган. Кашаң аттар чаң жолдо илкий басып, майышып, шапалакты дагы тоготпогодой бара жатышты.

Кыз ар кайсы жерине токумдай ак булуттар каалгып бара жаткан бозомук асманды карады. Күн батаарына дагы көп бар экен.

— Ээ, бул жүрүш менен бир айда да Балыкчыга жетпейбиз го, — деди анан арабакечке кайрылып.

— Ай, кызым, кааласаң өзүң түшүп жөө бас, аттар чарчап калды көрүп жатасың.

Арабакеч кыңылдаган ырын токтотуп, ыңгырана жооп берди. Жайнагүлдүн жанында отурган балдар-кыздар шыңкылдап күлүп калышты.

— Тээтеги кырды ашкандан кийин көл көрүнөт, — деди арабакеч, — Балыкчыга эл орунга отурган маалга чейин барып калабыз.

Жайнагүл адатынча жымың эте кубанып алды. Балыкчыдан биринчи ирет теплоходго түшөт. Аны менен Караколго чейин барат. Ата-энеси ошол жерден тосуп алабыз дешкен. Ата-энесин көрө элегине бир жылдан ашып кетиптир. Сагынганы ушунчалык, бала кезиндегидей атасынын мойнуна асылып эркелегиси келет. Эми антке албайт, чоңойду. “Чоң кыз болот деген ушул турбайбы” деп коёт оюнда.

Кыз канчалык шашканы менен Балыкчыдан пароходду бир апта бою күтөөрүн ушул маалда билген жок.

7-бөлүм. Армандуу балалык

Ташкенттен чыккандан кийин поезд ар кайсы жеринде сөксөөл өскөн мейкин талааларды аралап күжүлдөп келе берди. Талаада пахта жыйнап жүргөн дыйкандар закым сымал улам терезеден көрүнүп, анан улам алыстап артта калып жатышты.

Купеге жайгашкан Жоодардын маанайы чөктү. Эсинен кайырчы бала кетпей туруп алды.

Бала чагында энеси экөө Караколдун базарында кайыр сурап жүргөн күндөрү эсине түштү.

Атасы ким экенин билчү эмес, эс тартканы эле эл быкылдаган базарда өзү курдуу бир нече бала жана апасы менен кайыр сурап жүргөнүн билет. Апасы шырыктай узун бойлуу, соксойгон кара тору аял эле. Арыктыгынан сөөгү терисине жабышып, кырдач мурду учталган карандаштай болуп учтуйуп турар эле. Жоодарга нуру өчкөн дармансыз көздөрү менен суз гана карап койчу. Эркелеткени да эсинде жок, болгону кир колунан жетелеп алып базарды аралап, боз шалы жоолугун артка таштап, кээ күндөрү ачкачылыктан сенделип, буту чалыштап, ошого да болбой аны деңгеңдете ээрчитип жүргөн күндөрү эсинде калыптыр.

Бир ирет эс тартып калганда апасынан атасы ким экенин сурады.

— Апа, менин атам ким, ал кайда? — деп сурады Жоодар бир ирет апасы даракка сүйөнүп көлөкөлөп отурган кезде.

Апасынын кабагы бүркөлүп, бир жаман нерсе уккандай түнөрүп, анан колун тескери шилтеп койду.

— Ээ, атаңды сурап эмне кыласың, анын сага кереги жок…

Бала ошол боюнча жоопсуз, түйшөлгөн абалда калды. Ал үчүн Караколдун базарына аталарын ээрчип ат, өгүздөргө минип же учкашып алып мал айдап келишкен өзү курдуу балдар дүйнөдөгү абдан эле бактылуу балдардай туюлчу.

Жоодар чыр, беттегенин бербеген долу жана ыйлаак бала болчу. Кокус апасы каалаганын аткарбай койсо, долуланып жерге жатып алып оонап ыйлаар эле. Базарда ары-бери өткөн кишилер анын бул жоругуна ачууланып, ал тургай кээде ыйлап жатканда буттары менен тээп, “оо, үнүң өчкүр селсаяк” деп жекирип, тилдеп өтүшөөр эле. Жоодар андан сайын чаңырып ыйлачу.

