С витаминине бай лимондун өзү гана эмес, жыпар жыты дагы көп нерсеге пайдалуу дешет. Анда лимондун жытынын төмөнкүдөй пайдалуу жактары бар экенин биле жүргөнүңүз ашыкча болбойт. Уктоочу бөлмөгө койсоңуз анын жыты булчуң эттерди бошотуп, ырахаттанып уктайсыз. Цитрус өсүмдүктөрү нервиңизди тынчтандырып, маанайыңызды жакшыртып көңүлүңүз сергийт. Эгерде сизде лимондун эфир майы болбосо анда бир тилим лимондун кесимин […]


Сиздин айланаңызда эң аз дегенде сиз бир күндө бүтүрө турган жумушту бир-эки сааттын аралыгында бүтүрүп кое турган тааныштарыңыз бар. Ал албетте сизге караганда бир кыйла ийгиликтүү адам. Жакшы жаңылыгыбыз бар: буга окшогон ийгиликке сиз да бир нече жумушчу адатты калыптандыруу менен жетишсеңиз болот. Албетте алар заматта эле сиздин бийиктикке чыгара калбайт, бирок алдыга бир кыйла […]


«Жашоону толук кандуу сезиш үчүн денени, жан дүйнөнү, социалдык жана эмоционалдык маанайды адам тең салмакта кармап турууга мүмкүндүк болуш керек. Жакшы бир сүйгөн нерсеңиздин, хоббиңиздин болгону өзүңүздү максаттарыңызга жетүүгө, чыгармачылык эргүүңүздү ачууга жаңы күч-кубат алууга шарт түзөт. Хобби – бул жөн гана кызыкчылык эмес, бул пайдалуу адат»,-деп билдирди психолог Айгүл Ысыкеева. Төмөндө анын хобби тууралуу […]


Байыркы ата-бабалар “көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деп бекер айтышкан эмес. Ошондуктан бизнес ачыш үчүн эң алгач идеяны көрө билип ошого жетишүүгө умтулуу кажет. Биздин конок, ишкер жана кесиби боюнча юрист Аскар Чоткараев Кыргызстандын шартында бизнести кантип ачууга боло турганын айтып берди. “Албетте бизнести идеядан башташ керек деп айтып жатасыз, идеяны тапкандан кийин анын оң жана […]


Бүгүнкү «Каржы сабактары» рубрикабызда акча топтоонун ыкмалары тууралуу маалыматты бөлүшөбүз. Бир айлык киреше-чыгашаны эсептеңиз! Айдын башында өзүңүздүн кирешеңизди эсептеп, чыгымыңызды пландаңыз. Мысалы жолго, тамакка, кийимге, байланышка деп ар бирине белгилүү бир суммада каражат бөлүңүз. Андан ашык коротпоого тырышыңыз. Канча акча үнөмдөө керек экениңизди пландаңызАлдыңызга накта максат коюңуз, мысалы ушул айда жеке кассаңызга канча сом салгыңыз […]


Япониялык химиялык өнөр жай өндүрүшүндө адистешкен“Asahi Kasei” компаниясы үч орундуу “AKXY” деген электр унаасынын прототибин жарыялады. Коомдук унаа 24-майда Йокохамадагы көрсөтүлүп, ошондой эле (июнда айынын аягында) Нагояда сунушталат. Баарынан мурда унаа көрсөтүүгө арналган, “Asahi Kasei” унаа өндүрүшүндөгү кемчиликтерди толуктап, компания өндүрүшчүлөргө жабдып берүүнү пландаштырууда. Мисалы, ага экологиялык таза материалдар жана атайы пластикалык курамдар кирет. Айдоочунун […]


Бүгүн биз сиздерге мыкты адамдардын көнүмүш адаттары туурасында сөз кылмакчыбыз: 1. Ар тараптан мүмкүнчүлүк издеп максатын ишке ашырууга ашыгышат. 2. Бирөөлөр ийгиликсиз деп тапкан нерседен алар сабак алышат. 3. Алар жакшылап ойлонуп чечим чыгарышат. 4. Алар «алма быш, оозума түш!» деген сөздү карманышпайт. 5. Коркоктукка жол беришпейт. 6. Туура суроо койгонду билишет. 7. Алар эч […]


Эл аралык “Villa dEste” көргөзмөсүндө “BMW” компаниясы “BMW Concept Link” аталышындагы келечектин электр скутерин сунуштады. Скутерди жасоочулардын айтымында, жаңы унаа артка да жүрө алат жана алдыңкы дөңгөлөктө жайгашкан элетр моторунун жардамы менен жүрөт. Моделдин алдынкы бөлүгүндө жалпак аккумулятор жана багаж жайгашкан. Электр скутери сенсорлуу дисплей менен жабдылып калган маалыматтар айдоочуга ыңгайлуу болуусу үчүн алдынкы айнекте […]


Ачык түстөргө өтүңүз-үйүңүзгө жаркын боёкторду кошуңуз! Интерьердеги ачык түстөр-бул ар дайым таза жана өзгөчө кылып көрсөтөт. Сиздер үчүн бир нече кызыктуу түстөрдү сунуштайбыз. Жаңы түргө айландыруу үчүн бөлмөнү кандай түскө боё кажет экенин ойлонуп көрүңүз. Жашыл тазалык Көк менен жашыл түс- салкын түстөр. Эгер аларды жылуу түс менен айкалыштырса өтө стилдүү жана өзгөчөлү тартуулайт. Туура […]


Иммунитети алсыз адам бат эле ооруга алдырып коёт. Врачтар жазып берген дарыдан тышкары элдик медицинадан кандай жол менен иммунитетти көтөрүүгө болот? Жооп: Биринчи кезекте иммунитеттин жакшы көтөрүлүшүнө сарымасак жардам берет.Күнүгө бир тиштен эки күндө бир жеп турса натыйжасы алгылыктуу. Андан тышкары 250 грамм пиязды жакшылап майдалап 200 грамм кумшекерге аралаштырасыз.Үстүнө жарым литр суу куюп жай […]


Яндекс.Метрика