Күнү бою базарда тилемчилик кылып жүрүшүп, кечинде Токтор деген улгайган, бир колу жок кайырчы жана өзү теңдүү балдар менен базардын четине жакын жайгашкан дуңган мечитинин короосуна баш калкалашчу.

Жоодарга жаз менен жай абдан жакчу. Жону күнгө жылып, балдар менен кээде текирең таскакка салып чуркап, жарышып отуруп, калаанын четине чейин барышчу. Ал жерден орус дыйкандарынын талааларына жашырынып барышып, буудай менен аралаштырып себилген көк буурчактан уурдап келишчү. Жемиштер бышкан кезде бай көпөстөрдүн бакчаларындагы алмаларды уурулукка киришээр эле.

Ошол жылы жаз жаңыдан келип, бирок суук болуп жаткан алашалбырт күндөрүндө апасы катуу ооруп калды. Анын ооруп жатканына Жоодар канчалык беймаза болсо да, базарга кайыр сурап чыгып кетип жатты. Бир күнү кечке жуук кайтып келсе, мечиттин короосунун жанында жандармдардын арабасы туруптур. Бир аздан кийин алар апасынын бетин жаап, замбилге салып алып чыгышып, арабага салып киришти. Жоодар жулуна аны көздөй чуркады. Карыган орус жандарм аны мылтыгынын түп жагы менен көкүрөккө түрттү.

— Токто, уулум. Ал өлдү, эми андан сага пайда жок.

Жоодар турган ордунда таштай катып селейди. Ошол маалда анын ийинин карылуу бир кол кармап калды, кылчая караса, соо колу менен аны бекем кармап турган Токтор экен.

— Апаң бечара бизди таштап кетти, жаны жанаттан болсун… Кайрат кыл, жигит…

Жоодар баткактуу аңгыл-дөңгүл көчөдө калдырап узап бара жаткан арабаны карап дел болуп тура берди. Көзүнөн бир тамчы да жаш чыккан жок. Балким, энесинин акыркы күндөрдө оорудан кыйналганын көрүп, эми жаны тынчып калды деп ойлодубу, ким билет.

— Жүрү, уулум, сага бир ысык токоч алып койдум, шам-шум этип ал, — деди Токтор кайраттуу.

Дел болуп турган Жоодар отургандан кийин сөз баштады. Атайын эле Жоодарды алаксытып, сооротуш үчүн кеп баштады окшойт.

— Уулум, сага жаңылыгым бар, мен эки күн мурда 1905-жылы орус-япон согушунда бирге болгон Сергей деген орус досумду таап алдым. Ал мени көрүп таң калганын сураба. Экөөбүз душмандарга каршы бирге согушканбыз. Менин колумду замбиректин огу жулуп кеткенде да, ал мени жонуна көтөрүп келип, аман сактап калган. «Кантип кайырчы болуп калдың, сен эң алдыңкы жоокер элең бир кезде? Кавалердик ордендериң дагы бар эле?» — деп кадимкидей ыйлады ал. Мен бир колум жок малайлыкка жарабай турганымды айттым. Согуштан келсем, үй-бүлөмдү кар көчкү алып кеткенин, коколой башым калып, минтип тилемчиликтен башкага жарабай калганымды дагы жобурап бердим. Ал мага өзүнүн чарбагына келип иштеп, ат багууга жардам берүүнү суранды. Караколдогу кошуунга аскер башчы болуп жаңыдан дайындалып келген экен.

Токтор өзүнүн оозунан бери өскөн сакалын бир колу менен сылай, ойлуу сөзүн улады.

— Мен сен тууралуу да айттым. Келсин, Караколдогу орус-тузем жетим балдардын мектебине киргизем деп убада кылды. Апаңды догурунуп жүрүп, алып тындың. Сени ачка калбасын деп ал байкуш бир тиштем нанын сага берип, кезерип отурчу эле. Сага болсо “мен жедим” деп койчу. Ачкачылык эле түбүнө жетти апаңдын…

Жоодар эмне дээрин билбеди, апасын биринчи ирет аяды, аны менен өткөргөн армандуу күндөрүнө өкүндү.

Ошондон кийин гана Жоодар Токтордун соксойгон арык тизелерин кучактап алып, буулугуп тынч гана ыйлап кирди. Мурдагыдай бакырып, өкүрүп, жерге оонаган жок. Көздөрүнөн жашы токтобой агып жатты. Ал армандуу балалыгынын, ыза-кордуктун, айрылуунун, белгисиз атасына карата сагынуунун көз жашы эле.

Токтор анын чачтарынан сылап отурду.

— Ээ, уулум, апаң өлөөрүндө сенин атаңдын ысымы Иманбай экенин айтты. “Балам чоңойсо айтам дечү элем” деди. Атаң сенин төрөлгөнүңдү билбептир. Сен жашоодон үмүтүңдү үзбө, адам канчалык бечара болуп жатса да, ал жакшылыктан үмүт үзбөш керек. Буюрса, мектепке кирип калгың бардыр, ал жерде окуйсуң, чоң адам болосуң. Тээтиги Пишпек деген чоң калаага барып окуйсуң. Андан ары да казактын даркан талааларында, Россиянын токой баскан кең өрөөндөрүндө эмне деген калаалар бар. Аларга да барасың, мыкты аскер адамы болосуң. Мен сенин келечегиңди бактылуу элестетем, уулум…

Ошондо Токтордун ушул сөзү дем бербегенде, Жоодар азыр ушунчалык билимдүү адам болот беле, ким билет. Балким, атасынын жарык дүйнөдө бар экенин билбегенде, жашоодон биротоло көңүлү калмак беле, ким билет…

Азыр купеде тынч гана термелип бара жаткан Жоодар бул өмүрүндөгү эң оор күндү эстегиси келбей, терең улутунуп терезени карады. Дагы эле чексиз талаалар терезеден зыпылдап өтүп жатты. Анын көңүлүн жанындагы Зыяштын коңуругу бузду. Караса, досу күрөң шапкесин көзүнө түшүрүп, эки колун бооруна алган бойдон, оозу ачылганына карабай ысыктан ныксыраганбы, куркурап уктап жатыптыр.

Жоодар үстүндөгү костюмун чечип, жанына таштап койду да, ылдый эңкейе берип, отургучтун алдындагы боз баштыкка салынган алчаларга көзү урунду. Жаңы бышкан алчалар купенин ысыгына эзилип, ого бетер кыпкызыл болуп чыгышыптыр.

Ошондон кийин гана Жоодар жолго чыгаарда ичине чок салып кайра-кайра үтүктөгөн, таптаза болуп жуулган жүз аарчысын шымынын чөнтөгүнөн алып чыкты. Алча салынган баштыкты өзүнө тартып, алып жеп, өткүр кара көздөрү менен терезени карап, алчанын данектерин жүз аарчысына чогултуп бара жатты. Алчанын кычкыл ширеси оозуна тараган сайын, жүрөгүндөгү ачуу да ошого кошулуп кеткендей туюлду…

Мекенине сапар тарткан паровоз Олуя-Атанын станциясына жеткенче дагы көп бар.

 8-бөлүм. Караңгыдагы келишим

Күн батаар алдында тоо этегиндеги буйтка жерде топ атчан турду. Аттар кишенеп, кошкуруп жатышты. Топ башында турган жээрде атчан, өңү кара сур киши алда кимди күткөндөй атын ойдолоктото, тизгин тартып, бирөөнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандай.

Ал Көйкап тоолорун жайлап, айрымдары үчүн “кадырлуу бай аке”, Кеңеш өкмөтү жана Кызыл Армия үчүн “басмачы” атка конгон Аман Баракановдун жалгыз уулу Нусуке баатыр болчу.

Бир аздан соң алысыраакта шаңкайган Хан-Теңирдин чокусу күндүн батып бараткан нурларына чагылышып, кыпкызыл болуп чыкты. Дал ошондуктан жергиликтүү эл бул тоону Кан-Тоо деп да аташат.

Ошол маалда аттардын дүбүртү чыгып, дүпүрөгөн калың топтун карааны көрүндү. Бул Кытайдан атайын Аман баатыр үчүн курал-жарак алып келе жаткан шиңжаңдык уйгур Алимжан мырзанын тобу болчу.

Алардын алдын тосо барган Нусуке баатыр атынан шап ыргып түшүп, Алимжанды каршы алды.

— Аман-эсен келип алдыңызбы, бай аке?

— Шүгүр, иним, жакшы жеттик, өзүңөр жакшы турасыңарбы? Мал-жан аманбы? Атаң Аман аксакал күүлүү-күчтүү жүрөбү?

— Баары шүгүр, бай аке, кеч чыгып калдыңарбы?

— Ээ, Кытайдын чек арачылары өткөрбөй, бир топко кармалдык…

— Жүрүңүз эми сүйлөшөлүк, бааны бычышалык, Алимжан аке…

Алыстан келген конок чатырды ачып кирген кезде төрдө отурган Аманды көрүп, жүрөгү шуу этти. Амандын өзү бул жерге келгенине караганда иш олуттуу көрүнөт.

— Арыбаңыз, аксакал, сиз да бул жердесизби? — деди кубанган түр кылгандай эки колун бооруна ала элпек учурашкан амалкөй Алимжан. Күүгүмдө жагылган шамдын жарыгында анын кытмыр жылмайганы деле даана көрүнгөн жок.

Жайланыша отургандан кийин сакалын сылаган Аман сөз баштады.

— Караколдун чек арасынын кошуун башчысы Николай Анохин экөөбүз мына беш жылдан бери мышык-чычкан ойноп келе жатабыз. Же ал тынчыбады, же мен анын көзүн курут кыла албадым. Бул Совет өкмөтү дегениңдин укуругу жылдан-жылга узаргандан узарып эле бара жатат. Баягыдай кеңири бастырып жүрө турган заман жок…. — Аман күүгүмдө ушул чакан чатырда отуруп, бир кезде ирбити жүрүп турган кезин эстегендей оор улутуна, шыпшынып алды.

— Жакында кызылдар менен чечүүчү беттешке чыгайын деп турам, Алимжан баатыр…

“Ээ, алжыган акмак чал, эбак эле чыгышың керек болчу. Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап. Эми Советтерге алышып, алың, күрөшүп күчүң жетпейт го”, — деп ойлоду ичинен Алимжан.

Бирок ал улуу өлкөлөрдүн ортосундагы саясатка киришип эмне кылсын. Ушу кезге майда-барат аткезчилик кылып, апийим, курал ташуу деген сыяктуу иштерге ортомчулук кылчу. Ага бул жолу “чоң кожоюндан” Аманга курал-жарак жеткирип берүү, акысына алган акчаны кайра “чоң кожоюнга” жеткирип берүү деген тапшырма түшкөн. Ошону аткарып жүрөт. Болбосо Совет өкмөтү жүргүзүп жаткан жигердүү иштерден Алимжандын толук кабары бар эле.

Ушуларды ичинен бир саамга ойлоно калган ортомчу жүзү жылмайган калыбынан жазбай, Амандын айтканын берилүү менен угуп жаткан сыяктанып, башын элпек ийкегиледи.

— Алым келсе, алардын Караколдогу чек ара гарнизонун түп орду менен талкалайм. Ошондон кийин биротоло Кытайдын чегине өтүп кетейин деген ниетим бар. Бул куралдарды ошон үчүн алдырттым. Гарнизонду талкалагандан кийин өзүмдү ээрчиген калың топ менен Шиңжан тарапка өтүп кетсем дейм. Ата-бабамдын жеринде топурак буюрсун деп тилеп келгем. Бирок Анохин деген неме мага каршы чоң чабуул баштайт деген кеп уктум. Ал катылганча, мен биринчи болуп кол салсам дейм…

Аман такырайта кырдырган башын сылай кебин улады.

— Непадам чек арадан өтөөрүмдө маселе чыгып калса, мага жардам бер. Шиңжандын губернатору Ян мырзанын ордуна башчы болгон Цзин Шужэндин арааны катуу жүрүп жатканынан кабарым бар. Ага деп атайын белек камдатып койдум, ала бар. Менин өз элим, туугандарым менен барарымды кабарлап, Цзин мырзадан уруксат алып бер. Ушул иштерге жарайсыңбы, Алимжаным? Пулду болсо аябайм…

Ортомчу ичинен “кым” этти. Жаңы губернатор менен иштешкен бир-эки киши менен анын мамилеси жакшы болчу. Эпилдей Амандын сөзүн коштоп кетти.

— Албетте, бай аке, колумдан келет. Мына, көптөн күткөн курал-жарактарыңыз колуңузга тийди. Баардыгы жапжаңы карабиндер. Гарнизонго кол салып, каапырлардын көзүнө көк чымын үймөлөтөөрүңүзгө көзүм жетип эле турат…

Аман унчукпады. Ойлуу отурду.

Мурдагыдай жаш чагы болгондо, ушул эпилдеген Алимжанга күнү деле түшмөк эмес. Анда Кытайга эркин кирип чыкчу. Колунан акча куюлган кызылы кулак соодагер эле. Жаш чагында, тээ 1880-жылдардын аягында Кашгарда өзүн кумардан утуп алган бир кумарчыга ачууланып, аны сабап жатып өлтүрүп алган. Анысы мурдагы губернатордун туугандары болуп чыкты. Жасоолдор кармап барып зынданга салды. Тай туяк алтын берип жатып, андан качып чыкты. Уйгур аялы жана андан төрөлгөн эки уулу ошол жакта калды. Элине кайтып келди. Ал кезде Карбоз бийдин кел-кели келип турган эле. Арып-ачып качып келген жигитти өзүнө жигит кылып алды. Кытайдан келген соодагерлер менен сүйлөшкөндө тилмеч болчу. Ошентип жүрүп кайрадан байыды, үй-бүлө күттү. Карбоздун уулу Сагалы менен көп жыл дос болду. Эми ал Совет тарапка өтүп кеткен.

Тынчтыкты ортомчунун үнү бузду.

— Аксакал, эми бул болсо Смит мырзанын сизге берип жиберген белеги.

Алимжан элпектик менен жанына көтөрө кирген куржунун аңтарып, тышы булгаары менен капталган кабыкты ачып, анын ичинен англис маузерин алып чыкты.

Маузерди колуна алган Аман ыкшоо гана алып, ары-бери карап чыкты. Өзүнүн маузеринен анча деле айырмаланбайт окшойт.

— Смит мырзага айта бар, бул ирет чек арачы Анохинди биротоло таш-талканын чыгарам. Айылдан бир канчалаган жигиттерди өзүмдүн катарыма коштум. Колхоз деп Кеңеш өкмөтү көбүнүн малын тартып алышканда мага келишти. Бирок менин Шиңжанга барып жашашыма уруксат алып берсин.

“Сенин Шиңжанга эмне кереги бар эле, — деп ичинен ойлоду Алимжан. — Сенин дооруң эбак бүткөн. Колуңда азыркы бийликти кызыктыра турган эч нерсе жок. Андан көрө ушул жерде туруп, улам саткан малыңа курал-жарак сатып ала берсең пайдалуу болмоксуң”.

Ортомчу ошол эле күнү кайра келген жолу менен артка кетти.

Кайтып келе жаткан Нусуке баатыр жанындагы жигити Калмырзага шыбырады.

— Бул курал-жарактардын шек-шыбаасын башкалар билип калыша электе, Кызыл-Үңкүргө алып барып бекиткиле.

Бир топ жигит шаша-буша курал жүктөлгөн жылкыларды башын буруп айдап жөнөштү.

Ушул маалда чатырлардын туш маңдайындагы кош асканын түбүндө Караколдун чек ара зардалынын башчысы Николай Анохин өзүнүн ишенимдүү үч-төрт аскери менен аларга дүрбү салып отурган болчу.

— Куралдарды Көйкаптагы Кызыл-Үңкүргө карай алып жөнөштү, — деп шыбырай сүйлөдү анын жол көрсөтүүчүсү жана аскери Иваницын.

— Командир, уруксат берсеңиз, биз алардын артынан баралы да, куралдарды тартып алалы…

— Кереги жок, — деди Анохин кабагын чытып, — Азыр караңгы кирип кетти. Бөөдө өлүм болобуз. Каттыра берсин, баары бир ал курал-жарактар биздики болот. Москвадан бизге экспедиция келе жатыптыр, аны коштоп Фрунзеден дагы кишилер келет экен. Экспедиция келгенче тез арада Амандын кошуунун талкалашыбыз керек.

Анохин терең дем алды да, дүрбүсүн жанындагы Иваницынга карматып, акырын өйдө болду. Болжолу, жата берип бооруна жердин сызы өтүп кетти көрүнөт.

Андан ары эмне кылаарын ойлонгондой башын мыкчып отурду. Анын баш оорусу Аман Бараканов, жергиликтүү байлардын бири. Совет өкмөтүнө чейин эле Көйкап тоолорун мекендеп, Кытайга кирип чыгып, кийин Кеңеш өкмөтүнө багынып бербей койгон киши.

Эми жогору жактан аны жок кылууга тапшырма түштү. Буга чейин эки жолу аскерлер менен ага каршы барган эле. Бирок Көйкаптын сырын жакшы билген Амандын жоокерлери ал жетектеп барган кызыл аскерлерди буктурмага алып, бирден терип атып салган. Өзү өлдүм-талдым деп араң качып кутулган.

Көйкапка өтчү ашуудагы жол июль менен августта гана ачылат. Ушул учурдан пайдаланып, Амандын тобун жок кылыш керек. Болбосо колхоздоштуруу өнөктүгүнө каршы болгондор анын айланасына топтолуп, чоң бир күчкө айланууда. Барып-келип эле мунун кесепети Анохиндин кара башына тийээрине көзү жетип турат.

Анохин турнабайын кайра колуна алып, караңгыда курал-жарак жүктөлүп, анын оордугунан кыйралаңдап араң бара жаткан аттарды карап улутунуп койду. Ушул куралдардан атылган чыркыраган ок анын төбөсүнөн учпаса болду. Эртерээк камданбаса болбойт. Кырдаал оор…

9-бөлүм. Жаңы кызмат, алгачкы тапшырма

Фрунзедеги темир жол бекетинен Жоодар менен Зияшты эч ким тосуп алган жок.

— Эми кайсы жерге барабыз? — деди досу адатынча Жоодарга жайдары карап.

Жоодар үн катпай баса берди.

— Карачы, туулган жердин абасы эле канча керемет. Ар бир баскан жердин топурагын да өпкүң келет, — деп кулачын жайып кобурады көңүлү эргиген Зыяш Жоодар экөө Фрунзенин иттер ажылдап үргөн ийри-буйру тар көчөсү менен бара жатышканда.

— Акындык эргимеси башталды, — деди Жоодар ичинен суз гана, — Минтип өрөпкүп турбаса да болбойт эми…

Зыяш суроосун кайталады.

— Иманбаев деп атам, кайсы жерге барып баш паанек кылабыз, түн кирип келе жатат…

— Мени ээрчип унчукпай баса бер, — деп күңк этти Жоодар.

— Ляппай, үкөм…

Фрунзе Жоодарга ушул үч жылдын ичинде эч бир өзгөрүлбөгөндөй туюлду. Баягы эле жаандан кийин эзиле баткан бозомук жолдор, үстүлөрү камыш менен жабылган жепирейген үйлөр. Чоң дөңгөлөктүү арабалар менен жолду тарсылдата жүргөн кош ат чегилген трашманкелер.

Комсомол көчөсү менен өйдө бура беришкенде алды жактан эки кабаттуу кызыл кыштан курулган имарат көрүндү. Маңдайына кызыл жылдыз тагылып, “Кыргыз автономиялуу ССРинин Борбордук аткаруу комитетине караштуу башкы саясий башкармалык” деп орусча жазылып турган экен. Жоодар түз эле бийик күрөң эшикке карай басты.

Зыяш анын буга чейин милицияда иштегенин билсе да таң калыштуу карап, “бул жерде эмнең бар?” дегендей карап калды.

— Сен бул жерде күтө тур, мен азыр келем, — деди Жоодар ага.

Сыртта жай болсо да, муздак коридорлордо тамекинин түтүнү жыттанып, тумандап туруптур. Күзөттө турган жоокер Жоодарды көзүн ыкшыйта шектүү карап, документ сурады.

— Мени жолдош Головкин өзү чакырган, — деди Жоодар шыр гана.

ОГПУнун Фрунзедеги бөлүмүнүн башчысы Владимир Сергеевич Головкиндин кабинетине кирген кезде жылуу каршы алды.

— Оо, жолдош Иманбаев… Сени көргөнүмө кубанычтамын, жакшы келип алдыңбы, абдан күтүп жаттым эле, — деди Головкин ордунан тура калып.

— Амансызбы, жолдош майор?…

Головкин мулуңдай күлүп: — Кана, баралыңа келдиңби, шумкарым, мындай жарыкка турчу, — деди ал узун столун айланып келе жатканда кучагын жая. Күүгүм кирип бара жаткан тар терезеден түшкөн жарыкка Жоодардын келишимдүү дене-боюна жапкак көздөрү менен бир сыйра сынай карады. Анан келип бекем кучактап, далысынан таптап жатты.

— Кел, жайланыша отур, уулум…

Мындай жылуу мамилеге эркелей түшкөн Жоодар сырты күрөң булгаары менен капталган оор отургучка отура кетти.

— Эми менин колум алдында иштейсиң, — деди Головкин ордуна кайтып баргандан кийин үстөлдү черткилей, — Сенин талантыңды ишке колдонууга мезгил жетти, уулум. Мен сенден көп нерсени күтөм. Сен биздин ишибизде алмаштыргыс, уникалдуу жөндөмдөргө ээсиң. Фотографиялык эстутум сейрек кездешүүчү белек жана чекисттин ишинде ал баа жеткис табылга. Жумушуң даяр, жатакана да даяр, бүгүнтөн калбай барып жайгаша бер…

— Ырахмат, жолдош полковник, — деди кубанган Жоодар, — Бүгүн жанымда досум бар эле, мейманканада калсак дейбиз. “Центральная” мейманканасынан эртерээк барып орун алсак болот эле.

Головкин баш ийкеп, элүүлөргө эбак келип калса да, толбогон тарамыштай денесин жеңил гана кыймылдатып, жыгачтары какжырап кеткен терезенин жанына барып, чылымын күйгүздү.

— Сен эмне мейманканага жаткандай акча ашып-ташып жатабы? Анысы аз келгенсип “Центральная” мейманканасына барам дейсиң. Биздин эле жатаканага барып жайгаша бер. Досум дейсиңби, ал бүгүн түнү калганга уруксат, эртеңден баштап башка жай тапсын, бул жерге болбойт. Өзгөчө бөлүм деп коёт бизди. Бандиттерди жок кылуу, чалгындоо менен иш алып барабыз. Бул жерде иштегениңди баарына эле айта бергенге болбойт.

Жоодар аны берилүү менен угуп, башын ийкеп отурду.

— Мен эртең политбюронун жыйынына барам, кечке чейин болбойм, — деди анан Головкин алда немени эстегендей кабагы бүркүлө түшүп.

— Сөздүн ток этер жери, сага алгачкы тапшырма тууралуу кыскача айтып коеюн. Жакында Москвадан киноэкспедиция келет, — деп сөзүн улады полковник, оор күл салгычка чылымын өчүрүп жатып.

— Алар жергиликтүү элдин жашоосу тууралуу тасма тартмакчы болуп Хан-Теңир тоолоруна барышат. Бирок түпкү максаты бул жөн гана экспедиция эмес, эмне экенин өзүң түшүнүп жатсаң керек. Ошол жерлерде Аман Баракановдун бандасы азыркыга чейин бар. Аны жок кылышыбыз керек. Сенин милдетиң – экспедицияны коштоо жана жергиликтүү чек ара отрядынын командири Николай Анохин менен бирге басмачы шайкасын жок кылуу.

— Дайым даярмын, жолдош майор! — ордунан тура калган Жоодар так жооп берди.

— Эртең документтериңди бүтүр, бүрсүгүндөн калбай Каракол округуна жөнөйсүң.

Жоодар ал түнү жатаканада шыпты тиктеп көпкө ойлуу жатты. Канча жылдан бери Караколго бара элек. Токтор кандай жүрөт болду экен? Армандуу балалыгы өткөн жер кандай өзгөрдү экен? Жүрөгү элеп-желеп боло берди.

уландысы бар…


Яндекс.Метрика